Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Конституциянын долбоорунун негизги өзгөчөлүгү – бул аткаруу бийлигин ким түзгөнүндө”

-Бегалы мырза, учурда жаңы Конституциянын долбоору боюнча элге маалымат, талкуулар керек болуп турат. Башмыйзам долбоору тууралу сиздин да кеңири аналитикалык ой жүгүртүүнүздү уксак?

-Жаңы конституциянын долбоорундагы өзгөчөлүктөр жана артыкчылыктар тууралу көп сөз кылууга болот. Бирок, анын алдында айта кетүүчү маселе – быйыл 10-январда кыргыз бийлиги акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу элден “кандай башкаруу системасын тандайсыңар: президенттикпи же парламенттик системаныбы?” деп сурады. Буга чейин биз Конституцияны 9 жолу өзгөртүп алмаштырганыбызда президенттер, саясый топтор элден сурабай эле “биз айткандай болот” деп өздөрү каалагандай конституцияны жазып, административдик жана каржылык ресурстарды пайдалануу менен күчкө салып өткөрүп алышчу.

Айрыкча 2010-жылы Убактылуу өкмөт кыргыз мыйзамдарын одоно бузуп, өздөрү жазган (шарттуу түрдө “Текебаевдин конституциясы” деп аталат) конституцияны көз боёмочулук менен өткөрүп алышкан. Ал учурда кандуу куралдуу төңкөрүштөн кийин өздөрүн Убактылуу өкмөт деп жарыялаган саясый топ Кыргыз мамлекетинин Конституциясын одоно тебелеп, өздөрүнүн мыйзамсыз декрети менен референдум жарыялап, чет өлкөлөрдөн “конституция жазабыз” деп 7 млн доллар грант алышып, Венециялык сунуш берүүчү күчкө гана ээ болгон комиссияга жага тургандай кылып, Украинанын конституциясын көчүрүп алып, ага айрым өзгөртүүлөрдү киргизип, Кыргызстанды парламенттик өлкө болот деп жарыялап, элди алдашкан.

Конституция боюнча ал кезде (2010-жылы апрелде) Конституцияны өзгөртүүнүн бир эле мыйзамдуу жолу калган – ал жаңы конституцияны кыргыздын 30 миңден кем эмес жарандары кол чогултуп демилгелей алмак. Бирок мыйзамды сыйлабаган Убактылуу өкмөттүн бир ууч мүчөлөрү 30 миңден кем эмес кыргыз жарандарынын укугун өздөрүнө ыйгарып алып, бийликти узурпациялап, элден сурабай, өздөрү каалагандай конституциянын жаңы долбоорун демилгелеп, өздөрүн кошуп конституциялык кеңеш түзүп, ал кеңешти Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Текебаев жетектеп, парламенттик башкаруу системасынын конституциясын жазышкан. Ал кездеги конституциялык кеңештин айрым мүчөлөрү кийин “Текебаев конституциялык кеңеш жазган жана бекиткен конституциянын долбоорун тымызын жол менен өзү каалаган тексттер жана нормалар менен алмаштырып коюптур” деп сотко беришип, бирок ал кезде Текебаев менен анын Убактылуу өкмөттөгү бандасы бийликте турушкандыктан сот карабай койгон.

2010-жылы 7-апрелде куралдуу мамлекеттик төңкөрүш болгондуктан мыйзам демилгелөө укугуна эгедер 4 субъекттен: Президент куулуп, Парламент таркатылып, өкмөт отставкага айдалып, жалгыз гана 30 миң жарандан турган демилгелүү топ гана жаңы конституцияны долбоорун демилгелей алмак. Бирок Убактылуу өкмөт мыйзамды уруп ойнобой, өздөрү демилгелеп, конституция жазып, күчкө салышкан. Бул боюнча азыр юристтер Убактылуу өкмөттү сотко берүүгө документтерди даярдап жатышат. Ошондой эле баш мыйзамдагы “Өзгөчө кырдаалдар учурунда референдум өткөрүүгө тыюу салынат” деген норманы Убактылуу өкмөт тебелеп-тепсеп, Ошто жүздөгөн адамдар өлтүрүлгөн улут аралык жаңжалга карата киргизилген өзгөчө кырдаалдарга карабай мыйзамды бузушуп, 27-июнда референдум өткөрүшкөн. Өзгөчө кырдаалды 1 күнгө токтотуп, кайра киргизип коюунун өзү кылмыш болгон.

Бир эле мисал келтирейин, Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагындагы 6000 добушу бар шайлоо участокторуна ошол референдумга болгону 37 гана киши келип добуш беришкен. Бирок Убактылуу өкмөттүн мүчөсүнүн жаңы аким болуп шайланган райондогу фотограф кайниси айыл өкмөтүнүн аткаминерлерин, шайлоо участкаларынын мүчөлөрүн коркутуп, миңдеген добуштарды кошуп жаздырган. Мындай фактылардын баары азыр иликтенип, юридикалык баа берилиши зарыл.

Ал эми быйыл, 2021-жылы 10-январда өткөн референдумда шайлоого катышкандардын 80%ы “Кыргызстанга президенттик башкаруу системасы орносун” деп добуш беришти. Эч ким добуш берүүдө мыйзам бузууларды таба алышкан жок. Ал эми Текебаевчилердин шайлоого шайлоочулардын 30%ы эле катышты деп чычалаганы күлкүнү келтирет. Анткени мындай норманы мыйзамга биринчи болуп Текебаев өзү киргизген. 2010-жылы референдум жана шайлоолордо Убактылуу өкмөттү азчылык гана колдоп, шайлоого келерин сезишип, “шайлоого канча киши келсе да шайлоо өттү” деп эсептелет деген норманы киргизишкен. Тагыраак айтканда, ошол 2010-жылы референдумга Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү гана катышып, добуш беришсе да шайлоо өттү деп эсептелмек.  Бул Убактылуу өкмөттүн өзүнө-өзүнө ишенбегендигинен, элдин колдоосу жоктугун сезгенинен аргасыз киргизилген норма.

-Конституциядагы негизги өзгөчөлүк – бул өкмөттү же аткаруу бийлигин ким түзгөндүгүндө, анан көзөмөлдөгөнүндө да болуп жаткандай…

Конституциядагы негизги өзгөчөлүк – бул өкмөттү же аткаруу бийлигин ким түзгөндүгүндө, анан көзөмөлдөгөнүндө. Парламенттик системада аткаруу бийлигин же өкмөттү парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган партиянын парламенттеги фракциясы же фракциялардын коалициясы түзөт. Ошондуктан 2010-жылдан кийин парламентке жеңип келген КСДП Атамбаевди алгач премьер-министр кылып шайлап, өкмөт түзгөнгө жетишти. Андан кийин дагы бир жеңүүчү партия “Ата-Мекен” өзүнүн тизмесиндеги Жоомарт Оторбаевди премьер-министрликке шайлап, өкмөт түзүшүп, мамлекет башкарышты…

Ал эми президенттик башкаруу системасы болгондо өкмөттү президент түзүп, өзү толук көзөмөлдөш керек. Анткени 10-январдагы референдумда эл таза президенттик система үчүн добуш беришти. Бирок конституциянын жаңы долбоорунда өкмөттү президент парламенттин макулдугу менен түзөт деген эски нормалар сакталып калып, таза президенттик эмес, президенттик-парламенттик аралаш системанын нормалары киргизилген. Муну бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сакташ үчүн киргиздик деп жатышат. Эгер андай тең салмактуулук керек болсо, анда  бул системаны президенттик деп атабай эле президенттик-парламенттик аралаш система деп эле аташ керек болчу.

Дегеле бул долбоордо парламенттин мурунку конституциядагы ыйгарым укуктары, өкмөт түзгөндөн башкасынын баары сакталып калган. Президент өкмөт түзгөндө, сотторду жана башка бийик мамлекеттик кызмат орундарына кадрларды дайындаганда парламенттин макулдугун алат деген нормалардын баары ошол бойдон калыптыр.

Парламенттик система деп убада кылынган 2010-жылдан 2017-жылга чейин премьер-министр, анан президент болуп турган Алмаз Атамбаев парламенттин алдына келип, отчет тургай маалымат да берчү эмес. Бул конституцияда президенттик система экенине карабай “президент жыл сайын парламеннтке келип маалымат берет” деп жазылыптыр. Ушуну “отчет берет” деп жазышса жакшы болот эле дейбиз, бирок анда ал норма парламенттик системанын талабы болуп калмак. Парламенттик системада бийликтин бардык бутактары парламентке отчет берип туруш керек.

Бул долбоордо Парламенттин бийлиги дагы күчөтүлгөн бир норма – бул депутаттын кол тийбестиги кайтарылып берилгени. Эми депутаттар коркпой туруп, Президентти сындай алат.  2010-жылдагы конституцияда Текебаев коррупция боюнча оор кылмыштарда депутат парламенттин макулдугусуз эле жоопко тартыла берет деп норма киргизип, өзү коррупция беренеси боюнча камалып кетти. V  жана VI чакырылыштагы депутаттардын “чимкирик” болушуп, президенттердин гана көзүн карап, алардын айтканын гана жасап калганы да мына ушундан. Атамбаев сын айткан эле депутаттын баарын жетелеп барып камай берди. Эми депутат парламенттин макулдугусуз камалбайт, демек президентке каяша айткандан, сындагандан коркпойт. Бул парламенттин бийлигинин күчөтүлүшү.

Жаңы конституциянын экинчи бир өзгөчөлүгү – бул “Өкмөттү же аткаруу бийлигин президент башкарат” деген норма конституцияга биринчи жолу киргизилди. Конституциялык кеңештин мүчөлөрү айтып жаткандай бул биздин жаңы долбоорго АКШдагы президенттик системанын үлгүсү болгон конституция негиз болгон. Демек, бизде да АКШдагыдай премьер-министр кызматы жок болуш керек, аткаруу бийлигин же өкмөттү президент жана президенттин администрациясы башкарышы зарыл. Албетте АКШ федеративдүү өлкө, биз болсо унитардык мамлекет, ошондуктан ушул өзгөчөлүктү эске алып, ылайыкташтырылышы законченемдүү.

Ошондой эле биринчи жолу Кыргызстандын Конституциясында “Аткаруу бийлигинин (өкмөттүн) ишинин натыйжасына Президент жооп берет” деген норма киргизилди. Буга чейин “мен кыйынмын” деген Текебаев да мындай чечкиндүү норманы Конституцияга киргизе албаган.  Буга байланыштуу “Президенттин импичменти боюнча нормаларды ишке ашыруу татаал” деген аргументти көп айтышууда. Импичментти ишке ашыруу бул саясый элитанын дараметине гана жараша болот. Эгер саясый элита жалаң “чимкириктерден” турса кандай оңой мыйзам жазып берсең да аны ишке ашыра алышпайт. Мына 2010-жылы бийликке келишкен саясый элита өздөрү каалагандай Конституция, мыйзамдарды жазышып да 10 жыл ичинде парламенттик системаны ишке ашыра алышпай коюшту. Ага потенциалы, кудурети жетпеди. Чабалдар экенин көрсөтүштү. Ошол эле учурда президенттик-парламенттик система учурунда 35 депутаттан турган мыйзам чыгаруу палатасынын 10 чакты эле депутаты Президентти парламентке чакырып алып, жарга такап, коррупциялык иштерге айыптап, айласын кетирип турушканына элдин баары күбө болгон. Ал эми 120 депутат эмнеге жарады?  Ошондуктан Президенттин импичменти тууралу нормаларды ишке ашыруу ал парламенттин сапаттык курамына жараша болот.

Конституциядагы дагы бир өзгөчөлүк – бул “эгер президент парламенттин жана соттун ишине кийлигишсе ага импичмент жарыялоого негиз болот” деген норма биринчи жолу Конституцияга киргизилди. Мындай норманы буга чейин конституция жазгандар президенттен коркушуп, киргизе алышкан эмес. Ал эми бул нормаларды ишке ашыруу жогоруда мен айткандай парламенттин сапатынан болот.

Мындай өзгөчөлүктөрдү санай берсе кагаз түтпөйт. Бирок “сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегендей, кандай гана конституция жазылбасын сындагандар чекеден чыгат. Айрыкча акыркы 10 жылда өлкөдө парламенттик системаны ишке ашыра албагандар сынчы болуп жатышат.

-Улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн кандай саамалыктарга токтолсок болот?

Жаңы конституция жаңы кыргыз тарыхында кыргыз мамлекетинин конституциясы биринчи жолу кыргыз тилинде жазылып, анан орус тилине которулду. Бул да бир улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саамалык. Буга чейин бардык конституциялар орус тилинде жазылып, анан чала-була кыргыз тилине которулуп, орусчасы менен кыргызчасы кээ бир беренелерде карама-каршы норма жаратып, талашка түшүп келчү. “Мен кыйынмын” деген Текебаев да 2010-жылдагы конституциясын орус тилинде жазган, анткени грант берүүчүлөр тымызын сунуштаган Украинанын конституциясы орус тилинде болгондуктан, ошону эле Кыргызстанга ылайыктап, жамап-жуктап, орус тилинде эле даярдашкан. Кийин кыргыз тилине которулуп, ал конституцияда да орусча жана кыргызча версияларында төп келишпеген нормалар болуп келген.

Коомдун бир бөлүгү улуттук кызыкчылык катары – Курултайдын конституцияга киргизилишин айтып жатышат. Бирок мен Конституцияда же Курултай же Жогорку Кеңеш, экөөсүнүн бири гана калыш керек деп эсептейм. Жогорку Кеңешти эки палаталуу кылып, жогорку палатаны Курултай деп атап, эл өкүлдөрү бир мандаттуу округдардан шайланып келип, ошол палатада иштеши керек. Ал эми төмөнкү палата – мыйзам чыгаруу палатасы партиялык принцип менен шайланып,  мыйзамдардын үстүнөн иштөөсү зарыл.

Ошол эле учурда конституциянын жаңы долбоорунда Курултайды мамлекеттик башкаруу органы эмес, коомдук байкоочу орган деп атап туруп, коомдук уюмга Мыйзамдарды демилгелөө укугу  жана Сотторду тандоо кеңешине катышуу укугу берилгени таңгалычтуу.

Мыйзамдарды демилгелөө укугу 2016-жылдагы өзгөртүүлөргө чейинкидей: президентте, парламентте, өкмөттө жана 30 миң кыргыз жаранында гана болуш керек. Ал эми азыркы долбоордогу Прокуратура, Сот жана Курултайдын мыйзам демилгелөө функциялары алынып салыш керек деп ойлойм.

Дагы бир айта кетчү нерсе, биз кыргыздар IX кылымда гана, бизди ажо (азыркыча президент) башкарып турганда гана күчтүү мамлекет – Улуу кыргыз каганатын түзүп,  уйгур, түрк каганаттарын жеңип, империя деңгээлине көтөрүлүппүз… Андан кийин бийлик талашуу башталып, (междуусобица) мамлекетибиз талкаланып, 1000 жылдан ашык ар кандай империялардын колониясы болуп келип, 1991-жылы гана көз карандысыздык алып, өзүбүздүн улуттук көз карандысыз мамлекетибизди куруунун үстүндө изденүү жолундабыз. 1991-жылдан 2010-жылга чейин президенттик-парламенттик аралаш башкаруу системасын көрүп, бизге жакпады. 2010-жылдан 2020-жылга чейин парламенттик башкаруу системасы өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө чоң шек келтирди. Терең саясый жана экономикалык кризистерге алып келди. Мародёрлуктун, рейдерликтин, коррупциячылдыктын үлгүлөрүн көрсөтүштү. Эми эл таза президенттик башкаруу системасын тандап, көрөлү деп жатышат. Бир кезде Улуу кыргыз каганатын түзгөн, азыр 7 миллионго жакын илим-билимдүү калкы бар элдин ичинен кантип бир реформачыл лидер чыкпасын? Ата-Түрк сыяктуу кыргыз мамлекетин бекемдеп, гүлдөп-өсүүгө алып бара турган лидерлер чыгат деп үмүт кылып туралы.

-Саясатчы Адахан Мадумаров видеокайрылуу кылып, сот системасы, өкмөттүн жаңы түзүлгөн структурасы тууралу бир топ сындарды айтыптыр, сиз бул боюнча кандай пикирдесиз?

Кыргызстанда 7 миллиондой калк болсо 7 миллиондой пикир чыгат. Ал эми көрүнүктүү оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров албетте өзүнүн пикирин айтат. Бирок мен билгенден Мадумаров көп жылдардан бери таза президенттик башкаруу системасын жактап келет. Бирок кайрылуусунда конституциянын жаңы долбоорун супер президенттик, катаал системанын конституциясы болуп калыптыр, бир адамдын жеке бийлигин орнотот таризинде айыптап жатат. Ошол эле учурда азыр Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясындагы оң колу, кеңешчиси болуп жүргөн Ишенбай Кадырбеков конституциянын жаңы долбоору өтө жумшак болуп калыптыр, президенттик системада президенттин бийлиги абсолюттуу болуш керек. Өкмөттү, сотторду, генпрокурорду парламенттин макулдугусуз эле өзү дайындаш керек. Конституциянын жаңы долбоорунда президенттик система эмес, парламенттик-президенттик системанын нормалары кирип калыптыр, баарына эле парламенттин макулдугун алыш керек экен, ушул да президенттик система болобу? деп дебаттарда талашып жүрөт. Бир эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын алдыңкы сабында турган эки мүчөсү бири-бирине карама-каршылыктуу пикир айтып жатышат. Бул жанагы мен айткан: өлкөдө канча жаран болсо ошончо пикир бар дегенди далилдейт.

Маектешкен Жамиля Таштанбекова

Булак: “Азия ньюс”

Видео - Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал чыкты

Кечээ, 4-мартта Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Чиеке айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында өзбек чек арачылары бир тараптуу демаркация иштерин баштаган. Бул тууралу жергиликтүү активисттер билдирет.

“Өзбек чек арачылары техникалары менен келишип, мурун СССР таркагандан кийин, 1990-жылдардын башында, өздөрү биздин аймакка кирип келишип, орноткон чек ара белгилеринен да өтүп, эми жаңы чек ара тосмолорун орнотуп жатышат. Бул тууралу айыл калкына эч ким алдын ала кабарлаган эмес. Өзбек чек арачылары бир тараптуу гана иштеп жатышат, биздин чек арачылар же жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жок. Аларды эми биз чакырып жатабыз”, – деп билдиришет активисттер.

 

АКШ бийлиги кыргыз кримтөбөлү Камчы Көлбаевдин кармалышына, соттолушуна алып келген маалымат үчүн $5 млн сыйлык сайды

Бүгүн, 5-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчыбек Көлбаевдин кармалышына же соттолушуна алып келген маалымат үчүн жана Көлбаевдин кылмыштуу уюмунун каржылык механизмдеринин бузулушуна алып келген маалымат үчүн сыйлыктын 5 миллион долларга чейин көбөйтүлгөнүн жарыялады.

2000-жылы Көлбаев өзүнүн бир кездеги криминалдык башчысын өлтүрүүгө аракет кылгандыгы жана дагы эки кишини өлтүргөндүгү үчүн соттолгон. Ушул кылмыштары үчүн Көлбаев 25 жылга кесилген, бирок алты жыл камакта отургандан кийин ал түрмөдөн качып кеткен. 2007-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевди өлкөдөгү “эң таасирдүү кылмыштуу топтун лидери” деп мүнөздөгөн, ал эми 2008-жылы 23-апрелде Көлбаевге Россиянын уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери Москвада мыйзамдуу ууру катары “таажы” кийгизилген.

2011-жылдын июнь айында президент Барак Обаманын администрациясы Көлбаевди Чет өлкөлүк баңги заттардын сатуучулары тууралуу мыйзамына ылайык, ири чет элдик баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүчү деп тапкан. 2012-жылы АКШнын Каржы министрлиги Көлбаевди “Братва” (Brothers ’Circle) кылмыш синдикатынын мүчөсү деп тааныган. 2013-жылы ал Кыргыз Республикасында акчаны опузалап алууу, адам уурдоо, курал-жарак жана баңги кылмыштары сыяктуу бир нече кылмыштар боюнча айыпталып, бирок опузалап пара талап кылгандыгы үчүн үч жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы Каржы министрлиги Көлбаевди мыйзамдагы уурулардын атынан иш алып барган деп аныктаган. Анын акыркы кармалышы 2020-жылдын октябрь айында, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында, кылмыштуу уюмду түзүү жана ага катышуу берени боюнча болгон.

Бул сыйлык Мамлекеттик департаменттин Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү программасынын (TOCRP) алкагында сунушталат. 1986-жылы Баңги заттар боюнча маалымат үчүн сыйлоо программасы (NRP) түзүлгөндөн бери 75тен ашуун трансулуттук кылмышкерлер жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүчүлөр TOCRP NRP долбоору боюнча сот жообуна тартылган. Мамлекеттик департамент камакка алууга алып келген маалымат үчүн 130 миллион доллардан ашуун сыйлык төлөгөн.

Эл аралык Баңги заттар жана укук коргоо иштери боюнча бюросу (INL) TOCRPди Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгы (DEA), Федералдык Тергөө Бюросу (FBI), АКШнын Иммиграция жана Бажы Кызматкерлеринин Ички Коопсуздук Тергөөлөрү (ICE/HSI) жана АКШнын башка мамлекеттик мекемелери менен тыгыз кызматташтыкта башкарат. Бул иш-чаралар Мамалекеттик департаменттин АКШнын жана эл аралык укук коргоо органдарынын аракеттерин жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн мамилесин колдоого умтулгандыгын даңазалайт.

Бардык маалыматтар WhatsApp, Telegram жана Signal аркылуу билдирүүлөрдү кабыл ала турган +1 202-643-0383 номуру аркылуу DEA жана OFACка билдирилиши керек. Жарандар жакынкы АКШ элчилигине же консулдугуна, же [email protected]  электрондук дареги аркылуу кайрылса болот. Маалымат берген бардык адамдарга толук купуялуулук менен мамиле камсыздалат.

Жогоруда аталган адам жана TOCRP жана NRP жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн https://www.state.gov/b Bureau-of-international-narcotics-and-law-enecution-affairs/inl-rewards-program/ баракчасын көрүңүз.

Премьер-министр Улукбек Марипов мекендештерди кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов мекендештерди кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Улуттук баш кийим болгон Ак калпактын кыргыз элинин түптөлүшү менен тыгыз байланышкан терең жана бай тарыхы бар.

Ак калпак кылымдар бою кыргыз жигиттерин ар кандай аба ырайында жана мезгилдерде коштоп келген. Күнүмдүк жашоодо ак калпак кийип жүргөн жаштарыбыздын саны жыл санап өсүп жатканын белгилеп кетким келет. Бул биздин кылымдарды карыткан каада-салттарыбыз жашап келе жатканын жана кийинки муундар тарабынан сактап каларын күбөлөндүргөн кубанычтуу факт.

Мен ар бир эл каада-салтын сактабаса, жок болуп кетет деп ишенем. Ошондуктан, бардыгыңыздарды биримдикке чакырам. Ак карлуу Ала-Тоо тоодой улуу жана көркөм Ак калпагыбызды сыймык менен кийип жүрүңүздөр!

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!»

Абактагы милиционер-миллионер Жалил Атамбаев тергөө менен кызматташып, 50 млн сом төлөп берүү милдети менен үй камагына чыгарылды

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз байыган фактысы боюнча, Республиканын ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалил Атамбаев кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Тергөө иштеринин журүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Ж.Атамбаев, ошол эле учурда мыйзамсыз ишкердик иш менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталды.

2021-жылдын 4-мартында Ж.Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун республиканын бюджетине көрсөтүлгөн өлчөмдө төлөп берүүгө даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен.

Бүгүнкү күндө Ж.Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салган, калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жалил Атамбаевди үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандалды.

Тергөө уланууда.

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москвада ЭЧЖК (ВДНХ) жетекчилиги менен жолугушту

3-мартта Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Саматтын АК «ЭЧЖК» Башкы дирекциясынын өкүлдөрү Ирина Яремко жана Людмила Русинова менен жолугушуусу болду. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар ЭЧЖКдагы №4  «Кыргызстан» павильонунда реставрациялык оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу талкуулашты, ошондой эле  «Кыргызстан» соода-көргөзмө борборун өнүктүрүү концепциясы боюнча пикир алмашты.

Элчи Г.-К.Самат павильонду ишке киргизүү өлкөлөр ортосундагы экономикалык өнөктөштүктүн жаңы формасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөрүн, ошондой эле кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастары  менен келүүчүлөрдү тааныштыруу аркылуу улуттар аралык мамилени бекемдөөгө жана КРнын оң имиджин түзүүгө кызмат кыларын белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары павильонго барышты жана оңдоп-түзөө иштери менен таанышышты.

Маалымат үчүн:Москва шаарындагы ЭЧЖКдагы  №4 «Кыргызстан» павильону федералдык маанидеги маданий мурас болуп эсептелген объект, 1954-жылы курулган, жалпы аянты 599,8 кв.м. түзөт. 2021-жылдын 3-мартындагы абал боюнча оңдоп-түзөө иштери 92% пайызды түзөт.

УКМК: Президент С.Жапаровдун “Фейсбук” социалдык тармагындагы жеке баракчасын бузуу фактысы боюнча текшерүү жүрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун “Фейсбук” социалдык тармагындагы жеке баракчасына бузуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Такталган боюнча, баракчаны бузуу чет өлкөдөн жүргүзүлгөн.

Учурда бул окуя боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-апрелге чейин шаардын борбордук бөлүгүндө тынч жүрүштөрдү жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Kloop.kg порталы адвокат Евгения Крапивинага шилтеме кылып билдирди.

Баш калаада ар жекшемби сайын активисттердин мыйзамдуулук үчүн акциясы өтүп келсе, 8-мартта аялдарды коргоого багытталган жүрүш уюштуруу пландалып жаткан. Эми соттун чечими менен тынч жыйындар Максим Горький атындагы сейил багында өткөрүлүшү керек.

Маалыматка караганда, сотко жекшемби күндөрдөгү митингдерге байланыштуу Биринчи май райондук акимчилиги арыз менен кайрылган. Мекеменин арызында шаар борборундагы митингдер «жарандарды тынчсыздандырып», анын катышуучулары транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып, жолдорду тосуп жатканы жазылган.

Басылма жүрүштүн катышуучулары жолдорду тосуп, автоунаа кыймылына тоскоолдук кылбаганын белгилөөдө.

«Медиазонанын» маалыматына караганда, соттун чечими 22-февралда эле күчүнө кирген. Митингдерге тыюу салуунун дагы бир себеби катары коронавирус инфекциясынын жайылып жатканы айтылууда. Бирок 3-мартта борбордук аянтта Мамлекеттик туу күнүнө, 4-мартта Ак калпак күнүнө карата көп киши катышкан иш-чаралар өткөн.

Былтыр да Биринчи май райондук соту коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында 1-июлга чейин митингдерди жана жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган. Сот чечими күчүнө кирген маалда өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек болчу.

8-мартта тыюуга карабастан адамдар Жеңиш аянтына чогулуп, «Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учуратышкан.

Милиция кызматкерлери чагымчыларды эмес, тынч турган уюштуруучуларды кармап кеткен. Укук коргоочулар менен эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өмүрбек Суваналиевге “Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” деген класстык чин ыйгарылды

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы эле дайындалган генерал-майор Өмүрбек Суваналиевге КР Президенти Садыр Жапаровдун указы менен “Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” деген класстык чин ыйгарылды. Бул тууралу бизге Өкмөт үйүндөгү жеке булактарыбыз билдирди.

“Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” деген класстык чин аскердик генерал-полковник наамы менен тете бааланат. Указга 22-февралда кол коюлган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Өмүрбек Суваналиев 2021-жылдын 15-февралында КР Премьер-министри Улукбек Мариповдун буйругу менен КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Белгилүү болгондой, Баткен облусу өлкөдөгү эң оор аймактардын бири болуп эсептелет: кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларында ар кандай кагылышуулар болуп, алигиче чек ара көйгөйлөрү чечилген эмес.  Ооган-Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Европа наркотрафиги дүйнөнүн тынчын алып турат. Жер, суу тартыштыгы курч бойдон калууда. Жумушсуздук өсүп, жергиликтүү тургундар Бишкекке, андан ары Россия менен Казакстанга жумуш издеп агылып, чек аралар ачык бойдон калууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Аксыда түшкөн калың кардан улам жылкылар кар туткунуна кабылган учурлар катталды

Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Көл айылына быйыл жааган кардын бийиктиги жылкы жаныбар менен барабар. Андыктан талаада кыштаган жылкылардын үйүрлөрү кар туткунуна калган учурлар катталды.

Бул тасманы коштоп “Аксы районунун Кызыл-Көл айылында 8 баш жылкы кар туткунунда камалып турат, көптөн бери ээси чыкпай жатат. Арасында бир агы бар. Кызыл-Туу, Сары-Челектик туугандар, жылкыларга эч ким бара албай жатат, каар оор болуп. Тез арада жылкы ээси кабар албаса мал өлөт, бээлер бала салат” деп жазылган.

Меню