Menu

Жаңы Ангрен ЖЭБинде кайра өрт чыкты

Бөлүшүү:

11-февралга караган түнү Ташкент облусунун Жаңы Ангрен жылуулук электр станциясында өрт чыкты. Станциянын жумушчуларынын билдиришинче, бул жолу кырсык 4-энергоблокто катталган. Окуя болгон жерде жумушчулар болгон эмес, өрт тез өчүрүлгөн.

Жумушчулар өрт от казан ысып кеткенден улам пайда болгонун билдиришүүдө.

– Бул казандар өткөн кылымдын 80-жылдарында орнотулган, алар эскирди. Казак көмүрү салыштырмалуу катуу күйгөндүктөн казандар ысып кетип жатат. Анын натыйжасында казандын тегерегинде орнотулган бункердеги көмүр ысып кетип, ис чыгууда. Станцияда иштөө өтө кооптуу болуп калды», – деди жумушчулардын бири.

20-январда Жаңы-Ангрен ЖЭБинин 5-энергоблогунда профилактикалык иштер жүрүп жаткан маалда жарылуу болуп, үч жумушчу көз жумуп, дагы үч киши жаракат алган. Компания кырсыкка жумушчулардын коопсуздук эрежелерин сактабаганы себеп болгонун билдирген. Ангрен шаардык прокуратурасы «Адам өлүмүнө жана башка оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Былтыр январдын аягында станциянын №3 жана №4 энергоблокторунун чатыры күйүп кеткен. Анда эч ким жаракат алган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: