Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү

Бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри жок болгон мезгилге Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Касымбеков Жаркынбек Орозбековичке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев жана генпрокурор Курманкул Зулушев тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, Кыргыз Республикасынын 66, 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып:

— Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу ал тергөө мезгилине ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсин,

— Зулушев Курманкул Токторалыевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматынан тергөө мезгилине убактылуу четтетилсин.

Омар Султанов Женевадагы КРнын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Султанов Омар Абдыразакович Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Каныбек Туманбаев Президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Туманбаев Каныбек Тургунбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу болуп дайындалды.

Тилек Батырканов Президенттин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Батырканов Тилек Карыбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу ээлеген кызматынан бошотулду.

Муратбек Азымбакиев Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Азымбакиев Муратбек Абакирович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Рахимов Мамыржан Тойчиевич Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калабына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.

Тимур Мадяров КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 12-майда Мадяров Тимур Мысырович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

Каныбек Осмоналиев КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Каныбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.

Сыртбай Мусаев КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматынан бошотулду

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мусаев Сыртбай Жолдошович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы ээлеген кызматынан бошотулду.

Меню