Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Садыр Жапаров, КР Президенти: "Кадр саясаты боюнча, "бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу" деген эски түшүнүктөрдү токтотолу"

“Урматтуу кыргызстандыктар!
Биз өлкөбүз оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун деп революция кылганбыз. «Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын» деген түшүнүктөн алыс бололу. Бул бир”, – деп билдирди бүгүн, 2-февралда КР Президенти Садыр Жапаров өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында.
“Экинчиси, кадр саясаты боюнча, “бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу” деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Минтип олтурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир дагы татыктуу кадр таппайбыз. Башка планетадан издешибиз керек болот.
Үчүнчүсү, баланча министрликке Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат деп сындагандарга айтаарым, азыр биз душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы. Сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта.
Ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз. Мындан ары “бөдөнөнү сойсо да касапчы соет”. Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат. Бул үч.
Төртүнчү, бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министерликтер, комитеттер, агенттиктер жана башка ведомстволор бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык.
Ар бир чечимди “жети өлчөп, бир кесип жатабыз”.
Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли”, – деп жыйынтыктаган Садыр Жапаров.

Жалал-Абад ОИИБи: Сузакта “гиссар” породасындагы кымбат койлорду уурдагандар колго түшүрүлдү

12-19-январь күндөрү Сузак районунун тургундары 1977-ж.т. Ж.Д. жана 1964-ж.т. Р.Б. Сузак РИИБне арыздары менен кайрылышып, өз арыздарында 2021-жылдын 11-январынан 19-январына  чейинки аралыкта короосундагы “гиссар” койлорун белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдиришип, ууруларды таап мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышкан. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Арызданган 2 атуулдардан – 4 баш гиссар тукумундагы кочкорлор уурдалып, аларга  255 000 сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

Жогорудагы арыздардын негизинде тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүлүп, топтолгон материалдар Сузак РИИБдин КЖБРне катталып, 2 факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде (Уурулук) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү кызматтарга аталган уурулуктун бетин ачып, шектүүлөрдү тергөөгө камсыздоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Тергөө тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышкка шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, натыйжада Сузак районунун тургундары 1992-ж.т. А.А,, 1995-ж.т. Э.К. жана 1992-ж.т. А.Ү. кармалышып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн аталган кылмышты жасагандыгы жана алар өздөрүнүн “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү унаасына салып, изин жашырып кеткендиктери аныкталып, аларга шектүү жөнүндө кабарлама берилип, РИИБдин УКЖга  киргизилген.

Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан аталган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, 1 (бир) айга камакка алуу түрү тандалып алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө  амалдары жүргүзүлүп жатат.

Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясы Кувейт-Бишкек-Сиань каттамын ачат

Бүгүн, 1-февралда «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы-Башкы директор Бактыбек Сыдыков Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамдары боюнча жаңы туруктуу аба каттамдарын ачуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды, ал 2021-жылдын 5-февралынан 11-февралына, Кувейт-Ош-Кувейт 2021-жылдын 9-февралына жылдырылды.
Jazeera Airways авиакомпаниясынын директорунун орун басарынын ассистенти Риза Аль Мусавинин айтымында, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынгандан кийин, Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамдарынын жыштыгын көбөйтүүнү, жумасына 7 жолу учурууну пландап жатышат. Бүгүн каттамдар жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.
Ал ошондой эле аба эркиндигинин 5-даражасын колдонуу менен, Кувейт-Бишкек-Сиань каттамы боюнча учууларды ачууну пландаштырып жатышкандыгын кошумчалады.
Өз кезегинде, Башкармалыктын Төрагасы Бактыбек Сыдыков «МЭА» ААК 24 саат бою жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

УКМК: КР Президенттинин Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө иштери уланууда

Кылмыш ишинин алкагында КР Президенттинин Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловду камакка алуу түрүндө эч кандай баш коргоо чарасы тандалган эмес, аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатат. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин жыйынтыгында, Нургазы Анаркуловго карата юридикалык баа берилет.

Көпчүлүк коалиция өкмөт башчы кызматына Улукбек Мариповду сунуш кылды

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 1-февралдагы жыйынында премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин көрсөттү.

Анын талапкерлигин жыйынга катышкан депутаттардын баары колдоду.

Улукбек Марипов өзүнүн пландары тууралуу маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Кызматка келсе олуттуу реформаларды жасай турганын, өкмөттүн курамын кыскарта турганын билдирди. Ал бүгүнкү жыйында өкмөттүн түзүмү менен курамын тааныштырган жок. Коалиция колдоп берсе, кечирээк аны даярдап, спикерге киргизерин айтты.

Көпчүлүк депутаттар Марипов оор убакта өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жатканын, анын алдында олуттуу жоопкерчилик турганын эске салышты.

Маселе эми парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине жиберилет. Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Улукбек Марипов 41 жашта. Ал 2016-жылдын 19-мартынан бери Эсеп палатасын жетектеп келе жатат.

Ушул тапта премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн 10-январдагы президенттик шайлоонун алдында өкмөт башчылык кызматты убактылуу токтоткон. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 21-январда премьер-министрлик кызматты тапшырып, азыр иштеп жаткан өкмөт кызматтан кеткен.

Новиков башында турган аткаруу бийлиги өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин иштеп турат.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Республика – Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары кирет.

«Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен» фракциялары оппозициялык азчылыкты түзөт.

Меню