Menu

“Эмгек” партиясына Ырысбек Мааткабылов төрага болуп шайланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-февралда Бишкек шаарындагы “Европа” мейманканасынын жыйындар залында  Кыргызстандагы саясый партиялардын бири- “Эмгек” саясый партиясынын кезектеги, бешинчи курултайы өттү. Ага өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан келишкен делегаттар катышып,  партиянын жаңы жетекчилерин шайлашты. Партиянын төрагалыгына коомдук ишмер Ырысбек Шаршенбаевич Мааткабылов тандалды.

45 жаштагы  ишкер Ырысбек Мааткабылов 2013-2014-жылдары Бишкектин Ленин райондук акимчилигин, андан кийин шаардын Дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеген. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын Ардактуу президенти болуп саналат. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты да болуп, жашынан эмгек менен эрезеге жеткен мекенчил инсан.

“Эмгек” партиясынын төрагасынын орун басары болуп Жаныбек Абиров шайланды. 32 жаштагы Абиров учурда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп саналат. Ошондой эле партиянын аткаруу комитетинин катчысы болуп Акжол Исаев шайланды.

Партиянын жаңы жетекчиси Ырысбек Мааткабылов маалымдагандай, курултайда  11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардык шаарлардан катышуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле партиянын жаңы логотиви, эн белгиси кабыл алынып, партиянын Гимни жаңырды.

Ошондой эле партиянын саясий кеңешинин курамынын үчтөн экисин жаңылоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Курултайда партиянын саясый кеңешинин мүчөлөрү Аалыбек Акунов менен Шаршен Касенов жаңы шайланган жетекчилерге жана курамга ийгилик каалашты.

“Эмгек” партиясын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты,  мамлекеттик жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков негиздеген. Андан кийин партиянын Аткаруу комитетинин катчысы- Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Нарынбек Молдобаев болгон.

«Эмгек» саясий партиясынын алгачкы  уюштуруу курултайы 2011-жылы 11-апрелде болгон, мамлекеттик каттоодон 2011-жылы  20-майда өткөн. 2013-жылы 29-октябрда «Эмгек» саясий партиясынын II курултайы болуп, партиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин З -чакырылыштарынын депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер, белгилүү меценат  Аскар Мааткабылович Салымбеков  шайланган. Курултайда партиянын Саясий Кеңеши түзүлүп, анын курамына А.К. Абдраев, К.Т. Айдаров, А.А. Акунов, А.А. Акматалиев, Д.Т. Долоталиева, Б.А. Досалиева, И.К. Жунусов, А.А. Исаев, Кадыр уулу Султанбек, К.К. Кускаков, Д.А. Муладжанов, А.М. Мураталиев, И.М., С.В. Пономарев, А.М. Салымбеков, Ш.Р.Касенов, Э.К. Сатылганов, Р.Б. Тагаев, М. Тиллебаев, А.А. Турсункулов, В.Н. Хан бекитилген.

Курултай партиянын саясатын коомго жеткирүү жана ишмердигин ырааттуу жүргүзүү максатында Саясий Кеңештин алдында аксакалдардын «Акыл Ордо», айымдардын «Айым Ордо» жана жаштардын «Акыл Тирек» кеңештерин түзгөн. Партиянын «Улут намысы» аттуу кеңири программасы кабыл алынган.

«Эмгек» саясий партиясынын негизги максаты катары – өнүккөн жана коопсуз Кыргызстанды түзүү, базар мамилелерине негизделген эффективдүү, социалдык багытталган экономиканы өнүктүрүү, саясий стабилдүүлүктү чыңдоо, укуктук тартипти бекемдөө, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо жана саясий элитанын билимдүү жана маданияттуу жаңы муунун даярдоо сыяктуу коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрү боюнча приоритеттер, артыкчылыктар  көрсөтүлгөн. Бул демилгелерди аткарууда партия өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүгүшүнө, элдин жашоо шартын жакшыртууга өзүнүн зор салымдарын кошуп келатат. Анткени, партиянын башкы максаттарынын бири-эл үчүн адал эмгек кылуу жана жаңы демилгелерди ишке ашыруу болуп саналат. Себеби бул партия жалпы элдин көйгөйүн жеринен билип, бул маселерди чечүүгө аракет кылып келаткан партия болуп саналат. Ошондуктан жыл сайын ондогон кайрымдуулук акцияларын өткөрүп, колдоого муктаж адамдарга камкордук кылып келатат.

2014-жылдан бери «Эмгек» партиясынын республиканын бардык облустарында, райондору менен шаарларында  55 баштапкы уюмдары түзүлүп, кеңселер ачылып, аларда атайын кызмат орундары уюштурулуп, партиянын идеяларын элдин кеңири катмарына тартуу багытында ийгиликтүү иштерди жүргүзүүдө.

Партиянын баштапкы уюмдары айылдардын 80%га жакынын камтып, партиянын катарына миңдеген жарандар мүчө болгон.

2015-жылы “Эмгек” “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирге парламенттик шайлоого катышып, добуштардын 6, 15% алган.

Быйыл 11-апрелде өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Бул өнөктүк 2020-жылдын апрелинде болмок. Бирок коронавирус жана пандемия илдеттерине байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган. Беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттары шайланмак. “Эмгек” бул шайлоого Ош, Токмок жана Балыкчы шаарларынан катышарын жарыялаган. Быйыл Бишкек шаардык кеңешке да шайлоо болмокчу.

Ошондой эле “Эмгек” 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого да катышарын билдирип, бирок кийин баш тартып койгон жана БШКда катталган өкүлдөрүн чакыртып алган.

Түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл толуп жаткан бул партия 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган жергиликтүу кеңештерге шайлоодо жеңишке жетет деген серепчилердин божомолдору маалымат каражаттарында байма-бай айтыла баштады.

Кабыл Макешов, көз карандысыз эркин журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: