Бүгүн, 13-февралда Бишкек шаарындагы “Европа” мейманканасынын жыйындар залында Кыргызстандагы саясый партиялардын бири- “Эмгек” саясый партиясынын кезектеги, бешинчи курултайы өттү. Ага өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан келишкен делегаттар катышып, партиянын жаңы жетекчилерин шайлашты. Партиянын төрагалыгына коомдук ишмер Ырысбек Шаршенбаевич Мааткабылов тандалды.
45 жаштагы ишкер Ырысбек Мааткабылов 2013-2014-жылдары Бишкектин Ленин райондук акимчилигин, андан кийин шаардын Дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеген. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын Ардактуу президенти болуп саналат. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты да болуп, жашынан эмгек менен эрезеге жеткен мекенчил инсан.
“Эмгек” партиясынын төрагасынын орун басары болуп Жаныбек Абиров шайланды. 32 жаштагы Абиров учурда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп саналат. Ошондой эле партиянын аткаруу комитетинин катчысы болуп Акжол Исаев шайланды.
Партиянын жаңы жетекчиси Ырысбек Мааткабылов маалымдагандай, курултайда 11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардык шаарлардан катышуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле партиянын жаңы логотиви, эн белгиси кабыл алынып, партиянын Гимни жаңырды.
Ошондой эле партиянын саясий кеңешинин курамынын үчтөн экисин жаңылоо тууралуу чечим кабыл алынды.
Курултайда партиянын саясый кеңешинин мүчөлөрү Аалыбек Акунов менен Шаршен Касенов жаңы шайланган жетекчилерге жана курамга ийгилик каалашты.
“Эмгек” партиясын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков негиздеген. Андан кийин партиянын Аткаруу комитетинин катчысы- Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Нарынбек Молдобаев болгон.
«Эмгек» саясий партиясынын алгачкы уюштуруу курултайы 2011-жылы 11-апрелде болгон, мамлекеттик каттоодон 2011-жылы 20-майда өткөн. 2013-жылы 29-октябрда «Эмгек» саясий партиясынын II курултайы болуп, партиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин З -чакырылыштарынын депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер, белгилүү меценат Аскар Мааткабылович Салымбеков шайланган. Курултайда партиянын Саясий Кеңеши түзүлүп, анын курамына А.К. Абдраев, К.Т. Айдаров, А.А. Акунов, А.А. Акматалиев, Д.Т. Долоталиева, Б.А. Досалиева, И.К. Жунусов, А.А. Исаев, Кадыр уулу Султанбек, К.К. Кускаков, Д.А. Муладжанов, А.М. Мураталиев, И.М., С.В. Пономарев, А.М. Салымбеков, Ш.Р.Касенов, Э.К. Сатылганов, Р.Б. Тагаев, М. Тиллебаев, А.А. Турсункулов, В.Н. Хан бекитилген.
Курултай партиянын саясатын коомго жеткирүү жана ишмердигин ырааттуу жүргүзүү максатында Саясий Кеңештин алдында аксакалдардын «Акыл Ордо», айымдардын «Айым Ордо» жана жаштардын «Акыл Тирек» кеңештерин түзгөн. Партиянын «Улут намысы» аттуу кеңири программасы кабыл алынган.
«Эмгек» саясий партиясынын негизги максаты катары – өнүккөн жана коопсуз Кыргызстанды түзүү, базар мамилелерине негизделген эффективдүү, социалдык багытталган экономиканы өнүктүрүү, саясий стабилдүүлүктү чыңдоо, укуктук тартипти бекемдөө, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо жана саясий элитанын билимдүү жана маданияттуу жаңы муунун даярдоо сыяктуу коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрү боюнча приоритеттер, артыкчылыктар көрсөтүлгөн. Бул демилгелерди аткарууда партия өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүгүшүнө, элдин жашоо шартын жакшыртууга өзүнүн зор салымдарын кошуп келатат. Анткени, партиянын башкы максаттарынын бири-эл үчүн адал эмгек кылуу жана жаңы демилгелерди ишке ашыруу болуп саналат. Себеби бул партия жалпы элдин көйгөйүн жеринен билип, бул маселерди чечүүгө аракет кылып келаткан партия болуп саналат. Ошондуктан жыл сайын ондогон кайрымдуулук акцияларын өткөрүп, колдоого муктаж адамдарга камкордук кылып келатат.
2014-жылдан бери «Эмгек» партиясынын республиканын бардык облустарында, райондору менен шаарларында 55 баштапкы уюмдары түзүлүп, кеңселер ачылып, аларда атайын кызмат орундары уюштурулуп, партиянын идеяларын элдин кеңири катмарына тартуу багытында ийгиликтүү иштерди жүргүзүүдө.
Партиянын баштапкы уюмдары айылдардын 80%га жакынын камтып, партиянын катарына миңдеген жарандар мүчө болгон.
2015-жылы “Эмгек” “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирге парламенттик шайлоого катышып, добуштардын 6, 15% алган.
Быйыл 11-апрелде өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.
Бул өнөктүк 2020-жылдын апрелинде болмок. Бирок коронавирус жана пандемия илдеттерине байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган. Беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттары шайланмак. “Эмгек” бул шайлоого Ош, Токмок жана Балыкчы шаарларынан катышарын жарыялаган. Быйыл Бишкек шаардык кеңешке да шайлоо болмокчу.
Ошондой эле “Эмгек” 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого да катышарын билдирип, бирок кийин баш тартып койгон жана БШКда катталган өкүлдөрүн чакыртып алган.
Түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл толуп жаткан бул партия 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган жергиликтүу кеңештерге шайлоодо жеңишке жетет деген серепчилердин божомолдору маалымат каражаттарында байма-бай айтыла баштады.
Кабыл Макешов, көз карандысыз эркин журналист
Бүгүн, 13-февралда КР Президенти Садыр Жапаров “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигине маек берип, анда жаңы кабыл алына турган конституция боюнча өз пикирин билдирди.
–Конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Сын-пикир айткандар да жок эмес. Качан элдин добушуна коюлат?
–Албетте, сын пикирлер айтылбай койбойт. Беш кол тең эмес. Бирок, башаламан башкарууга чекит коё турган Конституция болду. Бүгүнкү кадрдык башаламандыктар, ызы-чуулардын баары азыркы иштеп турган Конституция менен байланыштуу. Бүгүн үч «күч» бар. Парламент, Өкмөт, Президент. Жаңы Конституция кабыл алынса, баары бир тартипке түшөт. Бизде тартип болбой эле койсун деген күчтөр бар. Ошолор элди дүрбөтүп, “Кокуй эле кокуй, мындай болуп калды, кокуй эле кокуй, тигиндей болуп калды” деп элди адаштырганга аракет кылып жүрүшөт. Кемчиликтер болбой койбойт. Болсо дароо оңдоп кетип жатабыз. Иштебеген киши жаңылбайт дейт. Эң негизгиси мамлекеттин жалпы кызыкчылыгын көздөгөн стратегиялык чоң иштерде жаңылбасам болду. Ички майда-чүйдө пикир келишпестиктер, кадрдык кемчиликтер өз убагы менен бүтөт. Трагедия кылыштын кереги жок. Кудай буюрса, жазга барып чоң-чоң иштер башталат.
Конституция элдин добушуна 11-апрель жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен чогуу коюлат деген үмүтүбүз бар. Жогорку Кеңеш алып чыгыш керек. Жергиликтүү кеңеш менен бирге өткөрсөк каражат үнөм болот. Казынадан ашыкча акча кетпейт. Референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоолору бир күндө болот.
Бүгүн, 13-февралда КР Президенти Садыр Жапаров “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигине маек берип, анда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу суроолорго жооп берди.
–Райым Матраимовду кечээ сот 260 миң сом айып пул менен эле бошотуп жиберди. Буга эл нааразычылыгын айтып жатышат. Райым Матраимовдун иши ушуну менен бүттү десек болобу?
–Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн мойнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз.
Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт. Ошондуктан эл сабырдуу болуп туруш керек. Ар бир иштин бүтчү күнү болот. Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, “Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула” деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Баш аламандык болуп кетсе алар элдин тагдырына жооп бербейт.
Кечээ, 12-февралда КР Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндөгү N38-токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берилди.
Кечээ, 12-февралда КР Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндөгү токтомго кол койду.
Текст:
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-февралындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы №4357-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин базасында;
– Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин базасында;
-.Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында.
2. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн:
– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, мында туризм чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине өткөрүп берилсин;
– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине, мында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен региондук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;
– Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине;
-.Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматына;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Токой чарба мамлекеттик агенттигине, мында экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берилсин;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттигине, мында этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берилсин;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик салык кызматына;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик бажы кызматына;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик миграция кызматына, мында тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берилсин;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик каттоо кызматына;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына);
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматка;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жогорку аттестациялык комиссиясына;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, мында:
ченөө бирдейлигин (метрологиялык көзөмөлдөө) камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелеринин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине өткөрүп берилсин;
энергетика, өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, геологиялык иштерди жүргүзүүнүн жана жер казынасын пайдалануунун, ошондой эле мунай продуктуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине өткөрүп берилсин;
эмгек мыйзамдарынын, турак жай, коомдук жана өндүрүш имараттарында жол берилген ызы-чууга, термелүү кыймылына жана үн изоляциясына коюлуучу талаптардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;
шаар куруу ченемдеринин, долбоордук чечимдердин, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүүдө, объекттерди реконструкциялоодо техникалык мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын, ошондой эле курулушу аяктаган объекттерди эксплуатациялоого кабыл алууну уюштуруунун, суу транспортунун жана сууда сүзүүчү каражаттардын, темир жол транспортунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба, токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берилсин;
жер мыйзамдарынын, суу пайдалануунун, суу объекттерин жана суу чарба инфраструктурасын күтүүнүн, суу ресурстарын пайдалануунун талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна;
– Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Социалдык фондго;
– Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке.
3..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
6-июнундагы № 211 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– преамбуласындагы “Конституциясынын 73-статьясын” деген сөздөр “Конституциясын” деген сөз менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын
10-мартындагы № 151 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын юридикалык жактын статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн укуктук статусу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын юридикалык жак статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин укуктук жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”;
– 1-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“- министрликтин алдындагы, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик кызмат;”;
жетинчи абзацындагы “мамлекеттик агенттикте жана мамлекеттик инспекцияда түзүлөт” деген сөздөр “мамлекеттик кызматта, мамлекеттик агенттикте жана мамлекеттик инспекцияда түзүлүшү мүмкүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 2-пунктунун экинчи абзацы “мамлекеттик агенттик” деген сөздөрдөн кийин “, мамлекеттик кызмат” деген сөздөр менен толукталсын.
6..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
12-январындагы № 12 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жана анын баш ийүүсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы иштей тургандыгы аныкталсын.”;
– 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
– 2-пунктунун “а” пунктчасында:
биринчи абзацындагы “мамлекеттик органдар,” деген сөздөр алып салынсын;
экинчи, үчүнчү жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги министрликтер жана мамлекеттик комитет менен биргеликте бир айлык мөөнөттө штаттык бирдиктердин, түзүмдөрдүн жана мамлекеттик кызмат орундарынын тиешелүү ченемдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөө персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери белгиленген тартипте:
– бир айлык мөөнөттө:
түзүмдөрүн жана штаттык ырааттамаларын ушул токтомго ылайык келтиришсин;
ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун, анын ичинде министрликтердин жоболорунун жана башкаруу схемаларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;
– финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдалануу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдү кайра уюштуруу жана жоюу менен байланышкан иш-чараларды жүргүзүү боюнча комиссияларды түзүшсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурушсун;
– штатты өткөрүп берүүдө мамлекеттик кызматтын тиешелүү түрлөрүндө иштөө өзгөчөлүктөрүн сактоону эске алуу менен өткөрүп берилип жаткан функцияларды аткаруу үчүн ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлердин которулууга тийиш экендигин көңүлгө алышсын;
– бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн;
– өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
– жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү, тиешелүү мамлекеттик органга жүктөлгөн башка функцияларды аткарууну камсыз кылышсын;
– ушул токтомдон келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;
– ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
9. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине, анын ичинде мамлекеттик органдарды тейлөөчү кызматкерлерге (техникалык тейлөөчү персонал, кенже тейлөөчү персонал) эмгек акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн белгиленген эмгек акы төлөөнүн колдонуудагы шарттары боюнча төлөнө тургандыгы;
– ушул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырыла тургандыгы;
– министрликтердин карамагына өткөрүп берилип жаткан административдик ведомстволордун жеткечилери министрликтерге баш ийген ведомстволук бөлүмдөрдүн жоболору бекитилгенге чейин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууну уланта тургандыгы.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
11. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин пландаштырууда негизги призма катары бюджеттик каражаттарды өз учурунда жана рационалдуу пайдалануу болушу керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов 2020-жыл үчүн мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча кеңешмеде билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруу тууралуу баяндамасы, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн алган каражаттардын басымдуу бөлүгү туура келген транспорт, энергетика, ирригация, суу менен камсыздоо жана саламаттык сактоо тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга жоопкер мамлекеттик орган жетекчилеринин баяндамалары угулду.
Белгиленгендей, 2020-жылы мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруу алкагында план боюнча 18,6 млрд сом каралса, анын 15,7 млрд сом өлчөмүндөгү каражаты өздөштүрүлгөн, бул иш 83% аткарылган дегенди түшүндүрөт. Мында өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү алгач бекитилген планга салыштырмалуу болгону 67% түзгөн.
Өз сөзүндө Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы алты жыл ичинде мамлекеттик инвестициялар линиясы боюнча каражаттарды өздөштүрүү алсыз жүрүп жаткандыгы байкалууда. Тактап айтканда, өздөштүрүлбөгөн каражаттардын негизги бөлүгү транспорт, энергетика, ирригация, суу менен камсыздоо жана саламаттык сактоо сыяктуу маанилүү тармактарга тийиштүү.
«Биздин ишибиздеги негизги бенефициар катары, бизден оңдуу өзгөрүүлөрдү күтүп жаткан элибиз болуп саналат. Ошондуктан бизге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн», – деди Улукбек Марипов.
Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, тармактык органдар бул багыттагы ишти күчтөндүрүүсү керек, ал эми мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жеке жоопкерчилик тартат.
Өкмөт башчы Экономика жана финансы министрлигин мамлекеттик инвестициялар долбоорун сапаттуу мониторингдөөгө жана координациялоого чакырды. Мындан тышкары, долбоордун дизайнын алгачкы баскычта сапаттуу иштеп чыгуу аны келечекте ишке ашырууда олуттуу мааниге ээ болот. Буга байланыштуу Улукбек Марипов жаңы долбоорлорду социалдык-экономикалык натыйжалуулукка басым жасоо менен тыкыр даярдоону тапшырды.
«Мен Өкмөттүн жаңы курамынан коюлган милдеттерди бекитилген мөөнөттөргө ылайык, так аткарылышын талап кылам. Ар бирибиз жеке каражаттардын чектелгендигине байланыштуу, инвестициялар экономиканы, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүүдө чоң роль ойной тургандыгын мыкты түшүнүүбүз керек. Мамлекеттик инвестициялар программасы – республикалык бюджеттин чыгымынын 1/5 бөлүгүн түзөт жана ал экономиканы өнүктүрүгө түздөн-түз таасирин тийгизет», – деди Өкмөт башчы.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун ишке ашырууда пландаштырууну жана мониторингдөөнү жакшыртуу, ошондой эле иш процессин оптимизациялоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР УКМК ККК “Кыргызалтын” ААК Башкармалыгынын Төрагасы “У.Э.А.” тарабынан алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылуу жана акча каражатын алуу системалуу фактылары аныкталды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган «У.Э.А.» алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган.
2021-жылдын 12-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда “У.Э.А.” кармалды.
Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “Кыргызалтындын” жетекчиси тарабынан опузалап пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде “У.Э.А.” Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.