Menu

Араванда ишкерди опузалап, $10 000 талап кылган жарандар кармалды

Бөлүшүү:
2021-жылдын 26-майында Ош облусунун Араван районунун 57 жаштагы тургуну Б.У. арыз менен кайрылып, анда ал 2021-жылдын 24-майынан тартып аны Араван районунун Нур-Абад айыл аймагынын Кайрагач-Арык участкасында жайгашкан “Байбува уулу Жорохан” соода борборуна ага тааныш болбогон, өзүн “С” деп тааныштырган атуул шериги менен биргеликте келишип, коркутуу менен опузалап 10000 (он миң) АКШ долларын талап кылып келгендигин билдирген.
Аталган жагдай Ош ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-бер. 3-бөл. 2-пунктунда( Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине каттоого алынган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө “С” аттуу атуул Ош облусунун Араван районунун Кесек айылынын 33 жаштагы  А.С. экендиги аныкталып, жүргүзүлгөн тийиштүү ыкчам-тергөө иш чараларынын натыйжасында А.С. жабырлануучу 57 жаштагы Б.У.дан опузалап талап кылган акча каражаттарынын ичинен 3000 (үч миң) АКШ доллар акча каражаттарын, анын кылмыштуу шериктеши Араван районунун Кесек айылынын тургуну 28 жаштагы Ж.Ж. алып жаткан жеринен Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кармалган.
Натыйжада жабырлануучудан өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылышып, жалпысынан 3000 (үч миң) АКШ долларын түзгөн олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирген.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Ж.Ж. 2021-жылдын 30-майында Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.2021-жылдын 31-май күнү баш коргоо чарасын караган учурда Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган.
Ал эми 33-жаштагы А.С. 2021-жылдын 31-май күнү Ош шаарында кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул жарандын баш коргоо чарасы 2021-жылдын 1-июнь күнү  каралмакчы.
Учурда тергөө амалдары Ош ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.Кылмышка шектүүлөрдүн бири Араван районунун айылдарынын биринде жергиликтүү Кеңештин депутаты экендиги жана мурда укук коргоо органында иштеп кеткендиги белгилүү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: