Дүйнөлүк Пеббл-Бич элеганттуулук автосынагында немистер Mercedes-Maybachтын укмуштуудай кабриолетин элге көрсөтүшөт.
Mercedes-Benz компаниясы аталган жаңы концепт-кардын дизайнын көрсөткөн кыска мөөнөттүү тизерди бүткүл дүйнөлүк желеге жайгаштырды. Машинанын бет ачары ушул жылдын 17-августунда америкалык Пеббл-Бич элегенттуулук автосынагында болот.
Немистер АКШга Vision Mercedes-Maybach 6 чоң эксперименталдык купенин ачык версиясын алып келишет. Анын ачылышы былтыр, ушул эле конкурста болгон. Анын габариттик узундугу 5,6 метрди түзгөн. Ал “Ак чардактын канаты” деп аталган стилдеги эшиктерге ээ болуп, анын бардык керектүү маалыматтарды автоунаанын алдыңкы айнегине чыгарып бере турган проекциялык дисплейи болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ