Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго 15 судья дайындады

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти

Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык өз кызмат  орундарына 14 талапкер, ошондой эле бош судьялык кызмат орунга 1 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 15 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

— Жалал-Абад облусу:

Ноокен райондук сотуна

Осмонов Тарасбек Сапарбекович;

Базар-Коргон райондук сотуна

Каримова Жыпар Кудайбердиевна;

Ала-Бука райондук сотуна

Бейшеев Камбарбек Арзыбаевич;

Токтогул райондук сотуна:

Бегимбаева Аида Алыбековна;

Солпуева Назира Мукамендиевна;

Майлуу-Суу шаардык сотуна

Турмаматов Муратали Курсаналиевич;

Таш-Көмүр шаардык сотуна

Бектемиров Куралбек Абдималикович;

— Ош облусу:

Ош облустук сотуна

Исажанов Келдибек Сайдахматович;

Ош облусунун Административдик сотуна

Жаныбекова Жаныл Жаныбековна;

Чон-Алай райондук сотуна

Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич;

— Нарын облусу:

Нарын облустук сотуна

Койломбаев Азамат Ишимбекович;

–Жумгал райондук сотуна

Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич;

         — Ысык-Көл облусу

Ак-Суу райондук сотуна

Бекбулатов Айбек Бектурсунович;

— Бишкек шаары

Биринчи май райондук сотуна:

Акылбекова Джамиля Дилдебековна;

Медеров Азирет Баратович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кызмат орундарында 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору жумушунан бошотулуп, алардын ордуна сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мындан ары – жалпы билим берүү уюмдары) жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо системасы киргизилсин.

  1.  Төмөнкүлөр белгиленсин:
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт;
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат;
    – конкурстук тандоо жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына өткөрүлөт;
    – кызмат ордунда 5 жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет, иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алат жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык башка талапкерлер менен катар жалпы негиздерде жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстан өтүүгө укуктуу.
    3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
    – ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
    – өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
    4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине коюлуучу квалификациялык талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;
    – конкурстук тандоону өткөрүү үчүн тесттик инструменттерди иштеп чыксын жана апробациядан өткөрсүн;
    – 2022-жылдын жана кийинки жылдардын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына конкурстук тандоону уюштурсун.
    5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конкурстук тандоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

Каракалпакстандагы окуялардан кийин Өзбекстан президентинин администрация башчысы Зайнолибиддин Низомиддинов иштен алынды

Каракалпакстандагы окуялардан кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин администрация башчысы Зайнолибиддин Низомиддинов кызматтан алынды.

Расмий маалыматта ал “саламаттыгынан улам башка жумушка которулганына байланыштуу” иштен кеткени жазылган.

Кийинчерээк Низомиддинов Кесиптик кошуундар федерациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматына дайындалганы белгилүү болду.

«Азаттыктын» өзбек кызматы бийликтеги булактарына таянып, Низомидинов баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү сунуштоодо маанилүү роль ойногонун жазды. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы “суверендүү республика” деген макамы алынган эле.

Бул өзгөртүүлөргө байланыштуу Каракалпакстан автоном республикасында тутанган башаламандыкта 18 адам өлгөн. Жүздөгөн адам жараат алып, беш жүздөн көбү камалган. Укук коргоочулар жана бозгундагы оппозиция өкүлдөрү курман болгондордун саны алда канча көп экенин айтып келишет.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдогон.
49 жаштагы Зайнолибиддин Низомиддинов 2016-жылдан бери Мирзиеев менен тыгыз кызматташып келет. Ал президенттин администрациясынын жетекчиси катары таасирдүү саясий фигура катары саналчу.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган.

Бообек Турсункулов Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Турсункулов Бообек Шамалбекович Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Алтынбек Эргешов Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

2022-жыл 4-июль

Таалайбек Конкобаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды

Бүгүн, 20-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Конкобаев Таалайбек Тажиматович Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.

Мунун алдында Кара-Көл шаарынын мэри Балташов Алмазбек Шукуралиевич ээлеген кызматынан бошотулган.

Арслан Койчиев Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 29-июнда Арслан Койчиев кыргыз тараптан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен Койчиев Арслан Капайович башка ишке өткөндөгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кызматынан бошотулган.

Муктар Жумалиев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумалиев Муктар Кабылбекович Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) Туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Эмил Шерматов КР Президентинин иш башкармасынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

Шерматов Эмил Абсатарович Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон.

Нуртазин Жетибаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Жетибаев Нуртазин Алымкулович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Меню