Кечээ, 2-июнь күнү Аламүдүн районунун ИИБнө Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу дароо көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда 1979-жылы туулган Д.Н. аттуу жаран алган жаракаттарынан улам эсине келбей ооруканда каза болгондугу аныкталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлгүп, жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып ал 1979-жылы туулган Э.Р. аттуу экенди такталып, колго түшүрүлгөн.
Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда, Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине дагы бир жаран бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы туурлалуу маалымат түшкөн. Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда 1980-жылы туулган Ч.У. аттуу жаран денесине бычактан алган жаракатынан улам жаткырылганы аныкталып, бул окуяга да жогорудагы эркек кишиин катыштыгы бар экендиги такталган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Алдын ала териштирүү учурунда, кылмышка шектүү жана ооруканага түшкөн эки жаран үчөө ичимдик ичишип отурушуп, ортодо чыкан чыр-чатактан улам уруша кетишип, жыйынтыгында эки жаран бычактан жаракат алып, бири ооруканада каза болуп, экинчиси мас абалында болгон үчүн бир топ убакыт өткөндөн кийин ооруканага кайрылганы маалым болгон.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус айдоочуларынын иш таштоосу уланууда. Алар шаар бийлигинен жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылып жатышат.
Өзүн Мирлан деп тааныштырган айдоочу 3-июнда айдоочулардын дээрлик 80% банктан насыя алып иштерин, көбү транспортту ижарага алып жүргүнчү ташырын, күнүмдүк түшкөн акчасы жетпей жатканын айтып берди:
“1,5 миң сом калат. Кошумча тетик, лицензия, патент, камсыздандыруу кагазын алабыз. Мунун баары ошонун ичинде. Андан тышкары бала-чаканы багыш керек. Балдар “тигини алам, муну алам” дейт. Ошонун баарын эсептеп келгенде дээрлик эч нерсе калбайт бизге”.
Кичи автобустар борбор калаадагы коомдук транспорттун негизги түрү. Алар жеке компанияларга таандык. Муниципалдык автобустар жана троллейбустар жетишсиз.
Айдоочулардын иш таштоосу канчага уланары азырынча белгисиз. 2-июнда мэрияда алардын ээлери менен жолугушуу өттү. Анда тарифти ушу бойдон калтыруу же болбосо 15 же 19 сомго жогорулатуу сунушу айтылып жатканы белгилүү болду. Так чечим кабыл алына элек.
Шавкат Мирзиёев Сурхандарыя облусуна сапар менен барган алгачкы күнү кортеждеги унаа Термез шаарынын көрктөндүрүү иштерине тартылган 57 жаштагы көчө шыпыруучу аялды сүзүп кетти. Ал ооруканага жаткырылды.
Күбөлөрдүн биринин айтымында, кортеждеги автоунаалардын бири жол жээгинде иштеп жаткан аялды катуу ылдамдык менен сүзүп кеткен.
Дарыгерлер анын абалы оор экенин, эки күндөн бери комада жатканын кабарлашты.
– Анын мээсине кан куюлган. Ошондуктан азыр ага операция жасоого болбойт. Аял аппаратка туташтырылган. Мындан тышкары анын жамбашы жана алдыңкы жаагы сынган. Кечээтен бери комада, бирок жүрөгү согуп жатат, – деди Термездеги дарыгерлердин бири.
Укук коргоо органдары жол кырсыгы боюнча иликтөө иштерин баштады.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бири Рано Поёнованын сүзүп кеткен автоунаа жергиликтүү администрациясына таандык экенин тастыктады. Бирок ал аялды сүзүп кеткен унаа президенттик коштоп бараткан колоннага таандык экенин тактап айта алган жок.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Сурхандарыя облусунда 1-2-июнда келип кетти.
Мамлекеттик башчынын сапарына карата акыркы беш айда шаарды көрктөндүрүү иштери жүргөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
Кытайдын президенти Си Цзиньпин коммунисттик партиянын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда өлкө “достордун чөйрөсүн кеңейтиши керек экенин” айтты. Бул тууралуу Би-би-си кытайлык Xinhua агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Си Цзиньпин партия мүчөлөрүнө Кытайдын “ишенимдүү, жагымдуу жана кадыр-барктуу” образын жаратууга чакырды.
Би-би-сиге маек берген талдоочулар бул “Кытай дипломатиялык саясатын өзгөртүшү мүмкүн экенинин” белгиси деп эсептешет.
Си Цзиньпин мындай билдирүүнү Батыш менен Кытайдын мамилеси начарлап кеткен маалда жасады. Эл аралык уюмдар жана батыш өлкөлөрү Бээжинди Шинжаңдагы уйгур, казак жана башка мусулмандарды түрмөгө жана лагерлерге камоого, Гонконгдогу демократиялык активисттерди кодулоого айыптап келет.
31-майда кытайлык лидер өз партия мүчөлөрүнө “Кытай досторун таап, биригип, мындан тышкары эл аралык пикир алышуу учурунда досторунун санын дайыма көбөйтүшү керек экенин” айткан.
Алл Кытай дүйнө элдери менен карым-катышка ачык, ишенимдүү тең салмактуу болушу керектигин да кошумчалаган.
Си Цзиньпин Кытайды 2012-жылдан бери жетектейт. Эксперттер анын бийлиги авторитаризмдин күчөшүнө жол ачканын белгилешет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
Өзбекстан Транспорт министрлиги билдиргендей, шейшембиде кытайлык Transordo компаниясы заманбап 12 кичиавтобусту жүргүздү. Бул маршрут боюнча рейстер 2019-жылы сентябрда уюштурулган.
1-июндан баштап Анжиян-Ош шаарларынын ортосундагы маршруттук каттам жанданды.
Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу каттамдар токтотулган.
Анжиян менен Оштун аралыгы 45 чакырымды түзөт.
Өзбекстандын Транспорт министрлиги эки өлкө жарандары 72 сааттын ичинде коронавирус инфекциясына ПЧР-тест тапшырышы зарыл экенин белгиледи. Өзбекстан жарандары биометрикалык паспортторду да ала жүрүшү керек.
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду эки айга, 31-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин абагында кармалат.
“Жактоочулар келтирген жүйөлөрдү такыр эске алган жок. Тергөөчүнүн гана айткандарын негиз кылып чечим чыгарды. Өмүрбек Бабанов бул иш толугу менен абсурд экенин айтты. Сот жактоочулардын келтирген жүйөсүн эске алган жок”, – деди саясатчынын жактоочусу Амантур Абдрахманов.
Бабановду 31-майда “Кумтөр иши” боюнча Улуттук коопсуздук комитети кармаган.
Өмүрбек Бабанов 2011-2012-жылы премьер-министр болуп турган. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишин “абсурд” деп атады.
Атайын кызмат бир катар аткаминерлерге “Кумтөр иши” боюнча “Коррупция” беренеси менен айып койду.
Мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев да бүгүн эки айга камакка алынды.
31-майда кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган. Зулпукаров “Мыйзамсыз баюу” боюнча айыпталып жатат.
Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыккан.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин ишмердигин иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен. Ташиев 2-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кумтөргө байланыштуу бир катар чиновниктер, депутаттар мурда иштеп кеткен президенттерди да жоопко тартыла турганын айтты.
1-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Дастан Жумабеков, мурдагы депутат Максат Сабиров да УКМКда сурак берди.
Кыргыз Республикасына COVID-19 карай ПЧР анализи терс деп табылган туристтер келе алат.
Республикалык ыкчам штаб белгилегендей, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө.
Учурдагы алгоритмдерге ылайык, чет элдик жарандардын жана туристтердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө коронавирус инфекциясына карай тестирлөөнүн терс жыйынтыгы (72 саатка жарактуу) болгон учурда уруксаат берилет.
Республикалык штаб белгилегендей, коронавирустан вакцинациялангандыгы тууралуу сертификаттын болушу республикасынын аймагына кирүү үчүн милдеттүү талап катары саналбайт.
2021-жылдын май айында Кыргыз Республикасы Нью-Йорктогу штаб-квартирасында БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобун жетектеди.
55 мүчө мамлекеттен турган БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобу, БУУнун 5 регионалдык тобунун арасында ири болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Азия-Тынч океан тобуна төрагалыгынын алкагында, 55 мүчө мамлекеттин атынан Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Башкы Ассамблеясынын отурумдарында сөз сүйлөдү, БУУнун Башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Президентинин ордуна талапкер, ошондой эле БУУнун шайлоонуучу органдарына талапкерлер менен жолугушууларды уюштуруп, бир айдын ичинде мүчө мамлекеттердин жана БУУнун Катчылыгынын ортосунда туруктуу жана ыкчам байланышты камсыз кылды.
БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобунун ай сайынкы отурумунун жүрүшүндө, мүчө мамлекеттердин Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн туруктуу өкүлдөрү жана дипломаттары кыргыз тарапка топту жогорку жана сапаттуу төрагалык камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.