Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Укук коргоо органдары чагым жасап, кылмыш уюштурбай, кылмыштын алдын алуусу керек”

Бөлүшүү:

-Бегалы агай, муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин кармалышына өз пикириңизди билдирип койсоңуз…

-Бул күтүлбөгөн окуя болду. Мен билгенден муфтият бул бюджеттен каржыланган мамлекеттик структура эмес, диний коомдук уюм. Ал эми өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик бюджетти миллиондогон долларларга талап-тоноого каршы жүрсө гана жакшы натыйжа бермек. УКМК андан көрө 2010-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанга 1% үлүш калтырбай сатылып кеткен, чыныгы баасы миллиарддаган долларларды түзгөн 100гө жакын чоң-кичине алтын кендери боюнча күнөөлүүлөрдү камаса болмок. Муфтийди мен сыртынан гана тааныйм. Акыркы учурларда айрым адамдар тарабынан аны кызматтан кетирип, анын ордуна өз кишисин коюу аракеттери болгон экен. Бирок натыйжа болбогондуктан, муфтияттын ишин текшерүү башталган. Укканыма караганда муфтияттын эсебинде бош турган акча каражатын муфтияттын бухгалтери кайсы бир уюмдарга процент төлөтүп, карыз берип иштетиптир. Түшкөн киреше да муфтияттын кызыкчылыгына жумшалган деп жатышат. Эгер бул мыйзам бузуу болсо анда коомдук уюм катары муфтият өз ичинен чара көрүш керек эле. Бухгалтерди кетирип, муфтийди кызматтан бошотуп дегендей.

Укук коргоо органдары ушул факты боюнча бухгалтерди жарга такашканда ал 100 миң доллар пара сунуш кылып, кармалыптыр. Бирок бухгалтер 100 миң долларды кокустан эле алып келип, алардын чөнтөгүнө тыгып жаткан жок да. Бир топ убакыттта укук коргоо органдары ал сунуш кылган “параны алабыз, сени куткарабыз” деп чагым уюштуруп жатышпайбы. Укук коргоо органдарынын эң негизги милдети – бул кылмыштардын алдын алуу, профилактикалоо эмеспи? Эгер укук коргоо органдары ушул принцип менен иштесе, пара сунуш кылган адамды мыйзамга такап, опузалап эскертүү бербейби? Кылмыштын алдын албайбы. Бул деген жанагы милиция кээ бир адамдардын чөнтөгүнө наркотик салып коюп, анан кармагандай эле кеп болуп калыптыр.

Биздин мыйзамдар боюнча параны берген да, алган да жазаланат эмеспи. Укук коргоо органдары кылмыштын алдын алуу, профилактикалоо менен алек болбой кылмышты уюштурууга катышып жатышпайбы. Эгер принципиалдуу орган кызматкерлери болсо бухгалтердин туура эмес аракеттеринин фактыларын Муфтияттын уламалар кеңешине өткөрүп бермек. Эгер бухгалтер менен муфтий муфтияттын коллегиалдуу чечимин аткарбай коюшса анда муфтият укук коргоо органдарына арыз менен кайрылмак. Ошондо гана тергөө органдары бул ишти камабай эле тергесе болмок деп ойлойм. Ансыз да коррупциялашкан мамлекеттик органдардагы мамлекеттик бюджетти уурдап жегендер күндө камалып, абактарда орун калбай баратканда коомдук уюмдун жетекчисинин кызмат орду керек болгону үчүн гана шылтоо таап, камап салуу жакшылыкка алып келбейт.

Булак: “Жаңы ордо”

(пикир 11-февралдын таңында алынган)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: