Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Белгилүү акын, чыгаан журналист, мыкты юрист, Конституциялык палатанын судьясы Жедигер Саалай 60 жашта

27-мартта белгилүү акын, журналист, юрист, Конституциялык палатанын судьясы, бильярд спортунун чебери Жедигер Ибраимович Саалаев (Жедигер Саалай) 60 жашка чыкты. Ал тууралуу досу,  журналист Кабыл Макешов   жашоо ирмемдерин учкай  баяндайт.

  1. Юридика илимдеринин кандидаты, доцент Жедигер Саалай Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында 1961-жылы 27-мартта туулган. Атасы Ыбырайым “эскинин” сабаттуусу, Кураны-Каримди кыргызча түшүндүрүп, окуп бере алган киши болгондуктан, айылдаштары “молдоке” дешкен. Догдурлар атасын “ичер суусу аз калды” дешип, ооруканадан чыгарып берип салышканда, өзүн дары-чөптөр менен дарылап, көп жыл жашаган. Жедигер тогуз бир туугандын алтынчысы. Ал төрөлөөрдө атасы аян алып, түшүндө бабалары “балаң жөн бала болбойт. Атын биз атагандай кой деп, төрөлө элек ымыркайда ат коюшат. Атасы алар айткан ысымды унутуп калып, төрөлгөн уулуна бир ай ат коюлбай, бабалар айткан атын эстей албай убайым тартат. Акыры бир айдан кийин касиети бар иниси  Жедигер деген ысым ыйгарып, асан чакырып ырымдайт. Жедигер жаагын жанган ыйлаак болуп, эжеси Гүлмайрам алганда гана сооронгон дешет бир туургандары.  Мектепте эң жакшы окуп, жеткинчек кезиден эле ыр жазып, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон. Алгачкы макалалары 6-класста окуп жүргөндө “Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш”, “Нарын правдасы” гезиттерине жарыяланып, калем акысына ата-энесине чай-чамек алып берип турган. Атасы оорукчан болгондуктан балтыр эти толо электе агасы Үмөталы экөө кышкысын мектепте “кочегар” болуп иштеп, от жагып, көмүр түшүрүп, ата-энесине кол кабыш кылган.
  2. КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн, аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүн жана КМУУнун бажылык жана юридикалык кадрларын даярдоо боюнча факультетин бүтүргөн. Студент кезинде эле коомдук иштерге аралашып, факультеттин студенттер кеңешин башкарып, комсомол уюмунун катчысы, кесиптер кошунунун төрагасы болгон. Адабий ийримдеринн активдүү мүчөсү катары таанылган.
  3. Университетте окуп жүргөндө эле ошол учурдагы эң таасирдүү маалымат каражаты болгон «Советтик Кыргызстан» гезитинде кабарчы болуп эмгек жолун баштаган. Андан кийин Кыргызстандын Театралдык ишмерлер союзунун драматургия бөлүмүнүн башчысы, КМУУнун журналистика кафедрасынын башчысы, Кыргыз телеберүүсүнүн «Атажурт» жана «Манас» чыгармачыл өндүрүштүк бирикмелеринде продюсер–башкы редактор, Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасынын орунбасары, КМУУнун укук факультетинде окутуучу, Кыргыз Мамлекеттик юридика академиясынын доценти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, эки жолу “Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору, Чүй университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында эксперт (спичрайтер) болуп иштеген. 2015-жылдан бери Конституциялык палатанын судьясы болуп кызмат өтөп келүүдө.
  4. Публицистикага жана поэзияга мектепте окуп жүргөн мезгилинен эле кызыгып чыгармалары райондук, облустук жана республикалык басылмаларда үзбөй жарыяланып келген. Биринчи ырлар жыйнагы «Жөрөлгө» деген ат менен 1987-жылы жарык көргөн. “Жөрөлгө”, “Башат”, “Аргасыздык ырлары”, “Аттануу”, “Аламан”, “Ак куулар”, “Манас духу” ырлар жыйнактарынын, “Бакдөөлөттүн жазы” публицистикалык китебинин, каржы укугу боюнча окуулуктардын автору. Бир нече ырларына обон жаралып, ырдалып жүрөт. «Мээр жана Мөөр», «Бешик той» аттуу пьесалары Кыргызстандын профессионалдык театрларынын сахналарында коюлган.1990-жылдан Кыргызстандын Жазуучулар, 1979-жылдан Журналисттер жана 1987-жылдан Театр ишмерлер союздарынын мүчөсү.
  5. “Эл агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси. 1991-жылы адабият тармагында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына жана 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасына татыктуу болгон. Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Академиянын жана Эл аралык позия Академиясынын академиги. Ак-Муз айылынын, Ат-Башы районунун, Нарын облусунун Ардактуу атуулу. Эл аралык сыйлыктардын ээси.
  6. Жубайы Токон финансы кызматкери, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин окутуучусу болчу. Бир уул, эки кызды тарбиялап, эки небереси бар.
  7. Жедигер менен Токон аш-тойлордун көркүн ачып, обон созуп мыкты ырдашчу эле. Жакындан бери Жедигер жалгыз ырдап, баш бош акын аталып калды. Жедигер бала чагында “Манас” айткан. Кыргыз тил, адабият сабактарында облустук, республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон. Достукка бекем, колунда барын досторунан, жардамга муктаждардан аянбайт. Тойлордо тамада, чоң адабий жыйындарда, концерттерде, мааракелерде алып баруучу болуп жүрөт. Бош убактысында жаратылышка чыгып, эргүү алып, достору менен бильярд ойнойт. Бильярд спортунун чебери катары бир нече турнирлерде байгелүү орундарды ээлеген. “Турар” басмасынын незигдөөчүсү, досу Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган эл аралык бильярд турнирин уюштурган.

Кабыл Макешов, журналист

Алманбет Шыкмаматов, “Ата-Мекен” фракциясынын экс-лидери: “Мен президенттик башкаруу формасына добуш бердим, акыркы 10 жылдагы эксперимент парламентаризм деген блеф, жомок, элди алдоо экенин көрсөттү”

-Сиз мурда парламенттик башкарууну колдоп келгендердин бири болгонсуз, 10-январдагы референдумда кайсы башкаруу формасына добуш бердиңиз?

Мен референдумда президенттик башкаруу формасына добуш бердим. Парламентаризм – бул идеалдуу башкаруу формасы. Бирок ага коом, партиялар даяр болуусу керек. Коом даяр болгондо гана парламентаризмге өтүш керек экенин 10 жылдык эксперимент көрсөттү да. Мына азыркы кадрдык башаламандыктар, кадрлардын сапатынын начардыгы, азыр бардык министрликтерде 60% ишин билбеген кадрлар олтурат. Алардын баары ар кандай фракциялардан келишкен лоббисттер. “Таанышың болсо танкасын, таанышың жок болсо манкасын” деген принцип “именно” азыр иштеп жатат. Мурункудай кесипкөйлөрдү тандаган вертикаль системасы жок калды азыр.  Жетекчилеринен “эй мунуң иштебей жатат го,  эмнеге кетирбейсин?” деп сурасаң, “мунун “крышасы” фракция” дейт, кетирсем эртең фракцияга чакырып алып, беттырмалык кылып, абийиримди кетирет, анда көрө жүрө берсин” дейт. Демек биздин саясый маданият, фракциялардын саясый деңгээли, жоопкерчилиги жетиле элек. Парламенттеги фракция мүчөлөрүнүн 80% кадр дайындоо иштерине кийлигишет.  Резюме көтөрүп эле “муну тияккка кызматка дайындап бер, муну биякка дайындап бер, шайлоодо жардам берген, эртең шайлоодо дагы жардам берет” деп жүрүшөт. Кадрды дайындоодо мындай жол менен эмес, анын профессионалдуулугун карап тандоо керек да. Азыр кадр саясаты өтө начарлап кетти.  Бул парламенттик система деген 10 жылдык эксперименттин бир эле кесепети.

Экинчиден, парламенттик система деген – бул партиялардын атаандашуусу. Шайлоодо утуп келген партиянын лидери премьер-министр болот да бийликтин баарын колуна топтоп, мамлекеттеги бүт саясатты жүргүзөт. Бизде айткылачы, партиялар барбы? Социалисттер партиясына капиталисттер толуп алган, капиталисттерге социалисттер кирип алган. Тааныш-билиш, жердеш, досчулук, акча, ким-кимге көбүрөөк акча берди, ошонун негизинде эле партиялык тизме түзүлүп жатпайбы. Азыр СДПКдагылар эртең “Биримдикте”, бүгүн “Мекенчилде”, ушулар партияларбы? Булар партия эмес да…

-Сиз деле алгач “Ата-Мекен” партиясында, андан кийин “Бир бол” партиясында болбодуңузбу?

-Мен “Ата-Мекенде”, анан “Бир болдо” болдум, бирок мен “Ата-Мекенге” силер жаман экенсиңер, “итиңер чөп жебей калды” деп кетип калган жокмун да… Биздики эки дос урушуп кетти дегендей, сейрек учуроочу окуя болду. Башкалар “мен тиги партияга кеттим” деп эле ачык кетип жатпайбы, аны партия дебейт. “Парламентаризм курабыз” деп бакылдай бергендерди мен көрүп алып, бир чети зээним кейийт, анткени көп адамдар ишенип жатышат да. Алар өздөрү деле билет, бул куру кыйкырык (блеф) экенин, жомок айтып жатканын, анткени парламентаризм деген эмне экенин 5 адам түшүнсө, 20 адам түшүнбөй эле чуулдап жатышат. Парламентаризм деген кооз сөзбү же… Мага бир демократиялык партияны айтып бергилечи, мисалы мен айтып бере албайм. Бардык партиялар бизде жеке менчик фирмалар. Бүт! Мага “любойун” айткыла, “любой” партияда кожоюну бар, лидери эмес, кожоюну бар. Ошол партиялар менен биз кантип парламентаризмди курабыз? Партия деген фанаттардын, идеяга ширелишкен, демократиялуу башкаруу эрежелери бар, классикалык партия болуш керек дүйнөдөгүдөй, Европадагыдай. Азыр парламентаризмдин үлгүсү – бул Европа. Бирок алар 300 жыл партияларды тээтиги уңгусунан баштап түптөгөн. Эгерде биз азыр убагында токтотуп калбасак мобуну, биз партия деген түшүнүктү таптакыр талкалап, тамтыгын чыгарабыз. Азыр кээ бир олигархтар партия түзүп, бийлик алганды коммерциялык схема кылып алган. Анан ушул жол менен парламентаризмге барабызбы? Кадимкидей партия түзөбүз, политтехнологдорду жалдайбыз, журналисттерди алып келип пиар кылабыз, анан анча-мынча “жылдыздарды” алып келип, тизмеге аралаштырабыз, анан акчаларды чогултуп, момунча байыйбыз, алып келип туруп бийликке ээ болобуз. Парламентке келип бийликти алабыз. Анан ошол жерде олтуруп алып, мамлекеттин ресурстарын бөлүштүрөбүз.Кадр саясатын чечебиз. Мамлекеттин тагдырын аныктайбыз” деген коммерциялык структурага айланып кеткен. Мына ушуну, биз  ушул нерсени тобокел кылып, уланта алабызбы? Же сындырып жок дейбизби? Менин оюмча сындырып жок кылыш керек. Бул адат болбойт, туугандар! Бир чоң коммерциялык структурага айланып калды.

-Бир жыл мурун башкача пикир айттыңыз эле да, бизге парламенттик башкаруу керек деп?

Парламенттик башкаруу керек, бирок колубузду жүрөкко коюп айталы, азыркы эксперимент болбой калды. Ошого көгөрө бербей, эркибизди жеткирели, айталы. Азыркы парламентаризм деген эксперимент болбой калды. Артка кайтып, кайра келели. Бирок, азыркы жолду “дальше” уланта берген болбойт. Анда тыптыйпыл болобуз. Жөн эле ит-акмагыбыз чыгат. Биздикиндей экспериментке бир да башка мамлекет чыдай алмак эмес, чачырап кетмек… Парламентаризм дегенге жамынып алып, элди алдабайлы! Азыркы биздеги система парламентаризм эмес, бизде саясый акционердик коом, фирма болуп калды… Партиялык тизмеге кирүү үчүн “канча акча бердиң? Мынча бердим” деген сөз ачык эле айтылып калды. Муну эл да билет. Бул парламентаризм эмес…

“Супер ТВ” каналынын видеосунун текстин кагазга түшүргөн Кyrgyztoday.кg

Видео - Умар Анарбаев, Апрель баатыры: "2010-жылдагы Текебаев жазган конституция өзүн актабады, ошондуктан мен президенттик башкаруу формасына ылайыктап жазылган жаңы конституцияны колдойм"

Бүгүн, 25-мартта Талас шаарында жаңы конституциянынын долбоорун талкуу боюнча жыйын болуп өттү. Ага шаардык коомчулук менен конституцияны колдоо тобунун өкүлдөрү катышты. Бул тууралу бизге Апрель баатыры Умар Анарбаев өзү билдлирди.

Жыйында чыгып сүйлөгөн Апрель баатыры Умар Анарбаев 2010-жылы кабыл алынган “Текебаевдик” конституция өзүн актабагандыгын белгилеп, 10-январдагы референдумда президенттик башкаруу формасына добуш бергенин жарыя кылган.

Ал эми алдыдагы, 11-апрелдеги референдумда жаңы жазылган конституциянын долбоорун колдоп добуш берерин айтты.

Андан сырткары Японияда парламенттин депутаттыгына негизинен 60 жаштан өткөн, турмушту көргөн, тажрыйбалуу адамдар шайланарын белгилеп, бизде да мындай тажрыйбаны пайдаланууну сунуш кылды.

Акырында өлкөдө түзүлгөн саясый тандем – Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандемин колдого чакырды.

Баткендин жаңы губернатору Өмүрбек Суваналиев коңшу Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү менен конфронтация жолун эмес, ачык кызматташуу саясатын баштады

Баткен облусунда коңшу өлкөлөр менен  чек ара чыры күчөп, өткөрмө пункттар жабылып, контрабанда гүлдөп, чек арада жашаган эл митингдерге чыгып, президентке кайрылуу жасап, чек арадагы кризистерди чечүүнү талап кыла баштаганда парезидент Садыр Жапаров 15-февралда Баткенге кризис-менеджер катары генерал Өмүрбек Суваналиевди жиберди.

Генерал-губернатор Баткенге келери менен чыр чыгып жаткан участокторду кыдырып, тирешүүлөрдү жана нааразычылык акцияларын түшүндүрүү иштери менен токтотууга жетише алды. Азыр Баткенде, көз тийбесин, чек ара чыңалуулары басаңдады. Стабилдүүлүк орной баштады.

Экинчи кадам катары – Баткенден коңшу өлкөлөргө контрабанданы токтотууга чоң аракеттерди баштап, бул багытта өз планын өкмөткө сунуштап, премьер-министрдин колдоосун тапты. Азыркы күндө контрабандагы каршы бардык багытта катуу күрөш жүрүүдө. Аткезчилик акырындап өз позициясын жоготууда.

Үчүнчү кадам катары – коңшу Тажикстандын Согди облусунун губернатору менен жолугуп, жабылып турган чек ара өткөрмө пунктарын ачуу, талашсыз такталган аймактарда чек ара соодасын өнүктүрүү боюнча макулдашты.

Эми Өзбекстандын Фергана облусунун акимчилиги менен ушундай эле келишимдерди түзүү үстүндө иштеп жатышат.

“Баткен  Кыргызстандын эң кичине жана экономикасы алсыз облусу болгону менен Тажикстан менен Өзбекстандын эң бай, күчтүү Согди жана Фергана облустары менен чектешип турат. Бул коңшу облустарда соода-сатык, өндүрүш жакшы өнүккөн, калкынын саны көп, рыногу чоң. Ошондуктан биз бул коңшулар менен тирешпей, такталган аймактарда контрабандасыз, ачык чек ара соодасын өнүктүрүшбүз керек. Алардын чоң рыногуна биздин атамекендик товарларды жана реэкспортту күргүштөп киргизишибиз зарыл. Бул бизнеске мурункудай “крышалары” Бишкекте олтурган контрабандисттерди аралаштырбай, мүмкүн болушунча жергиликтүү жарандарды аралаштырыш керек”, – дейт генерал-губернатор.

“Баткен жакынкы жылдарда коңшулар менен чек арасын тактап, алар менен ачык соода жүргүзгөн эркин экономикалык аймакка айланышы зарыл. Жаңы жумушчу орундар түзүлүп, эмгек миграциясы токтоп, өнүгүүө бет алышы үчүн азыр тынымсыз аракеттер башталды”, – деп кошумчалады Суваналиев.

Ошол эле учурда азыр айрым бир саясый күчтөр жана контрабандисттер чек арада ар кандай чагымдарды уюштуруп, стабилдүүлуккө шек келтирип, чыр чыгарып, абалды чыңалтууга аракет кылышууда. Буга мисал катары кечээ социалдык түйүндөрдө жарыяланган Баткендин Ак-Сай айыл округуна караштуу Көк-Таш айылынын Чек-Дөбө участогунун тургуну, 6- класстын окуучусу Абдирахимов Адилбек Эсановичдин президентке  видеокайрылуусун алса болот. Ал жаш баланы пайдаланып, анын ата-энесине билдирбей видеокайрылуу тартышып, социалдык тармактарга жарыялоонун артында чоң эле, жашы жеткен адамдар тургандыгы аныкталды.

Азыр чагымчылар чек арада ушундай чагымдарды уюштуруу менен кайрадан чыңалууну пайда кылып, эки эл тирешип жатканда ортосунан пайда көрүү менен баягы эле эски контрабандалык ишкердиктерин кайра жандандырууга үмүт артып турушат.

Мындай учурда генерал-губернатор Өмүрбек Суваналиевдин көп жылдык кризис-менеджерлик тажрыйбасы биздин өлкөдөгү эң чакан жана чабал облустту ушул кризистерден алып чыгып кетүүгө жетишет деп ишенип туралы.

Видео - "Чоң казат" кыймылынын лидери алмашты

Бүгүн, 22-мартта революционер Бакай Кашкарбаев видеокайрылуу жасап, “Чоң казат” кыймылынын лидери алмашканын билдирди.

“Урматтуу мекендештер! Доор алмашат, ситуация алмашат. Ошол ситуацияга жараша баары өзгөрүп турат. Ошол улуу кыймылдын, улуу жолдун жаңы лидери мына, Актан деген бир тууганыбыз шайланды. Мындан ары “Чоң казат” кыймылынын лидери Актан баатыр деп тааныгыла. Актанга Кудай күч-кубат берсин, жемкорлордун, коррупционерлердин үйүнө жеткиче биз токтобойбуз”, – деп тааныштырды Бакай Кашкарбаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин “Чоң казат” кыймылынын лидерлери болуп экс-чиновниктер Сыймык Жапыкеев менен Максат Мамыткановдор саналышкан.

Фото - Баткен облусунда жаңы оорукананын курулушу башталды

Бүгүн 22-март күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында “Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул тууралу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш чарага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев катышып,оорукананын курулушуна капсула салды.Ыйгарым укуктуу өкүл,аймак элин бул жакшы саамалык менен куттуктап,курулушту каржылоого алган “Ас-Сафа-Борбору” коомдук бирикмесине жана бирикменин аткаруучу директору Ибрагим Мальсаговго ыраазычылыгын билдирди.Ошондой эле “аталган бирикменин,облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымы,өзгөчө баалоого арзыйт” деп белгиледи.
“Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жалпы аянты 510 м2 болгон эки кабаттуу жаңы имаратында, хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн кааналар болот.
Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан,ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар да орнотулат. Курулуш 2021-жылдын октябрь айында аяктап,пайдаланууга берүү пландаштырылууда.
Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 000 000 сомду түзөт.

Видео - Грек-рим күрөшү боюнча Бишкектин биринчилигинде “Беш сары” спорт клубунун балбандары жеңишке жетишти

Кечээ, 21-мартта Бишкек шаарында  грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы биринчилик өттү. Ал мелдешке жалпысынан 180 балбан катышты.

Бул биринчиликтен уткан балбандар эл аралык мелдештерге жана Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатына жолдомолорду утуп алышты.

Ошондой эле бул биринчиликтин натыйжалары менен мыкты балбандардын катышуусунда грек-рим күрөшү боюнча Бишкек шаардык курама командасы түзүлдү.

Бул мелдеште “Беш сары” спорт клубунун балбаны Өскөнбаев Алишер биринчи орунду жеңип алды. Муратбек уулу Саид  51 кг салмактагылардын арасында 2-орунга татыды.  Дастан Эсенгулов 55 кг салмактагылардын арасында 3-орунга ээ болду.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Беш сары” спорт клубун депутат Камчыбек Жолдошбаев негиздеп, каржылап келе жатат.

 

Фото - “Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнүнүн” алкагында юстиция органдарынын кызматкерлери көчөттөрдү отургузушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген “Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнүнүн” алкагында Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери министрликтин имаратынын алдына көчөттөрдү отургузушту. Бул тууралу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле, министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрү тарабынан да жер-жерлерде  ишембиликтер уюштурулуп, анын алкагында көчөттөр отургузулду.

Видео - Таластын тургуну: "Жер үй алтын кенин Атамбаев менен Темир Сариев 2015-жылы ит бекер сатышкан, эми Садыр Жапаров оңдой албайт"

“Жер үй алтын кенин 2015-жылы президент Алмаз Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев ит бекер сатышкан. Ошондо биз чыгып каршылык көрсөтсөк, бизге каршы кылмыш иштерин козгоп, куугунтуктап, айрымдары качып кутулду, айрымдары өлүп кутулду”, – деп билдирди Таластык активисттердин бири.

“Эми бизди “торпеда” кылбагыла, Атамбаев менен Темир Сариев бизди куугунтуктаганда катын-бала, үй-бүлөбүз кыйналды, ата-энебиз оруулуу болду, урук-туугандарыбыз кыйналды, өзүбүз жалгыз калдык… Биздин эл өзү ушундай эл экен. Биздин айылдан эле Атамбаев 12 кишини камады. Жер үй кетти, эми эч ким эч нерсе кыла албайт. Убагында, Атамбаев менен Сариев сатып жатканда көтөрүлүш керек болчу. Эми Садыр Жапаров оңдой албайт, оңдош үчүн биз аны колдошубуз керек, ошондо президент оңдойт, биз колдобосок президент оңдой албайт…”, – деди активист.

 

Кыргызстанда биринчи жолу Европа кинотасмаларынын фестивалы онлайн өткөрүлөт

Европа тасмаларыны фестивалы кайтып келди! Бүгүн, 22-мартта Европа Бирлигинин (ЕБ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салттуу Европа кинотасмаларынын фестивалы старт алат.

Иш-чара 22-28-март аралыгында онлайн тартибинде өтөт. Бул убакыттын ичинде www.euin.kg платформасында кыргызстандыктар ЕБ өлкөлөрүнүн 11 тасмасын жана айлана-чөйрөнү коргоо темасындагы 8 кыска метраждуу тасмаларды акысыз жана каттоосуз көрө алышат. Бардык фильмдер ЕвроБиримдикке мүчө мамлекеттердин эне тилдеринде орусча же англисче субтитрлер менен коштолуп көрсөтүлөт.

Фестивалдын көпчүлүк тасмалары кадыр-барктуу эл аралык кинофестивалдардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү: Венециядагы “Ыйык Георгий” кинофестивалынын лауреаты, “Sawah” Флоренция кинофестивалынын лауреаты, Амстердам жана Мадрид эл аралык даректүү тасмалар фестивалынын жеңүүчүсү ” Бейиштеги бейтааныш” жана башкалар.

«Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынын айынан 2020-жылы салтка айланган Европа тасмаларынын фестивалы өткөрүлбөй калды. Быйыл аны кайрадан жандандыруу ниетибиз бар, бирок коронавирус коркунучу сакталып тургандыктан кинотеатрда аны уюштуруу көйгөй жаратууда. Ошондуктан, биз бул фестивалды виртуалдык форматта өткөрүүнү туура таптык, – деп алдыдагы ишчараны жарыялап жатып Европа Бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр билдирди. – Бир жагынан, майрамдык маанайдын жоктугу өкүнүчтүү – чоң кинозал, жаркыраган жарыктар, көрүүчүлөр ж.б. Бирок онлайн форматтын дагы жакшы жактары бар – тасмаларды үйүңүздөн чыкпай эле көрө аласыз. Иш-чара сөзсүз кызыктуу болот”, – дейт  элчи.

Фильмдерден тышкары эксклюзивдүү талкуулар, чеберлер-классы жана европалык киноишкерлер менен жолугушуулар болот. 22-24-мартта Бишкекте сценарий жазуунун техникасы боюнча бельгиялык адис Доменико Ла Портанын үч күндүк чеберлер-классы өтөт, 25-мартта италиялык эксперт Андреа Рокко кино комиссиялардын иши жана кино искусствону каржылоо жөнүндө айтып берет, 26-мартта Италиялык спикер Карло Д’Урси нөлдөн баштап кино тартуу боюнча онлайн семинар өткөрөт.

Кинофестивалдын бардык иш-чаралары жөнүндө кулактандыруулар Европа Бирлигинин Кыргызстандагы баракчасынын Facebook платформасында жарыяланат.

Меню