Menu

Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы: “Кыргыз бийлиги 2018-жылы Кумтөргө 24 миң гектар, 2019-жылы 26 миң гектар жерди мыйзамсыз бөлүп бергени боюнча кылмыш иши козголду”

Бөлүшүү:

“Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык кылмыштар боюнча азыр 4 кылмыш иши козголуп, иликтенип жатат. Алардын бири – 2018-жылы кыргыз бийлиги Канадалык “Центтера” компаниясына Жети-Өгүз районунан айыл чарбасына жарактуу 24 миң гектар жерди мыйзамсыз берип койгон. 24 миң гектар деген оңой жер эмес, анын ичинен 10 миң гектары өнөр жай үчүн, 14 миң гектар жер запаска берилген”, – деп билдирди бүгүн, 17-майда КР Жогорку Кеңешинин кезексиз чукул жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

“Ошондой эле 2019-жылы да кыргыз бийлиги “Центеррага” 26 миң гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берген”, – деди генерал Камчыбек Ташиев.

“Бул мыйзамсыз жер бөлүп берүү боюнча кылмыштардан өлкөгө 390 млн 977 миң 566 сом зыян келтирилген. Мында да жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык кылмыштары аныкталууда”, – деп жыйынтыктады Ташиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: