Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Чынгыз Айдарбеков Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды

Бүгүн, 22-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чингиз Азаматович Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды.
Бул чечим Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жакынкы бир катар чет өлкөлөрдөгү чет өлкө мекемелеринин (элчиликтердин) кызматкери кезинде дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Наралы Асанбаев «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын «Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 22-пунктуна ылайык, Наралы Асанбаев «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды». Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Азамат Арнабек уулу Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Бүгүн, 11-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Арнабек уулу Азамат Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.

Садыр Жапаров: "Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам"

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде акыркы мезгилдеги кадрдык алмашуулар тууралу да суроолорго жооп берди.

— Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүңүз, бир эмес, төрт министр өз каалоосу менен кызматын тапшырып кетти. Айрымдар муну чөгүп бараткан кемеден качуу катары баалашууда. Бул кадрдык жүрүштөр эмнени түшүндүрөт?

 Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Кыскасы эч кимди аямай жок. Министр болуп келдиңби, мамлекет үчүн, эл үчүн иште! Уурдаба! Напсиңди тыя албайсыңбы, министр болбой эле кой!

Ал эми Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок. Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек да. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын.

Айрым саясатчылар бар. Акыл үйрөтсө тим эле укмуш. Сүйлөсө асмандан сүйлөшөт. Бирок ишке келгенде ноль болушат. Мисалы былтыр Өмүрбек Суваналиевди Баткенге жибердим. “Сиз генералсыз, тажрыйбаңыз бар. Тажиктер менен жакшы мамиле түзүп, чек арада атышуулар болбогудай аракеттерди жасаңыз” деп. Анан эле 29-апрелде тажик тарап биринчи агрессия кылганда тажиктерге барып сүйлөшкөндү биякка коелу, облустук администрациянын алдына чогулган элге чыкпай кабинетинде жашынып олтуруп албадыбы. Анан дароо алмаштырдым.

Кыскасы, иштей албай жаткан кадрлар мага дапдаана көрүнүп турат. Иштей албагандарын көпкө күтпөй алмаштырып атам. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Өкмөттүк иш ушундай болот. Түбөлүк эч ким министр болбойт. Кан алмашуу сыяктуу тез-тез алмашып турат дегендей.

Булак: Kabar.kg

Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 5-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлашты.

Төраганын кызмат ордуна Шакиев Нурланбек Тургунбековичтин талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 80 депутат колдоду.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Нурланбек Шакиев 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Билими жогорку. №17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Буга чейин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери болуп келген.

Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматынан өз каалоосу менен кетти

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызмат ордунан өз каалоосу менен кетти.

Төрага Талант Мамытов өлкөдөгү коомдук-саясий абалды турукташтыруудагы парламенттин ролу маанилүү экенин белгилеп: “Жогорку Кеңеш ар дайым эң оор мезгилде жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз милдетин так аткарып келген», – деди жана өлкөнүн Конституциясы баш болгон маанилүү чечимдер кабыл алынганын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Төрага Талант Мамытов кесиптештерине көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматтан кетүү чечими өз каалоосу менен кабыл алынганын баса белгиледи.

Алтынбек Максутов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Максутов Алтынбек Аскарович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Алтынбек Максутовдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Тилек Текебаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Текебаев Тилек Кыдырмаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тилек Текебаевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Уланбек Мамбетакуновдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Таалайбек Ибраев энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Ибраев Таалайбек Өмүкеевич Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Таалайбек Ибраевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Меню