Menu

Твиттерде “кыргыз элин мазактаган” пост жарыялаган Бишкектин тургуну бир жылга түрмөгө кесилди

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту калаанын В.Е. аттуу жашоочусун Twitter соцтармагындагы билдирүүсү үчүн каттал режимдеги түзөтүү колониясына бир жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл апрелде айыпталуучу мас абалында “кыргыз элин мазактаган” пост жарыялаган. Тергөө “Раса, улут, дин жана аймак аралык ажырымды козутуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Соттук эксперттин 27-майдагы бүтүмүндө В.Е. аттуу жарандын жазганы белгилүү бир улутка карата негативдүү жана мазактоочу мүнөзгө ээ экени, кыргыз элин басмырлаганы, терс эмоционалдуу баа берилгени жазылган.

Сот жыйынында аял өз күнөөсүн мойнуна алып, эркинен ажыратууга байланышпаган жаза берүүнү сураган. Күнөөсүн мойнуна алганына карабай, судья анын жазганы “улут аралык жаңжалга” алып келиши мүмкүн болгон деген айып менен түрмөгө кескен.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: