Menu

АРХИВДЕР

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков: "Мектептер 9-марттан баштап салттуу түрдө окуу процессин жандандырууга даяр болууга тийиш"

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков мектептерде билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Артём Новиков белгилегендей, 9-марттан баштап Бишкекте 2-3-4-класстардын окуучулары үчүн окуу процесси офлайн режиминде, 1-апрелден баштап өлкө боюнча бардык класстарга салттуу түрдө окуу башталат.

«Ошону менен катар белгилей кетүүчү нерсе, мектептер ата-энелерден окуу китептерин сатып алууну жана 2021-жылдын 1-сентябрына чейин атайын мектеп формасын кийүүнү талап кылышпайт. Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги окуу процесстерин толук кандуу жандандырууга даярдыктарды камсыздоосу зарыл. Мындан тышкары «мектеп» медицинасын ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө, ар бир окуучунун саламаттык картасы түзүлөт», – деди Артем Новиков.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле мектеп программасынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу маселеси талкууланды, мында табигый илим сабактарына артыкчылык берилет, ошондой эле бала бакчадан, мектептен баштап андан жогору карай билим берүү процессинин бирдиктүү үзгүлтүксүз ырааттуулугу калыбына келтирилет.

УКМК: Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча Каракол шаардык кеңешинин депутаты жана Транспорт министрлигинин аймактык бөлүм башчысы кармалды

Бүгүн, 5-мартта КР УКМК ККК ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Ч.Т.Ч. жана КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба Департаментинин №4 аймактык бөлүмүнүн башчысы К.К.У. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Ч.Т.Ч. 2015-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде “Дорстройсервис” ЖЧКсынын негиздөөчүсү болгон учурунда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин №4 аймактык бөлүмүнүн башчысы К.К.У. менен жең учунан сүйлөшүп алышып, аталган ЖЧК тарабынан Каракол шаарынын жол тармагын оңдоо иштеринин ашыкча көлөмүн аткаруу үчүн келишимдерди түзүшкөн.

Кармалган адамдар Каракол шаардык ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана ошондой эле аталган фактыларга башка кызмат адамдарынын тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Медер Алиев: “Элдин аң-сезими жетилсе, парламенттик системага кайтсак болот”

Мыкты юрист, конституциялык кеңештин мүчөсү Медер Алиев мурдагы Башмыйзам менен жаңы Башмыйзамдын айырмачылыктарына токтолуп, ошого катар парламенттин орду тууралуу да ой бөлүштү.

— Жаңы Конституциянын мурдагыдан кандай айырмачылыктары жана артыкчылыктары бар?

— Сиздер билгендей, жакында референдум болду. “Кандай башкаруу система керек: парламенттикпи же президенттикпи?” дегенге Кыргызстандын эли өз тандоосун жасады. 80%ы эл бүгүнкү күндө “президенттик башкаруу Кыргызстанга ыңгайлуу” деп добушун берди. Мамлекеттик бийликтин ээси эл. “Воля народов” деп да орусча айтылат. Бүт эле өнүккөн өлкөлөрдө элдин эрки биринчи орунда турат. Демек, эл “президенттик башкарууда жашайбыз” дегенден кийин, биздин Башмыйзамыбыз дагы конституциялык кеңешмеде президенттик системанын негизинде иштелип чыкты. Ошол иштелип чыккан документ Жогорку Кеңешке берилди. Мен ушуну дайыма айтып келем, белгилүү мамлекеттик ишмер Отто фон Бисмарктын кадыр-баркы Батышта да, Россияда да, Кытайда да таанымал. Ошол мыкты ишмер айтып кеткен экен: “Мыйзамдар маанилүү эмес, адамдар маанилүү” деп. Жакшы мыйзамдар болуп, бирок мамлекеттин башында жаман адамдар болсо, анда өнүгүүнү айтып бекер. А бирок жаман мыйзамдар менен мамлекет башында мыкты адамдар болсо, мамлекет өнүгө берет. Бүт маселе келип-келип эле адамдык факторго такалат. Маселен, мен “кайсы Конституция жакшы экен: мурунку парламенттик Конституциябы же азыркы президенттикпи?” дегенге мындайча жооп берет элем: жаман башкаруу системасы болбойт. Парламенттик система дагы жакшы, өзүнүн артыкчылыктары жана тобокелчиликтери бар. Президенттик системанын да артыкчылыктары, тобокелчиликтери бар. Кептин баары коомго өзүнүн учурда жашап жаткан аң-сезимине, каада-салтына, үрп-адатына ылайыкташтырылган кайсы бир башкаруу системасы ыңгайлуу болот. Бир эле башкаруу системасы дайыма дал келе бербейт. Коомдун алдыга жылуу процессине ылайыкташтырылган кайсы бир өнүгүү башкаруу системасы керек болот. Бүгүнкү күндө менин пикиримде президеттик система өзгөчө биз турбуленттик экономикада, союз урагандан кийин эгемендүүлүктүн үзүрүн көрүп, өз алдыбызча кадам таштап, өз киндигибизди өзүбүз кесип жатканыбызга ылайык деп эсептейм. Парламенттик система бизге эртелик кылат. Ал система да жаман эмес, бирок парламенттик система орнош үчүн эң биринчи критерий – бул партиялык системанын болуусу, түптөлгөн партиялардын калыптануусу шарт.

Конституция Европадагы өлкөлөрдө 200-300 жылдап түптөлгөн. Элдин аң-сезимине кирген партиялардын программа, платформалары бар. Тилекке каршы, бизде ошонун баары жок болуп жатпайбы. Ошонун айынан да парламентаризм бизде толук кандуу иштей албай калды. Бирок, бул “парламенттик система жаман” дегендик эмес. Мурда парламенттик жоопкерчиликти парламент алса, эми баарына президент керт башы менен жооп бере тургандай болду. Жалпылап айтканда, бул эң алгачкы айырмачылык.

— Жаңы түзүлүп аткан системада “парламент алсыз” деген пикирлерге кошуласызбы?

— Мен буга макул эмесмин. Парламент мурдагы Конституцияда кандай болсо, азыр деле ошол бойдон калды. Болгону, өкмөттү президент түптөйт, президент жооп берет. Ал эми парламент күчтүү бойдон эле калды. Чек ара маселелерин чечет. Эл аралык келишимдерди, конвенцияларды ратифакция кылат. Сот системасын түптөгөндө парламент түздөн-түз катышат. Соттун судьяларын, башкы прокурорду бекитип жатканда сөзсүз түрдө макулдугун берет. Президентке импичмент жарыялаганга процедура коюлду. Мындай процедура мурунку КМШ өлкөлөрүндө таптакыр жок. Андыктан менин жеке пикирим, кандай гана система болбосун, парламент үч бийлик бутагынын бири катары сөзсүз түрдө күчтүү болуш керек. Кол тийбестиги болушу шарт. Сөзсүз кадыр-барктуу, абройлуу болуусу керек. Ал эми парламентке шайланган адамдар ошол өздөрүнүн функцияларын толук кандуу колдонгонго аң-сезими, дарамети жете турган профессионал саясатчылар болушу зарыл. Тилекке каршы, бизге парламентке жапайы капитализмде 1990-жылдары талап-тоноп, мыйзамсыз байыгандар, союздан калган мал-мүлктү менчиктештирип алгандар, алардын уул-кыздары депутат болуп келишти. Алар мыкты саясатчы боло алышабы? Албетте, жок. Элдин мүдөөсүн жүзөгө ашыра алышпайт. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргошпойт. Алар сөзсүз түрдө өздөрүнүн жеке бизнесин, жеке чөнтөгүн биринчи орунга коюшат.

Ушул кабыл алынып жаткан Конституция эч убакта догма болбошу керек. “Өмүр бою кыргыз эли ушуну менен жашайт” дегенден алысмын. Эгерде жакынкы келечекте элдин аң-сезими өзгөрүп, “жаңы Конституция кабыл алабыз” десе, анда элдин эрки менен жаңы Конституция кабыл алынышы мүмкүн. Жакынкы 5-10-15 жыл аралыгында элдин аң-сезими парламенттик системага жете тургандай калыпка келип, партиялык институттар өнүгүп калса, “кайра парламенттик системага өтөбүз” десе, анда да элдин эрки каралат. Мен конституциялык кеңештин мүчөсү катары “абсолюттук түрдө ушул Конституция кыямат кайымга чейин болуш керек” деген ойдон алысмын. Мамлекеттик бийликтин ээси эл. Эл кандай кааласа, ошондой болушу керек да…

Маектешкен: Жамиля Нурманбетова
Булак: “Азия Ньюс” гезити

Генерал Суваналиев контрабандага каршы күрөшкө чыкса, бут тосуулар башталды

Баткен облусунун губернатору Өмүрбек Суваналев контрабандага каршы күрөшө баштаса, өкмөттөн бут тосуулар башталыптыр. Бул жагынан так маалыматтар бар. Бекмат Масаидов аттуу өкмөттүн уюштуруу бөлүмүндөгү “майда кадр” интирганын “дирижеру” болууда. Албетте, бул адамдын артында чоң фигуралар турушу мүмкүн. Эң башкысы, Бекмат алысты көрө билбей, генерал Суваналевди каралатып, өкүл баласын кызматка алып келип алганы боюнча “урдуруп”, калп маалыматтарды таратканы кандай? Аныгында, тастыкталган жок. Кептин төркүнүнө келсек, Суваналиев контрабандага күрөшүү процессин баштаганда эски системанын өкүлдөрү кутум жасашып, бүлүк сала башташкандай. Жаңы бийлик ырааттуу системага түшүү менен туура багыт бербесе, аягы жакшы болбойт го? Баягы эле Икрам Илмиянов, Жеңиш Разаковдун схемасы иштей бериши керекпи?..

Булак: “Aryba.kg”

Баткенге аткезчилик жол менен 12 тонна мандарин алып киргендер кармалды

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен областык УКМКБнын кызматкерлери биргеликте Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз товар ташып келүү боюнча 3 фактыны аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 3-март күнү Баткен шаарында “С.А.Б.,” аттуу КРдин жаранынынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц спринтер” үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшеришкен.

Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жыгач үкөктөрдөгү жалпы салмагы 4100 кг., болгон мандарин табылган.

Мындан сырткары, 2021-жылдын 4-март күнү Баткен шаарында “И.И.А.,” аттуу КРдин жаранынынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц спринтер” үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшеришкен.

Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жыгач үкөктөрдөгү жалпы салмагы 3600 кг., болгон мандарин табылган.

Ошондой эле, 2021-жылдын 4-март күнү Баткен шаарында “М.Т.А.,” аттуу КРдин жаранынынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц спринтер” үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшеришкен.

Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жыгач үкөктөрдөгү жалпы салмагы 4360 кг., болгон мандарин табылган.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Министрлик Республикалык олимпиаданы өткөрүүнүн эрежелерин жана талаптарын аткаруу боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

Билим берүү жана илим министрлиги Республикалык олимпиаданы өткөрүүнүн эрежелерин жана талаптарын аткаруу боюнча облустук / райондук / шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн / башкармалыктарынын жетекчилери жана жооптуу адистери менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеде Олимпиаданы жогорку деңгээлде уюштуруп, катышуучулардын укутарын сактап, бардык катышуучуларга бирдей шарт түзүп берип, адилеттүү жана ачык-айкын өткөрүү талабы коюлду.

2021-жылдын 10-мартында тарых предмети боюнча Республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы кайрадан өтөт.

Ал эми Республикалык олимпиаданын III (облустук) этабы 2021-жылдын 24-25-мартында болот.

Салык кызматы Кыргызстанга 588 баш малдын мыйзамсыз алып кирүүсүн алдын алды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ири мүйүздүү малды жана майда мүйүздүү малды тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз ташуу фактысын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда, бир аптанын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына 474 ири мүйүздүү малды жана 114 майда мүйүздүү малды мыйзамсыз ташуу аракети аныкталды.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө коштоочу документтери жана салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди

Фото - Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптердин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптердин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеӊип чыккандыгын белгиледи.

Садыр Жапаров азыр кайсы тармакта болбосун айымдардан чыккан лидерлер өзгөчөлөнүп, медицина, билим берүү, бизнес, укук коргоо тармактарын жандантып, өнүгүүгө өз салымдарын кошуп келе жаткандыгына токтолду.

Ал маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто жана башка тармактарда эл аралык деңгээлдеги албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдардын калыӊ катары өсүп чыккандыгын кошумчалады.

«Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда  сиздердин мээнетиңер көп, эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган. „Манас“ эпосунда, башка дастандарда элибиздин аялзатына болгон сый-урмат мамилеси таасын чагылдырылган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан», — деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, бүгүн өлкө айымдары ар кайсы чөйрөлөрдө иштеп, коомдук турмушка активдүү катышууда. Ошол эле учурда алар ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, кайдыгер болбой демилге көтөрүп, өлкөбүздөгү реформаларды колдоп, жаңы жетишкендиктерге умтулуу менен бирге, эң жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүп келишүүдө.

Мамлекет башчысы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады.

«Биз аял- врачтардын, медайымдардын, волонтерлордун каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгегин эч качан унутпайбыз, алар бул илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту. Өлкөдө болуп жаткан соңку өзгөрүүлөр, алдыбызга коюлган жаңылануу курсунун ишке ашырылышы кыргызстандык  аялдардын түйшүгүн жеңилдетип, укугун андан ары коргойт деп ишенебиз. Биз сиздерди баалайбыз, сиздер менен сыймыктанабыз. Ушул жаркыраган Жаз майрамында сиздерге бекем ден- соолук, бакты-таалай, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм!», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кесиптеринде өзгөчөлөнгөн айымдар — мугалимдер, врачтар, ишкерлер, спортчулар сөз сүйлөп, Президенттин куттуктоосуна ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге өз тармактарындагы актуалдуу маселелерге учкай токтолушту. Президент Садыр Жапаров аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Нур-Султанда майып балалуу энелер 5 күндөн бери калаа акимчилигинин имаратында түнөп жатышат

Нур-Султанда социалдык жардам берүүнү талап кылган майып балдары бар бир топ аял беш күндөн бери калаа акимчилигинин имаратында түнөп жатат. Алар менен Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги, бир нече депутаттар жолугушту, бирок тараптар бир пикирге келген жок.

Нааразы аялдар майып балдар үчүн социалдык жеңилдик азайтылганын, турак жайга кезекке турууда кыйынчылыктар болуп жатканын билдирүүдө. Энелер бийликтен тезинен үй маселесин чечүүнү, майып балдарды баккан ата-энелерди мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгарууну жана социалдык жардамдарды көбөйтүүнү талап кылышууда.

Былтыр декабрда ондогон аял шаардын акимчилигине бош коляскалар менен келип, турак жай маселесине бийликтин көңүлүн бөлүүгө аракет жасаган.

Бул арада көп балалуу энелердин башка бир тобу да шаардык акимчиликке келип, бийликтен ар бир балага 21 миң теңге жөлөк пул берүүнү сурап жатышат. Malim.kz алардын акимчиликте түнөгөнүнө 10 күн болгонун жазды. Аким менен жолугууга аракет жасаган төрт аялды апта башында полиция кызматкерлери кармап кетишкени айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сокулук районунан унаа айдап кеткен жаран Нарын облусунан кармалды

Сокулук районунан унаа айдап кеткен жаран Нарын облусунан кармалды. Бул тууралу бүгүн, 5-мартта Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 3-март күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү Р.Р. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, 3-март күнү болжол менен таңкы саат 00:30 дан 10:00 убакыт аралыгында үйүнүн жанында токтоп турган “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдап кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде шектүү жарандын жүргөн такталып, Нарын облусунан жогорудагы уурдалган автоунаа менен жүргөн жеринен 2002-жылы туулган А.Э. аттуу кармалган.

Териштирүү учурунда, шектүү жаран жанындагы ачкычтары менен жогорудагы унааны ачып алып, аны айдап Нарын облусу тарапка кетип калганы маалым болгон.

Учурда автоунаа ээсине кайтарылып берилген, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню