Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Видео - Бишкекте Кыргыз желегинин күнү белгиленди

Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз желегинин күнү белгиленди. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Салтанатка катышкан кыргыз коомчулугунун алдында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Эсиңиздерге сала кетсек, кыргыз туусу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы – бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Баткенге кризис-менеджер катары жөнөтүлгөн генерал-губернатор командасына өкүл балдарын эмес, кризис-менеджерлерди чакырып жатат

Жакында эле Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, кайрадан чек ара кризиси пайда болуп, кыргыз жарандары облустук бийлик өкүлдөрүнүн мажирөөлүгүнө каршы нааразычылык  жыйындарын өткөрүшүп, президентке видеокайрылууларды жасап жатышты.

Мындай учурда өлкөнүн президенти Садыр Жапаров менен премьер-министри Улукбек Марипов Баткендеги кризисти жөнгө салууга тажрыйбасы жете турган кризис-менеджер издешип, акырында генерал Өмүрбек Суваналиевге бул кызматты сунуш кылышкан.

Өмүрбек Суваналиевди мындай кризис-менеджер катары ар кандай оор участокторго жөнөтүү биринчи жолу эмес. Эсиңиздерде болсо, 1997-жылы парламенттин депутаты Өмүрбек Суваналиевди КР Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облустук башкармалыгын жетектөөгө жөнөтүшкөн. Ал келери менен Россияда Санкт-Петербург шаарынын вице-мэрин өлтүрүп, Кыргызстанда жашынып, эл аралык издөөдө жүргөн киши өлтүргүчтү кармап, ал кылмыштын бетин ачкан. Ирандан Ооганстанга кылмыштуу жол менен ташылып бараткан 700 тонна куралды кармап, эл аралык курал контрабандасынын жүзүн сыйрыган.

2005-жылы 24-марттагы “Жоогазын революциясынан” кийин Бишкек шаарын мародёрлор каптаганда жаңы бийлик тартипти калыбына келтирүү максатында Бишкек шаардык милициясынын начальниги кызматына Өмүрбек Суваналиевди кризис-менеджер катары жөнөтөт. Бул жерде Суваналиев 1 суткада мародёрлукту токтотуп, тартипти орноткон.

2005-жылы жайында Урмат Барыктабасов тарапташтары менен келип, Ак үйдү басып алганда аларды Өмүрбек Суваналиев өзү келип кууп чыгып, Ак үйдү бошоткон.

2006-жылы күзүндө Бишкек шаарын ар түрдүү ондогон митингдер басып, башаламандыктар башталганда бийлик Өмүрбек Суваналиевди КР Ички иштер министри кылып дайындап, өлкөдөгү ар кандай толкундоолорду токтотууга кризис-менеджер катары жөнөткөн.  Суваналиев кызматка келери менен митингдер токтоп, ал кызматтан кеткенден кийин кайра башталган.

2008-жылы майда бийлик Өмүрбек Суваналиевди өлкөдөгү ошол кездеги оор участок болгон –Нарын облусун жетектөөгө жөнөткөн. Ал жерде Суваналиев элди дүрбөтүп жаткан Жетим-Тоо темир кениндеги кытайларды сүрүп чыгарып, элди тынчыткан. Торугарт бажы чек арасын өлкөнүн ичине 60 чакырым жылдырууга каршы чыгып, ал мыйзамсыз демилгени да токтоткон. Нарынга кымыз ичип, эс алууга келишкен эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн облус аймагынан кууп чыккан.

2010-жылы июндагы кыргыз-өзбек улут аралык жаңжалы кызып, бейкүнөө адамдардын каны төгүлүп жатканда алапайын таппай калган Убактылу өкмөт жаңжалды токтотууга кризис-менеджер Өмүрбек Суваналиевди Ош облустук милициясынын жетекчиси кылып жөнөткөн. Суваналиев 3 күндүн ичинде Оштогу жаңжалды токтотуп, 7 күндөн кийин Убактылуу өкмөттүн мыйзам бузууларына каршы арыз берип, кызматтан өз эрки менен кетип калган.

Эми 2021-жылы Өмүрбек Суваналиев Баткендеги кризисти жайгарууга аттанды. Келери менен өзүнө орун басар кылып, мурун өкмөттүн жана президенттин аппараттарында иштеп такшалган, Нарында өзүнө орун басар болуп, потенциалын көрсөткөн, Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, ишенимге кирген дагы бир кризис-менеджер Эрлан Сапарбаевди командасына чакырып, облустагы өз командасын чыңдай баштады. Буга чычалаган айрымдар “Суваналиев өкүл баласы Сапарбаевди өзүнө орун басар кылып дайындады” деп ушак таратышууда. Чындыгында Сапарбаев Суваналиевге эч кандай өкүл бала эмес, болгону кризистүү участоктордо чоогу иштеп такшалган соратник.  Андыктан бул кризис-менеджерлердин тандемине Баткенде ийгилик гана каалоо абзел.

Булак: KyrgyzToday.kg

Аксылык айым Гүлнара Чыныбекова Кыргызстан Аялдар конгрессинин “Өрнөктүү айым” медалы менен сыйланды

Кечээ, 1-мартта Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргызстан Аялдар Конгресси 8-март бүткүл дүйнөлүк айымдар майрамына карата Кыргызстан айымдарын куттуктап, майрамдык салтанат өткөрдү. Бул тууралу конгресстин басма сөз кызматы билдирет.

Мааракеге КР Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева, Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ирсалиев, Сауд Арабиянын элчиси Абдурахман бин Саид Аль – Жума, Кытай өлкөсүнүн элчиси Ду Дэвэнь, Улуу Британия элчиси Чарльз Гаррет, Афганистан элчиси Бисмеллах Вазири, Түркиянын элчилигинин өкүлү Йекта Камиль Ноян, Өзбек элчиси Мирзахидов Хуршид, Белорусия элчилигинин өкүлү Кислекова Натали, Азербайджан элчилигинин өкүлү  Атш Тагиев Мустажед, Тажикистан элчилигинин өкүлү Холмурудова Зарина, ACTED эл аралык уюмунун өкүлү Питер Ормель, TIKА эл аралык уюмунун өкүлү Осман Уста, БУУнун өкүлү Хильке Дэвиддер катышып, айымдарды куттукташты.

Салтанат учурунда өлкөгө өзгөчө салымы бар, алдыңкы, ийгиликтүү, аялдар кыймылынын активисттерине  Кыргызстан Аялдар Конгрессинин расмий сыйлыктары тапшырылды. Алардын ичинде Аксы районунун Кош-Дөбө айылынан келген Гүлнара Чыныбекова “Өрнөктүү айым” медалы менен сыйланды.

Гүлнара Чыныбекова Кош-Дөбө айылында айылдык Ден соолук комитетин жетектеп, аялдар менен жаш балдардын туура тамактануусу боюнча семинарларды уюштуруп, “Байытылган ун”, “Йоддоштурулган туз”, “Эне сүтүнүн пайдасы”, “Кан басымын текшеребиз” сыяктуу программалар менен айылдарды кыдырып, агартуу иштерин жүргүзгөн.

АРИС программасына долбоор жазып, Чиеке айылына ФАП салдырып, аны медициналык жабдыктар менен камсыздап, башкаларга үлгү болгон.

Жыл сайын айымдар үчүн Нооруз жана 8-март майрамдарын уюштурууга активдүү катышып, айылдагы аялдар кыймылынын лидери катары таанылган.

Салтанаттын жүрүшүндө искусство чеберлери Нурайым Азыкбаева, Игорь Воронцов, Үмүт Тилегенова, Бек Исраилов, Алтынай Нарбаева, Тилек Найманбеков, Эрмек Мараимов, Чырмаш Чоробеков жана «Жаш канат» элдик хаореографиялык  ансамбли, «Нур-Жетиген», «Улуу Көч» фольклордук ансамблдери, «Муз Аман», «Достор», «Кыргыз Руху» музыкалык топтору өз өнөрлөрүн тартуулашып, майрамдык аземге катышуучуларга концерт беришти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Фото - Баткенде аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлөт

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, облустун күч түзүмдөрүнүн, салык, бажы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү ызматынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Кеңешмеде аткезчиликке (контрабанда) каршы күрөшүү, анын себептерин жоюу үстүндө иштөө менен бөгөт коюу маселеси каралды.
Ыйгарым укуктуу өкүл, биринчи кезекте чек арадагы аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарда, тийиштүү структуралардын кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү топтордун ишин жандандырууну тапшырды.
Мобилдүү топтор Баткен облусу аркылуу өтүп жаткан оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлгө алып, мониторинг жүргүзөт.
Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу өкүл, Баткен облусунан транзит аркылуу, мыйзам чегинде кошуна мамлекеттерге өтүп жаткан оор жүк ташуучу унааларга да мониторинг жүргүзүп, натыйжада өтүп жаткан жүктөрдүн мыйзамдуулугун аныктоо, тактоо менен, мыйзамсыз иш аракеттерге токтоосуз чара көрүү мезгили келип жеткендигин айтты.

 

Лейлек районунда күйүүчү майга болгон тартыштыкты жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө

Азыркы учурда Баткен облусунун Лейлек районунун күйүүчү май сатуучу жайларында, күйүүчү май сатылып жатат. Бирок, акыркы суткада күйүүчү майга, (бензинге) болгон тартыштык жаралгандыгы анык. Ага Бишкек шаарынан күйүүчү майдын аз өлчөмдө келип жаткандыгы себеп болууда. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Азыркы учурда Бишкек шаарынан Исфана жана Сүлүктү шаарына күйүүчү май келе жаткандыгын маалымдайбыз.
Бүгүн 1-март саат 13:00гө Лейлек районунда 142миң 317л. 92 маркасындагы бензин, 6100л. 95 маркасындагы, 39миң 685л 80 маркасындагы бензиндин, 767миң 219 л солярканын запасы бар экени такталды.
Райондо 42 май куйуучу жай иштеп жатат. Анда бензин тартыштыгы жаралган, бирок дээрлик баарында солярка бар.
Белгилей кетсек, 27-февраль күнү КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте, чек аралаш аймактарда жумушчу сапары менен болгон.
Облус башчысы аткезчиликке бөгөт коюу, аткезчилик тобокелчилиги бар жолдордо көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген. Учурда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Натыйжада акыркы эки суткада аткезчилик менен күйүүчү май ташып бараткан 5 унаа кармалды.
Ошондой эле облустагы күйүүчү майга болгон тартыштыкты жөнгө салуу максатында, кошуна мамлекеттерге мыйзамдуу түрдө да күйүүчү май ташуу токтоду.

 

Фото - "Беш сары" спорттук клубунун балбаны Белоруссиядагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду

Белорусияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча “Open Lida” эл аралык турниринде Кыргызстандын намысын коргоп барган “Беш сары” спорттук клубунун балбаны, 2004-жылы туулган Арсен Жекшенов 65 кг салмактагылардын арасында алтын медаль утуп, биринчиликти жеңип алды. Бул тууралу “Беш сары” спорттук клубунун басма сөз кызматы билдирет.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Беш сары” спорттук клубунун негиздөөчүсү жана президенти болуп КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаев саналат.

Фото - Өлкөнүн "Алыш" белбоо күрөшү боюнча чемпионатында депутат Камчыбек Жолдошбаевдин "Беш сары" спорттук клубу 4 алтын медалды утуп, биринчиликти жеңип алды

Акыркы күндөрү Бишкектеги Спорт сарайында өткөн Эркектер жана аялдар арасында “Алыш” бел боо күрөшү боюнча (эркин жана классикалык түрлөрү) Кыргыз Республикасынын чеспионатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин “Беш сары” спорттук клубунун балбандары 4 алтын медаль утуп, командалар арасында биринчиликти жеңип алышты. Бул тууралу “Беш сары” спорттук клубунун басма сөз кызматы билдирет.

Республиканын чемпионатынын жыйынтыгы менен “Беш сары” спорттук клубунун балбандары дүйнөлүк чемпионатка 4 жолдомо утушту.

Алар: 70 кг салмактагы балбан жигиттердин арасында 2001-жылы туулган Бекмамат Бейшенов, 76 кг салмактагы кыздардын арасында 1989-жылы туулган Нагира Сарбашева, 100 кг салмактагы жигиттердин ичинен 1987-жылы туулган Акылбек Төрөбеков жана 1990-жылы туулган Кадыр Келсинбековдор болушту.

УКМК: Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүштү улантууда. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 18-февралында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Райымбек Матраимов УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт.

УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдамакчы.

Японияда окуган кыргыз саясат таанучусу Даниэл Кадырбеков журналисттер Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковго арналган карикатура (фотоколлаж) жарыялады

Кечээ, 14-февралда Японияда окуп, саясат таануу илиминде өз изилдөөлөрүн жүргүзүп келе жаткан жаш окумуштуу Даниэл Кадырбеков “Азаттыктын” журналисттери Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковго арналган карикатура (фотоколлаж) жарыялады.

Анда ал журналисттер Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду эбегейсиз коррупциялык кылмыштары үчүн экс-президенттик макамы алынып салынган Алмаз Атамбаевдин буйрутмаларын аткарып келе жаткан сатылма журналисттер катары айыптайт.

Эсиңиздерге сала кетсек, саясат таанучу Даниэл Кадырбеков эбактан бери эле өзүнүн Twitter социалдык тармагындагы баракчасында кыргыз саясатына сереп салып, өзүнүн аналитикалык ой- пикирлерин активдүү жарыялап келет.

Анда ал Кыргызстандагы мамлекет куруу тажрыйбасына элден өзгөчө көз караш менен баа берип, мамлекеттүүлүктүн калыптанышына кедергисин тийгизип келген эски саясатчыларды гана эмес, жаңы муундагы жаштар Жанар Акаев, Тилек Токтогазиев, Элвира Сурабалдиева, Али Токтакуновдорду идея үчүн, мамлекеттүүлүк үчүн эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары, бийлик, кызмат-мансап үчүн күрөшкөн, акылы тайкы популисттер катары кескин сындап келүүдө.

Саясат таанучу Даниэл Кадырбековдун ою боюнча мамлекеттүүлүк биздегидей мамлекеттик төңкөрүштөрдү уюштуруу, шайлоодо жеңилип калса митингдерге чыгуу, бийлик органдарын басып алуу, популисттик кыйкырыктар менен түптөлбөйт.

Мамлекеттүүлүк – мыйзамды туура эмес болсо да, аны бекем сактап, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуп, кадам артынан кадам таштап, көп жылдарга созулган процесстерде калыптанат.

Ал эми “Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновду мурунку мамлекет башчысы Алмаз Атамбаевдин өз досу Сооронбай Жээнбековго ызасынан улам чыккан буйрутмасын аткарам деп жатып, кыргыз мамлекеттик башкаруу системасын медиасабаттуулугу жок коомчулуктун алдында дискредитациялап, жаңыдан калыптанып келе жаткан кыргыз мамлекеттүүлүгүнө эбегейсиз душмандык кылды деп айыптап келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Мурат Боронов Баткен областтык милициянын начальниги болуп дайындалды

Бүгүн, 15-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Өмүрзаков Сүйүн Баткен ОИИБнын өздүк курамына жаңыдан дайындалган начальник, милициянын полковниги Боронов Мурат Самидинович  тааныштырып,  жаңы жетекчи облусттук милициянын ишмердүүлүгүн ар тараптын чыңдоо максатында  дайындалгандыгын белгилөө менен бирге, жаңы жетекчинин мындан аркы ишмердүүлүгүңө ийгиликтерди каалады. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйүн Өмүрзаков жаны жетекчини тааныштырып жатып: “Баткен областтык милициясы коомдук коопсуздукту сактоодо өз милдеттерине так иш алып барды. Биздин эң негизги милдетибиз  коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү болуп саналат. Бирок биз андан тышкары стратегиялык жактан чегара жакын аймактардын бири болгондуктан чек ара аймактарында да элдин тынчтыгын сактоо, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коңшу мамлекеттин биз менен чектешкен ички иштер кызматтары  менен коомдук тартиптип сактоодогу бардык иш аракеттерди ишке ашырууда Баткен милициясынын орду жогору”,- деп баса белгиледи министрдин орун басары.
Ошондой саптык тизимге каз-катар турган өздүк курамга Баткен областтык милициясынын кызматкерлери башка күч түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл арасында коомдук коопсуздукту сактоо, жарандардын коопсуздугун коргоо багытында чек ара аймактарында жашаган калк менен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү тапшырмаларын койду.
Баткен ОИИБнын мурдагы жетекчиси милициянын полковниги Мамасейитов Акылбек Садырбекович Ош ШИИБнин начальниги болуп дайындалды.
Меню