Ошто токко урунуп каза болгон Ш.у.Анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, бул ишти Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирип жатат. Алар корутунду чыгаргандан кийин, каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү тууралуу маселе каралат.
Эске сала кетсек, былтыр, 5-декабрда, № 92843 аскер бөлүгүндөгү ефрейтор Ш.у.А. машыгуу талаасынан кайтып келе жатканда токко урунуп, ал оор абалда Ош облустук ооруканага жеткирилген. Анын денесинин 80 пайызы күйүп калган. Ал жакшы боло албай, 9-декабрда каза болуп калган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ