16-май күнү КР Жогорку Кеңешинин профилдүү комитетинде, 17-май күнү парламенттин кезексиз, чукул отурумунда Кумтөр алтын кениндеги “Центерра голд” компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча 11 адамдан турган мамилекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров комиссия чыгарган бүтүмдөрдү окуп жатып, экс-депутат, экс-премьер Темир Сариевдин дарегине да олуттуу сындарды окуп кеткен.
2013-жылы Экономика министри Темир Сариев Кумтөр алтын кенин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” өндүрүштүк ишмердүүлүгүн текшерип, таштандыларды мөңгүлөргө уруксатсыз төккөндүгү үчүн компанияга 6 миллиард 698 миллион 900 миң сом гана айып пул салган. 2015-жылы Темир Сариев КР Премьер-министри кызматына жетип, бирок ошол өзү доо койгон 6 миллиард 698 миллион 900 миң сом айып пулду да өндүргөн эмес.2021-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту ошол эле кылмышка – таштандыларды мөңгүлөргө уруксатсыз төккөндүгү үчүн компанияны 261 миллиард сомго доого жыкты деп айыптаган комиссиянын бүтүмүндө.
Комиссиянын коллегиалдуу бүтүмүн жеке Акылбек Жапаровдун бүтүмү катары кабыл алган Темир Сариев ошол эле күнү Акылбек Жапаровдун керт башына асылып, чычалоо менен жооп кайтарууга аракет кылган.
Ал эми парламенттин отурумунда Темир Сариевдин кан досу, “Байтур” (Физприбор) мончосунун ээси, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Тынычбек Конушбаев да Темир Сариевдин Акылбек Жапаровго болгон дооматтарын кайталап, аны 2003-2004-жана 2009-жылдардагы келишимдерге байлоого аракет кылды. Бирок Акылбек Жапаров “шамал кайдан согуп жатканын” дароо түшүнүп, адашпаган досторуңуз болсо айтсаңыз, мен да карап көрөйүн… Айрым депутаттар ал убакта “Бема, Бема!” деп Аскар Акаевичтин жанында жүгүрүп жүрүшкөн” деп 2003-2004-жылдары Темир Сариев “Бема, Бема!” деп Бермет Акаеванын артынан чуркап жүргөнүн кыйытты.
Ал учурдагы саясатчылар Темир Сариевдин президент Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаева жана уулу Айдар Акаев менен өтө жакын мамиледе болгонун айттырбай билишет.
Төмөндө Акылбек Жапаров менен Тынычбек Конушбаевдин кыйытма кайым айтышуусунун стенограммасын окуңуздар:
Тынычбек Конушбаев: Акылбек Үсөнбекович, сизге суроо бергим келет, сиз бардык комиссияларда, бардык өкмөттөрдө мүчө болуп иштеп келе жатасыз. Бул 2009-жылы чыккан токтом Кыргыз Республикасынын буту-колун тушаган. Ушунчалык бир чоң токтом болгон да, билесиз. Ушунда эл аралык статус берилген да, юридикалык жактан бекемдеп салгансыңар да. Ушунда сиз өкмөт мүчөсүндө иштеп турбадыңыз беле, туурабы? Иштедиңиз беле?
Акылбек Жапаров: Туура иштегем.
Тынычбек Конушбаев: Анда эмнеге ушул токтомго каршы болгон жоксуз? Билип атып, мына азыр абал эмне болуп жатат бизде? Биз бул абалга келбейт элек да. Эгерде ушул токтом өтпөгөндө?
Акылбек Жапаров: Мен жооп берейинби? Добушуңузду көтөрбөй эле, акырын айтсаңыз мен деле акырын жооп берем. 2009-жылы премьер-министр Атамбаевди отставкага кетиришип, мени Финансы министрлигинен алышып, бул Кумтөр маселесинен, сүйлөшүүлөрдөн четтетип салышкан. 2009-жылы парламентке келердин астында гана, ушул мыйзамдар келген. Көпчүлүк добуш менен өкмөттө чечилип, анан парламентке киргенбиз. Ошондо жанагы 4%ды кошуп, 18% биз алабыз, мындан ары “Центеррада” дагы, Кыргызстанда дагы көпчүлүктү алууга аракет кылабыз деген ниет менен эмелердин бардыгын киргизгенбиз. Бирок сүйлөшүүлөргө катышкан эмесмин. Тилекке каршы анда менин оюм жалгыз эле болуп калган, көпчүлүк менен чечилип кеткен. Ошон үчүн айтып жатам, ар бир жолу президенттин деңгээлинде чечилет. Эгерде президент каршы болсо биз анын оюнан алыс кете алчу эмеспиз ал убакта.
Тынычбек Конушбаев: Ушунда сиз таза экенсиз да анда, калган өкмөт мүчөлөрүнүн баары тең айыптуу болуп чыгып жатабы?
Акылбек Жапаров: Мухаммед пайгамбар да айткан экен “мен да адаммын, мен да адашам” деп, анан калганынын баары тең же адашпаган досторуңуз же кишилер болсо айтсаңыз, мен да карап көрөйүн…
Тынычбек Конушбаев: 2003-жылкы келишимде, реструктизация болгондо ушул жерде, парламентте олтурган ыраматылык Абсамат Масалиев, Текебаев, Сариев “реструктизация болбосун” деп катуу кырылыш болгон, туурабы?
Акылбек Жапаров: Туура.
Тынычбек Конушбаев: Ага карабастан, ошондо да өкмөт өткөзүп жиберген реструктизацияны. Кошумча 176 млн сарп кылынган.
Акылбек Жапаров: 2003-жылы мен каршы чыгып, мыйзам чыгаруу палатасына келип, “афёра болуп жатат” деп элдин баарына жарыялап, борбордук трибунага чыгып алып айткандан кийин мыйзам чыгаруу палатасы эки токтом кабыл алган. “Бул “Центерра” деген афёра, муну түзбөш керек, кыргыздарды алдап жатат, туура эмес” деген бир токтом кабыл алган. Экинчи токтомду “Эгерде түзө турган болсоңор Мыйзам чыгаруу палатасынын уруксатысыз түзбөгүлө” деген. Биз ошого да катышканбыз. Айрым депутаттар ал убакта “Бема, Бема!” деп Аскар Акаевичтин жанында жүгүрүп жүрүшкөн.
Тынычбек Конушбаев: Эми ошол кезде, 2003-2004-жылдарда налогдор, претензиялар, штрафтардын бүт баары жанагы “Камеконун” пайдасына кеткен да, туурабы?
Акылбек Жапаров: 2004-жылы бүт баары Камеконун пайдасына кеткен. Бүт баары!
Тынычбек Конушбаев: Мына, карагылачы, кандай деген чыгымдарга тартылдык биз, экологияны да мына ошондо эле караш керек болчу…
Булак: KyrgyzToday.kg