«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев Сапар Исаков башында турган өкмөттү отставкага кетирүүгө болгон аракетин көрдү. Тилеги ишке ашты. Бирок «Маврдын» ролун аткарганын өзү сезген жок. Президенттик шайлоодон кийин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кантип жагыныштын амалын таппай турганда жакшы шылтоо табышып, аны колунун келишинче аткарды. Бирок коалицияга кирүү үмүтү таш каап короо сыртында калды, Пушкиндин «Алтын балык» жомогундагы жыртык тепшисин кучактап калган кемпирдин образын кийип… Эми кантээр экен?.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ