Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Кыргызстан "Камбар-Ата 1" ГЭСин өзүнүн эсебинен курууну караштырууда

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев журналисттерге Кыргызстан “Камбар-Ата 1” ГЭСин ички ресурстардын эсебинен куруу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү ири объектини куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бекмурзаев бул долбоорду Кыргызстан өз каражатына ишке ашырса жакшы болорун, мындай мүмкүнчүлүктөр каралып жатканын кошумчалады:

“Камбар-Ата 1″ ГЭСин өз каражатыбызга салсак жакшы болмок. Биздин бетке кармай турган бир долбоорубуз жок. Оптимизация, азыркы реформалардын негизинде каражаттар үнөмдөлүп, анын баары жаңы кубаттуулук үчүн жумшалышы керек”, — деди Бекмурзаев.

Министр “Камбар-Ата 1” ГЭСинин алгачкы агрегатын үч жыл аралыгында ишке киргизүүгө болорун кошумчалады.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Ал Нарын дарыясынын жогорку жагында, Жалал-Абад облусунун аймагында курулушу керек.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана “Камбар-Ата 1” боюнча келишимге кол коюлган. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.

Адистер “Камбар-Ата-1” курулуп калса, Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болорун белгилешет. Кубаттуулугу –1860 МВт, жыл сайын 5 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрө алат.

Дүйнөлүк имамдар кеңеши Шинжаңдагы куугунтуктан улам мусулмандарга Бээжин Олимпиадасына барууга тыюу салды

Дүйнөлүк имамдар кеңеши атайын билдирүү жасап, мусулмандарга 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын Бээжин шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына катышууга тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганын жарыялады.

Кеңеш мындай жол менен кытай бийлиги тарабынан “кемсинтүүгө жана кыйноого кабылып жаткан” Шинжаңдагы мусулмандарды колдоону чечкен.

Кеңештин билдирүүсүнө Орусиянын, Омандын, Египеттин жана башка өлкөлөрдүн муфтийлери кол койгон. Мындан тышкары анда Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгрессинин жетекчисинин да колу бар.

“Дүйнөлүк имамдар кеңеши – ислам дининдеги бардык агымдар менен мазхабдардын лидерлеринен турган мусулман дүйнөсүндөгү эң алгачкы жана эң ири трансулуттук бейөкмөт уюм. Биз кыйноого кабылып жаткан уйгур мусулмандарын колдойбуз. Кытайдын өкмөтү кыйноого алуу, эзүү жана диктатурасы аркылуу өлкөдөгү мусулмандардын негизги укуктарын, жалпы эле адам укуктарын бузууну улантууда. Дүйнөлүк имамдар кеңеши Нажаф шаарындагы Ыйык Ислам окуу жайы жана ислам дүйнөсүнүн белгилүү муфтийлери тарабынан берилген ыйгарым укуктарына ылайык, мусулмандардын Бээжиндеги Олимп оюндарына катышуусуна тыюу салган чечим чыгарды. Бул оюндар уйгурлардын геноциди үчүн жооптуу болгон тирандык жана деспоттук режимдин кызыкчылыгына түздөн-түз кызмат кылат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары билдирүүдө кеңеш “Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарына бойкот жарыялаган уюмдардын көбөйүп жатканын” кубаттай турганы белгиленген.

Буга чейин АКШ баштаган бир катар өлкөлөр Бээжиндеги оюндарга дипломатиялык бойкот жарыялаган.

Кытайдагы мусулмандар, өзгөчө Шинжаң автоном облусунда жашаган тургундар өлкө бийлигин мажбурлап иштетүүгө, төрөт санына көзөмөл жүргүзүүгө, алардын маданий жана диний өзгөчөлүктөрүн жок кылууга жана ата-энелерин камакка алуу менен балдарды алардан бөлүүгө айыптап келишет.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Кытайдагы бул көрүнүштү геноцид деп атап, бир катары Батыш өлкөлөрү Шинжаңдын жогорку кызматтагы бир топ аткаминерине каршы санцияларды киргизишкен.

Бээжин мындай айыптоолорду четке кагып, өз аракетин “экстремизмге каршы күрөш” деп, ал эми уйгурлар, казактар жана кыргыздар кармалып турган лагерлерди “окутуу жайлары” деп атап келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-январда, “Кумтөр” алтын кенине барып, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын (“КГК”) ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көрдү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров борбордук карьерди карап чыкты, анын түбүндө, мурда айтылгандай, болуп көрбөгөндөй көлөмдө суу топтолгон делген. Президент жеке өзү карьердин түбү кургак экенине ынанды.

Кенге болгон сапардын жүрүшүндө канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “КГК” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди.

Мамлекет башчысы эң жакынкы убакта тараптар ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артты.

“Кумтөр” өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот! Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү”, – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Баткен: кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү

26-декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Чек арачылар кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат. 25-декабрда саат 14.30дарда Лейлек районунун Сай аймагынын тушунда Тажикстандын чек арачылары өз бекетинин аймагына миномет жайгаштырган. Ошондой эле Кыргызстандын Дамба жана Максат айылдарынын тушунда тажик аскерлеринин топтолгону байкалган. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдөн кийин тажик тарап минемотун алып кеткени маалым болду.

Андан тышкары саат 19.30дарда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш аймагында Тажикстандын 3-4 жараны кыргызстандыктардын төрт машинесине таш ыргыткан. Андан автоунаалар жабыркап, эч ким жаракат алган эмес. Окуя болгон жерге барган “Көк-Таш” чек ара бекетинин башчысы эскертүү иретинде үч жолу асманга ок чыгаргандан кийин тажик жарандары качып кеткен.

Кыргыз тараптын маалыматына таянсак, окуядан кийин Эки-Таш аймагында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин башчылары жолугушкан. Тажик тарап окуяга катышы бар адамдарды издеп жатканын билдирген. Эскалацияга жол бербөө максатында Баткен чек ара кызматынын башчысы жана УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси окуя болгон аймакка барган.

Тажикстан расмий комментарий бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. Быйыл жазында эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжал болуп, андан ондогон адамдын өмүрү кыйылган.

Министрлер Кабинети жаңы жыл мезгилинде жумушчу күндөрдү жылдыруу тууралуу чечим кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кенешмесинин жүрүшүндө жаңы жыл мезгилинде жумушчу күндөрдү жылдыруу чечими кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, жумасына беш күндук график боюнча иштеген республика жарандары үчүн 2022-жылдын 1-9-январы жумушчу күнү эмес экендиги жарыяланды.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү – 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү – 2022-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө, 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү 2022-жылдын 6-январындагы жумуш күнүнө жылдырылды.

Белгилей кетсек, 1, 5 жана 9-май да майрам күндөрү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумушчу күн эмес катары жарыялоо сунушу киргизилди.

2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу Министрлер Кабинетинде 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралууда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, май майрамдарын жылдыруу тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын I кварталында кабыл алынат.

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу: "2002-жылы Өмүрбек Текебаев бийликке кворум түзүп бербегенде Үзөнгү-Кууш сатылбай калмак"

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына Өмүрбек Текебаев менен Акбөкөн Таштанбеков 2002-жылы Үзөнгү-Кууштун Кытайга сатылышына кандай жардам беришкенин жазып чыкты.
“Азыр Үзөнгү-Кууш боюнча билгени да билбегени да жазып жатышат. Үзөнгү-Куушту коргоо комитетинин ошол кездеги мүчөсү катары баяндап коюуну туура деп чечтим.
16-май. 2002-жыл. Ал кезде Парламент эки баскыч эле. Ошол күнү эки баскычтын биргелешкен сессиясы чакырылып, биринчи кезекте Мыйзам чыгаруу палатасы өз ишин баштады. Мыйзам чыгаруу палатасында 60 депутат бар болуп, кворумга 41 депутат керек эле. Кворум кылбайбыз деп 16 депутат залдан чыгып кетишип, 38 депутат калды. Биз ачкачылыкта жаныбызды оозубузга тиштеп жатканбыз. Ар бир мүнөт көз алдымда. Ошондо ооруканада жаткан Токтокан Боромбаеваны алып келишти. 39 болду. Кворум жок. Кубанып, добушка салынбай калат экен деп алакан чаап отурганыьызда залга Текебаев менен Акбөкөн кирип келишти. “Каршы” деп добуш беришти. Бирок, кворумду камсыз кылышты. Бул тарых. Билип койгула.
***
Тарыхта “каршы” добуш берди деп аты калды. Бирок, кворум камсыз кылышканын Эл билбейт.
39 депутат “макул”, 2 депутат “каршы” болуп чечим чыккан. Өмүрбек Текебаев менен Акбөкөн Таштанбеков каршы болумуш болушуп, кворум камсыз кылышкан.
Акбөкөн башында эле “каршы” болуп баскан. Биз ачкачылыкта жатып, Биринчи май райондук милициясында кармалып туруп баарын байкап отурганбыз. Биз үчүн бул маселе “жизнь или смерть” болчу. Акбөкөн менен Текебаев, анан ооруканада жаткан депутат Боронбаева кворум камсыз кылып беришкен.
***

Айрымдар дебей эле ачык жаза бергиле. Постту мен жаздым. 16-май 2002-жылы эле. Биз экинчи ирээт ачкачылык жарыялап, өлүмгө тике карап, ошол күнү милициядан токмок жеп, кармалып Биринчи май райондук милициясында отурганбыз. 16 депутат – Масалиев, Садырбаев, Проненко, Бекназаров, Исаков, Кадырбеков, Абдумомунов, Акунов, Асанов, Чотонов, Мадумаровдор, дагы эстеп жазам, чыгып кетишкен. 38 депутат менен кворум жок эле. Ошол күнү голосование болбосо, бул маселе эки айдан кийин гана кайра кароого чыкмак. Анын ортосунда Парламент каникулга кетишмек. Биз ар бир кадамды, ар бир кунду, ар бир депутатты эсептеп отурганбыз. Эркебаевдин айласы куруп ооруканада жаткан Токтокан Боромбаеваны алдыртып, сессия түштөн кийинкиге жылдырылган. Жаныбызды оозубузга тиштеп отурганбыз. Анан эле, залга Акбөкөн менен Өмүрбек кирип келип, отуруп калышты. Дооронбек акам бизден кабар алганы нан-панын көтөрүп алып, РОВДга келген эле. Проненко менен. Түз эфирден көрүп отурдук. Тиги экөөнүн залга киргенин көргөндө Дооронбек акам кадимкидей жер сабап жиберген. Мен айтсам, жазсам тарых үчүн жаздым. Менин жазган жазбаганыман тарых өзгөрбөйт.

***

Ага чейин Акаевди коштоо кылышып бир нече саясатчылар Малайзияга чогуу барып келишти. Ошондон кийин Үзөнгү-Кууш сессияга коюлду. Өмүрбек азыркы эле пикирин айткан “мен тарых учун каршы болдум” деп. А биз учун тарыхта Үзөнгү-Куушту сактап калуу зарыл эле.

Эч ким, эч качан Масалиевди же Садырбаевли коркок же суу жүрөк деп айтканга моралдык укугу жок. Ал күндөрдөгү азапты биз тартканбыз. Коркок, суу жүрөк деп сөз тийгизгендерди бул ыйык аламдардын арбагы урсун!

 Малайзияга барган сапарда эле саткан. Андан кийинкиси саясый кадам, өзүн актоо үчүн.”

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу

 

Сокулук: Зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан убактылуу көчүп кетти

Сокулук районунун Исмаил айылындагы бойго жете элек кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү көчүп кетти. Бул тууралуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңештин депутаты Мирбек Сүйүналиев билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү 7-8-декабрь күндөрү мал-жаны менен кошо көчүп кетишкен, каякка барганы тууралуу кабары жок.

Сокулук районунун прокурору Орозбек Бердибаев аксакалдар кеңешинин чечиминен кийин коопсуздук маселесинен улам кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү убактылуу Бишкек шаарына көчүп кеткенин маалымдады. Ал үй-бүлөнүн Исмаил айылындагы там-ташы жана көчүп барган жердеги үйү укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин белгиледи.

7-декабрда Сокулук районунун Исмаил айылындагы аксакалдар өз алдынча бойго жете элек кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү “кыштактан көчүп кетсин” деген чечим чыгарган.

Кылмыш жасаганы айтылган жарандын жакындары ага макул болбой, чечимдин адилетсиз экенин айтышкан.

Айылдын 31 жаштагы тургуну 16га толо элек кызды зордуктоого шек саналып, 5-декабрда камалган. Милицияга кыздын атасы арыз жазган. Тергөөнүн баштапкы маалыматында “ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы” айтылат.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы айылдагы абал милициянын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Кыргызстандагы айрым юристтер аксакалдардын чечими мыйзамсыздыгын, сотсуз жазалоо улуттук да, эл аралык да нормаларга дал келбестигин, териштирүү жүргүзүү жана жазалоо – укук коргоо органдарынын, соттун милдети экенин белгилеп жатышат.

Шектүүгө карата Жазык кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, эки айга камалган.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жашы жете электерди зордуктагандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Садыр Жапаров UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушуп, 1 млн сом белек кылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, кечээ Кыргызстанга (Бишкек ш.) келген мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту.

Мамлекет башчысы спортчуну жылуу кабыл алып, Валентина Шевченкону алтынчы жолу жеңил салмак боюнча UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров чемпиондун ата-энесине жана машыктыруучусуна спортчуларды даярдоодогу жогорку чеберчилиги, алардын жеңишке карата болгон эрки жана эң жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздер ийгиликтер, талыкпаган эмгегиңиздер менен Кыргызстанды даңазалап келесиздер, ал эми мамлекет өз кезегинде спортко, спортчуларга, машыктыруучуларга жана ошондой эле келечектеги улуу спортчуларды тарбиялап чоңойткон ата-энелерге көңүл бурууга милдеттүү. Биз мындан ары да спорт менен машыгууну каалаган жарандарыбызга шарт түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», – деп белгиледи Президент.

Валентина Шевченко Мамлекет башчысына жана бардык кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өз үйү – Кыргызстанга кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди.

Баарлашуу учурунда ал Лас-Вегаста өткөн UFC 266 турнириндеги кезектеги жеңишинен кийин Садыр Жапаровдун жеке өзү телефон чалып куттуктаганына абдан кубанганын баса белгиледи.

Валентина Шевченко бул спортчу үчүн мындан да көп жана мыкты иштөөгө чоң мотивация берерин кошумчалады. Ал эми жердештеринин колдоосун дайым сезип турарын жана алардын колдоосу дагы да дем берип, жеңишке болгон ишенимин арттырарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров Валентинанын Кыргызстанга келиши бардык кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу окуя экенин, себеби бүтүндөй өлкө анын ийгиликке жетишин каалап, анын спорттук жетишкендиктерин колдой турганын белгиледи. Ал спортчу Валентина Шевченкого мындан ары да ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Мамлекет башчысы ага 1 млн сомдук сертификат, ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды.

Өз кезегинде Валентина Шевченко Президент Садыр Жапаровго кепка, футболка, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылды.

Айбек Бузурманкулов Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Айбек Бузурманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

“Манас” жана "Ош" аэропортторунун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ак калпакчан тосуп жана узатышууда

2016-жылдын 5-мартынан тартып Кыргызстанда кыргыздардын улуттук баш кийиминин урматына Ак калпак күнү белгиленип келет. Алтынчы жыл удаасы менен “Манас” эл аралык аэропортунда бул күнү жумушка салттуу баш кийим менен келип кызмат өтөө жакшы жөрөлгөсү калыптанды.
“Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкы директору Бакыт Шаршеев белгилегендей, мындай салттар жалпы жамааттын ынтымагын бекемдейт. “Мындай салт бар экенин жакында эле билип, бүгүн жумушка ак калпакты сыймыктануу сезимдери менен кийип келдим. Бул күнү биз салтыбызга сый-урмат кылып жана чет өлкөлөрдөн келген меймандарга улуттук бирдиктүүлүгүбүз менен маданиятыбызды көрсөтөбүз”,-деп белгиледи Бакыт Шаршеев.
Маалымат ирээтинде: Жогорку Кеңеш 2016-жылы 5-мартты улуттук баш кийим – Ак калпак күнү деп бекиткен. Ага чейин бул майрам бейрасмий белгиленип келген. Ак калпак – кыргыздардын кийизден жасалган салттуу баш кийими. Калпактын формасы жана шөкөттөлүшү кылымдап өзгөрүүсүз, муундан муунга өтүп келген. Ак калпак – тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Тянь-Шаньдын карлуу чокуларын элестетет.
Меню