Menu

Жогорку соттун Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча өкүмгө түшүндүрмөсү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-майда Жогорку сотто соттолгон Ө.Текебаевдин жана анын жактоочулары Э.Джаныбековдун жана Б.Осмонбаевдин арыздарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын № 47-мекемесинин башчысы А.Мамбетовдун соттолгон Ө.Текебаеге карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын № 27-мекемесинин башчысы Н.Сатыбалдиевдин соттолгон Д.Чотоновго карата жазык ишин жаңы жагдай боюнча кароо жөнүндө сунуштарынын негизинде соттолгондор Ө.Текебаев жана Д.Чотонов жөнүндө жазык иши каралды.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү менен, Ө.Текебаев жана Д.Чотонов Кыргыз Республикасынын КЖКнин 303-беренесинин 1-бөлүгү  менен күнөөлүү деп табылышып, ал боюнча ар бири 8 (сегиз) жылга эркиндигинен ажыратылышкан.

Бишкек шаардык сотунун  2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун соттук актысы өзгөртүүсүз калтырылган. Өз учурунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому менен жогорудагы өкүмдөр өзгөртүлүп, өкүмдөрдөн “Ө.Текебаев жана Д.Чотоновго карата Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 27-январындагы чыккан №16-сандуу “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65-жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун” делинген сөздөр, “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту” деп алмаштырылган. Өкүмдөрдүн калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган.

Бүгүнкү соттук отурумда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин башчысы А.Мамбетовдун соттолгон Ө.Текебаевге карата жазык ишин жаңы жагдай боюнча кароо жөнүндө сунушу, соттолгон Ө.Текебаев жана анын жактоочулары Э.Джаныбеков, Б.Осмонбаевдин жазык ишин жаңы жагдай боюнча кароо жөнүндө арыздары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 27 мекемесинин башчысы Н.Сатыбалдиевдин соттолгон Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевичке карата жазык ишин жаңы жагдай боюнча кароо жөнүндө сунушу канааттандырылып.

Ө.Текебаев жана Д.Чотоновтор жөнүндөгү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү, Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтомуКыргыз Республикасынын (2017-жылдын 2-февралындагы) Жазык кодексинин талаптарына ылайык келтирилип.

Ө.Текебаев жана Д.Чотоновдун кылмыш жосундары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү менен жиктелип.

Соттук актылардын корутунду бөлүктөрүнөн соттолгон Ө.Текебаев жана Д.Чотоновго карата мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү белгиленген жазалары алынып салынды.

Соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: