Menu

Бул бийлик учурунда Канадалыктардын богуна куурай сая албай калдык

Бөлүшүү:

ЖоКенин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин депутаттары сууну товар катары эсептей турган мыйзам долбоорун үч ирет окуп чыгып жактырды. Жалпы жыйында бул мыйзам кабыл алынып калса, ыраматылык Усубалиев аксакалдын ишке ашыралбай кеткен идеясы ишке ашат окшойт.
Эмки үмүт ажобузда калды. Депутаттар популисттенип кабыл алып жибериши мүмкүн, бирок Атамбаев кол койгондон коркот. Анткени Назар­баев менен Каримов деген бар. “Камбар-Ата-1ди” курдуртпай койгон Каримов суунун сатылышына макул болмок беле? Путин бекеринен ал долбоордон баш тартты дейсиңерби? Өкмөткө электр энергияга тарифти өздөрү койгонго уруксат берип койгонун ЖК ката деп эсептеп, эми өкмөткө андай эркеталдаңдыкты бербейбиз деп жатат.
Жыйында экотехкоопсуздук маминспекциясынын директорунун орун басары Расул Артыкбаев Кумтөрдүн алтынын калпып жаткан канадалык ишкана бир жылда 11 миллион кубдан көп сууну ысыраптаганы менен ал үчун казынага 1 тыйын да акча төлөбөй тайраңдап келатканын ызылдап айтып чыкты.
Ызылдаганда эмне? Сууну акысыз пайдаланганды мындай кой, мөңгүлөрдү бузуп, казып, жарып, жакында биротоло көчүп түшүп, карьераны басып калса да, колубуздан эч несе келбей отурабыз го? Эми “сууну товар кылдык, акча төлө” десек деле бул бийлик учурунда канадалыктардын богуна куурай сая албай калдык. Расул Артыкбаевдин айтымында, канадалыктар Кумтөрдө бир жылда 4 млн 843 миң куб булганган сууну да “ме, кыргыздар, эмне кылсаңар ошо кылгыла” дегенчелик кылып, сыртка агызышат. Бул боюнча да алар сокур тыйын төлөшпөйт.
 
 
Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: