Menu

Ошто чет өлкөлүк студенттерди тоногондор милиция экен

Бөлүшүү:

Билинбеген менен чет элдик студенттер ошол өздөрү барып окуган өлкөнүн экономикасы үчүн чоң инвестор болуп саналышат. Анткени алар окуу акысын төлөгөндөн тышкары жатакана, тамак-аш, коомдук транспорт жана башка баскан-тургандарына төлөшүп, жылына жок эле дегенде ар бири 10 миң АКШ долларын калтырып кетишет. Биздин мамлекетибизге да Афганистан, Пакистан, Индия сыяктуу мамлекеттерден студенттер келишип, көпчүлүгү медициналык окуу жайларда билим алышат. Андыктан чет элдик студенттерге турист катары мамиле жасаганыбыз туура болмок. 1-октябрь күнү Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан “Мээрим” ресторанынын алдында индиялык студенттин 3 миң сомун белгисиз бирөөлөр алып коюшкан. Кийинчерээк, 11-октябрь күнү саат 21:00 чамасында Ош шаарынын “Демир Банктын” банкоматынан индиялык 25 жаштагы жаранды да өздөрүн “милиция кызматкерибиз” деп тааныштырган эки атуул 100 доллары менен 20 миң сом акчасын алып, из жашырышкан. Жакында мына ошол чет өлкөлүк студенттерди белгисиз бирөөлөр түз эле банктын маңдайында, чак түштө тоноп кеткендиги тууралуу маалымат жарыяланган. Кылмыштын изи сууй электе Ош ШИИБнин кызматкерлери ушул уруулукка шектүүлөрдү кармагандыгын маалымат кызматы билдирди. Иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, жабырлануучулардын көрсөтмөсүнө таянуу менен, шектүү катары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери тоноого шектүү катары кармалышты. Эми чет элдиктерге өлкөбүздү терс жагынан көрсөткөн бул эки погончондун уурулугу далилденсе, алар кандай жазаланар экен же кайра эле иштей беришеби? Деги эле бизде дагы канча колу туткак карапайым калкты талап-тоногон “оборотни в погоне” бар?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: