Туура бир ай мурун өкмөт алдындагы өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитетке тиешелүү болгон «сырдуу схемалар», андагы башкармалыктын жетекчилери боюнча ишиндеги «кылтың-мылтың» жүрүштөрү тууралуу кеп кылганыбыз эсиңердеби? Анда Талас облусу менен Чаткал району чектешкен аймакта кен чыгуучу жайды «Жамгыр ресурс» аталышындагы компания изилдөө үчүн лицензия алып, бүгүн аталган аймакта экологиялык, коопсуздук нормалары сакталбай, көз көрүнө мыйзамды тебелөө менен иш алып баратышы боюнча бир катар суроолорду иргеп алып, башпрокурор Индира Жолдубаеванын өзүнө жолдогон элек. Азырынча жооп жок.
Дал ушундай жагдайлар боюнча редакцияга бир катар материалдар түрмөгү тууралуу маалыматтар келүүдө. Кызыгы, аталган талаштуу тилкенин өзү да «сырдуу схемалар» менен тең экиге бөлүнүп, бүгүн тиешелүү эреже, талаптардын сакталбай иштелип жаткандыгы ыраспы? Тармактагы мындай ыраатсыздыкты коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров өзү көзөмөлгө алып, булардын баскан изин тыкыр текшертсе, кызык жагдайлар чыгат беле? Азырынча кыскача суроолорубузду Акүйдөгү коррупция менен күрөшкөн органдын жетекчисинин алдына коё туралы. Индира Жолдубаева кызыкпаган ишке балким Темир Жумакадыров назарын салып калаар.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ