Menu

Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы: ““Кумтөрдөн” акча алып турган депутаттар жакынкы күндөрдө камала баштаганда кимдер экенин билесиңер”

Бөлүшүү:

Сайдулла Нышанов, депутат: Камчыбек Кыдыршаевич, сиз жогоруда  кээ бир депутаттар да “Кумтөр” алтын кенинен акчалай сыйлык алып турушкан” деп айттыңыз, ошол депутаттардын фамилияларын да айтып койбойсузбу?

Камчыбек Ташиев, генерал: Болбойт. Бирок, биз аларды кылмыш жоопкерчилигине тартабыз. Азыр алардын ысымдарын айтууга болбойт. Тергөөнүн сырын сактоо деген түшүнүк бар. Анын үстүнө алар азырынча өздөрү да жакшы билишпейт. Бүгүн Кумтөргө тышкы башкаруу боюнча токтом кабыл алып берсеңер, биз эртеңден баштап аларды чакыра баштайбыз.

Сайдулла Нышанов, депутат: Жакынкы арада баары бир айтылат да алардын ысымдары, туурабы?

Камчыбек Ташиев, генерал: Эми айтылбаса да камалгандардан улам көрө бересиңер да…  24 миң гектар жер Кумтөргө мыйзамсыз берилип кеткен. Бул аябай көп жер. Муну кайсы жогорку кызматтагы адамдар буйрук берип, телефон чалып  жасатканы тууралу маалыматтар бизде бар. Алардын баары суракка чакырылат…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: