Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Видео - Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссия: "Кумтөрдө" дагы 180 тоннадан ашык таза алтын бар

Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өндүрүш жайынын абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралу  парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү ири кендердин бири саналган Кумтөр алтын кенин иштетүү максатында 1992-жылы Канаданын Торонто шаарында кыргыз өкмөтү “Камеко” корпорациясы менен Башкы макулдашууга кол койгон. Тилекке каршы, кен жайы иштеп баштагандан бери ар кандай талаш-тартыштар менен катар келишимдердеги мүчүлүштүктөр тууралуу ызы-чуу токтобой келет. Ага ылайык, алтын өндүрүшүн иликтөө багытында бир нече комиссиялар түзүлгөн.  Тагыраагы, 2007-жылы парламенттик жана өкмөттүк комиссия, ал эми 2012-жылы учурдагы мамлекет башчы Садыр Жапаров жетекчилик кылган депутаттык жана мамлекеттик комиссия иликтөө жүргүзгөн. Депутат Акылбек Жапаровдун ырастоосунда ошол учурда  Жогорку Кенештин токтому кабыл алынып, бирок чечимдер толук аткарылбай калган. Андыктан, тиешелүү комиссиялардын буга чейинки  чыгарган бардык чечимдерин кайрадан карап, алардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында 2021-жылдын 17-февралында жаңы мамлекеттик комиссия ишин баштады.

Бийиктиги  3600-4200 метрге чейинки алкакта жайгашкан “Кумтөр Голд Компани” ишканасында 4100дөн ашуун адам иштейт. Алардын 98,5%ы Кыргызстандын жарандары. Андан тышкары, комиссия барган учурда компанияда иштеген чет элдик адистерди ырааттуу түрдө жергиликтүү кадрлар менен алмаштыруу аракети жигердүү жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Өндүрүштөгү иш процесси менен таанышкан комиссия мүчөлөрү бир катар сунуштарга токтолушту. Алсак, депутат Эрмамат Тагаев бир нөөмөттө 12-18 саат иштеген жумушчулардын иш убактысын 6 саатка кыскартууну сунуштап, кызматкерлердин саламаттыгы башкы орунда экенин жүйө келтирди. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков кен казуу аймагында мөңгүлөргө аяр мамиле жасоо маселесин көтөрдү. Анткени, ал жердеги беш мөңгүнүн экөө гана толугу менен таза турат.

Андан сырткары комиссия төрагасы Акылбек Жапаров уулуу заттарды сактоо, компанияда иштегендердин эмгек акысын, жөлөк пулдарын толук чегерүү, алардын саламаттыгына кам көрүү, саркынды сууларды сакталуучу жайды коопсуз кармоо маселелерине байланышкан сунуштарды берди. Ошондой эле депутат Айнуру Алтыбаева кенди калктын келечеги үчүн пайдалангыдай иштетүү керектигин белгилесе, депутат Ныязбек Арзыбаев бардык кен жана шахталарды иштетүүгө бирдиктүү салык системасын киргизүү зарылчылыгына токтолду.

Депутат Каныбек Иманалиев болсо саркынды сууларда калган болжолдуу 106 тонна алтынды кайрадан иштеп чыгуу керектигин билдирип, бул жаатта жаңы тендер өткөрүү мүмкүнчүгү бар экенин кошумчалады. “Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен алтын өндүрүшүнүн жаңы формуласын иштеп чыгышыбыз керек”, – деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек,  Кыргызстан Кумтөрдү иштетүү ишканасында 26% үлүшкө ээ. Аталган мекеме 2020-жылы мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 15,3 миллиард сом которгон. Адистердин айтымында, 500 миң тоннага чейин топурак казылып, 18 миң тоннасы иштетүүгө жөнөтүлгөндөн кийин, күнүнө таза 31 кг алтын алынат.

 

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Сүлүктү шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетилди

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы Сүлүктү шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетилди. Бул тууралу “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу билдирди.
“Партия, Сүлүктү шаардык кеңешине катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин 01.03.2021-жылы Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) тапшырган.
Мыйзамдын талабына ылайык, 24 сааттын ичинде аймактык шайлоо комиссиясы партияны каттоого тоскоолдук кылган документтер боюнча билдирүүгө тийиш.
Өз кезегинде Партия, 48 сааттын ичинде каттоого тоскоолдук кылган документтерди оңдоого жана толуктоого укуктуу.
Жогорудагы мыйзам талабын көзгө илбей 8 күндөн кийин, 9-март күнү гана туура эмес толтурулган документтер боюнча билдирүү берип, 11-март күнү мыйзамды одоно түрдө бузуп, АШК Бүтүн Кыргызстан партиясын каттоодон баш тартат.
13-март күнү Бүтүн Кыргызстан партиясы Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылат, 16-март күнү БШК да аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин туура деп эсептеп, Бүтүн Кыргызстан партиясын каттоо чечими күчүндө калтырылды.
18-март күнү Партия, БШКнын чечимине макул эмес экенин билдирип, Бишкек шаардык Административдик сотуна кайрылган.
Бүгүн, 20-март күнү Бишкек шаардык Административдик соту Бүтүн Кыргызстан партиясын Сүлүктү шаардык кеңешине катыштырбоо чечимин кабыл алды.
Бүтүн Кыргызстан партиясы Административдик соттун чечимине канааттанбайт жана мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Жогорку сотко кайрылат.
Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары акыйкат чечим чыгарына ишенбейт, бирок үмүт кылат.
Жогорку соттун процессин жеринде байкап, талап кылууга аргасызбыз”, – дейт Мирбек Мунарбек уулу.

Байболот Абытов, профессор: Баймухаммед Буранов Казан университетин 1935-жылы бүтүргөн кыргыздын эң алгачкы юристи

Жакында, 10-мартта, мен абдан сыйлаган, азыркы Кыргызстандын мыкты, талыкпай эмгектенген, илим менен саясатты айкалшытыра алган, чыгаан илимпоз, тарых илимдеринин доктору, профессор З.К.Курмановдун ММК кыргыз элинин алгачкы жогор­ку билимдүү  юристтери тууралуу маалыматы чыкты. Алардын катарында И.Момунбаев, К.Курманов, Р.Тургунбеков, К.Нур­беков аталган. Булардын эң биринчиси 1948-жылы юридикалык жогорку окуу жайды бүткөн деп такталган.  Албетте аталгандар алгачкы­лар­дан экени талашсыз. Бирок биздин каарман Буранов Баймухаммед Бөрүе­вич булардан мурда, Казан университетинен 1935-жылы юридикалык билим алып чыккан экен. Урматтуу профессорубуз­дун маалы­мат­та­рын толуктоо ире­тинде, биздин өрөөндүн кулуну, кыргыз эли­нин алгачкы жогорку билим­дүү юристтеринин бири тууралуу энцикло­педия­лык маалыматтарды берип коюну туура көрдүк.

Буранов Баймухаммед Бөрүевич кыргыз элинин алгачкы жогорку билим­дүү юристтеринин бири. Ал киши тууралуу алгачкы маалыматтар Кыр­гыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улут­тук комиссиянын алдындагы “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редак­ция­сы тара­бы­нан чыгарылган “Кара-Кулжа району. Энциклопедияда (-Бишкек, 2013. -167-168) берилген. Жогорку энциклопедиянын түзүүчүлөрүнүн бири менмин.

Биздин ушул энциклопедияда Баймухаммед Бөрүевич тууралуу алгачкы маалы­маттар бар. Баса ал кишини жакындан билген, анын үйүндө жашап, окуп жүргөн жердеши, тарых илимдеринин кандидаты, професор Ж.Адил­баев да бул маалымататрды тастыктаган.

Ошентип, Б.Б.Буранов 1910-жылы Ош уездинин, Капчыгай болушту­гу­нун Секелек айылында туулуп, 1981-жылы 5-майда Совет районунун Кара-Кул­жа айылында кайтыш болгон. Ал киши Кара-Кулжа өрөөнүндө Кеңеш бийлигин чыцдоого активдүү катышкан жергиликтүү, активист жаштардан болгон. Кыргыз улутундагы жогорку билимдүү алгачкы юристтердин бири. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, юстициянын улук кенешчиси (1953-ж.) республиканын юстиция жаатынын эмгек ардагери болгон.

Билим алуу жаатында Таш­кенттеги Орто Азия жибек өндүрүү институтун­да адистерди кайра даярдоо курсун (1932-ж.), Казан университетинин юриди­ка­лык факультетин (1935-ж.) бүтүргөн. Эмгек жолун 1923-жылы «Ширпат» кедейлер коомунун мүчөсү, Секелек айылынын активисти, Совет районунун айыл­дарында алгачкылардан болуп комсомол ячейкаларын түзүүгө жигердүү катышкан. Кара-Кулжа өрөөнүндө жаңы заманды даңазалап, жер-суу рефор­ма­сын турмушка ашырууга, бай-манап­тарды кулакка тартуу жараянына жана тап катары жоюга, басмачыларга каршы күрөшүүгө, айыл чарбасын коллек­тев­дештирүүгө жигердүү катышкан. Алгач, 1929-35-жылдары Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин катчысы, айылдык активист катары Кыргыз АССРинин биринчи конституциялык комиссиянын мүчөсү, 1935-36-ж. республикалык Борбордук аткаруу комитетинин инструк­тору катары кызмат өтөгөн.

Кийнчереээк, 1937-39-жылдары Ысык-Кел облусунун Түп районунун, 1939-40-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районунун про­курору, 1940-49-жыл­дары Фрунзе облустук адвокаттар коллегиясында, Фрунзе шаардык ас­кер комиссариатында, Кыргыз ССРинин Башкы прокуратурасында бөлүм башчы болуп эмгектенет. 1949-58-жылдары Ош облусунун прокурору, 1958-64-жылдары Фрунзе шаарынын прокурорунун орун басары катары эмгектен­ген. Ал эми 1964-71-жылдары рес­пуб­ликалык адвокаттар коллегиясынын төрагасы болгону маалым. 1965-жылдан баштап  Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Юридика­лык комиссиянын мүчөсү. Кыргызстан Ком­му­нисттик ­пар­тиясынын VIII-IX съезддеринин делегаты. Кызыл Жылдыз, I, II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Жогоруда көрүнүп тургандай  Буранов Баймухаммед Бөрүевич жөн эле республиканын юридикалык жаатына эмгеги сиңген ишмер эле эмес, кыргыз элинин Кеңеш доорундагы алгачкы жогорку билимдүү юристтеринин бири. Ал киши билим алган В.И.Ульянов-Ленин атындагы Казан мамлекеттик университетинде, ал кишиден 33 жылдан кийин мен да тарых факеульте­тинен билим алып, ошол билимимдин таасиринде 2002-жылдан бери тарых илимдеринин доктору, профессор болуп жүрөм.

Албетте Буранов Баймухаммед Бөрүевич менин эле эмес бүт элибиздин сый­мыгы. Анткени тоо арасындагы элет жеринде туулуп-өсүп, жетилип, ыраактагы Ташкент, Казан сыяктуу ири шаарлардан жогорку билим алып, республикабызда калыптанып келе жаткан юриспруденция багытына өз салымын кошкону зор сыймык. Өкүнүчтүүсү мен сыйлаган тарых илимдери­нин доктору, профессор Зайнидин Карпековичтин алгачкы жогорку билим­дүү юристтер тууралуу санатына биз атаган Буранов Баймухаммед Бөрүевич кирбей калганы болду. Биз урматтуу профессорубуз З.К.Курманов кийинки маалыматтарына бул кишини да кошо жүрөт деген ойдобуз.

Абытов Б.К.

тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору

Фото - Депутат Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунун Буйга айылында күйүп кеткен мектепке барды

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районундагы иш сапарынын алкагында Буйга айылында жакында эле күйүп кеткен эски мектептин абалы менен таанышты. Белгилей кетсек, эски мектеп 1982-жылы курулган. гаБул тууралу  парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле иш сапарынын алкагында депутат жергиликтүү эл менен да жолугушту.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Кадырлуу мекендештерим!

Жалпыңарды Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Нооруз — адамзат тарыхындагы эң байыркы, миңдеген жылдар бою салтанат менен белгиленип келаткан майрамдардын бири. Анын маңызы — табияттагы бул күндөгү жаңыланууну, коомдун жана адам баласынын жаратылыш менен тыгыз байланышын даңазалоо.

Күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, жаз амалы башталарын эзелки кыргыздар да эсептеп билип, бул күндүн касиетин даңазалаган улуттук салт-жөрөлгөлөрү кадим замандан калыптанган. „Улустун улуу күнү“ деген сөз ошол замандардан калган.

Учурда Кыргызстандын эли жаңы башталыштарды мурда болуп көрбөгөндөй илгери үмүт менен күтүп, алдыга умтулуп турган чагы.

Быйылкы жаз — республикабыз үчүн өзгөчө жаз. Анткени элибиз өтө маанилүү жана жооптуу учурдун —  буга чейинки жетишкендиктерибизди бекемдеп, реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн дагы бир маанилүү кадамды жасоонун, жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумду өткөрүүнүн алдында турат.

Анын мааниси коомубузду жаңы бийиктерге, бакубат жашоого сүрөөгө, улуттун ынтымагын ширөөгө багытталган.

Ар бир үй-бүлө бүгүн дасторконду тегеректеп отуруп, коомубуз тазарсын, үйүбүзгө ырыс толсун деген бата менен эртеңки күнгө, келечекке үмүт-тилек артат.

Анткени ынтымакка бөлөнүп, биримдикке таянганда гана жаркын келечекти кура алабыз.

Эмесе, Нооруз күнү бизге дем берип, элибиздин ырыскысы артсын! Мамлекетибизге молчулук, кут-береке тартууласын! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!»

Алмазбек Акматалиев, саясат таанучу: "Чек ара маселелерин "элдик дипломатия" жолдору менен чечүүдө Өмүрбек Суваналиевге окшогон губернаторлор, хокимдер чоң ролду ойношот"

“Баткендин жаңы генерал-губернатору Өмүрбек Суваналиев чыныгы “элдик дипломатияны” жүргүзө баштаганы кубандырат.. Борбордук бийлик өтө оор болгон чек ара маселесин акыры чечээрине шек жок, буюрса. Бирок, күтүп отура бербей, кошуналар менен жигердүү карым-катнаш кыла баштады”, – деп жазды бүгүн, 19-мартта саясат таанучу Алмазбек Акматалиев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында.

“Алыскы туугандан, жакынкы кошуна жакшы дейт кыргызда. Чын эле: чек ара десе эле эски совет кинолорунда чагылдырылган немис овчаркасы, автомат көтөргөн чекарачы, чек араны күүгүм талаш бузуп өтөйүн деген “душмандар” эске түшпөш керек! Бул өткөн чак, өзгөчө Баткенде… Чек ара бир айылдын борбордук көчөсүнөн, ортодогу каналдан же арыктан өтүп жатса кайдагы овчарка, айланайын..
Бир уй кокус тиги тарапка өтүп кетсе, же кошунасыныкына барып, кеч калып кеткен кыргызды, өзбекти, тажикти “чек араны одоно бузган субьект” катары көрүп, аларды кармап, олчойто штраф сала берсек мамиле оңолбойт эч качан!  Чогуу футбол ойноп, бирге Нооруз тосуп, концерт коюп, талаш деген жерлерге биргелешкен базар салып, сабырдуулукту туу тутсак кана мамиле оңолот…
Өзбекстан менен Кыргызстандын Президенттери бул маселеде чекит коюунун өрнөгүн көрсөтө башташты окшойт! Ылайым эле ошондой болсун! Бул иште Өмүрбек Суваналиевге окшогон губернаторлор, хокимдер чоң ролду ойношот! Жергиликтүү бийлик кечке эле Президенттерин, Өкмөттөрүн беймаза кыла бербей, өзүлөрү да жоопкерчиликти колго алып, ынтымак менен достукту орното башташты көрүнөт!
Чоң жүктү өзүнүн генералдык погондоруна жүктөгөн Өмүкеге ийгилик каалайлы! Ынтымак, ырашкерлик, достук болсо, чек ара деле билинбей калат!”, – дейт Алмазбек Акматалиев.

Видео - Аксынын Семет айылына жаз келип, ички жолдорду оңдоп-түздөө иштери башталды

“Аксы районунун Семет айылына жаз келип, бүгүн, 19-мартта айылдын ички жолдорун оңдоо иштери башталды”, – деп билдирди айыл башчы Кадырбек Парманов.

“Жазгы ички жолдорду оңдоо жыл сайын айылдын жашоочуларынын өз демилгеси жана каражаттарына ишке ашырылат. Техникасы бар тургундар салымын техникасынын кызматы аркылуу көрсөтүшөт. Бүгүн таңдан башталган жумуш кечки саат 20:30да бүтө элек. Бир күндө 1,2 чакырым жол оңдодук. Жалпысынан 200 миң сомго бааланган жумушту өз күчүбүз менен 3-4 күндө бүткөрөбүз деп турабыз. Жолдор оңдолуп бүтөрү менен ички арыктарды тазалап, оңдоп-түзөө жумуштарын баштайбыз”, – дейт айыл башчы Кадырбек Парманов.

 

Эдил Байсалов: “Биз моюнга алышыбыз керек, азыркы иштеп жаткан (2010-жылы кабыл алынган) конституция ишке ашпады, элдин мүдөөсүн аткара алган жок”

“Биз моюнга алышыбыз керек, азыркы иштеп жаткан (2010-жылы кабыл алынган) конституция ишке ашпай, бизге ойдогудай мамлекеттик башкарууну камсыз кылып бере алган жок, элдин мүдөөсүн аткара алган жок“ , – деп билдирди 16-мартта “Ала-Тоо 24” программмасына берген маегинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат жетекчиси, азыркы КРнын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов.

“Ошондуктан акыркы 10 жыл болбосо да 6-7 жылдан бери конституциянын жетишпегендиктерине нааразычылыктар айтылып келе жатат. Ошондон улам өлкө өнүкпөй, кайра артка кетти. Коңшу мамлекеттерге салыштырып көрсөк да  тез эле байкалат. Биз жаш кезде Африка мамлекеттеринин же бул эле тоонун аркы жагындагы Кытай кандай жашачу эле? Эми болсо Кытай байып, Америкадан өтүп баратат. Коңшу мамлекеттерди алсак, мына Казакстан кандай өзгөрдү, анын жер байлыктары бар экен десек, биздин деле кудай берген байлыктарыбыз бар экен. Табигый байлыктарыбызды каза албай, казганын жакшы бөлүштүрө албай жатабыз. Акыркы 20-30 жылдан бери кылганыбыз же талашканыбыз эле Конституция болуп калды. Конституциянын текстинин же президенттик башкаруу менен парламенттик башкаруунун кайсысы жакшы деп талашып жүрүп, негизги маселе – кандай жол менен өнүгөбүз дегендин унутуп койдук. Ушундай өнүгүү программасын  кайсы саясатчы же саясый күчтөр сунуш кылат деп 30 жылдан бери күтүп гана жүрөбүз”, – деди Эдил Байсалов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Бишкекте "Азаттык" радиосунун жабылышын талап кылган мекенчил күчтөрдүн митинги болуп өттү

Бүгүн, 14-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында “Азаттык” радиосунун жабылышын талап кылган мекенчил күчтөрдүн митинги болуп өттү. Митингдин катышуучулары “Азаттык” радиосу айрым бир саясый күчтөрдүн буйрутмасын аткарып, өлкөгө бейстабилдүүлүк жаратууга аракет кылып жатат деп айыпташты. Ошондой эле кээ бир бейөкмөтчүл уюмдардын аракеттерине нааразычылыгын билдиришти. Митингге болжол менен 30дан ашык киши катышты.

Ал эми ар жекшемби күнү өтүп жаткан “Мыйзамдуулук үчүн” митингине бүгүн 10дон ашык киши гана катышты. Бул митингдин катышуучуларынын саны кескин кыскарганы байкалууда.

УКМК: Баткен областынан бангизаттар, курал жарактар жана ок дарылар сакталган жер табылды

2021-жылдын 11-мартында бангизаттарды жана курал жарактарды мыйзамсыз сакталган фактысын бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен областынын Баткен районунан, курал жарактар жана ок-дарылар сакталган жер табылып алынды.

Жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 мм калибрдеги 37 даана ок, жана ошондой эле тангакталган белгисиз заттар, жалпы салмагы 250 грамдан ашык марихуана спецификалык жыты бар заттар табылып алынды.

Бул материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки ондүрүш ишине катталды.

Табылып алынган заттар тийиштүү экспертизага жиберилди.

Азыркы учурда УКМК бул ишке тийешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.

Меню