Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

УКМК: «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча Өмүрбек Бабанов кармалды

Мурда УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Ички иштер министрлиги тарабынан, «Кумтор» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер министр Ө.Бабанов кармалды.

КР УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат.

Өлкөнүн маалыматтык саясатынын концепциясынын долбоору тааныштырылат

3-июнда Бишкекте өлкөнүн 2021-2025-жылдарга карата маалыматтык саясатынын концепциясынын долбоору тааныштырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалымат жана коммуникациялар департаменти кабарлады.

Маалыматка караганда, иш-чара «КРдин маалыматтык саясатынын концепциясы. Мамлекет менен медианын диалогу» аттуу улуттук медиафорумдун алкагында өтөт. Анын жүрүшүндө сунушталган долбоордун негизги жоболору талкууланып, сөз эркиндигин коргоо, өзгөчө кырдаалар жана жаңжалдар учурундагы медианын иши тууралуу сөз болот. Мындан тышкары улуттук контентти өнүктүрүү үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгү менен ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу маселеси да көтөрүлөт.

Департаменттин маалыматына караганда, улуттук медиафорумга эксперттер, медиатармактын, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Сөз эркиндигинин глобалдык рейтингинде Кыргызстан 79-орун турат. Казакстан 155чи, Өзбекстан 157чи, Тажикстан 162чи жана Түркмөнстан 178-орунга жайгашкан.

УКМК: Экс-депутат Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетинине өз ыктыяры менен100 миллион сом которду

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери  жүргүзүлдү

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аныкталган жок.

Бирок, Сергей Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди.

Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.

Эске сала кетсек, ишкер Сергей Ибрагимов азыр “Кыргыз коньягы”, “Кыргыз бальзамы”, “Бакай” арагы жана “Кыргыз сапаты” сыяктуу ондогон спирт ичимдиктерин чыгарган заводдордун ээси.

Видео - Тажикстанда чегиртке каптаган аянт 87 миң гектарга жетти

Тажикстанда чегиртке каптаган айыл чарба жерлеринин аянты 87 миң гектарга жетти.

Өлкөнүн Айыл чарба министрлигине караштуу «Чегирткеге каршы күрөшүү боюнча экспедиция» мекемесинин адистери быйыл өлкө боюнча чегиртке каптаган жерлердин жалпы аянты 115 миң гектарга жетиши мүмкүн экенин эскертишүүдө. Алардын айтымында, бул былтыркыга салыштырмалуу 13 миң гектарга көп болот.

«Азыр айыл чарба жерлерине дары чачылып жатат. Чегирткеге каршы күрөшүүгө ондогон техника, аэрозоль станоктору жана башка каражаттар тартылды», — деди мекеме жетекчисинин орун басары Ахмаджон Муминжонов.

25-майда өлкө президенти Эмомали Рахмон чегиртке көп каптап жаткан Хатлон облусундагы Пянж районунун жетекчиси менен телефондо сүйлөшүп, айыл чарба жерлерин дарылоону күчөтүү тапшырмасын берген.

Чегирткелер тажик дыйкандарына канча зыян алып келгени боюнча расмий статистика жок. Өлкөнүн айыл чарба тармагы жыл сайын жаз жана жай мезгилдеринде чегирткелерден жабыр тартып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москвада ГРУнун имаратына кол салуу аракети үчүн 5 тажик жараны соттолду

Москвада Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) имаратына кол салуу аракети үчүн Тажикстандын беш жараны 9 жылдан 17 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолду.

Аларга теракт даярдоо, террордук топ түзүү жана мыйзамсыз курал-жарак сатуу айыптары тагылган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, соттолуучулар мессенджер аркылуу «Ислам мамлекети» террордук тобунун «тажик канатынын» башчысы Тожиддин Назаровдон (Абу Усама Нораки) теракт даярдоо боюнча тапшырмаларды алып турушкан.

“Коммерсант” басылмасы Орусиянын күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына таянып, Назаров 2018-жылы тажикстандык мигранттарга ГРУнун Хорошевский шоссесиндеги кеңсесине кол салуу тапшырмасын бергенин, бирок планы ишке ашпай калгандан кийин шаар четинде коомдук транспорттордун бирин жардырууну буюрган.

«Интерфакс» маалымат агенттиги айыпталуучулар күнөөлөрүн моюндарына албаганын кабарлады. Сотто алардын бири бул иш ойдон чыгарылганын жана аларга жалаа жабылганын айтып кыйкырган.

Бул иш боюнча сот отурумдары жабык өтүп, иштин материалдары ачык жарыяланган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан менен Орусия «Спутник V» вакцинасын биргелешип өндүрүүнү макулдашты

Ташкент менен Москва «Спутник V» вакцинасын Өзбекстанда өндүрүү тууралуу макулдашты.

Ташкентке иш сапары менен барган Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко өзбек тарап вакцинанын өндүрүшү үчүн аянтча даярдап койгонун билдирди.

«Эки өлкөнүн президенттеринин тапшырмасынын алкагында Өзбекстанда «Спутник V» вакцинасынын өндүрүшүн жолго коюу тууралуу макулдаштык», — деди Мурашко.

Өзбекстанга «Спутник V» вакцинасынын алгачкы партиясы 23-апрелде, экинчиси 27-апрелде жеткирилген.

Өткөн жумада Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Сочиде жолукканда Москва коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатканын билдирген.

“Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, антивирустук дарыларды жана вакциналарды жеткирүүдө жардам берип келген жана мындан ары да жардам берет. Азыр биздин адистер “Спутник V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин изилдеп жатышат”, – деген Путин.

22-апрелде Бишкекке Орусиянын “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозадан турган алгачкы партиясы жеткирилген. Алардын 15 миңи 10 доллардан сатылып алынса, 5 миңи гуманитардык жардам катары келген.

10-майда Кыргызстан Орусиядан кошумча дагы 20 миң доза вакцина алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны быйыл 12-ноябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу аталган кеңештин Минск шаарындагы жыйынына катышып келген Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун сапары тууралуу өкмөттүн сайтындагы билдирүүдө жазылган.

Жыйындын жыйынтыгы менен тараптар бир катар документтерге кол коюшту. Алардын арасында “Жугуштуу оорулардын жайылышына каршы туруу боюнча биргелешкен иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планы» жана «КМШга мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатындагы негизги уюму тууралуу” документтер бар.

Улукбек Марипов Беларуска жасаган иш сапарынын алкагында КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышкандан тышкары Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят менен жолугуп, Минск трактор заводуна да барган.

“Ириген” интрига же Нарбековду “нардан” кулатууга кимдер кызыкдар?

Кыргыздын өнүкпөй жатканынын бирден бир себеби бул – “ичи тардык ит оруу”. Эң өкүнүчтүүсү, “сынчынын сыңар өтүгү майрык”- демекчи, сын айтып жаткан кокуйлардын көбү, эзели бир кишиге жакшылык кылып көргөн жандар эмес го чиркин. Албетте, сын адамды кандайдыр бир деңгээлде чыйралтып кемчилигин түзөтүп турарында кеп жок.
Сын айтылып турган жерде иш да илгерилейт. Бирок, адамды ак жеринен каралап анын үстүнөн көралбастык менен “жугунду” төгүү бул эч кандай сын эмес, бул – кара өзгөйлүктүн жеткен чеги.
Кечээ жакында “Эл деми” – деген элге жамынган аты-жыты белгисиз сайт болумуш, эч кандай далили жок эле “Таласта иш чатак” деген жалаяктай кайрылууну жарыялады. Кайрылууда “чү” дегенде эле, азыркы ажобуз Садыр Жапаровго акыл үйрөтүмүш болуп “аппаратыңызда чыккынчылар иштеп жатат” – деп президенттик аппараттын кызматкерлери Санжар Мурзакановго, Чынара Жаныкеевага жана өкмөттүн Талас облусу боюнча кураторуна, катуу чара көрбөсөңүз болбойт” – деп “жер тепкилеп” жиберишкен.
Эң кызыгы,жоопкерчиликти жалгызалуудан корккон кайрылуунун алдына өзүнүн атын жалгыз жарыялоодон айбыгып, 8 адамдын атын жазып сес көрсөткүсү келгендей.
Бирок, “узун кулак угармандардын” айтымында кайрылууга автор болгондордун айрымдары “мындай кайрылуунун алдына кол коюп берген эмеспиз” – деп “баштарын мыкчып” жаткан экен. Кеп анда эмес, кеп башкада.
Андан ары “жалпылап жазган” кайрылуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековго эч кандай далили жок эле “баткак шыбоо” менен уланган.
Канткенде да Нарбековду “нардан тартып” жыгууну көздөгөндөр, “оюна келгенди оттоп, мурдуна келгенди жыттап” дараметинин жетишинче анын беделин түшүрүүгө аракет кылганы, сокурга деле көрүнүп турат.
Нарбековго “айыл-чарбасынын же “А” сын билбеген же “Ч” сын билбеген 10 кишинин ортосунда оозун ачып сүйлөй албаган, баш-мээсинде облусту өнүктүрүүнүн программасы жок, жерден чукуп тапкансып, бизге жеткен маалыматтар боюнча, жеп-ичкенден башканы үйрөнбөгөн, кандай гана кызматты аркалабасын 10% доля аты бар (кличкасы) Нарбеков Бакытбек Наркулович саясий чечим менен дайындалган”-деп сыпаттаган кайрандар, кудай алдында өздөрүнүн күнөөсүн көтөрүп, Нарбековдун күнөөсүн бир топ жеңилдетип койгонун билишти бекен?!
Акыйкатында Бакытбек Нарбеков, “өз киндигин өзү кескен” эч кимдин түртмөгү жок, ийгиликке жетишкен инсан. Ал 11 бир туугандын ичинде карапайым үй-бүлөдө чоңоюп эл катары колуна кетмен алып жер иштетип, мал жайып эле чоңойгон.
Анан да айыл чарба академиясын бүткөн адамды, кантип “айыл чарбанын “А” тамгасын билбейт”- деп айтууга ооз барат?!
Иши кылып эле Бакыт мырзаны каралап калуу азгырыгына арбалгандар, аны 10 кишинин ортосунда оозун ачып сүйлөй албаган” – дегенин уккан адам баш чайкап гана тим болот. Ушунчалык пастыктын кимге кереги бар? Нарбеков тескерисинче топ жара сүйлөгөн оратордук сапатка ээ экенин, “шыбакчылар” эле билбей калбаса жалпы карапайым эл жакшы билет.Анан да илимдин кандидаты, мамлекеттик кызматтын баардык тепкичтерин басып өткөн адамды “ баш-мээсинде облусту өнүктүрүүнүн программасы жок” – деп “куу чөп менен оозун арчыгандардын” өздөрүнүн мээсинде бир аз “бүдүрү” болсо, мындай кепти айтуудан айбыкмак.
Тескерисинче, Бакытбек Нарбеков бийликке келген 60 күн ичинде, баардык ишти мыйзам талаасына кайтарып, “Бакубат Талас” фондунун жана башка каражаттардын ойду-келди сарпталуусуна тыюу салды.
Эсил кайран СССРден бери адам колу тийбеген Талас-Нылды-Покровка жолун, 3 миллион сом жумшап 50 миллион сомдук ишти аткарып 20 км жолду оңдоп элдин алкышын алып отурат. Облустагы сапатсыз курулган курулуштарды текшертип, аларды ишке ашырган ишканаларды “желкелеп” кемчилигин оңдоого мажбурлап жатат.
Калк камын көргөн жетекчи катары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө күйүүчү майды акысыз таркатуу боюнча чечим кабыл алып, 800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 50 литрден же жалпысынан 40 тонна күйүүчү май акысыз таркатылып берилди.
Кокус таажы вирусу күчөп кетсе кейиштүү абалга кептелип калбоонун аракетин көрүп, ооруканаларга олуттуу көңүл бурууда. Кызыл-Жылдыз айылындагы дарыгердик-практикалык борборуна азыркы тапта 7 миллион сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Анан да, Нарбеков ой чабыты кенен профессионал жетекчи катары майда барат нерселерге азгырылбай келечектүү, ири долбоорлорду ишке ашырууга аракет көрүүдө Азыркы тапта Аманбаев-Түз-Ашуу-Ташкент автожолун байланыштыруучу 5,7 чакырым туннель курууга инвестор тартууну алдына максат кылып аталган багытта иш жүргүзүүдө. Кудай колдоп аталган долбоор ишке ашып кетсе, Талас облусу үчүн кошумча 5 миллиондон ашуун жаңы рынок ачылмак.Анткени, Ташкент облусунун калкынын саны 5 миллиондон ашык адамды түзөт.
Мындан тышкары,Талас облусун баштан аяк, жаратылыш газы менен камсыздоо да Бакыт Нарбековдун негизги долбоорлорунун бири. Азыркы тапта Шекер, Көк-Сай айыл аймактарын газга кошуу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн протоколуна киргизилип тактоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Талас облусунун аймагындагы эң ири Бакты-Ногой, Сарымсак жана Кыдыраалы, Кызыл-Жар каналдарын реабилитацияан өткөрүп сугат суу маселесин чечүү менен бирге миңдеген гектар кайракы жерлерди сугат жерлерге айлантуу иш аракеттери тынымсыз жүрүүдө.
Жогоруда аталган жетишкендиктер, Бакытбек Нарбековдун 60 күндө аткарган ишинин чекеси гана. Башкасын айтпаган күндө да, бул фактылар, Талас облусу узак жылдардан бери эми гана чыныгы профессионал такшалган жетекчиге туш болгонунан кабар берет.
Ал эми Нарбековго “10 пайыз” лакап атын канчалык жармаштыргылары келсе да, эч убакта арам ойлору ишке ашпайт. Анткени, Нарбеков жаштайынан карапайым ата-эненин “таман акы маңдай тери” менен тапкан адал тамагын жеп чоңойгон. Дүйнө таанымы кең, илимдин адамды катары, атасынан алган тарбиянын таасиринен улам алдым-жуттумдукка эч убакта кызыккан жан эмес.
Кызыкпайт дагы. Башкача айтканда, Бакыт мырзанын ашынган байлыгы болбосо да, көөдөнү ток жигит. Эгерде, чын эле коррупциялык иштерге аралашкан болсо, аны куру сөз менен эмес, факт менен далилдеп бериш керек. Кайрылууда жазылгандай Баратбек Сыдыкназаров, Абылгазиевдин өкүл баласы болсо болгондур…
Мунун эч кандай деле таң калыштуу жагдайы жок.
Ар ким өзүнө жаккан адамды өкүл ата шайлап алууга толук акылуу. Ал үчүн Баратбек Сыдыкназаровду “жакадан алуунун” кандай зарылдыгы бар?! Баратбек мырза “иш кылбай эле “чыйт түкүрүп” басып жүргөн”- деген кеп жалган. Анткени былтыркы жылдын жыйынтыгы менен райондор аралык “ Өтмө кызыл туу ” социалдык-
экономикалык көрсөткүчтөрү эң мыкты болгону үчүн Баратбек мырза жетектеген Кара-Буура районуна берилген.
Камчыбек Ташиев менен туугандык жайын билбейт экенбиз, бирок акимдерди тестирлөөдөн өткөргөндө эң жогорку жыйынтык көрсөткөнү чындык. Андыктан, Сыдыкназаров иш билги жетекчи катары Сузак районуна ротация жолу менен аким болуп дайындалды.
Бакай-Ата районунун мурдагы акими Чолпонкул Төрөкулов кайрылууда жазылгандай “байдын кызына тойбой” эле, күздөгү парламенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн өз калоосу менен кызматын өткөргөнүн кошумчалай кетсек ашыкча болбос.
Кайрылууда, президенттин ротация боюнча чечимдери тууралуу да бир топ негизсиз айтылган сындарга жана “акыл үйрөтүүлөргө” жооп жазбай эле туралы.
Кайрылуунун “кошоктошкон” авторлору губернаторлукка сунуштаган эч кимге аты-жыты белгисиз Жапаркул Тургуналиев жөнүндө маалыматыбыз жок. Ошентсе да кайрылуу авторлору : “Бул адис дүйнөдөн өтсө дагы , эл үчүн жасаган таза эмгеги, мээнети, келечек муунга сөөгү менен кошо, түбөлүк эсте калат деп ойлойбуз. Себеби анын колунда районду эле эмес, Талас облусун өнүктүрүүнүн эң сонун план программасы бар адам экенин көрүп турабыз. Ачык айтсак бул адис Талас облус башчысына татыктуу, облусту тарыхта калтыра турган кадр”- деп “апендинин кызындай” мактаган экен.
Андан да “Бул адис дүйнөдөн өтсө дагы” -деген жерин жакшы түшүнө албай акылым айран болду. Жапаркул Тургуналиев ошондо көзү өткөн адамбы? Же кандай болуп калат?
“Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” -демекчи, Керимжан Токонов, кыргыз спортуна опол тоодой эмгек жумшаган Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген машыктыруучусу”, улуу кичүүгө кадыры сиңген адам. Ал эч убакта саясатка аралашкан эмес. Аралашууга ниети да жок. Мурдагы кеңешчилерге окшоп облус жетекчисин капталдан “нукуп акыл үйрөтүп өкүлчүлүккө “байланбайт”. Ага убактысы да жок. Коомдук кеңешчи катары анда-санда өкүлчүлүктүн имаратына баш бакпаса, өзүнүн ишкерчилик иштери менен эле алек.
Керимжан Токонов Бактыбек Нарбековдун бир кездеги машыктыруучусу, спорттогу устаты болгон. Учурунда Бакыт мырза спортто да ийгилик жаратып, “ спорт чеберлигине кандидат” болгон жагдайы да бар. Бул эки адамдын бири -бирине жакындыгы президенттин кудасы болгону үчүн эмес, устат шакирт ортосундагы адамдык мамиле десек туура болот.
“Алтын-Альянста чай ичишип, гүлдөп жүрүшөт. Аларды жазгы талаа жумуштар, жалпы элдин ал-акыбалы жана облустагы кризис кызыктырбайт экен” – дегени каралоосу, наадандыктын чеги. Нарбеков “Алтын-Альянста” чай ичмек түгүл, марттан бери ал жакка басып да барган жок. Жада калса, Ыйык Рамазан айында “альянс Алтындын” ооз ачыруу иш чарасына барган эмес. Бирок, өзүнүн мыйзам ченемдүү укуктарынын негизинде кендеги экологиялык нормалардын сакталышын дыкат текшерип тийиштүү кызматтар аркылуу кабар алып турат.
Кайрылууга кол койгондор Бакытбек Нарбековду “тепкилөө” менен гана чектелбестен, радикалдык чакырыктарды таштап “Жерүй” кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясын кууп чыгып, “Өмүрбек Бабановду таш бараңга алабыз” -деп эскертүү беришкен. Кудай анын бетин ары кылсын, “Жерүй” кени кайрадан өрттөлүп , Россиянын инвесторлору кууп чыгарылса, анда Орус-Кыргыз алакасына оңбогондой доо кетип, анын азабын миллиондогон мигранттарыбыз гана тартпастан, Россиянын салкын мамилеси күчөп мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калышыбыз да мүмкүн.
Андыктан, бул жагын терең ойлонуп, бир ууч “Телибай тентектердин” мындай радикалдуу чакырыктарына көңүл буруп аларга мыйзам чегинде чара көрүп “тизгинин тартып” коюш керек.
Ал эми, “Алянс Алтын” компаниясы эмне үчүн жалаң гана милиция органдарынан пенсияга чыгышкан өзүнүн адамдарын кабыл алып жатышат. Алар мамлекеттен пенсия, Жер-Үйдөн буйруган айлык-маяна алып жашагысы келсе, карапайым элдин балдары ачкадан өлүш керекпи? Жер-Үйдү Өмүрбек Бабановдун башкаруусуна жол бербейбиз ага тикеден-тике каршы турабыз. Бийлик, жер-суулар, кен-байлыктар жалпы Кыргыз Элиники экенин өзүңүз эң жакшы билесиз!” – деген билдирүүлөргө, аталган компаниянын жетекчилиги, түшүндүрмө берип “үн катып” койгону оң.
Жыйынтыктап айтканда, баш аягы жок жазылган кайрылуу президенттин кадр саясатын сындоо менен башталып, Бакыт Нарбеков, Баратбек Сыдыкназаров, Керимжан Токоновдорго жалган жалаа жабуу менен уланып Таластын эң аялуу маселеси болгон “Жерүй” маселеси менен аяктаган.
Бирок, макалада айтылган дооматтар “жумурткадан кыр издегендей” эле кеп экенин баамчыл окурман илгиртпей байкайт. Кыязы, Бакытбек Нарбековдун бир гана мыйзамга таянып иш алып баруусу, ошондой эле коррупциялык иштерди алып чыгып “жеп жутарлар” менен келишпестик түрдө күрөш баштаганы, коррупцияга белчесинен баткан уурулардын “түн уйкусун үч бөлүп” жаткан сыяктуу.
Демек, ар кандай коомдун атын жангандар, эптеп эле “Жерүй” маселесин көтөрүмүш болуп бийликке сес көрсөтүп, президентке облус жетекчиси Бакытбек Нарбековду жаман атты кылуу боюнча карөзгөй ниетти көздөгөн сыяктанат. Кандай болгон күндө да, чындыкты бурмалап жолун эч ким тосо албайт. Бир ууч, адам жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн “10 пайыз, тажрыйбасы жок”- деп койсо эле Нарбековдун бедели түшүп калбайт. Бакыт Нарбековдой, илимде да ( илимдин кандидаты), спортто да (спортун мастерлигине кандидат), мамлекеттик кызматта да (мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (генерал майор наамына шайкеш чин) ийгиликке жетишкен жетекчилер чанда кезигет. Андыктан, ар кандай ушак менен “куралданып” “Нарбековду “нардан” кулатам”- деп обу жок “асылгандар”, элге пайдаңар тийбесе да, зыяныңарды тийгизбей интрига менен эл ичин иритпей тынч эле жүргөнүңөр оң.
Кабыланбек Балкыбеков, акын
Талас облусу

Видео - Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: "Москвада тажиктер кыргыз жараныбыз деп жасалма документтер менен такси айдашат экен"

“Москвада кыргыздар Кыргызстандын айдоочу күбөлүктөрү менен такси айдап, кеңири жүрө беришет. Бирок муну билип калган тажик жарандары Кыргызстандын айдоочу күбөлүктөрүн жасалма жасап алып, такси айдап иштеп жүрүшөт”, – деп билдирди бүгүн, 27-майда парламенттин жыйынында депутат Марлен Маматалиев.

“Биздин Ички иштер министрлиги жана Мамкаттоо кызматы аркылуу муну текшерип, андай тажиктерди аныктап, кылмыш иштерин козгош керек. Тажиктер кыргыз жараныбыз деп жасалма документтер менен иш кылып жатышат. Биз да буга көңүл буруп, аларды ордуна коюп койсок туура болот эле. Ошондуктан ИИМге жана Мамкатто кызматына тапшырма берилсин. Ал жактагы Россиянын милициясы менен бирдикте иш өткөрүп койсо бат эле аягына чыкса болот”, – деди Марлен Маматалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Садыр Жапаров: “Комиссия Кумтөргө $5 млрд зыян келтирилген деп эсептесе, Темир Сариев “жоок, 152 млн эле” деп азайтып салды, биз бул ишти аягына чыгарабыз, бул жөн калбаш керек”

“Кумтөр боюнча, бүтүндөй республика баарын билди, Кумтөрдө эмне болуп жатканын, эгер биз камалып калбаганда эл мынчалык билмек эмес экен”, – деп билдирген 2014-жылы сотто Садыр Жапаров.

“Булар (2012-жылы Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын эксперттери – ред. КТ) 5 млрд доллар чыгым болгон деп эсептеп чыгышты. Булар 5 млрд доллар деп айтышса, Темир Сариев (2013-жылы КР Финансы министри, С.Жапаровдун комиссиясына каршы түзүлгөн бийликтин комиссиясынын төрагасы – ред. КТ) “Жоок, андай болбойт, аны төлөй алышпайт да” деп жатат. Мына, интервьюсу турат (гезитти көрсөтүп). “Аны төлөй алышпайт да” деп туруп, 152 млн штраф салып, деңиздин тамчысындай гана нерсени салып жатат да. Буга, 5 млрд долларга ким жооп берет? Бүгүн 5 млрд долларга чыгым болсок, 5-10 жылдан кийин 10-20 млрд долларга чыгып калат. Ал үчүн ким жооп бериш керек? Кудайдын буйругу бир күнгө жазылып турат, ошол күнү камактан чыгабыз, ушул жерде олтургандар башыбыз аман чыкса ушул ишти аягына чыгарабыз (гезитти көрсөтүп – ред.), бул бойдон калтырбайбыз. Бул жөн калбаш керек. Кыргыз эли, жалпы журт билип коюш керек ушуну. Мамлекет 47 млн сом коротушту (Темир Сариевдин комиссиясына берилген акча), а мен бюджеттен 1 тыйын алган эмесмин. Эмне үчүн прокурорлор бизди күнөөлөйсүңөр дагы, мындай фактыларды силер күнөөлөп чыкпайсыңар? Бул силердин милдетиңер да түздөн-түз! Бул мыйзамдын талабы, менин талабым эмес!”- деген Садыр Жапаров.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Меню