Бүгүн, 26-майдын кечинде Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Белгилүү болгондой ал бүгүн УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суракка чакырылган.
Азиз Суракматов көп жылдар бою курулуш бизнесинде шугулданып, “Елизавет” курулуш компаниясынын ээси катары белгилүү. Кийин мамлекеттик кызматтарга өтүп, 2018-2020-жылдарда Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаган.
УКМК 48 сааттын ичинде Азиз Суракматовду Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алып барып, андан ары камоого санкция алууга тийиш.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ