Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

УКМК: Жалал-Абад облусунан курал-жарактын жана ок-дарылардын кампасы табылды

Кечээ, 13-мартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана ага бөгөт коюу иш-аракетинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды.

Кампадан “Ф-1” кол гранатасы, 2 жылмакай көзөнөктүү мылтык, ар кандай калибрдеги 40 ок жана бычак табылып алынган.

Бул факт боюнча сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (“Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Алынган курал-жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Баткен облустук администрация: Баткен облусу аркылуу Өзбекстандын Сох анклавына коридор берилет деген маалымат жалган

2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында, Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын расмий жолугушуусунун жыйынтыгы менен, Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген туура эмес маалыматтар тараган. Бул тууралу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Өзбекстан Республикасына коридор берилет деген сөздөр туура эмес, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында буга чейин пандемияга байланыштуу жабылган, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кайтпас көзөмөл өткөрүү жайын кайра ачуу, жандантуу макулдашылган.

Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары, мурдагыдай эле тартип менен, документтери текшерилип, катталуу менен өтөт. Өзбек Республикасынын жарандары Кыргызстанга Кайтпас өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин, Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрүп, Өтүкчү көзөмөл өткөрүү жайынан, кайрадан текшерүү менен, Өзбекстандын Сох районуна киришет.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын март айынан бери, Өзбекстандын Сох районуна өзбек жарандары бир гана Кадамжай автожол көзөмөлдөп өткөрүү жайы аркылуу гана өтүп турушкан. Кайтпас өткөрүү жайын ачуу менен Кадамжай автожол өткөрүү жайында,жарандардын кыймылы жеңилдейт жана Кадамжай шаарынан Чечме айылына чейинки калктуу конуштарды аралап өткөн чоң жолдо, автоунаа тыгындары азаят.

Ал эми Сох анклавында аба каттамын ачуу боюнча маселеде, Сох районун Өзбекстан менен байланыштырган, чакан учактар учат. Мындан улам жарандарды негизсиз тынчсызданып, туура эмес коомдук пикирлерди жаратпоого чакырабыз. Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамилесин чыңдоо, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатат. Анткени кылым карыткан жакын кошуна катары эки эл, турмуш тиричиликке байланыштуу маселелерде бир бирине муктаж.

Белгилей кетсек, алдыда КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушуп, эки облустун чек аралаш аймакта жашаган элдин суранычы боюнча, пандемиядан улам жабылган, Лейлек районундагы Кулунду жана Кайрагач көзөмөл өткөрүү жайын ачуу маселесин да карашат.

Видео - Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кечээ Кыргызстанга белек кылган 20 тез жардам машинасын бүгүн Ош шаарына өздөрү жеткирип беришти

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кечээ, 12-мартта Ташкентте Кыргызстанга белек кылган 20 тез жардам машинасын бүгүн Ош шаарына өздөрү жеткирип беришти. Бул тууралу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев кечээ, 12-мартта, Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына бирге барышты. Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилген.

Кыргыз бийлиги бул белекке келген 20 тез жардам машинасын ар бир облуска жана Бишкек менен Ош шаарларына 2-3төн бөлүп беришти.

Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилери соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий кызматташууну күчөтүү максатында жолугушту

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Эки тараптуу жолугушуу Баткен облусунун Кадамжай шаарында өтүп, ага Баткен-Фергана облустарынын бир катар ишкерлери да катышты.

Жолугушууда тараптар Баткен жана Фергана облустарынын ортосунда соода- экономикалык, инвестициялык жана маданий байланыштарды чыңдоо, эки элдин ынтымагын, карым катнашын бекемдөө боюнча кызматташуу пландарын талкуулашты.

Фергана облусунун делегациясы агрардык аймак катары саналган Баткен облусунун айыл чарба продукцияларын Фергана облусуна экспорттоосуна кызыкдар экенин белгилешти. Өзгөчө  Кадамжай районунан малина менен гиластын чоң көлөмүн алуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилешти.

Ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар сунуш пикирлер айтылды. Айтсак, Баткен облусундагы Өзбекстандын Шахимардан жана Баткен облусунун Дугаба эс алуу жайларына эс алуучуларды тартуу, ал үчүн чек ара автожол көзөмөлдөп өткөрүү жайларында эки мамлекеттин жарандарынын өтүүсүн жөнөкөйлөштүрүү маселеси да көтөрүлдү.

Ишкерлер айыл чарба продукциялары менен кен байлыктарды кайра иштетүү эки тараптуу кызматташшуунун артыкчылыктуу багыттары болоорун белгилешти. Ошондой эле биргелешкен медициналык мекемелерди, медициналык каражаттарды жана шаймандарды чыгаруучу ишканаларды ачуу жаатында мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Эрлан Сапарбаев менен Мухсинхужа Абдурахманов, кызматташууда ар бир тармак боюнча облуста атайын жооптуу адистерди дайындоо,  конкреттүү, расмий сунуштар менен алмашуу, тийиштүү обьекттерди жеринде көрүү менен кызматташууну жолго салууда, активдүү иш аракеттерди жүзөгө ашырууну сүйлөшүштү.

Эң негизгиси эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү максатында, Баткен жана Фергана облустарында, соода-экономикалык маселелер боюнча иш алып бара турган өкүлчүлүктөрдү ачуу макулдашышты.

Белгилей кетсек буга чейин 11-12-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары Ташкент шаарында расмий жолугушуп, анда эки мамлекеттин  кызматташуусун жаңы сапаттык денгээлин түптөө максатында 22 документке кол коюлган.

Жолугушууда Баткен облусунун башчысы Омурбек Суваналиев менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров да кызматташуу жаатында 22 пункттан турган, эки облустун бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.

 

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Араван районунун акимине сөгүш жарыялады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ош облусуна иш сапарынын жүрүшүндө Араван районунун жашоочуларынын көйгөйлөрү менен таанышты. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы азыктарга болгон баалар жана сунушталган ассортименти менен таанышуу үчүн борбордук базардын жанына токтоду.

«Азык-түлүккө жана мунайга болгон баанын көтөрүлүшү – жалпы дүйнөлүк тенденция. Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө баалар өсүүдө, анын ичинде биздин республика да бар. Импортко көз каранды болбош үчүн эң көп талап кылынган тамак-аш азыктарын, атап айтканда, өсүмдүк майын жана кумшекерди өзүбүз өндүрүшүбүз керек. Биздин максатыбыз – дыйкандар келечекте өз продукциясы менен ички рынокту толтурушу үчүн аларга колдон келишинче колдоо көрсөтүү. Дыйкандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берүүнү каалайбыз. Дизелдик отун маселеси чечилди, дыйкандарга керектүү көлөмдө берилет. Мындан тышкары карбамид өндүрүүчү завод куруу планыбыз бар», – деди Өкмөт башчы.

Андан соң жергиликтүү жашоочулардын бири аларды түйшөлткөн маселелер, анын ичинде турак үйлөрдүн арасында топтолуп калган таштандылар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түшкөн даттанууларга көңүл бурбай жатышат.

Улукбек Марипов маселенин бар экендигине жеке өзү ынанып, райондун акимине анын аракетсиздиги үчүн сөгүш берди.

«Турак үйлөрдүн арасында башаламан таштанды таштоого жол берүүгө болобу. Мында адамдар жашап, балдар ойношот, улгайган адамдар сейилдеп чыгып, таштандынын жагымсыз жыты менен дем алышат. Райондун акими жана башка жооптуу жетекчилер аракет көрүп баштоо үчүн бул үйлөрдө өздөрү жашап көрүшсүнчү. Таштандыны чыгаруу – бул бир күндүк иш, анан эмне үчүн бул маселе бир жылдан ашык чечилбей келет», – деп нааразы болгон Премьер-министр бир күндүк мөөнөттө аймакты таштандыдан тазалоону тапшырды.

Буга чейин Премьер-министр чыныгы кырдаал менен жеринде таанышуу максатында ар кыл объекттерге эскертүүсүз барарын убада кылган.

Видео - Ак-Турпак айылындагы мунай бар деген аймакты жумушчу топ жеринен көрүп келди

Кечээ 11-мартта, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Чоң-Гара-Галча жерлигинде атайын идиштерде мунай заттары сакталып турат жана аталган аймакта нефти бар деген видео маалымат социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууга түшкөн. Аталган видео маалыматты Ак-Турпак айылынын тургуну Абдыманнап Турсуматов аттуу жаран тартып чыгарган. Бул тууралу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүн, 12-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тийиштүү адистер менен бирге аталган аймакка барышты. Идиштердеги суюктук мындан 2 жыл мурда жер астынан тартылып алынган. Бирок суюктуктун басымдуу бөлүгү суу экени жана анын бетиндеги 5 пайызы гана кара май экени аныкталды.
Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет тарабынан аймакта мунай кенин аныктоо максатында, КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети атамекендик “Глав нефти” компаниясына лицензия берип, аталган аймакта нефтинин запасын аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргөн.
Аталган компания Кытай мамлекетинен бул тармакта тажрыйбалуу адистерди алып келип, иштеткен. Бирок изилдөөлөр аягына чыккан эмес. 2019-жылы компания ишин токтоткон.
Анткени буга чейин аталган аймакта Кыргызстан менен Өзбекстан Республикаларынын ортосунда делимитация жумуштары аяктаган менен, Союз мезгилинде Өзбек Республикасына таандык «Фергана Нефти» ишканасы 1950-жылдан, 2011-жылдын 21-майына чейин ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиктен, обьекттер Кыргызстандын карамагына өтө электигине байланыштуу, бир катар маселелер жаралып, атамекендик нефти изилдөөчү компания ишмердүүлүгүн токтоткон.
Обьекттерди Кыргызстандын карамагына өткөрүп алуу боюнча чек араларды делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссияга бир канча жолу маселе коюулуп келет.
Бул боюнча туура эмес маалымат тараткан Абдыманнап Турсуматов баштаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн билдиребиз.

Жогорку Кеңеш жаңы конституция боюнча 11-апрелге референдум дайындоо тууралу мыйзамды кабыл алды

Бүгүн, 11-мартта КР Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында  кечээ, 10-мартта экинчи окууда каралган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары) 3-окууда каралды.

Натыйжада жыйынга катышып жаткан 100 депутаттын 94 депутаты “макул”, 6 депутат “каршы” деп добуш берүү менен мыйзам экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) 11-апрелде өтөт.

 

Видео - Бакыт Төрөбаев: "Жанар Акаев, сени өстүргөн, сени көтөргөн Алмаз Атамбаев эмес беле? Сен аны сатып кеткенде "балашка" деген Атамбаев эмес беле?"

“Жанар Акаев, сени өстүргөн, сени көтөргөн Алмаз Атамбаев эмес беле? Сен аны 2016-жылы сатып кеткенде “балашка” деген Атамбаев эмес беле? Мен бир дагы бир президентке сага окшоп “балашка” болгон эмесмин. Сен Атамбаевге жүгүнгөнсүн. Сен Атамбаевдин айткандарын ишке ашыргансын”, – деп билдирди бүгүн, 10-мартта депутат Бакыт Төрөбаев мурунку Атамбаевдин пресс-катчысы, кийин КСДПнын депутат болгон Жанар Акаевге кайрылып.

Эсиңиздерге сала кетсек, Алмаз Атамбаев оор коррупциялык кылмыштарга айыпталып, бир эле айып боюнча 11 жылга түрмөгө кесилген. Дагы 10го жакын оор коорупциялык кылмыштар боюнча соттолууда. КСДПчы Жанар Акаев коомчулукка “Мен Алмаз Атамбаев мамлекеттен уурдабайт деп кепилдик бере алам” деген тариздеги кошоматы менен белгилүү болгон.

 

Видео - Жанар Акаев, депутат: "Мен ошол кезде Алмаз Атамбаев менен бирге иштешкениме азыр да сыймыктанам!"

Бүгүн, 10-мартта КСДП фракциясынын мурунку депутаты, азыркы атамекенчи Жанар Акаев депутат Бакыт Төрөбаев менен кайым айтышып жатып, мурун Алмаз Атамбаев менен бирге иштешкенине сыймыктанарын билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, Алмаз Атамбаев оор коррупциялык кылмыштарга айыпталып, бир эле айып боюнча 11 жылга түрмөгө кесилген. Дагы 10го жакын оор коорупциялык кылмыштар боюнча соттолууда.

КСДПчы Жанар Акаев коомчулукка “Мен Алмаз Атамбаев мамлекеттен уурдабайт деп кепилдик бере алам” деген тариздеги кошоматы менен белгилүү болгон.

 

Видео - Бакыт Төрөбаев: "Жанар Акаев, баласы атасын сатып кетсе - бул чоң күнөө! Сен ким элең ким болдуң?"

“Азыр Жанар Акаев мага тийишип, кыйытып, какшыктап кетти, мен сага окшоп бир президенттин да “баласы” болгон эмесмин”, – деп билдирди бүгүн, 10-мартта “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев КСДПдан депутат болуп шайланган Жанар Акаевге кайрылып.

“Мени президент Атамбаев сындаган, ал мага дары болот, андан мен уялбайм. Ал киши президенттик кызматынан өз ыктыяры менен кеткен, биз ага баа бердик. Бирок баласы атасын сатып кетсе – бул чоң күнөө. Сен ушуну эч качан унутпагын! Сен ким элең ким болдуң?” – деди Бакыт Төрөбаев.

 

Меню