Өзбекстанда 31-майда эмдөөнүн жаңы этабы башталды. Ага ылайык, чет өлкөгө кете турган студенттер, журналисттер, блогерлер жана жазуучулар эмделет.
Бул тууралуу Vaksinauz Telegram-каналына Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык кызматынын өкүлү Насиба Тоирова билдирген.
Өзбекстанда эмдөөнүн биринчи айлампасында 65 жаштан ашкандар, медициналык кызматкерлер, мугалимдер жана өнөкөт оорусу барлар эмделген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
Өзбекстан президентинин тун кызы Саида Мирзиёева Ташкент облусунун Бухара районунда беш президенттик демилгени сунуштагандан эки жыл өткөн соң IV кылымдагы археологиялык казуулардын ордуна курулган жаштар комплекси кароосуз калды.
Ондогон фитнес-клубдан турган комплексин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сум (189 миң доллар) жумшалган.
Заманбап курулуштун алдында төртүнчү кылымдагы археологиялык эстелик бар. Байыркы “Самсарак” шаарын ким курганы белгисиз.
Ташкент облустук прокуратурасы маданий мурас объектилерин көзөмөлгө алуу жөнүндө сунуш киргизгенден кийин “Самсарак” шаарын бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Археологиялык эстеликтер турган жерге имарат курган аткаминер жоопко тартылган. Бирок сот 239 млрд сум айып пулду Букин райондук администрациясы төлөшү керек деген чечим чыгарган.
Байыркы казуулардын ордуна тургузулган заманбап имарат Маданий мурастар департаментинин балансына өткөн. Аткаминерлер учурда жаңы комплекстен кантип кутулуунун жолун билишпейт. Азыркы мыйзамдар боюнча дөңсөөгө бир дагы экскаватор же башка курулуш техникасы чыкканга болбойт.
Ушул тапта ал жерди жолбун иттер менен мал байырлап калган.
Букин районундагы тарыхый жайда “беш демилге борборун” түзүү сунушун өзбек басылмалары “дүйнөлүк окуя” деп аташкан. 2019-жылдагы салтанатка бир катар аткаминерлер, анын ичинде Мирзиёевдин кызы Саида да катышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
Видео куттуктоонун негизги максаты – бул балдарыбызды 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү жана жайкы каникулдун башталышы, алдыда турган көңүлдүү оюндар, жаңы ачылыштар жана таасирлер менен гана куттуктап калбастан, алардын келечеги жана жаркын турмушу үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин эскертүү болуп саналат.
Балалык – ар бир адамдын жашоосундагы өзгөчө мезгил. Себеби, ушул куракта анын инсандык касиети калыптанат, ден-соолуктун өзөгү түптөлөт. Өлкөдө үй-бүлөнү жана балдарды колдоо, жогорку сапаттагы жана жеткиликтүү билим берүүнү, ошондой эле саламаттыкты сактоону өнүктүрүү маселелери биринчи кезектеги милдеттердин бири бойдон калууда. Демек, ар бирибиз, баладардын эң маанилүү укугун – татыктуу жана бактылуу балалыгын камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерибизди көрүүгө тийишпиз.
Майрам күнү – ар бир балдарыбыздын жүзүндө жылмаюу жаркырап, көздөрүндө кубаныч жана шаттык жаркырап турсун!
“Кумтөр” иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун адвокаты Амантур Абдрахманов билдирүү таратты. Анда Бабановду эмнеге айыптап жатканы белгисиз экени айтылат.
“Өмүрбек Бабанов сурак протоколуна”Айыптоонун маңызы мага түшүнүксүз. Кылмыш кылууга өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм”, – деп жазды. Ал премьер-министр болуп турганда Кумтөр боюнча эки чечим кабыл алган. Биринчиси, Кумтөр голд” компаниясынын жаратылыш-коруктарын сактоосун текшерүү боюнча комиссия түзүү тууралуу, экинчиси мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун “Кумтөр голдго” 16 330 гектар жер берген токтомун жокко чыгаруу жөнүндө”,-деди Абдрахманов.
Экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 31-майда билдирген.
Мекеменин маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде Өмүрбек Бабановго Жазык жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш жасаган деген айып тагылды. УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобу Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупциялык фактыларды иликтеп жатат.
Бабанов 2009-жылы Курманбек Бакиевдин тушунда вице-премьер-министр болуп иштеген.
Бабанов премьер-министр болуп турган учурунда, 2012-жылы өкмөт жакырчылыкты жоюуга багытталган “Ала-Тоо финанс” деп аталган мамлекеттик чакан кредиттөө компаниясын ачкан. Ал Кумтөр кенинен түшкөн акчага каржыланып, анын ишмердүүлүгү кийин бир топ суроо жараткан.
Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы эң таасирлүү саясатчылардын жана бай адамдардын бири.
Анын “Республика” партиясы 2010 жана 2015-жылдары парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңешке келген.
Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго башкы атаандаш болуп, күрөшкө чыкканда бир нече кылмыш иши козголгон. Анын айынан саясий дымагы күчтүү Бабанов «Республика» партиясынын лидерлигинен кеткенин жарыялаган.
Өмүрбек Бабанов быйылкы президенттик шайлоого катышпай, Садыр Жапаров баштаган бийликти колдой турганын билдирген.
Быйыл мартта бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 млн. сом которуп берген. Ошол эле учурда ага мурдагы бийликтердин тушунда козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулган.
Бабановго каршы иштерди тергеген УКМК Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок болгондуктан иш жабылганын кабарлаган.
Бүгүн, 31-майдан 1-июнга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту КР Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбай Зулпукаровду “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдөгү коррупция фактылары боюнча КР Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүнө (коррупция) ылайык 2 айга камакка алды.
Билермандардын айтуусунда “Кумтөр голд компани” ишканасынын офисин тинтүү учурунда кыргыздын көптөгөн чиновниктери менен депутаттары Кумтөрдөн тымызын пара алып жүрүшкөнүн далилдеген документтер табылган.
Эсиниздерге сала кетсек, Төрөбай Зулпукаров экс-спикер Асылбек Жээнбековдун “алып кел, чаап кел” деген буйрутмаларын аткарып жүргөн “кол баласы” катары коомчулукка белгилүү.
Ага чейин Төрөбай Зулпукаров милицияда иштеп, кыз зордуктоого айыпталып, кызматынан кеткендиги менен да чуулгандуу адам катары аты чыккан.
Бүгүн, 31-майдан 1-июнга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту КР Жогорку Кеңешинин депутаты, экс-спикер Асылбек Жээнбековду “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдөгү коррупция фактылары боюнча КР Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүнө (коррупция) ылайык 2 айга камакка алды.
Билермандардын айтуусунда “Кумтөр голд компани” ишканасынын офисин тинтүү учурунда кыргыздын көптөгөн чиновниктери менен депутаттары Кумтөрдөн тымызын пара алып жүрүшкөнүн далилдеген документтер табылган.
“Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этаптарындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында ведомоствлор аралык тергөө тобу бул иштерге тиешеси бар жарандар менен бирге тергөө аракеттерин жүргүзүүдө. Бул тууралу УКМКдан билдиришти.
Бүгүн, 31-майда КР Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүнө (коррупция) ылайык бир нече тергөө-иликтөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин аталган кылмыштарга шектелип, экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев УКМКнын тергөө абагына кармалышты.
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Айзада Максатбекова “Погончон айым -2021” конкурсунда гран-приге ээ болду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Куралдуу күчтөр күнүнө арналып 29-майда А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин имаратында өттү.
“Мен эң күчтүү” биринчи конкурсунда катышуучулардын алдында күжүрмөн кесиптик даярдыгын көрсөтүү, экинчи “Мен ар тараптуумун” – конкурсунда өздөрүнүн оригиналдуу стили менен тааныштытуу тапшырмасы коюлган.
“Мен үйдө погонсуз” конкурсунда катышуучулар тамак жасоо өнөрүн көрсөтүштү.
Ошондой эле “Мен ырдайм же бийлейм” конкурсунда көрүүчүлөргө өз таланттарын тартуулашты.
Айзада Акыркы “Кандай болсо да мен айым” конкурсунда (дефиле) катышуучулар кече көйнөктөрүн кийип чыгышты. Түндүк-Чыгыш бажысынын юридикалык иштер боюнча бөлүмүнүн инспектору, бажы кызматынын кенже лейтенанты Айзада Максатбекова жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүп, жеңишке ээ болду. Ошондой эле конкурска ӨКМ, ЖАМК, МЧК, ИИМ жана ИИМ Академиясынын өкүлдөрү катышышты. Бардык катышуучулар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Аталган иш-чара акыркы 15 жылдан бери өткөрүлүп келет.