Menu

КООМ

Террорчулук жүрөктү оорутуп турат...

Буга чейин Афганистанда жана жакында эле Лондондо болгон терактык жардыруулар ондогон адамдардын өмүрүн кыйып, канчалары оор жаракат алып өлүм менен алышууда. Алардын ичинен аман калган ондогон адамдардын өмүр бою майып болуп калуу да коркунучу бар.

Террорчулар адамдардын өмүрү менен эсептешпей, аларды аёсуз жана өтө мыкаачылык менен өлтүрүү жолуна түшүп алышты. Дүйнөнү терроризм акырындап каптап келе жатканы өкүнтө турган көрүнүш.

Кыргызстанда жана Борбордук Азия мамлекеттеринде мындай террордук кол салуулар азырынча катталбаганы менен бул келечекте биздин регионду да каптай турган өтө чоң коркунуч болуп саналат.

Ошондуктан террордук аракеттерге каршы өлкөнүн ар бир жараны өтө чоң жоопкерчилик менен күрөшүшү керек.

Кабулда жана Лондондо болгон жардыруу ар бир Кыргызстандыктын жана Борбордук Азия чөлкөмүндө жашаган элдердин жүрөгүн оорутуп, түйшөлтө турган кайгы. Афганистанда жана Англияда болгон жардырууга дүйнө эли көңүл айтып, алар менен бирге экендиктерин билдирип жатышат. Террорго каршы дүйнө эли бирге күрөшүшүбүз зарыл.

Бул террордук кол салууда курман болгондорго көңүл айтып, алардын кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаракат алгандардын тез сакайып кетишин кудайдан тилейбиз.

Булак: “Майдан”

Жалал-Абад облусунда 2010-жылдагы июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү боюнча иш-чара өттү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Топурак-Бел участкасында (Санпа) бүгүн, 10-июнда, 2010-жылдагы июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү боюнча иш-чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы өткөндөн сабак алып, өлкөдө улуттар аралык тынчтыкты, биримдикти сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Биз баарыбыз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн болушу Кыргызстандын көп улуттуу элинин биримдигисиз мүмкүн эмес экенин түшүнүүбүз зарыл. Ушундай жол менен биз Кыргызстандын алдында турган бардык кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз. Кыргызстандын эли терең кайгыруу менен, 2010-жылы бул трагедиялуу окуянын кесепетинен жабыр тарткан бардык адамдардын азасын тең бөлүшөт. Июнь окуясы ар бир жарандын жүрөгүндө жана өлкө тарыхында кара так калтырды. Биз экстремизм жана башка коркунучтарды өнүктүрүүгө жол бербөө үчүн бузуку күчтөргө бөгөт коюуга  биргелешип аракет кылышыбыз керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы  мекендештерди улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө  боорукер болууга чакырды. Ал толеранттуулук биримдик жана сабырдуулук сыяктуу түшүнүктөрдү жаш кезинен баштап балдардын аң сезимине сиңирүү керектигин жана бул баарыбыздын милдетибиз экенин билдирди.

2010-жылдагы каза болгондорду эскерүү иш чарасынын катышуучулары  — Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Кыянбек Сатыбалдиев, айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, жергиликтүү тургундар жана трагедиялуу окуяда каза болгондордун туугандары, июнь окуясында каза болгондордун мемореалдык эстелигине (Санпа) гүл чамбар коюп, маркумдардын арбагына багыштап куран окушту.

Дарыны жарнамалаган тажик дарыгерлери жазаланат

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги дарыгерлердин чет элдик фармацевтикалык компаниялар менен кызматташуусуна тыюу салды.

Тажик дарыгерлери мындан ары чет элдик компаниялар менен жеке келишимдерди түзүп, бейтаптарга алардын продукцияларын сунуштап же жарнамалай алышпайт. Мекемеден билдиришкендей, дарыгерлер жеке пайда көздөп, бейтаптарга өздөрү кызматташкан фирмалардын дары-дармектерин сунуштап келишет.

Саламаттыкты сактоо системасындагы жаңы кодекс боюнча чет элдик компаниялар менен кызматташкан дарыгерлер жана компаниялар үчүн 8 миң сомони (900 доллар тегерегинде) айыппул салынат. Эгер сунушталган дары бейтаптын ден соолугуна терс таасирин тийгизсе, дарыгер 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Тажикстанда белгилүү бир дарыканаларда дары сатып алууга мажбурлаган 12 дарыгерге айыппул салынганы кабарланган.

Тажикстанга Орусия, Индия, Беларус, Украина, Пакистан жана Кытайдан өндүрүлгөн дары-дармектер келет. Тажикстандын өзүндө дары чыгарган 27 компания бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстандыктар газ, суу жеңилдиктеринин жоюлушуна тынчсызданышууда

Түркмөнстан өкмөтүнүн калк үчүн каралган жеңилдиктерди жоюу чечими өлкө жарандарынын жана жергиликтүү байкоочулардын тынчсызданууларын жаратты. Мурдараак Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдөгү социалдык жеңилдиктер системасын натыйжасыз деп атап, өкмөткө аны жоюуну тапшырган.

Жергиликтүү укук коргоочу Фарид Тухбатуллиндин пикиринде, жеңилдиктердин жоюлушу өлкөнүн Дашогуз облусундагы калктын жашоо деңгээлине олуттуу таасир тийгизет. Айтымында, социалдык, өнөр жай жана экономикалык жактан бир топ артта калган аймактын жашоочулары үчүн жеңилдиктер жакшы жардам болуп келген. Ал аймакта жумушсуздук деңгээли жогору экенин жана жашоочулардын көбү убактылуу жумуштарда иштей тургандыктарын белгиледи.

Ашхабаддык серепчи Аманмырад Бугаевдин айтымында, калктын басымдуу бөлүгү жакырчылыкта жашаган өлкөдө жеңилдиктерди жоюу – жашоо деңгээлдин төмөндөшүнө алып келет. Ал бул чечим баарынан да газды жана электр энергиясын бекер пайдалануу менен күнөсканаларда жашылча-жемиштерди өстүрүп, үй жаныбарларын кармаган айылдагы жарандарга көбүрөөк таасир эте турганын белгиледи.

Түркмөнстан жарандарына сууну, газды жана электр энергиясын бекер пайдалануу мүмкүндүгүн берип келген жеңилдиктер 1993-жылы өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязов тарабынан киргизилген. Кийин калк үчүн каралган жеңилдиктерди 2030-жылга чейин сактоо тууралуу жобо мыйзам түрүндө бекемделген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жээнбеков Нарындагы окуяны тыкыр териштирүүнү буюрду

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинде (БАУ) болгон окуяны иликтөө максатында бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү тапшырды.

Премьер-министр конфликттин катышуучуларына мыйзам чегинде баа берилиши керектигин баса белгиледи.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага БАУ жетекчилиги менен бирге мындай окуялардын кайталанбоосу үчүн иш алып барууну тапшырды.

Ички иштер министри Улан Исраиловго коомдук тартипти сактоо жана мындай мыйзам бузууларга жол бербөөнү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну жана Нарында болгон окуяны жеке көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар бардык конфликттерди жеринде чечүүгө аракет кылышы керектигин билдирди.

Кечээ аталган окуу жайда окуган чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштар тобунун ортосунда чыр чыккан. Окуя боюнча милиция “бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иш козгоду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Россиянын аймагында Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн колдонулуу мөөнөттөрүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу түшүндүрмө

Россиянын аймагында Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн колдонулуу мөөнөттөрүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөндөгүлөрдү билдирет. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Россия Федерациясынын 1995-жылдын 10-декабрындагы № 196-ФЗ «Жол кыймылынын коопсуздугу» тууралуу Федералдык мыйзамынын 25 беренесиндеги 13 пунктуна ылайык, түздөн-түз транспорт каражаттарын башкарууга байланышкан ишкердик жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк же эл аралык айдоочу күбөлүгүнүн  негизинде транспорт айдоого уруксат берилбейт.

25 берененин 13 пункту 2017-жылдын 1-июнунан баштап күчүнө кирет (берене 2.1 бөлүк 3 07.05.2013 ж. Федералдык мыйзымы N 92-ФЗ (23.05.2015 ж. оңдолгон).

Белгилей кете турган болсок 25 берененин 13 пункту бир нече жылдан бери кийинкиге калтырып келген. Бул аралыкта Россияда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн көптөгөн кыргыз жарандары Россия Федерациясынын айдоочулук күбөлүгүн алганга жетишкен.

Россия Федерациясынын 1995-жылдын 10-декабрындагы № 196-ФЗ «Жол кыймылынын коопсуздугу» тууралуу Федералдык мыйзамынын 25 беренесиндеги 13 пункту, Россияда иштеген аз сандагы кыргыз жарандарына зыяны тийиши мүмкүн.

Бирок буга карабай Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-жылдын 31-мартында Евразия экономикалык коллегиясынын, коллегия мүчөсү (Министри) Минасян К.А атына  ЕЭК Коллегиясынын жыйынында Россиянын тышкы айдоо укугуна тыюу салуу жөнүндө маселени козгоо өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган маселе ЕЭК Кеңешинин жыйынында каралары пландалууда.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Россия Федерациясынын Өкмөтү менен  келип чыккан абалды чечүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

HRW Гутерришти Борбор Азияда адам укуктары темасын козгоого үндөөдө

Укук коргоочулар БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришти Борбор Азиядагы сапары учурунда адам укуктарынын абалы тууралуу маселени көтөрүүгө чакырышууда.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерин кыйноолорду токтотууга, тынч демонстрацияларга жана өз оюн эркин билдирүүгө уруксат берүүгө үндөйт.

Укук коргоочулардын пикиринде, Гутерриш казак бийлигин адам укуктарын бузгандарды жазалоону камсыздоого чакырууга тийиш.

HRW Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев абактардан бир нече саясий туткундарды бошотуп, эл аралык коомчулук менен тыгыз иштөө ниетин билдиргени менен өлкөдө адам укуктарынын абалы боюнча кескин өзгөрүүлөр байкалбаганын белгилейт.

HRW Гутерриш кыргыз бийлигинин көңүлүн 2010-жылдагы улут аралык жаңжалдан кийин өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров маселесине бурууга чакырат.

12-июнда Антониу Гутерриш Тажикстанга барат. Баш катчынын сапары акыркы мезгилде өлкөдө жүздөн ашуун юристтер, активисттер камалып, адам укуктары соңку жыйырма жыл ичинде болуп көрбөгөндөй бузулган маалга туш келди. Антониу Гутерриштин Борбор Азия сапары Түркмөнстанда жыйынтыкталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек бийлиги абактан чыккан банкирдин ишкерлик менен алектенүүсүнө көмөктөшөт

Өзбекстанда алгачкы жеке банктын түптөөчүсү, абактан жаңы чыккан Рустам Усманов ишкерлик менен алектенерин билдирди.

19 жыл түрмөдө жаткан Рустам Усманов 2017-жылы 14-февралда азаттык алган. Рустам Усманов өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевге жазган катында өзүн президент аппаратынын кызматкери катары тааныштырган Дильшод Исмаилов аттуу киши андан 60 миллион АКШ доллар талап кылганын билдирген.

Рустам Усманов прокуратура кызматкерлери менен сүйлөшкөнүн жана алар ага жардам берүүнү убадалаганын кабарлады. Ал 400-500 кишини иш менен камсыздоочу бизнес-планды түзүүгө киришкенин айтты.

1948 – жылы Жалал-Абадда туулган Рустам Усманов жеке ишкерликке 1980-жылдардын соңунда, кайра куруу доорунда эле багыт алып, алгачкы капиталды жер семиртүүчү кызыл курттардын Борбор Азиянын климатына ыңгайлашкан жаңы түрүн өстүрүү жолу менен жыйнаган.

Түбү кыргызстандык ишкер 1992-жылы Өзбекстандагы алгачкы жеке менчик банк – “Рустамбанкты” ачкан.

1998-жылы Усманов көз боёмочулук жана мыйзамсыз чет өлкөлүк валюталарды алуу-сатууга айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган.

Эркиндикке чыгарына бир нече күн калганда абактагы ички тартипти бузууга айыпталып, жаза мөөнөтү дагы беш жылга узартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажик эксперти интернет колдонуучуларынын 80% терроризм пропагандасына кабыларын төгүндөдү

“Интернет саясаты жарандык демилгеси” фондунун башчысы Мухамадди Ибодуллоев социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын 80% террордук чабуул тууралуу маалыматтарга жана пропагандага кабылышат деген депутаттын билдирүүсү туура эмес экенин айтты.

Анын пикиринде, Тажикстанда интернет колдонуучулардын 5% террордук жана экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды алышы мүмкүн.

7-июнда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Журахон Мажидзода “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму Тажикстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү жарандарга күн сайын азгыруучу 90 миң SMS-билдирүү жөнөтөрүн жарыялаган. Ал 3 миллион интернет колдонуучунун 80% террордук мүнөздөгү маалыматтарды алышарын баса белгилеген.

Буга чейин тажик бийлиги жарандардын интернет аркылуу азгырылып жатканын маалымдаган. Фонддун жетекчисинин пикиринде, түшүнбөстүк ушундан келип чыккан. “Стратегиялык изилдөөлөр борборунун маалымат жыйынына мен эки сапар катыштым. Анда ИМге кошулган жаштардын 80% азгыруучулардын торуна илинишкенин, алар интернет аркылуу дагы үгүттөшөрү айтылган”-деди Ибодуллоев

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан мечитинде "Омийин" деп катуу үн чыгарган кишиге айыппул салынды

Батыш-Казакстан облусунун Орол шаарында сот 40 жаштагы жергиликтүү тургун Марат Муханбетовду намаз учурунда “Омийин” деп катуу добуш чыгаргандыгы үчүн айыппулга жыкты.

Сот Муханбетов мыйзамдуу диний жөрөлгөнү бузду деген бүтүм чыгарып, 80 миң тенге (250 долларлан ашуун) айыппул салды.

Батыш-Казакстан облусунун ички иштер департаменти тараткан маалыматка караганда, ал салафизм агымын жактайт. Муханбетов бул айыптоолорду четке какты. Ал майып ата-энесин багып жаткандыктан, айыппул төлөөгө мүмкүнчүлүгү жетпей турганын билдирди.

Салафиттер “Омийин” сөзүнүн ар бир тамгасына басым жасап, катуу добуш менен айтышат. Казакстандагы салттуу ислам өкүлдөрү ичинен же акырын үн чыгарышат.

Дал ушундай сот чечими Жанаөзөн шаарында дагы чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню