Menu

Мирзиёевдин администрациясы мамлекеттик жана эркин басылмаларды бир катарга коет

Бөлүшүү:

Өзбекстанда президенттик администрация көз карандысыз басылмалар менен мамлекеттик басылмаларды бир катарга коют. Бул тууралуу өз булактардан алган Коопсуздук кеңешинин катчысы кол койгон документте жазылган.

Өткөн жумада Өзбекстандын Маалымат жана массалык коммуникациялар боюнча агенттиги бир нече интернет-басылмага расмий кат жөнөтүп, такталбаган маалымат таратуу үчүн «олуттуу укуктук кесепеттер» болорун эскерткен. Мындан соң айрым жалпыга маалымдоо каражаттары түздөн-түз президенттик администрацияга баш ийген бул органды «көз карандысыз басылмаларга басым жасоого» айыптап чыгышкан.

25-августта Коопсуздук кеңешинин катчысы кол койгон «медиаплан» деп аталган документте ЖМКларды президенттик администрация аркылуу көзөмөлдөө каралган.

Документте акимдерден, министрликтерден жана алардын башкармалыктарынан бир жума ичинде аткарылган иштерин расмий жана бейрасмий басылмаларда чагылдыруу талап кылынган. Документтин ар бир пунктунда аудиторияларынын саны боюнча лидер эсептелген Kun.uz, Daryo.uz жана Gazeta.uz интернет-басылмалары жазылган.

Маалымат жана массалык коммуникациялар боюнча агенттик 27-ноябрда жөнөтүлгөн кат боюнча расмий билдирүү таратып, мындай медиаплан бар экенин кыйыр түрдө ырастады. «Агенттик тарабынан иш-чаралардын медиапланы бекитилген. Алар мекеменин жана Улуттук басма сөз борбордун базасында өткөрүлөт. Медиаплан өз ичине 100дөн ашык басма сөз жыйынын жана 80ге жакын пресс-турларды камтыйт», — деп жазылган билдирүүдө.

26-27-ноябрь күндөрү Kun.uz, Gazeta.uz, Podrobno.uz жана Daryo.uz басылмалары аталган агенттик айрым сын макалалар үчүн «укуктук кесепеттер болору жөнүндө» эскертүү алышканын билдирип, муну басым катары баалашкан.

АКШ, Улуу Британия жана Германия сыяктуу өлкөлөрдүн дипломаттары, ошондой эле укук коргоочулар мындай аракет президент Шавкат Мирзиёев убадалаган реформаларга каршы келерин айтып, мамлекет башчыны тез арада бул маселеге киришүүгө чакырышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: