Menu

Доскул Бекмурзаев

Садыр Жапаров: "Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам"

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде акыркы мезгилдеги кадрдык алмашуулар тууралу да суроолорго жооп берди.

— Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүңүз, бир эмес, төрт министр өз каалоосу менен кызматын тапшырып кетти. Айрымдар муну чөгүп бараткан кемеден качуу катары баалашууда. Бул кадрдык жүрүштөр эмнени түшүндүрөт?

 Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Кыскасы эч кимди аямай жок. Министр болуп келдиңби, мамлекет үчүн, эл үчүн иште! Уурдаба! Напсиңди тыя албайсыңбы, министр болбой эле кой!

Ал эми Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок. Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек да. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын.

Айрым саясатчылар бар. Акыл үйрөтсө тим эле укмуш. Сүйлөсө асмандан сүйлөшөт. Бирок ишке келгенде ноль болушат. Мисалы былтыр Өмүрбек Суваналиевди Баткенге жибердим. “Сиз генералсыз, тажрыйбаңыз бар. Тажиктер менен жакшы мамиле түзүп, чек арада атышуулар болбогудай аракеттерди жасаңыз” деп. Анан эле 29-апрелде тажик тарап биринчи агрессия кылганда тажиктерге барып сүйлөшкөндү биякка коелу, облустук администрациянын алдына чогулган элге чыкпай кабинетинде жашынып олтуруп албадыбы. Анан дароо алмаштырдым.

Кыскасы, иштей албай жаткан кадрлар мага дапдаана көрүнүп турат. Иштей албагандарын көпкө күтпөй алмаштырып атам. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Өкмөттүк иш ушундай болот. Түбөлүк эч ким министр болбойт. Кан алмашуу сыяктуу тез-тез алмашып турат дегендей.

Булак: Kabar.kg

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматынан бошотулду.

Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине КР энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

Бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине, ошондой эле 89-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Бекмурзаев Доскул Жумагулович тергөө мезгилине Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди.

Генпрокуратура: Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 2021-жылы тапшырган декларациясында мүлктөрүн жашырып, 2022-жылы такыр эле декларация тапшырган эмес

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын, «Наценергохолдинг» ААКсынын, «Кыргызтеплоэнерго» МИнин кызматкерлерине эмгек акыларга кошумча үстөктөрдү, иш сапар чыгымдарын мыйзамсыз төлөнгөндүгү, отун ресурстарын сатып алуулар жана башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун наамына энергетика системасында аныкталган коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталбагандыгы, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби, кирешелерди декларациялоо мыйзамдарынын бузулушу аныкталып, тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш киргизилген.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Д.Ж.Бекмурзаев Салык кодексинин жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын талаптарын бузуу менен 2022-жылы ага жана анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер боюнча декларация тапшырган эмес. Ошондой эле, Д.Ж.Бекмурзаев 2021-жылы Мамлекеттик салык кызматына тапшырган декларациясында атайын айрым кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн толук көрсөткөн эмес.
Республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде жана анын түзүмдүк уюмдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары жана, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин талаптары бузулгандыгы аныкталган.
Нормативдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 млн 150 миң 218 сом өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 млн 54 миң 197 сомду түздү.
Пландуу текшерүүнүн алкагында энергетика тутумунун кызмат адамдары жана башка мекемелеринин кызматкерлеринин коррупцияга каршы аракеттенүү, эмгек, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, энергетика жана отун-энергетикалык комплекси жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сакталуусу иликтенген.

Генпрокуратура: Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге каршы 2 кылмыш иши козголду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголду.
Атап айтканда, 2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Бекмурзаев, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Россия Федерациясына болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген.
Мындан тышкары, министр Д.Бекмурзаев, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо “Б.” ЖЧКга жалпысынан 15 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.
Натыйжада, Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Министр Бекмурзаев Токтогулдан суу сатылбаганын билдирди

Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев ЭлТР телеканалына берген комментарийинде Токтогул суу сактагычынан кошумча суу Казакстанга сатылбаганын билдирди.

“Бир тамчы суу дагы сатылган жок. Казакстан менен Кыргызстан, Өзбекстандын ортосунда жазында Улукбек Марипов (мурдагы өкмөт башчы -ред.) менен мурдагы министр товар алмашуу боюнча келишимге кол коюп келген. Муну саясатташтырбаш керек. Бизге керек учурунда кошуналар электр энергияны бекер берди. Биз жайында ошонун үчтөн бир бөлүгүн кайтарып беребиз. 2022-жылы дагы ошондой болот. Эгер абал ушул боюнча кете берсе, 2023-жылы дагы ошондой болот. Ошондуктан муну жөн эле “хайп” кыла бергендин кереги жок. Суу сатылбайт”, – деди министр.

Коңшу өлкөгө Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берилгени Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-декабрда Нур-Султан шаарында казак премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда ачыкка чыккан. Бул маалымат Кыргызстанда талаш-талкуу жаратты. Энергетика министрлиги Казакстанга жай саратан, кургакчылык маалда кошумча сугат суу берилгени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда мындай кадам электр энергиясын алышып-беришүү тууралуу макулдашуунун негизинде ишке ашканы айтылат.

Маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешов парламент жыйынында президенттин өкүлүнө кайрылып, “дыйкандарга суу жетпей жатканда, Казакстанга 330 куб суунун агызылганы” боюнча түшүндүрмө талап кылган.

Суу сактагычтагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Доскул Бекмурзаев, энергетика министри: Электр энергиясы боюнча жаңы тариф президент менен макулдашылган

Электрдин тарифи президент менен макулдашылганын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев 16-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Министрлик 15-июндан баштап Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тариф саясаты боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелет. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналат.

Бул тариф калктын бардык катмары үчүн бирдей иштейт жана мурда айтылгандай турмуш-шартка жараша өзүнчө тариф каралган жок.

Министрлер кабинети жарыктын баасын жыл сайын жогорулатууну пландап жатат. Токтом долбоорундагы маалыматка ылайык, 2022-жылы электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 48 тыйынга чыгат. Андан кийин жылдык инфляциянын деңгээлинде жараша кымбаттап турат.

“Арак, цемент чыгарган заводдор, алтын кен ишканалар, майнинг фермалар электр энергиянын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйын төлөйт. Анткени булар көп киреше алган бизнес болуп саналат”, – деди Доскул Бекмурзаев.

Ушул тапта элге электр энергиясынын бир кВт/сааты 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда өкмөт Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алып жатат. Аны үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо.

Доскул Бекмурзаев энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Меню