Menu

Дүйшөнбек Зилалиевдин атасы Садыр Жапаровдон уулун үй камагына чыгарууну суранат

Бөлүшүү:

Дүйшөнбек Зилалиевдин атасы президенттин м.а. Садыр Жапаровдон уулун үй камагына бошотуу жана күнөөсүз экендигин далилдөө мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранат. Бул тууралуу анын кайрылуусунда айтылат.

Текшербек Зилалиев уулунун окуясынан улам анын үй-бүлөсү жана анын балдары мүлкүнөн негизсиз ажыратылган деп жазган.

Анын айтымында, ал өз ишин 1991-жылы азык-түлүк дүкөндөрүнөн баштаган. Андан кийин акырындап бизнесин кеңейтип, кыймылсыз мүлк сатып алган. 1998-жылы анын кыймылсыз мүлкүнүн жалпы баасы болжол менен 300 миң долларды түзгөн. Ал учурда анын беш батири, эки жер тилкеси, эки коттеджи жана башка кыймылсыз мүлкү болгон. Кийинчерээк Текшербек Зилалиев транспорттук бизнес менен алектенет. 2013-жылы Дүйшөнбек Зилилаев министр болуп келгенде анын мүлкү буга чейин 600 миң долларга бааланган.

Ошондой эле ал башка уулдары Россияда жана АКШда иштеп, атасына чогулткан акчаларын бергенин, ал акчага кыймылсыз мүлк сатып алгандыгын жазган. Мунун баарынан алар Дүйшөнбек Зилалиевдин козголгон кылмыш ишинен улам айрылды.

Ал буга чейин Дүйшөнбек Зилалиевге “Алмазбек Атамбаевге 1 миллион доллар бергем” деп көрсөтмө берүүнү сунушташканын эске салды.

Ошондой эле, Текшербек Зилалиев мыйзамсыз баюу иши боюнча камакка алынган 21 адамдын ичинен Дүйшөнбек Зилалиев гана түрмөдө отургандыгын белгиледи. Ал президенттин м.а. Садыр Жапаровдон уулунун ишин көзөмөлгө алып, адилеттүү сот ишин камсыз кылууну суранат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: