Menu

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР – ХАЙ ТЕК

Видео - iPhone 8 22-сентябрда сатыкка чыгат

iPhone 8 презентациясы 12-сентябрда өтөт. Бул туурасында Apple компаниясынын пландары менен тааныш  The Wall Street Journal булактарга шилтеме жасап билдирет.

Компания үч жаңы түзүлүштү тааныштырат. Алар iPhone 7нин жаңыртылган эки версиясы жана iPhone 8. Анын чыгышы Apple компаниясынын биринчи смартфонунун жарык көрүшүнө он жыл болгондугу менен байланыштуу.

Басылманын маалыматына ылайык, жаңы айфон адамды таануу технологиясын кармайт жана рамасы жок экрандуу болот. Анын баасы: базалык версиясы 1000 долларды түзсө, эстутумунун көлөмү кеңейтилгендери 1400 доллардын тегереги деп болжонууда.

Ал эми көпчүлүктү кызыктырган суроо бул анын сатыкка чыгышы. Эксперттер компаниянын мурдагы иш-аракеттерине таянып 22-сентябрь деп белгилешүүдө.

“iPhone 8ди презентация кылуу күнү аны сатып алуу күнү эмес экендигин эске алуу керек. Мисалы iPhone 5 2012-жылдын 12-сентябрында бет ачарын өткөргөн сатыкка 21-сентябрда чыккан. IPhone 5c жана 5s 2013-жылдын 10-сентябрында презентацияланып, 20-сентябрда сатыла баштаган. Бул ситуация IPhone 6да дагы кайталанган, ал 2014-жылдын 9-сентябрында болгон. Андыктан Apple бул салтты бузбайт” – дешти эксперттер.

Булак: “kyrgyztoday.org”

Видео - iPhone 8 22-сентябрда сатыкка чыгат

iPhone 8 презентациясы 12-сентябрда өтөт. Бул туурасында Apple компаниясынын пландары менен тааныш  The Wall Street Journal булактарга шилтеме жасап билдирет.

Компания үч жаңы түзүлүштү тааныштырат. Алар iPhone 7нин жаңыртылган эки версиясы жана iPhone 8. Анын чыгышы Apple компаниясынын биринчи смартфонунун жарык көрүшүнө он жыл болгондугу менен байланыштуу.

Басылманын маалыматына ылайык, жаңы айфон адамды таануу технологиясын кармайт жана рамасы жок экрандуу болот. Анын баасы: базалык версиясы 1000 долларды түзсө, эстутумунун көлөмү кеңейтилгендери 1400 доллардын тегереги деп болжонууда.

Ал эми көпчүлүктү кызыктырган суроо бул анын сатыкка чыгышы. Эксперттер компаниянын мурдагы иш-аракеттерине таянып 22-сентябрь деп белгилешүүдө.

“iPhone 8ди презентация кылуу күнү аны сатып алуу күнү эмес экендигин эске алуу керек. Мисалы iPhone 5 2012-жылдын 12-сентябрында бет ачарын өткөргөн сатыкка 21-сентябрда чыккан. IPhone 5c жана 5s 2013-жылдын 10-сентябрында презентацияланып, 20-сентябрда сатыла баштаган. Бул ситуация IPhone 6да дагы кайталанган, ал 2014-жылдын 9-сентябрында болгон. Андыктан Apple бул салтты бузбайт” – дешти эксперттер.

Булак: “kyrgyztoday.org”

Жаңы Роллс-ройс - Фантом VIII

Дүйнөнүн эң эски, эң белгилүү маркаларынын бири – Роллс-Ройс – жаңы автоунаа чыгарды.

Фантом номер VIII – бул революция эмес, эволюция. Бул жаңы иштелме түзүүчүлөрдүн бири болгон сэр Генри Ройстун “болгон нерсенин мыктысын алгыла жана мыктылагыла” деген ураан менен чыгууда.

Негизги мүнөздөмөлөрү:

-эки өңдөгү түс – боз металлик жана күмүш өңү

-толук аллюминийден жасалган рама

-маалымат жана көңүл ачуу системасынын жана цифралык приборлордун чоң борбордук экраны

-6,75 литрлик бензиндеги гибриддик технологиясыз кыймылдаткыч.

Максималдуу ылдамдык

250 км/ч.

Баасы

Кээ бир маалыматтар боюнча, 400 миң евродон өйдө.

 

Facebook компаниясы YouTubeга атаандаш жаңы видеоплатформа ойлоп тапты

Facebook  соцтармагы Watch деп аталган жаңы долбоорго анонс жасады. Жаңы видеоплатформа YouTubeду элестетет. Анда колдонуучулардын өз видеолорун жарыялап, бөлүшүп, башка видеолорду көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Watchта башка адамдардын, бренддердин, басылмалардын роликтерине катталууга болот.

Кыш койгуч робот

Америкалык Caterpillar корпорациясы өтө натыйжалуу курулушчу роботту жасады.

Анын негизги өрнөгү катары Австралиянын роботторду жасоочу Fastbrick Robotics компаниясы мурда жасаган Hardian роботу алынган.

Caterpillar Hardian X роботу жүк ташуучу автомобилдин платформасына орнотулат. Анын 30 метрдей узундуктагы баканы, цемент чалуучу соргучу (насос), манипулятору жана башка жабдуулары бар. Мунун баары компьютердин башкаруусу астында иштейт. Компьютердин мээсине курулуш башталгандан мурда болочок үйдүн калыптык өрнөгү (модели) киргизилет. Ал моделдин негизинде робот ирети менен аткарчу ар бир ишти эсептеп чыгат.

Курулушчу робот саатына 1000 кирпич коё алат жана дубалда эшик-терезелердин, суу түтүктөрдүн, ток өтчү зымдардын ордун калтыруу үчүн кирпичти ылайыктуу кылып кесет. Бул робот жумушчулардай эс алуу жана чылым чегүү дегенди билбегендиктен, күнү-түнү тынбай иштейт. Ал эми чоң курулуш объектилеринде, демейдеги норма боюнча, бир жумушчу (кыш койгуч) 8 сааттык иш күнүндө 400 кирпич коюшу керек.

Бүгүнгө чейин Caterpillar корпорациясы Caterpillar Hardian X роботун өнүктүрүү үчүн Fastbrick Robotics компаниясына 2 миллион доллар инвестиция салган. Бул фирма болочокто дагы 8 миллион доллар акча каражатын инвестиция кылышы ыктымал экени жөнүндө маалымат бар.

Азыр дүйнөдө кирпич үйлөрдүн курулушунун 80%ы кол менен аткарылат. Ушундан келип, адистер Hardian X роботу жылына дүйнөлүк базарда 100 миллиондон 200 миллион долларга чейинки суммада сатылышы ыктымал деп жоромол кылышууда.

Булак: “Майдан.kg”

Видео - Mercedes Maybach кабриолетинин бет ачарына анонс жасады

Дүйнөлүк Пеббл-Бич элеганттуулук автосынагында немистер Mercedes-Maybachтын укмуштуудай кабриолетин элге көрсөтүшөт.

Mercedes-Benz компаниясы аталган жаңы концепт-кардын дизайнын көрсөткөн кыска мөөнөттүү тизерди бүткүл дүйнөлүк желеге жайгаштырды. Машинанын бет ачары ушул жылдын 17-августунда америкалык Пеббл-Бич элегенттуулук автосынагында болот.

Немистер АКШга Vision Mercedes-Maybach 6 чоң эксперименталдык купенин ачык версиясын алып келишет. Анын ачылышы былтыр, ушул эле конкурста болгон. Анын габариттик узундугу 5,6 метрди түзгөн. Ал “Ак чардактын канаты” деп аталган стилдеги эшиктерге ээ болуп, анын бардык керектүү маалыматтарды автоунаанын алдыңкы айнегине чыгарып бере турган проекциялык дисплейи болгон.

Кытайда Facebook компаниясына таандык акыркы социалдык түйүн жабылды

Кытайда эми WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары фото жана видеолор менен бөлүшө алышпайт, кээ бирлери жада калса текст турүндөгү билдирүүлөрдү дагы жөнөтө алышпайт. Бул туурасында The New York Time  билдирет.

Маалыматты газетадан маалыматтык коопсуздук боюнча эксперт тастыктаган.

WhatsApp Facebook компаниясынын Кытайда жабыла элек акыркы толуктоосу болчу. Instagramды Кытай 2014-жылы, ал эми Фейсбукту болсо 2009-жылы эле жабышкан, – деп билдирди эксперт.

Ооган кыздары роботтордун эл аралык таймашында күмүш медаль тагынышты

Вашингтондо өткөн Роботтордун эл аралык таймашында Ооганстандан келген алты өспүрүм кыз жеңишке жетишти. 18-июлда жыйынтыкталган иш-чарада ооган командасы күмүш медалга татыды.

Алгач алты кызга АКШга барууга виза бербей коюшкан. Кийин АКШ президенти Дональд Трамптын кийлигишүүсү менен Ооганстандын батышындагы Герат провинциясынан чыккан алты кызга эл аралык таймашка катышууга уруксат берилген.

Үч күнгө созулган иш-чара дүйнөдөгү жаштардын арасындагы илим жана техникага болгон кызыгууну өстүрүүгө багытталган.

Алтынды Польшадан барган команда алса, Армения колону алып кетти.

Мелдешке 150дөн ашык өлкөнүн окуучулар командасы катышкан. Эмдиги жылы таймаш Мексикада өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фото - Таң калычтуу “темир тулпарлар”

Заманбап автомашиналар

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча автомобиль чыгаруу жагынан немистер алдыга озуп чыгышты. Дүйнөнүн ири машина чыгаруучулар арасында немистердин  Volkswagen компаниясы турат. 2016-жылы алар 10 млн автомашина чыгарган. Бул жерде сөз Фольксваген маркасы тууралуу гана болбостон, анын курамына кирген бренддер, алсак,   Skoda, Audi, Seat, Man, Scania, Porsche, Bentley, Bugatti и Lamborghini  боюнча да жүрүүдө.

Экинчи орунда  япондордун Toyota  компаниясы ээлейт. 2016-жылы япондор 9,9 млн темир тулпар чыгарган.  Бирок алар машина чыгаруунун көлөмү жагынан Фольксвагенден кийинки орунду ээлейт. Ал эми автомобилди сатуу жагынан Тойота, мисалы,  Седан Corolla сатуу боюнча көч башында келе жатат. Ал эми француз-япон Renault-Nissan дүйнөдөгү популярдуу биринчи үчтүккө кирет. Бул биргелешкен компания 2016-жылы 8, 5 млн автомобиль чыгарган.

Андан кийинки дүйнөдөгү ири автомобиль чыгаруучуларды бул инфографикадан көрүүгө болот.

Дүйнөдөгү автомобиль чыгаруучу ири компаниялар:

(2016-жылдын жыйынтыгы менен)

(Focus 2move маалыматы боюнча)

Бул ири компаниянын автомашиналары биздин, Кыргызстандын жолдорунда да зуулдап жүрүп жатканына баарыбыз күбөбүз.

 “Тойотанын” жаңы учуучу машинасы

Биз жогоруда дүйнөлүк ири автомобиль чыгаруучу компаниялар тууралуу сөз козгодук. Ал эми биздин максатыбыз катардагы автомашиналар тууралуу эмес, адаттан тышкары машиналар туурасында болмокчу. Бизге кечээ жакында эле фантастикадай туюлуп жаткан автомашиналар чыгарыла баштады.  Фантастика эмей эмне, ээ, машина эми жолдо жүрбөстөн, учуп жүрсө… Алардын бири –уча турган машина. Япон компаниясы, андан мурдараак америкалык компания, анан голландиялык компания, айтор, учурда дүйнөнүн чар тарабынын автомобиль чыгаруучу компаниясы учуучу машинаны чыгаруу менен алектенип, сынактан өткөрүп жатышат. Алардын кимиси биринчи сатыкка чыгарат болду экен, аны келечек  көргөзөөр.

Япониялык айтылуу “Toyota” компаниясы  Skydrive деп аталган учуучу машинаны чыгарууга 350 миң доллар бөлүп берди. Ал 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиаданын ачылышында учурулуп, аны башкарган адам олимпиадалык отту жага турганы пландалып жатат.

Бул учуучу машина бир кишилик. Машинанын узундугу — 2, 9 м, туурасы 1,3 метр, бийиктиги — 1,1 метр, үч дөңгөлөктүү болот. Учуучу машинаны абага анын төрт кыймылдаткычы алып чыгат, алар квадракоптёрдукундай, горизонталдык абалда жайгашкан. Skydrive кадимки машина өтүүчү жолдон да жүрө алат, 10 метр бийиктикке уча алат. Максималдуу ылдамдыгы саатына—100 чакырым.

Skydrive машинасын чыгаруунун  үстүнөн 30 ыктыярдуу адам иштеп жатат. Ушу тапта АКШ, Германия, Нидерландия, Словакия, Кытай жана Жапониянын фирмалары илимий фантастиканы чындыкка айлантып, учуучу машина жасоо менен алек. Cartivator стартабынын инженерлери учуучу автомашинанын 2025-жылы сатыкка чыгарабыз деген ойдо. Cartivator буга чейин уча турган автомашинаны крауфандинг (crowdfunding) же долбоорго кызыкдар адамдардан Интернеттен чогултулган акчанын эсебинен каржылап жаткан. Бул долбоор 2012-жылы учуучу автомобилди жасоо максатында түзүлгөн.

Жерде да, сууда да бирдей жүрчү жана асманда да уча алуучу гибриддик унааны жасоо үчүн инженерлер  бир далай убакыттан бери аракет жасап жүрүшөт. Андай алгачкы машина- америкалык инженер, Кенже Роберт Фултон (Robert Edison Fulton Jr.) жасаган FA-2 Airphibian. Анын салмагы 680 кг, узундугу 6,7 м болуп, максималдуу ылдамдыгы 193 км/саат эле. Бирок ал машинаны сатыкка чыгара алышкан эмес.

Учуучу машина чыгаргандардын дагы бири

Ошондой эле Google ду уюштуруучулардын бири Сергей Брин да өз дирижаблин Калифорниядагы илим изилдөө борборунда куруп жаткандыгы маалымдалган. Андан мурдараак эле ошол эле  Бриндин Google дагы өнөктөшү Ларри Пейж да учуучу автомобилин”  YouTubeканалына койгон.

Бирок учуучу машиналар сериялык түрдө чыгарыла элек. Булар— сыноочу моделдери.

Голландиялык компаниянын учуучу машинасы

Голландиядагы PAL-V International B.V компаниясы уча турган машинанын сериясын чыгарды. Ал машина үч дөңгөлөктүү келип, Liberty деген аталышка ээ болгон. Эки орундуу, эки моторлуу машинаны—гироплан, гирокоптер деп атап коюуга болот. Ал кадимки эле автомобиль өтчү жолдон да жүрүүгө ыңгайлашкан.  Анын  жыйыштырып коюучу пропеллери Rotax кыймылдаткычы бар, кубаттуулугу саатына 160 чакырым жүрө алат. 100 чакырымга чейин ал 9 секундда күүлөнө алат. Учканда машина 3500 метрге чейинки бийиктикке чыга алат, эң жогорку ылдамдыгы— саатына 180 чакырым. Абадан май куюп алганы менен 500 чакырымга чейин жете алат. Конуу үчүн ага болгону 30 метр жер керек. Саатына 26 литр май сарптайт. Анын салмагы 664 кг.  Жалпысынан максималдуу 910 кг салмак менен уча алат.

Айдоочусуз жүргөн машина

Tata OneCAT. Фото: © Tata Motors

Келечекте машина чыгаруучулар дагы бир далай кызыктарды чыгарып, көздү кызарткан турушат. Учуучу машиналар менен катар эле дүйнөдө айдоочусуз жүрөт ала турган автомобилди чыгара башташканы маалым.

Айтылуу Volvo, Mercedes-Benz, Ford и Google компаниялары бүгүнкү автомобиль технологиясы алда канча алдыга кетти, жеңил машиналар айдоочусуз эле автоматтык түрдө башкарганга даяр экенин айтышат. Анда качан айдоочусуз машинанын пайдаланылышына уруксат беришет? Эксперттер 2020 жана 2030-жылдардын ичинде деп жооп беришет.

Айдоочусуз жүрө турган машиналардын арткы жана капталдарындагы күзгүсү болбойт. Эгер сырттагы көрүнүш сизге жакпаса, эшиктерди экран катары колдонуп, мультимедиалык контент аркылуу  кино көрүп барсаңыз болот.

Айдоочунун отургучу, алдыда отурган жүргүнчүнүн отургучундай эле, 180 градуска бурулуп, машинанын ичин мейманканага айлантып кое алат. Ортосунда кайра жыйналуучу стол болуп калат. Бараткан багытын машинанын ичиндеги ар бир жүргүнчү интерфейс аркылуу башка жакка буруп кое алат. Бул ойдон чыгарылган нерсеге окшошуп турса да,   Mercedes компаниясы  эми 15 жылдан кийин ушундай машинаны массалык түрдө чыгарууга бел байлап жатат.

Айдоочусуз машинанын кемчилиги эмнеде?

MDI AIRpod. Фото: © MDI

Айдоочусуз жүрө турган машина учурдагы шартта Кыргызстанга жарабайт экен деп айтууга негиз бар. Анын себеби мындай:

Айдоочусуз жүрө турган машинанын бир кемчилиги бар. Ал машина жол кыймылы идеалдуу болсо гана коопсуз жүрө алат. Анткени машинанын баары автопилот тарабынан башкарылган болушу керек. Бир түр машина эле айдоочусуз жүрө алса, калган машиналарды айдоочу башкарат эмеспи. Алардын бири жол эрежесин бузуп кетет, бири мас абалында болот, дагы бири жакшы айдай албайт, дагы бири чарчап калат. Ал эми айдоочусуз машина жол кыймылы белгиленген тартипти сактаганда гана  коопсуз жүрө алат. Учурда Японияда жана АКШнын үч штатында, Калифорния, Флорида, Невадада, мыйзам боюнча робот машиналардын жүрүшүнө уруксат  берилген.

Бирок дүйнөдө идеалдуу жол эрежеси сакталса, анын ичинде биздин өлкөбүздө да ошондой шарттар түзүлүп калган заман келсе, эмнеге автомашинанын эшигинен кино көрүп, айдоочусуз эле мейманканада олтургандай жол жүрүүнү кыялданууга болбосун. Адамзаттын колунан келбеген эч нерсе жок эмеспи. Демек, алдыда бизди, биздин урпактарыбызды кызыктуу, таң каларлык турмуш күтүп турганы кубантат.

Пневмомобилдер

Дүйнөдө автомашиналардын ар түркүнү чыгарууга даярдалып жатат. Учуучу машинанлар, айдоочусуз жүрүүчү автомашиналар менен катар эле май куйбай, аба менен жүрө турган автомашинаны чыгаруу аракети тууралуу да айта кетели. Алар пневмомобиль деп аталат. Пневмомобилдер күйүүчү майды колдонбойт. Анын ордуна кысылган абаны пайдаланып, айлана-чөйрөнү булгабайт, үнөмдүү.

Электромобилдер качандыр бир кезде күйүүчү май менен жүргөн транспортту керектен чыгараары бышык. Анткени нефть менен газдын запастары да Жер планетасында чектелүү. Ар кайсы өсүмдүктөрдөн алынуучу биоотун да чексиз эмес, анткени жер жүзүндө адамдардын санынын өсүшү менен анын запастары да азаят. Ал эми кысылган абанын күчү менен жүргөн машина келечектин машинасы дегендер басымдуулук кылып бара жатат.

XIX кылымда темир жол транспортунда “кысылган абанын” күчү менен жүргөн машина ойлоп чыгарышкан.   Азыркы учурда ал идеяны ишке ашыруу жагы кеңири жайылтыла баштады. Индиянын Tata Motors компаниясы  OneCAT деп аталган кысылган абанын күчү менен иштей турган автомобиль иштеп чыгарган. Анын иштөө тартиби мындай: камерага атмосфералык аба толтурулат, андан кийин ал кысылган кислород менен аралаштырылат да, ал автомобилдин багында сакталат. Ал аралашма иштеп, поршенди кыймылдатат.

Ошондой эле пневмомобилди француздардын MDI компаниясы чыгарган. Алардын пневмомобили AIRpod деп аталып, массалык түрдө чыгарылууга даярдалган. Бул кичине машина бакты бир толтурганда 250 чакырымга чейин жете алат. Ал саатына 75 чакырым жүрөт.

Пневмомобилдин эң  жакшы жактарынын бири—ал экологиялык таза машина болуп саналат. Мындай машиналарды майлап убара болуунун кажети жок. Кыймылдаткычты муздатуунун да кереги жок. Запастык бөлүктөрү да көпкө чейин иштен чыкпайт.

Аба менен жүрүүчү машиналар ырас эле келечектин машинасы болуп саналат. Айрыкча нефтинин жана газдын запасынын кыйналган биздин Кырызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн табылгыс дары эмеспи. “Газпромнефть” Азия компаниясы бензинди кымбат сатып жатканда бизге андай машиналар келсе, мен дароо сатып алмакын. Анткени Бишкекте Аи98 бензини 39, 4 сомдон, Аи 92-25,8 , Аи 80-32, 7 сомдон сатылып жатпайбы.

Айтор, бул жагынан эртеңки күндү күтүп, кыялданып туралы. А балким эртең андай бензинсиз, аба менен жүргөн автомашиналар сатыкка чыгып, биздин өлкөгө да келип калгысы бардыр.

Даярдаган Курманбек Насирдин уулу 

Булак: “ПолитКлиника”

Астана таштандыларды "жашыл" энергияга айлантуу жолдорун караштырууда

Астана шаарынын акимчилиги калдыктарды кайра иштетүү боюнча жаңы программаны колго алды. Күнүмдүк катуу калдыктардан “жашыл” энергиянын элементтерин алуу технологиясын ишке киргизүү пландалууда.

Күнүмдүк катуу калдыктарды чогултуу жана чыгаруу кызматын «Clean City NC» компаниясы жүргүзөт. Заводдо калдыктар сорттолот. Таштандылардын 8% гана жарамдуу болот, калган 92% полигондо көмүлөт.

Бул арада калдыктарды көмө турган жай 95% толгон. Учурда экинчи полигон салынып жатат.

Акимчилик кабарлагандай, шаарда таштандылар көбөйүүдө. Бул Астана калкынын өсүшү менен байланыштуу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню