Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: "Укук коргоо органдары чагым жасап, кылмыш уюштурбай, кылмыштын алдын алуусу керек"

-Бегалы агай, муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин кармалышына өз пикириңизди билдирип койсоңуз…

-Бул күтүлбөгөн окуя болду. Мен билгенден муфтият бул бюджеттен каржыланган мамлекеттик структура эмес, диний коомдук уюм. Ал эми өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик бюджетти миллиондогон долларларга талап-тоноого каршы жүрсө гана жакшы натыйжа бермек. УКМК андан көрө 2010-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанга 1% үлүш калтырбай сатылып кеткен, чыныгы баасы миллиарддаган долларларды түзгөн 100гө жакын чоң-кичине алтын кендери боюнча күнөөлүүлөрдү камаса болмок. Муфтийди мен сыртынан гана тааныйм. Акыркы учурларда айрым адамдар тарабынан аны кызматтан кетирип, анын ордуна өз кишисин коюу аракеттери болгон экен. Бирок натыйжа болбогондуктан, муфтияттын ишин текшерүү башталган. Укканыма караганда муфтияттын эсебинде бош турган акча каражатын муфтияттын бухгалтери кайсы бир уюмдарга процент төлөтүп, карыз берип иштетиптир. Түшкөн киреше да муфтияттын кызыкчылыгына жумшалган деп жатышат. Эгер бул мыйзам бузуу болсо анда коомдук уюм катары муфтият өз ичинен чара көрүш керек эле. Бухгалтерди кетирип, муфтийди кызматтан бошотуп дегендей.

Укук коргоо органдары ушул факты боюнча бухгалтерди жарга такашканда ал 100 миң доллар пара сунуш кылып, кармалыптыр. Бирок бухгалтер 100 миң долларды кокустан эле алып келип, алардын чөнтөгүнө тыгып жаткан жок да. Бир топ убакыттта укук коргоо органдары ал сунуш кылган “параны алабыз, сени куткарабыз” деп чагым уюштуруп жатышпайбы. Укук коргоо органдарынын эң негизги милдети – бул кылмыштардын алдын алуу, профилактикалоо эмеспи? Эгер укук коргоо органдары ушул принцип менен иштесе, пара сунуш кылган адамды мыйзамга такап, опузалап эскертүү бербейби? Кылмыштын алдын албайбы. Бул деген жанагы милиция кээ бир адамдардын чөнтөгүнө наркотик салып коюп, анан кармагандай эле кеп болуп калыптыр.

Биздин мыйзамдар боюнча параны берген да, алган да жазаланат эмеспи. Укук коргоо органдары кылмыштын алдын алуу, профилактикалоо менен алек болбой кылмышты уюштурууга катышып жатышпайбы. Эгер принципиалдуу орган кызматкерлери болсо бухгалтердин туура эмес аракеттеринин фактыларын Муфтияттын уламалар кеңешине өткөрүп бермек. Эгер бухгалтер менен муфтий муфтияттын коллегиалдуу чечимин аткарбай коюшса анда муфтият укук коргоо органдарына арыз менен кайрылмак. Ошондо гана тергөө органдары бул ишти камабай эле тергесе болмок деп ойлойм. Ансыз да коррупциялашкан мамлекеттик органдардагы мамлекеттик бюджетти уурдап жегендер күндө камалып, абактарда орун калбай баратканда коомдук уюмдун жетекчисинин кызмат орду керек болгону үчүн гана шылтоо таап, камап салуу жакшылыкка алып келбейт.

Булак: “Жаңы ордо”

(пикир 11-февралдын таңында алынган)

Сот Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды

Бүгүн, 12-февралда түнкү саат 00:50 чамасында Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Кыргызстандын экс-муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 9-февралда УКМК муфтияттын бухгалтери ага карата ачылган ишти жаап салуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара берүүгө аракет кылды деп айыптап камакка алган. УКМКнын билдирүүсүндө муфтияттын жооптуу кызматкерлери зыяратчылардын 100 миллион сомдон ашык акчасын мыйзамсыз иштетишкен.

10-февралда бул иш боюнча Кыргызстандын экс-муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өз каалоосу менен кызматынан отставкага кеткен. Ал эми кечинде Максат ажы жогоруда айтылган кылмыш ишинин алкагында айыпталып, УКМКнын абагына камакка алынган.

11-февралда Максат ажынын тарапкерлери нааразычылык акцияларына чыгышкан жана 12-февралда жаңы нааразычылык акцияларына чыгышарын билдиришкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Максатбек ажы Токтомушевдин сотто баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылышы күтүлүүдө

Бүгүн, 11-февралда кечки саат 21:30 чамасында Кыргызстандын экс-муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кечээ камалган УКМКнын абагынан Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна жеткирилди.

Сот Максат ажынын баш коргоо чарасын кароодо. Биздин сот органдарындагы өздүк булактар билдиргендей Максатбек ажы Токтомушев бүгүн эле үй камагына чыгарылат. Буга коомчулуктун нааразычылыгы жана анын тарапкерлеринин бүгүнкү митинги жана эртеңге белгиленип жаткан нааразычылык акциялары таасир эткен.

Эсиңиздерге сала кетсек, 9-февралда УКМК муфтияттын бухгалтери ага карата ачылган ишти жаап салуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара берүүгө аракет кылды деп айыптап камакка алган. УКМКнын билдирүүсүндө муфтияттын жооптуу кызматкерлери зыяратчылардын 100 миллион сомдон ашык акчасын мыйзамсыз иштетишкен.

Кечээ, 10-февралда бул иш боюнча Кыргызстандын экс-муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өз каалоосу менен кызматынан отставкага кеткен. Ал эми кечинде Максат ажы жогоруда айтылган кылмыш ишинин алкагында айыпталып, УКМКнын абагына камакка алынган.

Бүгүн, 11-февралда Максат ажынын тарапкерлери нааразычылык акцияларына чыгышкан жана эртең, 12-февралда жаңы нааразычылык акцияларына чыгышарын билдиришкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөдөгү коомдук-саясый окуялар боюнча чукул маек берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына коомчулук арасында талкууланып жаткан актуалдуу маселелер боюнча маек курду.
Мамлекет башчысы өзгөчө мурунку муфтий Максат ажы Токтомушев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучуну дайындоонун айланасында түзүлгөн кырдаал, жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы Президенттин ыйгарым укуктары, тышкы миграцияга байланыштуу маселелерге жана негизги милдеттер менен биринчи жарлыктардын максаттары тууралуу маселелерге токтолду.

УКМК: КР Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максатбек Токтомушев кармалды

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. карата Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. «Хаджга» ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынды.

Алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 10-февралында муфтий М.а.Т. кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорудагы фактылар боюнча тергөө улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча бардык кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилип, ал жөнүндө коомчулукка маалымдалмакчы.

Видео - Курманбек Бакиевдин жазган китеби талашка түшүп, таңсыкка айлангандыктан аудиокитеп болуп чыгарылууда

Экс-президент Курманбек Бакиев жазган “Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм – Кыргызстаным” аталышындагы китеби окурмандар арасында талашка түшүп, таңсыкка айлангандыктан аудиокитеп болуп чыгарылууда . Бул тууралу экс-президенттин тарапкери Аскат Тейит билдирди.

“2015-жылы Москва шаарында Курманбек Бакиевдин калемине таандык “Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм – Кыргызстаным” аттуу китебин 2000 нускада басмаканадан чыгардык. Эки айга жетпеген убакта элге толук таркатылып, сураган окурмандар көп болгондугунан улам кайрадан Москва жана Бишкек шаарында 2016-жылы басмаканадан 4 миң нуска менен чыгардык.. Ошону менен бирге эле, электрондук версиясын Whatsapp, Телеграм социалдык тармактары аркылуу миңдеген окурмандарга жибердик. Кечээ жакында РФ аймагына барсам дагы көптөгөн замандаштарыбыз аталган китепти сураганынан улам ой келип, ар бир кат куржунума жазгандарга жеткире албастыгыма көз жетип, заман талабына ылайык Аудиокитеп кылып чыгарууну туура көрдүм. Буюрса, жакынкы күндөрү жарыкка чыгат. Бир баса белгилеп айтарым, китеп 2015-жылы жазылган. Бул китеп көркөм чыгарма эмес, 2005-2010-жылдары болуп өткөн окуялар документталдуу факттар менен бекемделип, жазылган. Курманбек Бакиев кызматтан кеткенден кийин келген Убактылуу өкмөт жана Атамбаевдин бийлиги Бакиевдин учурунда экономикалык чоң өнүгүү болгонуна бир дагы каршы пикир айта алган жок. Себеби ички, сырткы карыз жана жарандарыбыздын банкка салган акчалары боюнча экономикабыз ошол жылдары жогорку тепкичке чыкканы алар үчүн ачуу болсо да бул факт”, – дейт Аскат Тейит.

Алматыда кыргыз-өзбек премьер-министрлери чек ара маселесин талкуулады

Премьер-министр Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарында иш сапарs менен болуп келди.

Анын алкагында 5-февралда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы кызматташтыкты жана чек араны талкууга алышты. Чек араларды тактоо иштерин активдештирүү зарылдыгы айтылды.

Өзбек премьери Улукбек Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровду Ташкентке расмий чакыруу тууралуу кагазды тапшырды.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин белгилешти.

Марипов Алматыда Беларус премьер-министри Роман Головченко менен да жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык ортого салынды. Анда жакын арада Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кеңешмесин жана ишкерлер форумун өткөрүү макулдашылды.

Бул – 4-февралда кызматка бекитилген Улукбек Мариповдун премьер-министр катары чет мамлекеттеги биринчи иш сапары.

Евразия өкмөт аралык комиссиясынын отурумуна ЕАЭБге мүчө жана байкоочу мамлекеттердин премьер-министрлери катышат. Жума күнү алардын катышуусунда санариптик технологиялар тармагын өнүктүрүүнү камтыган “Almaty Digital Forum 2021” эл аралык форум да өттү.

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Коррупцияга каршы күрөштөрдүн баарынын жыйынтыгы – бюджетке түшкөн миллиондогон долларлардын суммасы менен аныкталыш керек”

-Бегалы агай, өкмөттүн жаңы түзүлгөн  структурасы, курамына кандай баа бересиз?

– 48 министрлик жана агенттик, комитеттерден турган Өкмөттүн структурасынын санын кескин кыскартып, 12ге түшүрүшкөнү алкоого татыктуу аракет. Бул боюнча көптөн бери айтылып, бирок жасалбай жүрчү. Бизге 12 министрлик да көптүк кылат. Бизге караганда алда канча бай, экономикасы күчтүү Швейцариянын өкмөтү 7 эле министрден турат. Кыргыз “койчу көп болсо, кой арам өлөт” деп бекеринен айткан эмес. Биздин азыркы шартыбызда өкмөт чакан жана ыкчам аракеттерге ылайыкталып түзүлүшү зарыл. Ошондуктан өкмөттүн структурасынын кыскартылышын мен колдойм. Туура кадам кылышты. Ал эми премьер-министрликке Улукбек Мариповдун көрсөтүлүшү көп талаш жаратып жатат. Бирок президент “бийликке жаштар келсин” деген жаштардын талабын, регионалдык балансты, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбаны эске алды окшойт. Жаш деп эле көчөдө кыйкырып жүргөн бир популистти алып келе албайт да, бир башкаруу тажрыйбасы бар бирөөнү алып келиш керек. Азыр кыйкыргандардын көбү ошол өзүн премьер-министрлик кызматтан көргөндөр, бирок куру кыйкырыктан башка бир тажрыйбасы, жөндөмү жок. Анын үстүнө 6 млн кыргыздын 5 миллиону президент, жок эле дегенде премьер-министр болгусу келет, бирок ал кызматка 2 эле орун бар. Ошондуктан ким келсе эле жактырбай сындай беришет. Бул кызматтарды өзүнөн башка эч кимге ыраа көрүшпөгөндөр көп. Бир жыл иштесин, анан көрөлү, иштей албаса баарыбыз сындап, абийирин төгөбүз, иштеп кетсе ийгилик каалайбыз. Азыр баары эле кооз сүйлөйт, бирок кызматка келсе колунан “кокон тикен келбейт”, Мариповдон башкасын койсо деле ушинтип сындап чыгышат.

-Экономикалык кризистен чыгуу жагынан алгачкы кандай кадамдар болуш керек?

-Бул жагынан жаңы келе жаткан өкмөт өзүнүн экономикалык программасын жарыялаган жок. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн баарында жаңы өкмөт өзүнүн саясый жана экономикалык программасын алдын-ала элге жарыялап, ал программаны эл же эл өкүлдөрү – парламент колдогондо гана өкмөт шайланат. Анан жыйынтыгында ошол программаны ишке ашыра алса өкмөт калат, ишке ашыра албаса өкмөт уят болуп отставкага кетет. Бизде өкмөт саясый интригалардын натыйжасында гана алмашып келе жатат. Мурун өкмөттөр формалдуу түрдө болсо да өздөрүнүн программасын жарыялашчу. 2010-жылдан кийин бийликке популисттер келишип, “көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, жадагалса эл көзүнө болсо да программасын жарыялап, эл алдында отчет берип турууну унутушту. Эми жаңы бийликтен бул багытта жаңы кадамдарды күтө туралы.

Сурооңуз боюнча айтсам, менин оюмча экономиканын бардык фронтторунда кескин өзгөрүүлөргө барышыбыз керек.  Айрыкча тоо-кен тармагы биздин экономиканын локомотиви болмок.  2010-жылдан кийин коррупциялык жолдор менен сатылып кеткен 100дөн ашык кендердин шарттарын кайра карап чыгуу менен ал кендерден түшүп жаткан пайданын 70%ын элдин казынасына буруу боюнча кадамдарды жасаш керек.

Өндүрүш жана тейлөө тармагын жаңы жолго салуу боюнча инновациялык кадамдарга муктаж болуп турабыз.

Бажыдагы миллиарддарды уурдап жаткан коррупциялык схемалардын бетин ачып, бюджетке буруш зарыл.

Жол жана транспорт системасындагы уурдалып жаткан миллиондорду токтотуу абзел.

“Манас” эл аралык аэропортунда көптөгөн жылдардан бери ири коррупциялык схемалар иштеп, чон кирешелер жеке адамдардын чөнтөгүнө кетип жатат, ал уурулардын колуна чаап, кирешелерди мамлекеттин пайдасына буруу убагы эбак эле келген.

Бүт эле тармактар коррупцияланып кетишти. Швед окумуштуусу китеп жазып, Атамбаевге айткандай “Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы өзү коррупциялык система болуп калыптыр”. Эми азыр коррупцияга каршы күрөш башталды, жаңы бийлик коррупция менен элдешкис күрөш жүргүзөбүз деп жатышат. Ушул коррупцияга каршы күрөштөрдүн баарынын жыйынтыгы – бюджетке түшкөн миллиондогон долларлардын суммасы менен аныкталыш керек. Мен жаңы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн жыйынтыктарын баалоо үчүн шарттуу мындай критерийлерди сунуштайт элем: эгер бюджетке коррупционерлерден 1 млрд доллар түшүрүшсө  “5” деген баа, 800 млн түшүрушсө “4” деген баа, 500 млн түшүрүшсө “3” деген баа сыяктуу… Биз уурулукту токтото албасак эч качан кризистен чыга албайбыз. Өсүп-өнүгүүгө пайдубал жаралбайт…

-Бул өкмөт жаңы конституция кабыл алынганга чейин иштейби? Андай болсо мурдагы курам менен иштешип турууга болбойт беле?

-Жаңы өкмөт жакшы иштеп кетсе жаңы конституция кабыл алгандан кийин деле эл кош колдоп кайра шайлатып алышат. Жаман иштесе анда өздөрүнөн көрүшсүн. Ал эми мурдагы курамын көрдүк, шашылыш түзүлгөн, эптеп эле “эт менен челдин ортосундагы” жетекчилер болчу. Алар өлкөнү кризистен чыгарып кетери күмөн эле. Ошондуктан убакытты кетирбей өкмөтү алмаштырганы жакшы болду. Жаңы конституция кабыл алынганга чейин жаңы өкмөттүн дарамети белгилүү болуп калат.

-Айрым өкмөт мүчөлөрү бул курамга кирген жок. Айрыкча 5-октябрда активдүү жүргөндөр. Буга себептер эмнеде?

-5-октябрдагы төңкөрүштүн активисттери өкмөткө төнкөрүшкө кошкон салымы үчүн киришкен. Анда активисттер улам бир мамлекеттик органды басып ала берип, элди да жүдөткөнү үчүн, аларды сооротууга  “устукан” катары кызмат берилген. Бирок төңкөрүшчүнүн, популисттин баары эле мамлекеттик кызматта жетекчи болуп иштеп кете албайт. Ал үчүн жетекчилик талант, тажрыйба керек. Анын үстүнө алардын айрымдары кызматка жетери менен миңдеген доллардан турган пара ала баштаганы элге билинип калган.

-Кыскартылган ведомстволор жана алар тууралуу президенттин пикирине комментарий берсеңиз?

-Президенттин  “Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат” дегени мага жакты. 2010-жылдан кийин министрлик жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын саны “жамгырдан кийинки козу карындай эле жайнап” кеткен. Мамлекеттик башкаруу органдарына кеткен чыгымдарды азайтып, ал үнөмдөлгөн акчаларды жаңы жумуш орундарын түзүүгө жумшоо зарыл. Мен жогоруда айткандай азыр кризистен чыгуу үчүн министрликтердин саны эмес сапаты мыкты болуу керек. Бирок бизде мыкты кадрлардын таңсыгы да өтө чоң көйгөй. Кыскасы президенттин “жайнаган мамлекеттик башкаруу органдарын кыскарттык” дегенин элге жакты.

-Бегалы агай, негизи 120 депутат мыйзамдуу эле отурабы? Ар түрдүү мыйзамдарды кабыл алып, өкмөттү кураганга укуктуубу?

-Жаңы президент шайланганга чейин мамлекетте легитимдүү бир бийлик керек эле, ошондуктан парламенттин убактылуу иштеп турганы туура болду деп эсептейм. Бирок, легитимдүү президент шайлангандан кийин парламент тарап кетсе деле болот. Андан көрө жаңы шайлоого даярданышсын…

Мээрим Асанова

Булак: “Азия ньюс”

Видео - Премьер-министр Улукбек Марипов Баткендеги Төрткүл суу сактагычы туралу айткандарына түшүндүрмө берди

Бүгүн, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Казакстандын Алматы шаарына болгон иш сапары тууралуу жана Баткендеги Төрткүл суу сактагычына тийиштүү билдирүү жасады.

УКМК: Коррупцияга шектелип КР Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиев кармалды

УКМК ККК бийликтин эң жогорку эшелонундагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Жумалиевдин жана Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин катышуусу менен, Эл аралык медициналык университетине билим берүү ишмердүүлүгүнө карата лицензия берүүдөгү туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, К.Жумалиев, КР ЖКнын депутаты жана ошол эле учурда Эл аралык медициналык университетинин чыныгы ээси экендиги, билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббилдөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча лицензияны мыйзамсыз алгандыгы аныкталды.

Ошол эле учурда, лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен, алгач Эл аралык медициналык университетине лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок, Министрликтин жетекчилигине К.Жумалиевдин таасири алдында, комиссиянын аталган корутундусу оң жагына өзгөртүлүп, Эл аралык медициналык университетине лицензия берилген.

Мындан тышкары, К.Жумалиевге байланыштуу адамдары тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу мыйзамсыз баюу фактылары, ошондой эле аффилирленген жактар жана ишкердик субъекттери аныкталды.

Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объекттери жана ар кандай компаниялар, алардын катарында К. Жумалиевге мурда менчиктештирүү жолу менен жеке менчикке алынган анын туугандарына жана аффилирленген адамдарга таандык «Таатан», «ГОИН» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, Темир жана болот завод, телерадиокомпания аныкталды.

2021-жылдын 4-февралында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К.Жумалиевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен каралган кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата тергөө аяктаганга чейин КР УКМК тергөө камак жайына камоо түрүндө баш коргоо чарасы каралды.

Меню