Menu

КООМ

Биринчи Канайым Раиса Атамбаева окуган билим журтунун жаңы курулушу башталды

“Майдан.kg” гезитинин ушул жылдын 23-майындагы санына “Раиса Атамбаева окуган Ломоносов мектеп-гимназиясы кулаганы араң турат” деп кашкайган чындыкты гана тызылдап жазганбыз. Анда аталган билим журту өткөн кылымда, 1926-жылы эч жерпайсыз курулгандыгын, 1928-жылы пайдаланууга шашылыш тапшырылгандыгын, жыл өткөн сайын улам чөгүп бараткандыгын баса белгилегенбиз.

Ошентип, сөздүн кудуретин караңыз. Билим журтунун жетекчилигинин жана ата- энелердин үнү “Майдан” гезити аркылуу Кудайдан мурун биринчи Канайым аркылуу өлкөбүздүн президенти Алмазбек Атамбаевге чындап жеткен өңдөнөт. Аталган мектеп-гимназиянын жаңы имаратынун курулушу көзүбүздү жумуп-ачкыча моминтип башталып олтурат.

Мурат ЖОРОЕВ, куруучу: – Ушул тапта күн узарып деле калбадыбы. Таң аткандан каш карайганга дейре эч жан тындырбастан иштеп жатабыз. Жумушчулар үчүн заманбап бардык шарттар жаратылган. Үч маал ысык тамак ичип турабыз. Маянабыз, кудайга шүгүр, убагында гана колго тийип жатат. Көз тийбесин, башка жерде иштегендерге караганда дурус эле айлык алат экенбиз

Кадыржан МАМАЖАНОВ, куруучу: – Ушунусуна шүгүр, биздин ишканабызда кудайдан жөө качкандар эмес, жалаң гана иштермендар чогулуп калыппыз. Бирибизди экинчибиз айттырбастан, көз аркылуу гана түшүнөбүз. Эң башкысы- ынтымагыбыз абдан күч. Ар улуттун өкүлдөрү бир атанын баласындай чогуу-чараан эмгектенип жатабыз. Курулуш материалдары дээрлик жетиштүү. Эң башкысы таңкыс эмес! Мында “БЕКСтрой+” курулуш компаниясынын жетекчилигинин мээнети абдан эле чоң. Анан алардын ар бир аракети толук кандуу мактоого дагы абдан арзыйт. Булар бизге такай камкордук көрүп, көйгөйлөрүбүздү убагында тыңдап жана создуктурбастан эле жеринде шарт чечип турушат.

Ош шаарындагы № 3-М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиянын жапжаңы имаратын тынымсыз куруп жаткан “БЭКСтрой+” курулуш компаниясынын жетекчиси Уланбек Мамытовду дагы жумушчулардын арасынан дароо эле таптык.

– Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы № 3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп- гимназиянын 500 орунга ылайыкташтырылган үч кабаттуу имаратын, буюрса, 31- августта, Кыргызстандын эгемндүүлүгүнүн күнүндө, пайдаланууга биротоло тапшырмакчыбыз. Ошону үчүн буга азыр бар күч-аракетибизди жумшап, абдан катуу жан үрөп иштеп жатабыз, – деп кепке кошулду “БЭКСтрой+” курулуш компаниясынын жетекчиси Уланбек Мамытов. – Андыктан, 48 курулушчу азырынча тыным билбестен кечке дейре иштеп атышат. Булардын санын зарылчылыкка жараша дагы бара-бара көбөйтөбүз деген ниетибиз бар. Биз эч шашылбастан, заманбап мектеп-гимназияны абдан сапаттуу салып, окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин алкышын жана ак батасын алсак деп гана турабыз. Ошол – биз үчүн чоң сыймык!

Азырынча сыр кылып туралы. Ош шаарындагы № 3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиянын жаңы имаратын жаңы окуу жылына карата тапшыруу аземине өлкөбүздөгү үлкөн жетекчилер катышаары күтүлүүдө. Анда эмне жөнүндө сөз айтылат. А жөнүндө дагы өзүнчө жана убагында кең-кесири баяндамакчыбыз.

Булак: «Майдан.кg»

Өзбекстан: Велосипед менен ажылык сапарга аттанган пенсионер үйүнө кайтты

Түркмөн чек арачылары велосипед менен ажылык сапарга аттанган өзбекстандык пенсионер Хусан Хаджибаевди чек арадан өткөрүшкөн жок. Буга анда түркмөн визасынын жок экендиги себеп болгон. Бул тууралуу пенсионер өзү билдирди.

Ал жети күндүн ичинде жалпысынан 1150 чакырым жол жүрүп, Түркмөнстандын чек арасына чейин жеткен.

– Мени чек арадан өткөрүшкөн жок. Баары бир түркмөн визасы жок болгондуктан Түркмөнстандан чыгып баратканымда кармап, депортация кылып салышарын айтышты. Ошондуктан кайрадан велосипед менен үйгө кайтууга туура келди, – деди Хусан Хаджибаев.

Намангандык пенсионер Өзбекстандан ажылык сапарга 2-июнда аттанган. Анда ал Түркмөнстан, Иран жана Сауд Арабиясынын чек арачылары ага тоскоолдук кылбай, чек арадан өткөрүшөт деген ишенимин билдирген.

Былтыр сентябрда Хусан Хожибаев маркум президент Ислам Каримовдун мүрзөсүнө куран түшүрүү үчүн Самаркандга барган. Пенсионер анда 500 чакырым жол баскан эле. Фейсбуктун колдонуучулары аксакалдын сапарын “кичи ажылык” менен салыштырып, ага жаңы велосипед белекке беришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажикстанда Эмомали Рахмондун китептери чоң суроо-талапка ээ болууда

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун калемине таандык китептер, ошондой эле өлкө башчынын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу чыгармалар Дүйшөмбүдөгү китеп дүкөндөрүндө эң көп сатылган китептердин сап башында турат.

Китеп сатуучулар акыркы жылдары мектеп китептерине суроо-талап күчөгөн август жана сентябрь айларынан башка учурларда мамлекет башчынын китептери көп сатыла турганын айтышууда.

Шаардын борборундагы китеп дүкөнүн иштеткен Абуали Умарзода күн сайын 10 чакты тарыхый китеп сатса, алардын жарымынан көбү президенттин калемине таандык экенин айтат.

Ал мамлекет башчынын китептерине суроо-талаптын жогору болушун өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын көбүндө Улут көсөмүнүн китептеринин бурчтары түзүлүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Тажикстанды 25 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон тажиктердин тарыхы жана тажик тили боюнча жалпысынан 20дан ашык китеп жазган. Президенттин эмгектери ири нускада жана мыкты сапатта басылып чыгат. Алардын эң кымбаты тажиктердин байыркы замандан XIX кылымдын аягына чейинки тарыхын камтыган «Тажиктер тарых күзгүсүндө» аттуу китеби эсептелет.

Эксперттердин пикиринде, аткаминерлер иш бөлмөлөрүнө президенттин китептерин коюшуп, эл алдына чыгып сүйлөгөндө Эмомали Рахмондун китептеринде жазылган сөздөрдү колдонушат. Саясий серепчи Хурсанд Хуррамов Тажикстандагыдай коомдордо кошоматчылык менен мактоолор мамкызматкерлердин кызматтан жогорулашына жардам бере турганын белгилейт. Айтымында, президенттин китептери менен сүрөттөрүн сактоо, сүйлөгөндө мамлекет башчынын сөздөрүн колдонуу авторитардык коомдорго мүнөздүү көрүнүш.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ош шаарында сүттү кайра иштетүүчү ири ишкана ачылды

Ош шаарында сүттү кайра иштетүүчү ири ишкана –  «Ош Ак-Сүт» заводу   ачылды. Анын ишке кириши менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы фермерлердин сүт азыктарын сатуу маселеси чечилет. Ишканада 40  адам иштейт. Завод түнү-күнү жергиликтүү элден сүт кабыл алып, аны кайра иштетип, сыр, май, кургак сүт жана башка сүт азыктарын чыгарат. Сүт 8000 кожолуктан сатылып алынып, аларды кабыл алуучу 14 пункт ишке кирди. Жаңы курулган завод Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына толук жооп берет жана келечекте өндүрүлгөн сүт азыктарын Россия, Казакстанган экспорттоо пландалууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Ош Ак-Сүт» заводунун ачылышына  өткөн дем алыш күнү Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өкмөт башчы сүттү кайра иштетүүчү жаңы ишкананын ачылышы, аймакта эң ири сүт заводу болуп, калк арасында сүт маселесин чечип, кошумча жумуш орундарын түзүп, ички миграцияны азайтарын билдирди. Мындан сырткары сүт иштеткен ишканалар арасында атаандаштык түзүлүп, сүт азыктарына болгон баанын төмөндөшүнө алып келет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдарды ишканага максималдуу түрдө колдоо көрсөтүп, айыл чарбасындагы кайра иштетүү тармагына ыңгайлашуусуна шарт түзүүгө жардам берүүгө чакырды. Ал айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жана эл аралык донорлордон ири суммадагы каражат сарпталып жатканын эскертти.

«Үстүбүздөгү жылы «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыянын суммасын 7 миллиардка жеткирели деп жатабыз. Лизингге техника берүү программасы кеңейип, өлкөдө кооперативдерди өнүктүрүүгө багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди», – деди Сооронбай Жээнбеков. Өкмөт башчы өлкөдөгү агроөнөр жай комплексин каржылоо келечекте дагы кеңейерин баса белгиледи.

Экспортту өнүктүрүү максатында Өкмөт тарабынан өндүрүштөгү импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган компанияларды каржылоо системасын киргизүү, тактап айтканда «РСК Банк» ААК өндүрүш жана экспортко багытталган ишканаларды каржылоону ишке ашырууга жооптуу кылып дайындоо чечими кабыл алынды.

Маалымдама: Сүттү кайра иштетүүчү  «Ош Ак-Сүт» заводу жергиликтүү элден сүт сатып алып, аны кайра иштетип, сыр, май, кургак сүт жана башка сүт азыктарын чыгарат. Заводдун курулушу Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына толук жооп берет.

12-15-июнда Кыргызстандын аймактарында нөшөрлөп жамгыр жаайт

12-15-июнунда абанын температурасынын жогорулашы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

"Витязь" пансионаты кимге берилет?

Ысык-Көлдөгү «Витязь» пансионаты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу «24.кж» маалымат агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти. Алардын айтымында, чечим азырынча иш кагаздары менен бекитиле элек.

Эскерте кетсек, 2007-жылы Максим Бакиев «Витязь» пасионатын жана анын 9,32 гектар жерин мыйзамсыз менчиктештирип алган. Аны менен мамлекетке 123 миллион 498 миң 700 сом зыян келтирилген. 2010-жылы пансионат улутташтырылган.

Булак: “Фабула”

Фото - Ош облусунун Алай районунда 120 балага ылайыкталган бала бакча ачылды

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында 120 балага ылайыкталган бала бакча ишке берилди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бала бакчанын ачылыш аземине өткөн дем алыш күнү Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарды бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, акыркы беш жылда Кыргызстанда 833 бала бакча курулуп, мурда менчиктештирилип кеткен 144 бакча өлкөнүн мыйзамына ылайык мамлекетке кайтарылганын баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республика боюнча социалдык объектерди куруп, ички жолдорду оңдоого каржылоо көбөйөрүн билдирди. Бул жылы өлкөдө 40 райондун борборундагы жолдорго асфальт төшөлөт.

Ал тоолуу аймактардагы, анын ичинде Алай районундагы айыл чарба өндүрүшүн колдоо катары Өкмөттүн бул тармактагы негизги багыттарын атады. Тактап айтканда экспортту өнүктүрүү максатында Өкмөт тарабынан өндүрүштөгү импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган компанияларды каржылоо системасын киргизип, «РСК Банк» ААК өндүрүш жана экспортко багытталган ишканаларды каржылоону ишке ашырууга жооптуу кылып дайындоо чечими кабыл алынганын билдирди. Бул жылы ата мекендик айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо максатында 7 млрд сом каражат бөлүнүп, бул каражатты жыл сайын көбөйтүү пландалууда. Өкмөт тарабынан айыл чарба кооперацияларын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, айыл чарбасын жакшыртуу максатында айыл чарба кооперациясы тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатат. Мындан сырткары жергиликтүү айыл калкын колдоого багытталган 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында аймактары өнүктүрүү саясаты Концепциясы кабыл алынган.

Премьер-министр  ошондой  эле Ош облусунун Өзгөн районундагы А.Навои жана С.Шарипов атындагы орто мектептердин абалын көрдү. Жергиликтүү тургундар Өкмөт башчысына С.Шарипов атындагы орто мектептин имараты эскилиги жеткендиктен, жаңы имарат куруу өтүнүчү менен кайрылган. Сооронбай Жээнбеков аталган маселе иликтенип, тиешелүү чечим кабыл алынарына ишендирди. А.Навои мектебинин курулуш боюнча, билим берүү объектилеринин куруудагы тизмеге киргизилгени айтылды.

Нарында мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү менен жаш активисттер жана университеттин студенттери арасында жолугушуу болду

9-июнда Нарын областынын мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен милиция кызматкерлери жаш активисттер, университеттин мугалимдери жана студенттери менен жолугушуу болду. Бул туурасында ИИМдин Басма Сөз кызматы маалымдайт.

Бүгүнкү жолугушууда укук коргоо органдарынын жана Нарын областынын мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жаштар менен студенттердин ортосундагы чыккан чыр-чатакты жөнгө салуу абалын колго алды. Жолугушууга Өкмөттүн Нарын областынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыпов, Нарын областынын ИИБнын жетекчилиги, андан сырткары, башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, факультеттин деканы Диана Пауна, университеттин тарбия иштери боюнча менеджери Эрик Краус катышышты.

Нарын шаарынын жаш активисттери чет өлкөлүк конокторго белектерин берин, өткөн окуя боюнча кечирим сурашты. Артынан Борбордук Азия Университетинин студенттери да сөз сүйлөп, чыр-чатак түшүнбөстүктөн келип чыкканын айтышып, келечекте достук мамиледе болушаарын белгилеп кетишти. Университеттин эки кызматкерлерине жергиликтүү жаштардын өкүлдөрү улуттук баш кийим “Калпак” кийгизишип, “Манас” эпосу китебинен экини сыйлоо ирээтинде тартуулашты. Университеттин мугалимдери да сүйлөө учурунда түшүнбөстүктөн келип чыккан бул окуя жокко чыгарылганын жана кийинки мамилени жакшыртуу менен өнүктүрүүгө үмүт артаарын белгилешти. Азыркы убакта Нарын шаарында абал туруктуу.

Эскерте кетсек, Коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) кылмыш иши козголгон. Керектүү материалдар чогултулуп, окуя толугу менен тергелип жатат. ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматынын ИИОнын кызматкерлеринин аракеттери боюнча териштирүүнү башташты.

Дүйнөнүн 5 мыкты университетине өтүп, Гарвардды тандаган Мурат Мадыков

Каарманыбыз өзүн эмгекчил, максатка умтулган жана тырышчаак кылып тарбиялаган ийгиликсиздигине ыраазы. “Иштин оңунан чыкпашы — ийгиликтин  табияты” деп санаган Мурат Мадыков, убагында FLEX, Muskiye жана Chevening программаларында өтпөй калган. Антсе да, ал кыйынчылыкка моюбай, ар дайым алдыга жылууну көздөгөн. Мадыков магистратурага окуш үчүн дүйнөнүн мыкты делген Harvard, Columbia, NYU, Berkeley, Cornell жана  LSE университеттерине тапшырып, төртөөсүнөн оң жооп алуу менен, жыйынтыгында Гарвардды тандаган. Ийгиликсиздик адамды кантип тарбиялай турганын  Мурат Мадыков өзү айтып бермекчи.

Эгер чын эле менин жашоо таржымалымды уккуңуз келип жатса, алгач  менин кайсыл жерде төрөлгөнүмдү, балалыгымдын кайсыл жерде өткөнүн, ата-энемдин эмне менен алектенгенине кызыксаңыз керек. Чынын айтканда бул тууралуу айтууну деле каалабайм. Бирок ата-энем жөнүндө айткым келип турат. Атам – куруучу-инженер, ал эми апам болсо тамак-аш өнөр жайынын технологу. Алар совет мезгилинин бизге калтырган ары жоопкерчиликтүү, ары адилеттүү, бир аз ишенчээк, ошондой эле күчтүү жана оптимисттүү,  идеалдуу инсандар экенин ынанымдуу түрдө айткым келет. Ата-энем өмүр бою бир эле ишканада иштешти. Маяналарын аз алышса да, балдарды окутабыз деп биздин билим алып, өнүгүшүбүз үчүн болгон аракеттерин жумшады. Ата-энемден тышкары, ар дайым жашоодо, окууда жөлөк-таяк болуп,  колдоп жүргөн улуу агам жана эжем бар.

Мен окуганды төрт жашымда өздөштүргөнүмдү айтып калышат, бирок менин эсимде жок экен. Жети-сегиз жашымда кадимки өспүрүмдөр адабиятын “Гарри Поттер”, “Сумерки” өңдүү чыгармаларды окуганым эсимде. Авторлору Жюль Верн, Твен, Стивенсон, Берроуз, Конан Дойль жана Агата Кристилер болчу. Башталыш жакшы болгонуна карабай, мектепте окуу кыйын эле болгон. Ал эми университетте, андан кийин магистратураны Гарвардда окуу оголе кыйын эле.

Мен Жалал-Абадда төрөлүп, орто мектепти ошол жерден аяктадым. Бирок бул менин шаардык окуучулар менен болгон айырмама кедергисин тийгизген жок. Көптөгөн окуучулар Бишкекке аймактардан келишет, айрымдары региондордон эле мектепти бүтүп чет өлкөгө окууга тапшырышат. Учурда маалыматтын бат таралганынан, шаар менен аймактардын жолдорунун жакшырышынан, үзгүлтүксүз маалымат алуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан билим алуунун жолдору да бир кыйла кеңейди.

Мен өзгөчө жөндөмдүүлүккө ээ эмес элем (азыр деле мага андай нерсе келген жок), ошентсе да мектептеги он жылдыкты жалаң “мыкты” деген баа менен аяктадым. Өзгөчө тарых, адабият сабактарына кызыкчумун. Сыягы дал ушул сабактар мени юриспруденцияга алып келсе керек. Ошол эле учурда мени дайыма ийгиликсиздик коштоп жүрчү.  Америкага FSA (FLEX) программасы боюнча өтпөй калдым, аны менен катар эле Республикалык олимпиадада  тарыхтан 2-орунду алып калдым.  2002-жылы мектепти аяктаган соң мага АУЦАга тапшырууга кеңеш беришти. Бирок  каржылык жардам ата-энемден келе тургандыктан, аталган окуу жайга алардын чамасы жетпейт болчу. Ошондуктан Кыргыз-Орус Славян университетине бюджеттик негизде тапшыруу жалгыз вариантым болчу. Артыкчылык дипломум менен университетке өтпөй калдым. Бир жума даярдангандан кийин кайра сынак тапшырып, 150 абитуриенттин ичинен биринчи орунду алдым. Бирок ал учурда бул нерсе мага катуу сокку болду. Кызыл аттестат мага жараган жок.

Мугалимдерге өтө сый мамиле кылам, бирок моюнга алуу керек, университеттеги окуу эч нерсеси менен өзгөчөлөнгөн жок. Тилекке каршы, биздин салттуу система өзүнө олуттуу кемчиликтерди камтыйт. Алсак, ашыкча тартип, маанисиз теориялар, сабактарды тандоонун жоктугу ж.б.

Юрист катары “укуктук норма” менен “укуктун нормасы” түшүнүктөрүн бөлүүнүн маңызы эмне экенин алиге дейре түшүнбөйм. Же болбосо ааламдын кеңейиши жөнүндөгү  Гам теориясын биз “Заманбап табият таануунун концепциясы”, мисалы, кардар менен макулдашууда пайдасы тийиши мүмкүн. Ошондуктан университет менен чектелип калбаганга аракеттендим. Мага өзгөчө пайдасы тийген соттук-оюндук отурумдарга катышуу, тренингдер жана студенттик конференциялар болду. Англис тилим начар болчу, бул үчүн атайын курстарга барууга, интернет колдонууга да мүмкүнчүлүгүм жок болчу. Ошондуктан тилди өз алдымча үйрөндүм. Бул үчүн “Сорос-Кыргызстан” ресурстук борборунун материалдарына, китепканадагы китептер менен, жада калса акысыз баарлашуу клубдарын издеп, чет өлкөлүк диний ыктыярчылар менен библиянын икаяларын талкуулачук. Баса, дал ошол Сорос фондунда алгач ирет Гарварддын жарнамалык баракчасын көргөм. Бирок ал мезгилде Гарвардга тапшыруу орундалбас кыял эле.

Университетти бүтүрөөрүмө бир жарым жыл калганда тажрыйба алуу үчүн Бишкектеги  юридикалык Kalikova&Associates фирмасына бардым. Ал жерден тажрыйба топтогондон кийин ошол жерде калууну чечтим. Аталган фирмадан Гарвардга учуп жатканда кеттим. Фирма кесиптик өнүгүүмө салым кошуу менен, мыкты кесиптештерди берди. Дээрлик өлкөдөгү ири инвестициялык жана бир топ мыйзам чыгаруучу долбоорлорго катыштым.  Бирок Кыргызстанда юридикалык тармактын тар экенин эске алып, жумуштун алгачкы жылынан тартып магистратураны чет өлкөдөн окууну ойлонуп баштадым. Бул жагдайда мага финансылык жана инфраструктуранын корпоративдик укук тармагы кызык болду. Чет өлкөдө билим алуу өтө кымбат, ошондуктан чет өлкөгө окуш үчүн конкурс аркылуу өтүп, стипендия алууга аябай  аракеттендим.

Борбор Европалык университеттин стипендиясына  тапшырдым, өткөн жокмун. Үч жолу  Muskiye программасына тапшырып, ар жолкусунда баш тартуу алдым. Улуу Британиянын Ghevening программасына тапшырып, тандоо турунан эле өтпөй калдым. Университеттер менен түздөн-түз байланышып, голландиялык жана британиялык эки  университетке өттүм. Бирок алар стипендиясыз болчу. Аталган ийгиликсиз аракеттерим дагы кошумча маалымат издөөмө түрткү берип, бир гана дүйнөлүк мыкты аталган университеттер менен тике байланышуума өбөлгө түздү. Буга чейин жетиштүү кесиптик тажрыйба топтоп, документтерди жыйнап, ошондой эле бир нече жуманын ичинде TOEFL IBT баллымды 109га көтөргөм.

Беш мыкты окуу жайга Harvard, Columbia, NYU, Berkeley, Cornell жана  LSE университеттерине документтерди тапшырдым. Алардын төртөөсүнөн оң жооп алдым. Ал эми Cornellден мага кезектеги баракчада турганымды кабарлашты. Калган Harvard, Columbia, NYU, Berkeleyжана  LSE окууда арзандатуу сунушташты. Бизнес укук тармагында окуш үчүн, мүмкүн Columbia жана  NYU жакшы тандоо болмок. Бирок абалга саресеп салып, университеттин бренддик ордун эске алып, Гарвардды тандадым.

Кесиптештеримдин арасында американын жана британиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, юридикалык тармакта он жылдап тажрыйба топтогон адистер бар.

Англисче көп окуш керек болчу. Ошондуктан алгач Гарвардда окуу мага өтө кыйын болду. Бирок алгачкы сынактан соң бардыгы жакшыра баштады. Гарвард бул сен түшкөн  катаал интеллектуалдык чөйрө. Ар түрдүү тажрыйбага, күчтүү мотивацияга ээ болгон студенттер менен жолугасың. Таанымал профессорлор сабак беришет. Ошондой эле Гарварддан башка Массачусетс технологиялык университетинин лекцияларына катышууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Өзгөчө эсте калганы Ноама Хомскинин лекциясы (Массачусетс университети),  ошондой эле Гарвардда режиссер Стивен Спилберг менен  таанышканыбыз  болду.

Америкадан магистратураны аяктасам да, ал жерде жумуш  үчүн ондогон каттарды, таржымалдарды, маектерди айтып кетпесем болбойт.  Америкада мени кызыктырган тармактын канчалык атаандаштык жаратаарын билсем да буга өкүнбөйм. Ал жактан мени учурда юрист катары иштеп жаткан Казакстандагы эл аралык Kintseller фирмасына чакырышты. Кесиптештеримдин арасында американын жана британиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, юридикалык тармакта он жылдап тажрыйба топтогон адистер бар. Аталган фирмада иштөө менен ири келишимдер, региондук каржылоону жүргүзгөнүм үчүн кубанычтамын.

“Бир саатта жаралган ийгилик үчүн, ийгиликсиз алты саатты коротуу керек эле”

Учурда жубайым экөөбүз Алматыда иштейбиз. Туугандарыбызга каттап туруш үчүн Алматы бизге өтө ыңгайлуу. Учурда да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөдөбүз.

Өткөндү эстеп, көз алдыма  ийгиликсиз күндөр, басмырлоолор жана баш тартуулар тартылды. Булардын айрымдары кошумча эмгекти, түздөтүүлөрдү талап кылса, айрымдарын өзгөртүүгө мүмкүн эмес болчу. Бул кийин сыймыктана турган нерсенин акысы катары табигый нерсе. Көпчүлүк жаштар кыйынчылык — ийгиликтин ачкычы экенин унутуп,  бир аз кыйналышса эле өздөрүн таштап салат. Ошондуктан мен жаштарга өзүнүн ийгиликсиз таржымалын түзүп, андан кийин өзүнө “Алардан менде өтө аз санда эмеспи?” деп сурашын каалайт элем.

Булак: “ПолитКлиника”

Фото - Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуяларын эскерүү боюнча иш-чара өттү

Ош шаарында бүгүн, 10-июнда, 2010-жылдагы июнь окуяларын эскерүү боюнча иш-чара болуп өттү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Анда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, каза болгондордун туугандары жана Ош шаарынын тургундары катышышты.

Митинг-реквиемде Өкмөт башчы сөз сүйлөп, катышуучулар “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюшуп, каза болгондор эскерилип, аларга багышталып Куран окулду.

Меню