Menu

Курманбек Бакиев, экс-президент: “Кумтөр боюнча ар ким өз кызыкчылыгында ушак таратпай, 2003-ж., 2009-ж. жана 2017-жылдагы келишимдердин тексттерин элге ачык жарыялашсын, эл салыштырып, өзү жыйынтык чыгарып алат”

Бөлүшүү:

-Курманбек Салиевич, “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын алгачкы жыйынтыктары жарыялангандан кийин мурунку өз ара душмандар Аскар Акаев, Темир Сариев жана Атамбаев менен Текебаевдин тарапкерлери баары биригип, комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровго чаабулга өтүштү. Алар Жапаров Кумтөр боюнча 2003-2004-жылдардагы (Акаев учурунда) жана 2013-жана 2017-жылдардагы (Атамбаев учурундагы) келишимдерди айыптоо менен өлкөгө эң чоң зыян келтирген 2009-жылдагы (Бакиев учурунда) келишимди айланып өтүп, аттап кеткен, анткени бул келишимди сиздин буйругуңуз менен Жапаров өзү түзгөн деп жатышат. Мындай айыптоолордун канчалык чындыгы бар?

-Мен 2013- жана 2017-жылдардагы келишимдерге баа бергим келбейт, анткени мен аларды кеңири жана терең изилдеп көргөн эмесмин. Ал эми 2009-жылдагы келишим боюнча айтсам, кымындай логикасы бар жана кат-сабаты ачылган адам 2003-жылдагы жана 2009-жылдагы келишимдердин айрымасын дароо эле айрымалай алат. Мен азыр алардагы сандар менен көрсөткүчтөргө токтолгум келбейт. Ал эки келишимдин тексттери азыр ачык булактарда жарыяланган, каалаган киши эки келишимдин тексттерин салышытырып, өзү жыйынтык чыгара алат.

Ал эми Акылбек Жапаров 2007-жылдагы келишимдин үстүнөн иштеген, бирок ал келишимди парламент өткөрбөй койгон. Мен билгенден, ал кездеги премьер-министр Алмаз Атамбаев ал келишимге кол койгон, бирок Жогорку Кеңеш ратификациялабаган. Экинчиден, Жапаровго 2009-жылдагы келишимди айланып өтүүнүн зарылчылыгы жок, болгону кат-сабаты жоюлган адам эле ал келишимдерди окуса 2003-жылдагы жана 2009-жылдагы келишимдердин айрымасын дароо түшүнөт. Болгону мен азыр бул жерде цифралар менен фактыларды келтиргим келбейт, алардын баары ачык булактарда жайнап турат, каалаган эле киши таап окуп, өз алдынча чечим кабыл алса болот..

Аскар Акаев, Темир Сариев жана Атамбаев менен Текебаевдин тарапкерлери 2009-жылдагы келишимди парламенттен ратификациялап, Конституциялык соттун чечими менен бекемдеп, эл аралык деңгээлге көтөрүү туура эмес болгон, эми Канадалыктар менен Нью-Йорктогу  эл аралык арбитражда соттошуу кыйынга турат жана жеңилип калабыз деп жатышат. Мисалы, Аскар Акаев: “Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан “Кумтор голд компани” да: “Биз эл аралык арбитраждык сотко 2009-жылдагы келишимдин негизинде беребиз” деп жатышат” дейт?

“Эгер 2003-жылы ал чет элдик компанияга преференциялар (жеңилдиктер) берилген болсо анда алар 2003-жылдагы келишимдин негизинде сотко беребиз деп айтышмак”

Эгер бул Кумтөр долбоорундагы Акаевдин ролу тууралу айтсак, сылык айтканда анын бул долбоордогу орду унутулуп баратат. Ал эми келишимди парламенттен ратификациялангандан кийин эл аралык арбитраждан соттошуу кыйын болуп калат деген сөз бул толук тантырак кеп. 2003-жылдагы келишим да Стокгольм шаарындагы арбитражда каралат деген пункт менен түзүлгөндүктөн Канадалыктар 2003-жылдагы инвестициялык келишимдин негизинде  UNCITRAL эрежелери боюнча соттошобуз деп Кыргыз Республикасына каршы арбитраждык соттошууну башташкан. Кыргыз Республикасына 1 млрд доллардан ашык доомат арткан. Ал эми 2009-жылдагы келишимге ылайык Камеко менен Центерра ал дооматынан баш тарткан жана ал арбитраждагы Кыргызстандык бардык чыгымдарын төлөп берген. 2009-жылдагы келишимдин үстүнөн иштеп жатканда бизди 2003-жылдагы келишим буту-колубуздан бекем чынжырлап байлап турган, толук эркин иштей алган эмеспиз. Эгер 2003-жылдагы келишим жок болуп, таза барактан баштаганыбызда баары жеңил болмок.

-Сиздин оппоненттериңиз 2009-жылдагы келишим боюнча Кыргыз тарап “Центеррага” дагы 16 миң гектар жерди концессияга кошумча берип жиберген деп ишендирүүгө аракет кылып жатышат. Мунун канчалык чындыгы бар?

-Мен билгенден аларга эч кандай кошумча жаңы аянттар берилген эмес, ал эми жаңы келишим менен алардын ага чейин алышкан лицензиялары боюнча ансыз деле аларга таандык болгон кен аянттары бекитилип берилген. Аларда келишимге чейин эле лицензиялык жер аянттары жана концессиялык жер аянттары болгон экен. Биз анын баары бирдиктүү бир режимде болсун деп концессияга өткөрдүк. Мунун баарын ачык булактардан эле текшерип көрүү оңой.

-Акылбек Жапаров 2007-жылы Каржы министри болуп турганда “Биз премьер-министр Алмаз Атамбаев экөөбүз Кумтөр боюнча “Центерра” менен жаңы, пайдалуу келишим түзгөн элек, бирок бизди отставкага кетирип жиберишип, андан ары келшим менен Алексей Елисеев жана Максим Бакиев даярдашкан келишимге 2009-жылы кол коюлган” дейт. Сиз бул боюнча эмне айта аласыз?

-Биринчиден, Жапаров Каржы министри болгон өкмөт отставкага “Центерра” менен болгон келишимге байланыштуу кеткен эмес, болгону мыйзам боюнча парламенттик шайлоодон кийин жаңы парламент жаңы өкмөттү түзүш керек эле.

Экинчиден, мен башка сөздөргө алаксыбай, түз эле 2007-жылдагы келишимдин тексти менен 2009-жылдагы келишимдин текстин салыштырып көрүүнү сунуштайт элем. Мен билгенден, ал келишимдер боюнча парламентте доклад жасагандардын бири Алексей Елисеев болгон жана мындай суроого жооп берип, так цифраларды келтирген. Ал жыйындын бет ачары жана стенограммасы сакталып калганына мен ишенем, аны элге жарыялаш керек. Кумтөр боюнча ар ким өз кызыкчылыгында ушак таратпай, буга чейинки 2003-2004-жылдардагы, 2007-жылдагы, 2009-жылдагы, 2017-жылдагы жана 2019-жылдагы келишимдердин тексттерин пропагандалык патетикасы жок, бурмалабай, элге ачык жарыялашсын, баары алаканга салгандай көрүнөт. Эл салыштырып, өзү баалап, жыйынтык чыгарып алат.

Сиз Акылбек Жапаровго жеке инсан катары кандай карайсыз? Анын Кумтөрдөгү Центтеранын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп дайындалышы туура болгонбу?

-Адамдын жеке сапаттарына асылгым келбейт. Менин оюмча ал азыр өтө оор абалга кептелди, бул абалды кыскача орустар айткандай “или грудь в крестах или голова в кустах” (“же көкүрөгүнө орден тагынат же башы канжыгада кетет” – ред.) деп мүнөздөсө болот. Ал албетте бул маселенин тарыхын жакшы билет, бирок өлкө юридикалык жана экономикалык жактан кандай кагылышууларга кептелерин канчалык жакшы түшүнөрү суроо туудурат. Тобокелчиликтердин баары жакшы эсептелген жана Өкмөттүн бул тирешүүнүн өнүгүшү боюнча мүмкүн болгон бардык сценарийлерди эске алуу менен түзүлгөн планы бар деп үмүттөнөм. Алар кандай тобокелчиликтер жана сценарийлер экенин айткым келбейт, айтпайм дагы. Ал өзүнчө тема.

-Бүгүнкү кыргыз бийлиги менен “Центерранын” ортосундагы тирешүүнүн келечеги кандай болот деп ойлойсуз? Соттошуу эмне менен аяктайт?

-Мен бүгүнкү жанжалдагы Кыргызстандын келечегине алдын ала баа бергим келбейт, анткени мен кыргыз өкмөтү Акылбек Жапаров докладында айткан кайсы фактылар менен далилдерге таянарын билбейм. Биз бул маселени изилдегенде бизге да 2003-жылдагы келишим сыпайы айтканда бизге аябай таңгалычтуу көрүнгөн, бирок мен ал цифраларды азыр кайталагым келбейт, анткени алар көп жолу айтылды жана ачык булактарда жарыяланган. Бирок ал учурда пара фактылары жана коррупция боюнча эл аралык арбитражга берүүгө бизде далилдер жетишсиз болгон. Дагы бир кайталап айтам, 2003-жылдагы келишим таңгалычтуу болгон. Андан сырткары 2009-жылдагы келишимдин үстүндө иштөөдө биздин өкмөттүн кызыкчылыгын өтө белгилүү юридикалык компания (арбитраждын жана окуянын башка сценарийлерин эске алган) коргогон, ал эми 2003-жылдагы келишимге Кыргызстан тараптан өзүн сыйлаган бир да юрист кол коймок эмес.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: