Menu

КООМ

Өкмөттө «Окуу жылынын жыйынтыгы, балдар үчүн жайкы эс алууларды уюштуруу жана жаңы мектептерди куруу» боюнча маалымат жыйыны өттү

Бүгүн, 13-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн Маалымат боборунда «Окуу жылынын жыйынтыгы, балдар үчүн жайкы эс алууларды уюштуруу жана жаңы мектептерди куруу» боюнча маалымат жыйыны өттү. Бул туурасында Өкмөттүн маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Маалымат жыйынга Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев катышты.

Түркияда сойкулук менен алектенген кыргызстандыктар кармалды

Түркиянын курорттук Бодрум шаарында сойкулук шеги менен 6 аял кармалды, алардын арасында үчөө Кыргызстан, экөө Орусия, бирөө Түркмөнстан жарандары. Алар менен кошо ортомчулук кызмат көрсөтөт делген Түркиянын эки атуулу колго түштү.

Бодрум полициясынын өкүлдөрү шаарга бир ай мурун эс алуу үчүн келип сойкулук менен алектенген аялдарга эки апта бою байкоо жүргүзүшкөн.

Полиция аялдардын бири медайым, экинчиси компьютер боюнча адис, дагы бири туризм агенти кесибине ээ экенин билдирди.

Тарип сакчылары тиешелүү маалыматтарды чогулткандан кийин эки аялды автоунаада сексуалдык кызмат көрсөтүп жаткан маалда кармашкан. Дагы экөө жарандык кийимчен полиция өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда колго түшкөн. Калган аялдар Гумбет районунда жайгашкан мейманканада кармалышкан.

29 жаштагы орусиялык аял полиция департаментинде берген көрсөтмөсүндө аларды сойкулукка эч ким мажбурлабаганын, өз каалоолору менен бул ишке барышканын билдирди. “Биз өтө кымбат мейманканада эс алдык, мындан улам акчаларыбыз тез эле түгөнүп калды. Бизге Бодрум абдан жакты. Андан соң мейманканаларда иш издедик, бирок ылайыктуу жумуш тапкан жокпуз. Анан эки эркек менен таанышып, сойкулук менен алектене баштадык. Тапкан кирешенин теңин ортомчуларга бердик. Эки жума ичинде эле 50 миң лира же 14 миң АКШ долларын таптык”,-деди ал.

Кармалган аялдар Мугла шаарынын полиция департаментинин миграция бөлүмүнө жеткирилди, эми аларды депортация күтүп турат.

Булак: Каганат

Керим Тураповдун мыйзамдуу жерине көз арткандар

Кыргызстанда турак-жай, курулуш мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору талкууланып жатканда депутат Бакирдин Субанбеков Керим Тураповго таандык жер тилкеси боюнча маселени көтөрүп: «Документтердин баары колунда болсо, 2-3 миллион сом сарптаса, эми соттун чечими менен токтотуп койсо, бул чыгымдарды ким төлөйт», – деген суроону кабыргасынан койду. Буга Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев, Керим Тураповго берилген жердин укугун мэрия алып койгондугун, ал эми бул маселени тийиштүү мекемелер териштирээрин айтты.

Эске салсак, 2008-жылы 24-июнда мэриянын токтому менен Керим Турапов Бишкек шаарынын “Түштүк дарбазасы” тарабынан 0,28 гектар жер тилкесин алып, Түркиядан инвестор таап, көп кабат үй салдырган. Үй дээрлик бүтүп калган. Бир нече соттошуулардан кийин Бишкек шаардык соту мэриянын токтомун жараксыз деп тапкан. Учурда курулуш иштери токтоп турат. Ал эми Керим Турапов Кудай алдында абийири таза экенин, бул жер тилкесин 11 миллион сомго сатып алганын, ал эми бул каражатты беш жылдын ичинде төлөп бүткөнүн айтат.

Булак: “Фабула”

«Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругунун макамы жаратылыш паркына өзгөртүлүшү мүмкүн

Бүгүн, 12-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында “Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу жөнүндө” Жогорку Кеңеш депутаты Мирлан Бакировдун кайрылуусу тууралуу” ушул жылдын 17-апрелиндеги комитеттин чечиминин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маселе каралды. Бул туурасында КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурлан Жумаевдин айтымында, мамлекеттик агенттик тарабынан “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругун “Дашман” мамлекеттик жаратылыш паркына которуу боюнча долбоор иштелип чыгып, КР Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылгандыгын маалымдады.

Талкуу маалында депутат Мирлан Бакиров айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында бул Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругунун макамын өзгөртүү маселесин айрым жеке жактар эле көтөрүп жатат, жергиликтүү элдин эч кандай кызыкчылыгы жок деген өңүттөгү материалдар жарыялангандыгын айтып, мындай шартта жогоруда аталган долбоорду жеринде барып эл менен бирге талкуулоону сунуш кылды.

Комитет мүчөлөрү тиешелүү токтом долбоорун кароо жана кабыл алуу жол-жоболоруна ылайык, бул маселе боюнча алдыдагы сентябрь айында жеринде коомдук талкуу уюштурууну мерчемдешти.

Белгилей кетсек, комитеттин өткөн отурумдарынынын биринде Жогорку Кеӊештин депутаты Мирлан Бакиров «Дашман» коругунун картасы түзүлгөндө анын аймагына бир катар калктуу конуштар менен алардын жерлери кирип калгандыгын айтып, «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругунун статусун жаратылыш паркына өзгөртүү зарылдыгын белгилеген.

Кыргызстанда 10 мамлекеттик жаратылыш коругу жана 12 жаратылыш паркы бар. «Дашман» коругу 2012-жылы түзүлгөн. Жалпы аянты – 7958 гектар.

Сириядагы кыргыз бала апасынан кечирим сурады

Кечээ интернетке Сирияда жүргөн баланын өзүн-өзү тарткан видеосу чыгып, талкууга түштү. Анда: “Менин убактым аз. Бизди азыр курчап алат го. Жаңы эле ары жактагы эки кварталды талкалашты. Мен тирүү калбайт окшойм. Апа, кечирип коюңуз. Мен бул жакка келип туура эмес кылыптырмын. Булар күнөөсүз балдарды өлтүрүп, аялдарды зордукташат экен. Эмне үчүн согушуп жатканыбызды түшүнбөдүм. Буйрукту ким берип жатканын да билбейм. Бул биздин согуш эмес. Күнөөлүү уулуңузду кечириңиз aпa” – деген ал. Тасма кантип тартылып алынганы азырынча айтыла элек. Кандай болсо да бул тасма Сирияга азгырылып кетпөөгө үндөгөн тасма болуптур.

https://www.facebook.com/100012541399437/videos/314361295658581/

Булак: “Фабула”

Тажикстандын 830 жараны Польшадан баш паанек сурап кайрылган

Европа биримдигинин статистикалык агенттиги ЕБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында баш паанек сурап кайрылган адамдардын саны боюнча жаңы маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, Польшадан башкалка сурагандардын 8%, же 830 адам Тажикстандын жараны болуп эсептелет.

2014-жылга чейин мындай кайрылуулардын масштабы кыйла аз болчу – анда 105 гана тажик жараны ЕБ өлкөлөрүнөн баш паанек сурашкан. 2015-жылы Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салынгандан кийин алардын саны кескин көбөйгөн.

Тажикстанда 2015-жылдын сентябрында болгон козголоң аракетинен кийин ага өлкөнүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода башында турган Ислам кайра жаралуу партиясы айыпталып, кийин Жогорку сот тарабынан террористтик деп табылып, өлкөдө анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, Европага качып кеткендердин көбү аталган партиянын тарапташтары. Азырынча Польшада Тажикстандын канча жаранына баш паанек берилгендиги белгисиз.

Качкындар менен иштешип, сотто алардын кызыкчылыктарын коргогон Варшавадагы Адам укуктары боюнча Хельсинкски фонду башкалка сурап кайралган тажик жарандарынын көбүнүн өтүнүчү канааттандырылбаганын белгилөөдө. Алардын айрымдары кийин Германияга өтүп, бирок ал өлкөдөн да орун таба алышкан эмес.

Ал ортодо Тажикстандын өзүндө тажик жарандары Польшадан жана башка ЕБ өлкөлөрүнөн экономикалык көз караштардан улам баш паанек сурап жатат жана мекенинде аларды эч ким куугунтуктаган жок деп да эсептегендер бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Пуэрто-Рико АКШга кошулууга макулдугун билдирди

Пуэрто-Рико жашоочулары жекшембиде өткөн референдумда көпчүлүк добуш менен АКШга 51-штат катары кошулууга макул болушту.

Бул чечимди шайлоочулардын жарым миллиону кабыл алды. Бюллетендеги калган эки вариантты – толук суверенитеттүүлүк жана азыркы макамды сактап калууну 7600 жана 7700 киши жактады. Шайлоочулардын болгону 23 пайызы референдумга катышты, мындан улам анын жыйынтыктарынын мыйзамдуулугуна күмөн санаган бир катар партия байкот жарыялашты.

Кариб аралынын калкынын тандоосу АКШ Конгрессинин эки палатасы менен президент колдогондо гана мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет. Пуэрто-Риконун губернатору демократия принциптерин жактаган Вашингтон бул сапар өз пикиринен кайтса тушүнүксүз болорун айтты.

Туура жүз жыл мурун Пуэрто-Рико жашоочуларына АКШ жарандыгы берилген. Бирок алар президенттик шайлоого катыша алышпайт жана Конгрессте ыйгарым укуктары чектелүү бир гана өкүлү бар. Аралдын жашоочулары федералдык киреше салыгын төлөшпөйт, ошол эле маалда башка штаттарга караганда борбордон аз дотация алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өмүрүнүн кыйла жылын билим берүүгө арнаган ардагерлердин алган пенсиясы канча?

Кезегинде 20 жылдай педагогдук иште эмгектенип, бирок учурда кызматка жарамсыз болуп калган жарандарга пенсиясын жогорулатуу жагы сунушталууда. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул багытта маалымат берген депутат Евгения Строкова бүгүн, 12-июндагы Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында көтөрүлүп жаткан демилгенин маанисин түшүндүнрдү. Эл өкүлүнүн айтымында, эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, 20-25 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер азыркыдай 5 миң 173 сом эмес – 10 300 сом пенсия алып калышат. 25 жылдан ашык иштегендери болсо 12 933 сомдук пенсияга чыгышат. Бул эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн бюджеттен 1 млрд 140 млн. сом керектелет.

Депутат Наталья Никитенко “Эмгек сиңирген мугалим” наамынын жоюлуп жатышы да мугалимдин эмгегин калыс баалабагандык болуп калаарын айтып, буга жол берилбеш керек эле, -деди.

Депутат Алмазбек Токторов бир гана мугалимдердин эмес, медициналык кызматкерлердин дагы айлыгы менен пенсиясы жыргап кетпегендигин белгилеп, аларды да бирдей жогорулатуу зарылдыгын билдирди.

Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Петровск-Забайкальск районунда жол кырсыгынан 11 адам каза болуп 39 адам түрдүү жаракаттар менен ооруканаларга жаткырылды

2017-жылдын 11 июнь күнү Россия Федерациясынын Петровск-Забайкальск районунда Байкал унаа жолунун 7-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.

50 жүргүнчүсү менен бара жаткан автобус жолдун татаал участкасында жолдон чыгып, 25-30 метр төмөнгө кулап кеткен. Кырсыктын келип чыгуу себептери катары болжолдуу айдоочунун башкарууну жоготуп койгондугу жана атайын жолду оңдоо үчүн бордюрлардын алып койулгандыгы болушу белгиленген.Алдын ала маалымат боюнча 11 адам каза болуп 39 адам түрдүү жаракат алышкан.

Кырсык катталган жерде 100дөн ашуун куткаруучулар 33 атайын техниканын жардамы менен жумуш алып барышкан.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш 2010-жылдагы июнь окуяларында каза болгондорду эскеришти

Сооронбай Жээнбеков жана Бириккен улуттар уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш кечээ, 11-июнда, 2010-жылдын июнь айында каза болгондорду эскеришти. Алар 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуяларга байланыштуу арналган “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюшуп, сүрөт көргөзмөнү көрүштү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков июнь окуяларында эл аралык коомчулук, өзгөчө БУУнун системасы убагында жардам көрсөткөндүгү үчүн өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө түрткү болгондугун өз сөзүндө белгиледи.

Өкмөт башчы эскерткендей Антониу Гутерреш мурда БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссары болгон кезде Кыргызстанга эки жолу келип, 2010-жылы кайгылуу окуялардын кесепеттерине күбө болгон.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнүн атынан БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррешке тынчтыкты орнотуу процессине жана өлкөдө улуттар аралык биримдикти бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкө бийлиги улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө жана эл арасындагы биримдикти чыңдоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан аракеттер көрүлүп, акыркы жылдары өлкөдө этностор арасында туруктуу абал түзүлдү. Жылдан жылга ар кайсы улуттар ортосунда үй-бүлө кургандардын саны көбөйүүдө”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Баш катчы Антониу Гутерреш ошол кездеги татаал учурда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Кыргызстанда абал 2010-жылдан бери жакшы жагына өзгөргөндүгүнө өзгөчө белгиледи.

Анын айтымында Ош шаарынын жашоочулары туруктуулукту камсыз кылып жана улуттар аралык ынтымакты калыбына келтире алды. Ал Кыргызстан эли жана бийлик өлкөдө туруктуу кырдаалдын сакталышына бардык күч аракеттерди жумшап жатканын билдирди.
Баш катчы ошондой эле коомчулукта ынтымакты бекемдөөгө багытталган чаралар ар дайым жүргүзүлүп турушу керек экендигин белгиледи.

“Азыр заманбап дүйнөдө көп улуттуулук, көп маданияттуулук адам затынын жетишкендигине айланып бара жатат. Биз болсо адам заттын бул байлыгын сактап жана бекемдешибиз керек”, – деп Баш катчы Антониу Гутерреш сөзүн жыйынтыктады.
Андан кийин Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррештин жолугушуусу тар чөйрөдө уланды. Анда кызматташтык тууралуу маселелер, келечектеги пландар жөнүндө сөз болду.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө БУУнун системасынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн өзгөчө ролун белгилеп, 2010-жылдагы ызы-чууну басууда жана кайгылуу окуяларында тынчтыкты орнотуу учурунда салымы зор болгонун билдирди.
Сооронбай Жээнбеков ыраазычылык билдирүү менен Мирослав Енчанын ишмердүүлүгүн белгиледи. Анткени ошол убакытта ал БУУнун Баш катчысынын Борбордук Азиядагы атайын өкүлү жана БУУнун Программаларды өнүктүрүү боюнча Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоого жана өлкөдө этностор аралык ынытмакты бекемдөөгө багытталган БУУнун программаларын өлкөдө ийгилктүү ишке ашырышкан.

“Биз демократиянын принциптерин так кармануу менен мыйзам, адам укутары жогору бааланып, мамлекетти куруудабыз. Биздин эң негизги максаттарыбыз этностор аралык ынытмакты сактоо жана бекемдөө”, – деп Сооронбай Жээнбеков белгиледи.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш белгилегендей 2010-жылы ал БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссары кызматында иштеп турганда июнь окуяларынын учурунда каатчылыкты чечүүгө боз салымын кошкон. Ошондой эле өзүнүн миссиясын аткарып жаткан кезде ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жашоочулар акылмандык менен тынчтыкты орнотууга колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазычылыгын билдирди.

Антониу Гутерреш БУУнун Баш катчысы катары Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду колдой тургандыгын билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш тар чөйрөдө сүйлөшкөндөн кийин жергиликтүү жашоочулар менен Ош шаарынын, Ош облусунун администрация башчылары менен жолугушту.

Меню