Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Видео - Бүгүн премьер-министр Улукбек Марипов Карылар үйүндө көзүнө жаш алып, ыйлап жиберди

Бүгүн, 8-мартта, Аялдардын эл аралык күнүндө КР Премьер-министри Улукбек Марипов улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине – Карылар үйүнө барып, мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады.

Куттуктоо учурунда премьер-министр көзүнө жаш алып, ыйлап жиберди.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин 8-мартка карата чын дилден чыккан куттуктоолорун билдирем. Ушул жаркыраган майрам күнү ар бириңиздерге чың ден соолук, узак жана бактылуу өмүр, бакубатчылык жана жакшылыктарды каалайм. Аялзаты кылымдар бою үй-бүлөдө ардактуу орун ээлеп, үйдүн куту болуп, балдарды эң бийик адеп-ахлакка тарбиялар, өздөрүнүн акылмандыгы жана боорукердиги менен дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүп келет. Бүгүн ушул залда акылгөй, чыгармачыл, таланттуу айымдар чогулган. Сиздер өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор күч-кубат жумшадыңыздар. Сиздерге терең таазим! Сиздер, бардыгыңыздар – биздин энелерсиздер, биз – сиздердин уул-кыздар, сиздер жалгыз эмессиздер! Ар бирибиз ата-энебизди сүйүп, урматтап, аларга камкордук көрүүгө тийишпиз! Мен  балдардын жана карылардын үйлөрү жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем, балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка курчалып жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз», – деди Улукбек Марипов.

Мекеменин жашоочулары өз кезегинде Өкмөт башчыга жооптуу ишинде ийгиликтерди каалап, ар бирибизге жана жалпы мамлекетибизге гүлдөп-өсүүнү каалашты.

«Кыргыз эли үчүн адилеттүү, калыс Премьер-министр болуп, мамлекетибизге татыктуу кызмат өтө», – деди жашоочулардын бири.

Премьер-министр ошондой эле социалдык мекеменин кызматкерлерин 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, бакыт-таалай жана иштерине ийгиликтерди каалады.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынын абалы начар жарандардан кабар алып, алардан ал-жайын сурады.

Кыдыруунун алкагында ал социалдык мекемедеги жашоо шарттары менен таанышты.

Ведомство тарабынан мекеменин жашоочуларын басуу үчүн скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү  айтылды.

Премьер-министр мекемеге скандинавиялык таяктарды сатып алышарын белгиледи.

Видео - Премьер-министр Улукбек Марипов Карылар үйүндө жашаган аялзатына: Сиздер жалгыз эмессиздер. Сиздер – биздин энелерсиздер!

Премьер-министр Улукбек Марипов 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине барды.

Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин 8-мартка карата чын дилден чыккан куттуктоолорун билдирем. Ушул жаркыраган майрам күнү ар бириңиздерге чың ден соолук, узак жана бактылуу өмүр, бакубатчылык жана жакшылыктарды каалайм. Аялзаты кылымдар бою үй-бүлөдө ардактуу орун ээлеп, үйдүн куту болуп, балдарды эң бийик адеп-ахлакка тарбиялар, өздөрүнүн акылмандыгы жана боорукердиги менен дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүп келет. Бүгүн ушул залда акылгөй, чыгармачыл, таланттуу айымдар чогулган. Сиздер өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор күч-кубат жумшадыңыздар. Сиздерге терең таазим! Сиздер, бардыгыңыздар – биздин энелерсиздер, биз – сиздердин уул-кыздар, сиздер жалгыз эмессиздер! Ар бирибиз ата-энебизди сүйүп, урматтап, аларга камкордук көрүүгө тийишпиз! Мен  балдардын жана карылардын үйлөрү жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем, балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка курчалып жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз», – деди Улукбек Марипов.

Мекеменин жашоочулары өз кезегинде Өкмөт башчыга жооптуу ишинде ийгиликтерди каалап, ар бирибизге жана жалпы мамлекетибизге гүлдөп-өсүүнү каалашты.

«Кыргыз эли үчүн адилеттүү, калыс Премьер-министр болуп, мамлекетибизге татыктуу кызмат өтө», – деди жашоочулардын бири.

Премьер-министр ошондой эле социалдык мекеменин кызматкерлерин 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, бакыт-таалай жана иштерине ийгиликтерди каалады.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынын абалы начар жарандардан кабар алып, алардан ал-жайын сурады.

Кыдыруунун алкагында ал социалдык мекемедеги жашоо шарттары менен таанышты.

Ведомство тарабынан мекеменин жашоочуларын басуу үчүн скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү  айтылды.

Премьер-министр мекемеге скандинавиялык таяктарды сатып алышарын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров: Кыргыз аялы — бүгүнкү күндө үй-бүлө ынтымагынын жана бакубаттыгынын кам көрүүчүсү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Ардактуу апалар жана эже-карындаштар!

Сиздерди Аялдардын эл аралык күнү — 8-Март майрамыңыздар менен куттуктайм!

Аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, элдин эркиндикке умтулуусунун ыйык символу болуп келген. Кыргыз коомунда аялдарга сый-урмат менен мамиле жасоонун салты калыптанып, алар элибиздин коомдук жана саясий турмушунда маанилүү роль ойношкон. Муундан муунга өтүп келаткан өрнөктүү салт-санааларыбызды үзбөй сактаган кыргыз аялы бүгүнкү күндө үй-бүлө ынтымагынын жана бакубаттыгынын кам көрүүчүсү болуп келет.

Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөдү. Биз аял- врачтардын, медайымдардын, волонтерлордун каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгегин эч качан унутпайбыз, алар бул күтүлбөй келген кырсыкка каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту.

Аялдар коомдун бардык тармактарында эмгектенип, жумушка жооптуу жана жаңычыл мамиле жасоонун өрнөгүн, реформаларды жүзөгө ашырууга дилгирлигин көрсөтүүдө.

Бул жетишкендиктерди андан-ары бекемдөө үчүн аялдардын башкаруудагы ролун арттырууга күч үрөп жатабыз. Жакында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда биринчи жолу аялдарга отуз пайыз квота берилет, демек, алар жергиликтүү деңгээлдеги саясий процесттерге да таасир этүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Урматтуу аялдар!

Силер эл-журтубуздун кутусуңар, бизди сыймыкка бөлөп, ар дайым шыктандырып турасыңар. Жаркыраган жаздын жылуу илеби менен кошо келген майрам күнү жүзүңөргө жылмаюу тартуулап турсун, жакындарыңардын арзуусу менен камкордугу ылайым курчап турсун!

Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай жана бейпилдик каалайм! Сиздерди жакшылыктар жана ийгиликтер коштоп жүрө берсин!»

Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди

6-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти, Казакстандын «Достук» орденинин ээси, белгилүү актриса Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди.

Бул иш-чара 2021-жылы Кыргызстанда белгилене турган үч маанилүү датага карата уюштурулду. Алар:

–        СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы;

–        Кыргыз киносунун түптөлүшүнүнүн 80 жылдыгы;

–        «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминин жана Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы;

Аталган иш-чара, Презитенттин «Манас» камералык оркестринин аткаруусундагы чыгармалар менен ачылып, Айтурган Темирова өмүр таржымалы, басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы боюнча айтты. Ошо менен бирге күйөрмандарынын кызыктырган бардык суроолоруна жооп берди. Ошондой эле салтанатка өлкөнүн бардык аймактарынан Айтурган Темированын атынан коюлган Айтурган ысымдуу кыздар чакырылып, аларга белгилүү актрисанын атынан атайын баалуу белектер берилди.

Андан сырткары кыргыз киносунун өтмүшүн жана Болотбек Шамшиев менен Айтурган Темированын чыгармачылыгын чагылдырган сурөт көргөзмөсү ачылды. Бул сүрөт көргөзмөсү бир ай бою Дордой Плаза соода, оюн-зоок борборунда уланмакчы.

2021-жылда Кыргызстанда белгилене турган маанилүү үч маараке боюнча кыскча маалымат:

Кыргыз киносунун керемети

Кыргыз киносунун тарыхы өлкө үчүн оор мезгилде башталган. 1941-жылы 17-ноябрда, Улуу Ата Мекендик согуштун фронту Москвага жакындаган учурда, «Фрунзе шаарында кинохроника студиясын уюштуруу жөнүндө» Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Кеңешинин токтому чыккан. Өлкөнүн өз студиясынын түптөлүшү өлкөнү согуштан жапа чеккен калкынын руханий жана моралдык жактан колдоого, ошондой эле кинофильмдерди үзгүлтүксүз өндүрүп турууга мүмкүнчүлүк берген. Советтер Союзу, Республикалык бийлик органдарынын чечимин колдоп, Кыргыз ССРинин кино өндүрүү тармагына техника жана керектүү каражаттар менен менен камсыз кылып турган.

Кыргыз кинематографиясынын улуттук кадрларын тарбиялоо Москва жана Ленинград киномектептеринин чеберлеринин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн. ХХ кылымдын 60-жылдарында, атамекендик кино эбегейсиз зор жетишкендикке жетишип, кино тармагында чоң секирик жасай алган. «Кыргыз киносунун керемети» жөнүндө СССРде гана эмес, эл аралык деңгээлде сөз кыла башташкан. Анын калыптанышында, Сталинден кийинки «эрүү» учурунда таланты толугу менен көрүнгөн интеллигенциянын өкүлдөрү болгон жаш кинорежиссерлор негизги ролду ойношкон. Советтик жана дүйнөлүк кинонун алтын фондусуна кирген Болотбек Шамшиев, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Алгимантис Видугиристин чыгармалары Мекенге жана өз элине болгон сүйүүнү ушунчалык терең бере алгандыктан, ал сүйүү көрүүчүлөргө да өткөн. Ошол жылдары Кыргызстанга бүткүл дүйнөгө суктанган десек аша чапкандык болбос.

Никита Сергеевич Хрущев бийликке келгенден кийин бүткүл Советтер Союзундагы цензуранын алсырашы жана эркиндиктин берилишинен Кыргыз киносунун таланттары толук пайдалана алышкан. Алар жараткан искусство тайманбастан социалисттик реализмдин чегинен чыгып, эркин жана кеңири чагылдырылган. Жаш кыргыз кино чеберлери ошол мезгилдеги дүйнөлүк кинонун жана искусствонун мыкты жетишкендиктерин өзүнө сиңирип, ошонун негизинде жигердүү түрдө жаңы кино тилин түзүштү, баатырдык, адилеттүүлүк, эрдиктер жана трагедиялар жөнүндө принципиалдуу башкача ой жүгүртүштү. Алардын каармандары мамлекеттик-патриоттук абстракттуулуктун алыс болуп, чыныгы тарыхый шарттарды жана адамдардын боорукердик менен боор ооруган образдарын эске алуу менен өтө конкреттештирилип берилген. Ошондуктан ал кинолорду көргөндө кээде өтө жактырып кубансаң, кээде терең ойлонуп кайгырасын.

ХХ кылымдын 60-80-жылдарындагы кыргыз тасмалары Бүткүл союздук жана эл аралык конкурстардын жана фестивалдардын эң абройлуу сыйлыктарына татыктуу болгон. Дүйнөлүк басылмалар кыргыз киносунун ийгиликтери жөнүндө байма-бай жазып турган. Алар чындыгында жалпы элдин сүйүүсүнө ээ болушкан.

Болотбек Төлөнович Шамшиев (01.12.1941 – 21.12.2019)

Кинорежиссер Болотбек Шамшиев акын-фронтчу Төлөн Шамшиев менен дарыгер Авина Мырзакожоеванын үй-бүлөсүндө туулган. Ал символикалуу түрдө 1941-жылы, кыргыз киносунун негизделген жылы туулган. Болотбек Шамшиев кийинчерээк «кыргыз киносунун кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири болуп калды – бул кыргыз киносунун болуп көрбөгөндөй гүлдөп өнүгүшү жана ХХ кылымдын 60-80-жылдарында алдыңкы дүйнөлүк искусствонун деңгээлине көтөрүлүш доору болгон. Дал ошол жылдары дүйнө жүзү уникалдуу, заманбап жана жандуу кыргыз киносунун бар экендигин билишкен.

Болотбек Шамшиев кичинекей кезинен эле киного жакын болгон. Мектепте окуп жүргөн кездеринен баштап, Фрунзе көркөм жана кинохроникалык даректүү киностудиясында (азыркы «Кыргызфильм» киностудиясы) үн режиссерунун жардамчысы болуп иштеген. 1964-жылы ал эң абройлуу Бүткүл Союздук Мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук бөлүмүн аяктаган, ал жерде Александр Згуридинин устаканасында окуган. Студент кезинде ал актер катары ийгиликтүү дебют жасап, Чыңгыз Айтматовдун «Төө көз» романынын негизинде тартылган Лариса Шепитьконун “Жылуулук” тасмасында башкы ролду ойногон.

Шамшиевдин дипломдук иши катары Саякбай Каралаевдин өмүр-чыгармачылыгын чагылдырган «Манасчы» илимий-популярдуу тасмасы Оберхаузенде (Германия) өткөн эл аралык абройлуу кинофестивалда Гран-приге ээ болгон. Анын кийинки «Караш ашуусундагы атышуу», «Ыссык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн», СССРдин кинопрокатынын чемпиону болгон «Бөрү зындан» тасмалары жогору бааланып, эларалык чоң ийгиликтерге жетишкен. Болотбек Шамшиев жараткан 11 тасманын ичинен Бүткүл союздук же эл аралык кинофестивалдардын лауреаты болбогон бир дагы фильм болгон эмес. Режиссер өзү да көптөгөн сыйлыктарга жана наамдарга ээ болгон (отуздан ашуун). Ал сыйлыктардын кээ бирлери:

  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти
  • Кыргыз ССРинин эл артисти
  • СССРдин эл артисти
  • Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты
  • СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
  • «Ардак Белгиси» ордени
  • Элдердин достугу ордени
  • 3-даражадагы «Манас» ордени
  • 2-даражадагы «Манас» ордени

Болотбек Шамшиев кыргыз маданиятына бир гана кинотасмалары менен салым кошуу менен чектелген эмес. Ал 1989-1995-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин, андан кийин – эгемендүү Кыргызстандын «легендарлуу парламентинин» депутаты болуп турганда маданияттын өнүгүү маселелерин активдүү көтөргөн. 1995-жылы Шамшиев «Ашхабаддан-Таласка чейин» аталышындагы Улуу Жибек Жолу боюнча 1000 чакырым аралыкка ат чабыштын долбоорун ойлоп таап, иштеп чыккан жана ошондой эле «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине арналган ачык асман алдындагы массалык театрлаштырылган оюн-зоок салтанатынын башкы режиссеру болгон. 1996-жылы Болотбек Шамшиев улуттук көк-бөрү оюнунун заманбап версиясын иштеп чыгып, андан тышкары бирдиктүү эрежелерди түзүп, ишке ашырган. Анын арты менен бул улуттук оюн эл аралык деңгээлге чыга алды. 1998-жылы досу жана кесиптеши Аскар Салымбеков менен биргеликте Көк-Бөрү федерациясын негиздеген. Болотбек Шамшиев өмүрүн көптөгөн жылдар бою Кыргызстанды ар кандай мамлекеттик кызматтарда кызмат өтөөгө арнап, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары чет өлкөлөрдө өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп келген. Болотбек Шамшиев өмүрүн көп жылдар бою ар кандай мамлекеттик кызматтарда Кыргызстанга кызмат кылууга арнады жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары чет мамлекетте өлкөнүн кызыкчылыгын коргоду.

Айтурган Абдрахмановна Темирова

Кыргызстандын эң белгилүү киноактрисаларынын бири, чыныгы элдик артист Айтурган Темированын ысымы, кыргыз киносу менен ажырагыс байланышта. Анын чыгармачылык карьерасы 50 жыл мурун Болотбек Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминин тартуу аянтчасында башталган. Кийинчерээк Айтурган Темирова менен көп жылдар бою тагдыр жолдору  байланышкан жаш режиссер, ал кезде мектеп окуучусу болгон жаш кыз – Айтурган Темированын, өтө тез убакытта андан дүйнөлүк масштабда кино жылдызына айлануусуна өбөлгө болгон өздүк тереңдикти жана боорукердикти, каармандарга жараша өзгөрүү жөндөмдүүлүгүн көрө алган.

1972-жылы Тбилисиде өткөн Бүткүл Союздук кинофестивалда Айтурган Темированын актёрдук чеберчилиги жогору бааланып, ага эң мыкты дебют сыйлыгы ыйгарылган. Терең драмалык көрүнүштөн комедияга чейинки – экрандагы ар кандай образдарды чагылдыруу жөндөмү, көп жылдар бою жан аябастык менен иштегендиги жана образдын жана баяндын аныктыгы үчүн түзмө-түз өзүн-өзү курмандыкка чалуу мүмкүнчүлүгү Айтурган Темированы кыргыз киносундагы эң көп талап кылынган актрисалардын бири кылды. Ал биринин артынан бири болуп, – «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан» сыяктуу көптөгөн тасмаларга тартылды жана ал тасмалар атактуулукка жетишти. Сүйүктүү актрисанын катышуусунда тартылган ар бир тасманы миллиондогон көрүүчүлөр көрүп, профессионалдык коомчулук кинофестивалдарда башкы жана атайын сыйлыктарды тапшырышты.

1987-жылы Чынгыз Айтматовдун жеке өзү Айтурган Темированын кыргыз улуттук киносунун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, ага Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамын берүүнү сунуштаган. Белгилүү жазуучу – Айтурган Темированын экранда жалпысынан жыйырмадай жаркын, өзгөчө аял образдарын чагылдырган талантын «кайталангыс, көп кырдуу талант» деп сүрөттөгөн.

Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамынан тышкары, Айтурган Темировага Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ыйгарылды, ошондой эле дагы башка көптөгөн сыйлыктар жана наамдар, анын ичинде Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен белгилүү кыргыз актрисасына II даражадагы «Достық» ордени берилген. Бул жогорку сыйлык Айтурган Темировага Болотбек Шамшиевдин «Снайперлер» тасмасында легендарлуу советтик снайпер, Советтер Союзунун Баатыры, казак аялы Алия Молдагулованын ролун мыкты ойногондугу үчүн берилген.

Премьер-министр Улукбек Марипов: 2021-жылы салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук кандуу иштеп баштоого тийиш

2021-жылы санариптештирүүнүн бардык компоненттери киргизилип жана тиешелүү аналитикалык системалар менен толук кандуу ишке берилүүгө тийиш. Бул тууралуу КР Премьер-Министри Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселелерин талкуулоо боюнча жыйында билдирди.

Өкмөт башчы бажы тармагын санариптештирүү боюнча анчалык канааттандырарлык эмес иштерди белгилеп, бул жаатка өзгөчө басым жасаларын баса көрсөттү.

«Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталган жана биз бул маселеде белгилүү бир натыйжага жетиштик. Бирок ошону менен бирге иште кетирилген бир катар каталыктар жана кемчиликтер бар. Бул жол-жоболорду санариптештирүү боюнча бардык иш-чараларды коррупциялык тобокелдиктерди жоюунун жана бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүнүн, ак ниет салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафакттык продукциядан коргоонун, көмүскө экономиканын үлүшүнүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүүнүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен ыкчам тартипте жүргүзүү зарыл», – деди ал.

Улукбек Марипов системалык негизде Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн да белгиледи.

Видео - Кара-Буурада 40 жумушчу орун түзөбүз деген жаш жубайлар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты

Бүгүн, 6-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын тургундары, жаш жубайлар Моңолбаев Алмазбек келинчеги Жетимиш кызы Нурпери менен КР Президенти Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жасашты.

Жаш жубайлар Кара-Буурада 40 жумушчу орун түзө турган тигүү цехин ачып, продукциясын Москвага экспорттоо үчүн бизнес-долбоор жазышкан. “Жерүй” алтын кени таластыктар үчүн берген каржыдан грант алуу үчүн кайрылышканда, ал акчаны кармаган “Бакубат Талас” уюму грант бербей жатканына нааразы.

Фото - Баткен облусунда баатыр энелер, ардактуу ардагер апалар сыйланды

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, 8-март Аялдардын Эл аралык майрамынын урматына, Баткен облусундагы эң жашы улуу апаларды, көп балалуу баатыр энелерди жана бүт өмүрүн мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө арнаган апаларды куттуктады. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн майрамдык куттуктоо, каалоо тилектерин жана белектерин, өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров, майрам ээлерине жеткирди.

М.Насиров, апаларды куттуктап“Адам баласына өмүр тартуулоо, ага таалим тарбия берип, мээрим менен чоңойтуп, эл катарына кошуу бул эбегейсиз эмгек. Ошол эле учурда, апалар, өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүндө да салымыңыздар зор.   Сиздер ар дайым урмат сыйга татыктуусуздар” деди.

Меню