Menu

Пандемияга байланыштуу тажик бийлиги Сирия лагерлериндеги жарандарын кайтара алган жок

Бөлүшүү:

Пандемия тажик бийлигине Сирия аймагындагы Аль-Холь жана Родж лагерлериндеги өз жарандарын алып келүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Бул тууралуу Тажикстандын Кувейт жана Ирактагы элчиси билдирди.

Маалым болгондой, күрт жоочулары бул лагерлерден жашы жете элек кыздарды күч менен алып кетишкен.

8-февралда БУУнун 20дан ашуун эксперти 57 өлкөнүн өкмөтүнө кайрылып, аты аталган кооптуу лагерлердеги жарандарын алып кетүүгө чакырган. Лагерлерде көбүнчө балдар менен аялдар жашайт. Ал жерлерде жалпысынан 57 өлкөнүн, анын ичинде Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Украина, Өзбекстан жана Эстониянын 64 000 жараны бар.

«Ушул тапта Аль-Холь лагеринде эле Тажикстандын 200дөн ашуун жараны каттоодон өткөн, алардын 80 пайызы – балдар. Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу биз тажикстандык бардык жарандарды каттай алган жокпуз», – деди элчи Зубайдулло Зубайдзода.

БУУ Сирия лагерлериндеги миңдеген киши кыйноого кабылып, адам чыдагыс абалда жашап жатканын белгилейт.

5-декабрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Аль-Холь жана Ал-Хасака лагерлеринде «Ислам мамлекети» (ИМ)террордук тобунун жоочуларынын үй-бүлө мүчөлөрү болгон 500дөн ашуун тажик аялдар жана балдар кармалып турганын билдирген. Алар 2017-2018-жылдары ИМ тобу жеңилгенден кийин лагерлерге жайгаштырылган.

Сирия менен Иракты ИМ тобунун жоочуларынан тазалоо учурунда күрт күчтөрү жүздөгөн тажикстандык аял менен балдарды кармашкан. Душанбе эки жыл мурда Ирактан 80ден ашык тажикстандык баланы мекенине алып келген. Ирак соту 40тан көп тажик аялды ИМ тобуна көмөктөшкөндүгү үчүн узак мөөнөттөргө эркинен ажыраткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: