Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Джалал-Абад, Баткен боюнча уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды.
Тактап айтканда, 2023-жылдын 6-август күнү Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган А.М. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 04-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Коңурат айылында Куттубек аттуу жаран эч себепсиз эле уруп-сабап денесине залал келтирген, натыйжада жабырлануучу А.М. Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Аталган маалымат 2023-жылдын 6-август күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, 2023-жылдын 27-апрель күнү Кара-Суу районунун Коңурат айылынын тургуну, 1970-жылы туулган З.Н. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 27-апрель күнү өзүнүн ошол эле айылындагы 6 сотых жерине
Куттубек аттуу атуул «Менин чегим» деп талашып, ал жерге курулуш иштерин баштап, фундамент куюп, күч колдонуу менен чегине киргизбей жаткандыгы боюнча билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган маалымат 2023-жылдын 27-апрель күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, Кыргыз Республиккасынын кылмыш жаза кодексинин 212-бер. 1-бөл. негизинде сандуу кылмыш иши козголгон.
Натыйжада, ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп Кара-Суу районунун тургуну мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, 2023-жылдын 10-август күнү кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Карасуу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ