Menu

КООМ

Бакыт Төрөбаев ун темир жолдогу тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ун, мунай ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-сентябрда кабарлады.

Анда Казакстандан чыккан ундун баасынын жогорулашы, күйүүчү, майлоочу майдын баасы талкууланды. Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты.

“Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканаларын керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик материалдык резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз”, — деди Төрөбаев.

19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу өкмөттү чара көрүүгө чакырган.

“Эмне үчүн көчөдө нан, ун кымбаттап кетти? Нандын баасы 40 сомго чыгып кетиптир. Ун миң сомго кымбаттады”, – деген ал.

Март айында Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.

Казакстан Ысык-Көлдөн 49 жылга ижарага алган 4 пансионат боюнча убадаларын аткарган жок

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү пансионаттар жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, пансионаттар ижарага алынгандан бери эч кандай оңдоп, түзөө жүргүзүлгөн эмес.

“Бүгүнкү күндө төрт пансионат Казакстандын министрликтеринин алдында болгондуктан, биз сураган 3-4 жылдыздуу мейманканаларды курууга каражаты жок экен. Казак тарап инвесторлорду тартуу боюнча өзгөртүү киргизип бергиле деп суранган”, – деди Шатманов.

Депутат Улугбек Ормонов башка мамлекеттерге ижарага берилген пансионаттар жөнүндө келишимдин шарттары аткарылбай жатат деп сындады.

“Келишимге кол коюп, талаптарды айтып алып аны сураган эч ким жок. Ал ким менен кантип курат, эмне ишибиз бар? 49 жылга бердик, талаптар аткарылбаса, келишим жокко чыгарылышы керек”, – деди ал.

Депутат Ормонов Азербайжанга беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектардан ашык жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу келишимди да тыкыр кароо зарыл деген маселе көтөрдү.

Салык кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Умтулов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын экөө гана иштеп жатканын, алар 2023-жылы төрт миллионго жакын салык төккөнүн маалымдады.

Кыргыз өкмөтү көл жээгиндеги “КазГу”, “Олимп”, “Казакстан” жана “Самал” пансионаттарын 2006-жылы 49 жылдык мөөнөткө деп Казакстанга ижарага берген. Эки тараптуу келишимде эс алуу жайлары 6-7 жылдын аралыгында оңдоп-түзөөдөн өтүп, туризмди өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлор ишке ашары жазылган.

Жакында эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзбекстандык компанияларга Ысык-Көлдөгү “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары 49 жылга пайдаланууга берилгенин жарыялаган.

Бишкек шаардык соту Олжобай Шакирди абакта калтырды

Бишкек шаардык соту 18-сентябрда тергөө абагында отурган жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, аны абакта калтырды.

Олжобай Шакир сотто кылмыш ишин негизсиз деп эсептей турганын, өзүнө коюлган айып менен макул эместигин билдирди.

Бишкек шаардык соту 13-сентябрда анын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. 24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Адвокаттар жазуучунун кармалышы жана камакка алынышын мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Атайын кызмат Олжобай Шакирге (Эгембердиевге) Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Маалыматта шектүү “Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгени, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканы” айтылат.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Камалганга чейин Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.

Ал соңку кездерде журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да кызматташып жүргөн.

Олжобай Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеп, иштетип келген.

Орус абагындагы балдарын экстрадициялоону сурангандар Жогорку Кеңеш алдына чогулушту

Орусиянын абактарында отурган кыргызстандыктардын жакындары Жогорку Кеңештен аларды мекенине экстрадициялоо маселесин чечип берүүнү суранууда.

18-сентябрда 30дан ашык киши парламент имаратынын алдына барып, депутаттарга кайрылуусун калтырышты.

Кайрылууда алар уулдарын абакта кармоо тартибин өзгөртүп, мекенине алып келип берүү өтүнүчүн жазышкан.

“150дөн ашык ата-эне күнүгө өкмөттүн эшигин каккылап келатабыз. Азыр орус-украин согушунан улам балдарыбызды үгүттөп, документке кол койдуруп, макулдугун алып, Украинадагы согушка алып кетип жатышат. Жаштыгы менен алардын айрымдары макул болуп, эркиндикти эңсеп, кетүүгө мажбур болууда. Аларды азыр жалпы режимдеги абактарда кармап жатышат. Биз катуу режимде кармоону кайра кайтарып, тезирээк экстрадициялоону суранып келатабыз, – деди чогулгандардын бири Арзыкан Ахунова.

Алар буга чейин президентке, УКМКга жана Жогорку Соттун төрагасына да кайрылганын айтышты.

Орусиянын түрмөлөрүндө миңден ашуун, тергөө абактарында да ошончо кыргызстандык бар экени парламентте айтылган.

“Вагнер” жалданма тобу аркылуу түрмөдөн Украинага кетип жаткан мекендештер боюнча маселени Жогорку Кеңештен депутаты Жанарбек Акаев да көтөрүп, Башкы прокуратураны ыкчам чара көрүүгө чакырган.

Орусиянын түрмөлөрүнөн жыл башынан бери 35 кыргыз жараны мекенине экстрадиция болгонун 20-июлда Башкы прокуратуранын өкүлү Назарбек Кенжеев маалымдаган.

Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борборазиялык мигрант ажал тапты. Темир тордон чыгып, эркиндик эңсегендер “вагнерчилердин” азгырыгына оңой кирген. Айрымдары басымга кабылган.

Буга чейин журналисттер орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын уккан.

Өзбекстанда сакал койгондорго жана хижаб кийгендерге каршы рейддер күчөдү

Өзбекстанда кайрадан сакал коюп жана хижаб кийип жүргөндөргө каршы рейддер күчөдү. Бул тууралуу “Озодлик” радиосу кабарлады.

Редакцияга окурмандар жөнөткөн видеодо Анжиян шаарындагы Банк колледжинин хижаб кийген студенттери окуу жайга киргизилбей, алардан жоолукту артка байлап салынуу талап кылынып жатканын көрүүгө болот.

“Биз сиздердин редакцияга Анжиян шаарындагы Банк колледжинин студент кыздарынын атынан кайрылып жатабыз. Хижаб кийген кыздардан жоолукту артка байлап салынуунун талап кылып жатышат. Бул талап канчалык мыйзамдуу?”, – деген “Озодлик” радиосуна видео жөнөткөн студент.

Акыркы кездери студент кыздардын хижаб кийүүсүнө тыюу салуу учурлары Өзбекстандын башка аймактарында да байкалууда.

Бухара шаарындагы Инженерия жана технология институтунун 3-курсунун студенти Фатима Абдуллох окуу жайдын жетекчилиги аны хижабын чечүүгө мажбурлаганына даттанып, президенттин кызы Саида Мирзиёева кайрылды.

“Институттун жетекчилери мени хижабды чечүүгө мажбурлашты. Урматтуу Саида Шавкатовна! Студенттердин окуу жайларга хижаб менен кирүүсүнө тыюу жок, сизден хижабчан кыздарды коргооңузду өтүнөм. Институттун жетекчилиги кыздардын хижабын чечтирүүдөн көрө сабак өтө албаган окутуучуларды текшерсин”, – деп жазган Абдуллох президенттин кызына жолдогон кайрылуусунда.

Буга чейин Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчилиги 3-курстун студентинен хижабды чечүүнү талап кылып, болбосо окуу жайдын жатаканасынан орун берилбей турганын айтканы кабарланган.

Ал арада Алихонтура Шокиржон угли аттуу Facebook колдонуучусу Ташкенттин Сергели районундагы базарда сакал коюп жүргөндөргө каршы рейд болгонун жазды. Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө сакалчан 10 киши кармалып, 15 суткага административдик камакка алынган.

Facebook’тун башка колдонуучулары 13-сентябрда Ташкенттин Мирзо-Улугбек жана Алмазар райондорунда да ушундай эле рейддер болуп, анын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери төрт кишинин сакалын күчтөп алганын жазышты. Маалыматка караганда, алардын бири каршылык көрсөтүп, 15 суткага административдик камакка алынган.

11-12-сентябрь күндөрү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган топ Ташкенттеги бир нече ири тамактануучу жайларды текшерген. Анын жыйынтыгында Al-Fajr, Lagmon House, Tarnov boshi, Bursa, Nihol жана Joja сыяктуу ондон ашык кафелер менен ашканаларды жабуу чечими кабыл алынган. Себеп катары бул тамактануучу жайларда санитардык эрежелер сакталбаганы көрсөтүлгөн.

Бирок аталган жайлардын ээлери бийлик өкүлдөрүнүн бул аракетин өлкөдө башталган диний куугунтук менен байланыштырууда. Алардын айтымында, жабылган жайлардын баарында намазканалар болуп, кызматкерлери сакал коюп, хижаб кийип жүрүшкөн.

“Бул рейдден кийин кызматкерлерди милиция бөлүмдөрүнө жеткирип, эркектерди сакалын алууга, кыз-келиндерди хижабын чечүүгө мажбурлашты. Бул талапка баш ийбеген бир нече кызматкерге айып пул салынып, үч суткага камакка алынды. Намазканаларды жаап, “халал” деген жазууларды алып, аталыштарын өзгөртсөк кайра ачылышыбыз мүмкүн экенин айтышты”, – деди жабылган кафелердин биринин ээси.

Мындан тышкары “Озодлик” радиосу өз булактарына таянып, укук коргоо органдары Ташкенттеги ислам адабиятын жана кийимдерин саткан бир нече дүкөндү көзөмөлгө алганын кабарлады. Алардын ээлерине дүкөндөрдүн ислам аталыштарын өзгөртүп, араб тилиндеги жазууларды алуу сунушталган.

Өзбекстан Конституциясынын жаңы редакциясынын “Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” 14-беренесине ылайык, диний уюмдарда иштебеген өзбекстанстандыктарга коомдук жайларда “диний” кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салынат.

Өткөн жумада Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров ислам дининде кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу катаал эреже жоктугун айтып, мусулманчылыкта бардык нерсенин ченеми болушу керектигин, чүмкөнүп жүрүүнүн, кара кийинүүнүн, сөзсүз узун сакал коюп, шалбыраган шым кийүүнүн кажети жоктугун белгилеген.

13-сентябрда “Озодлик” радиосу Өзбекстандын мечиттеринде азандын үнү азайтылганын кабарлаган.

Өз булактардын маалыматына караганда, өкмөттүн 10-сентябрдагы жыйынында өлкөнүн премьер-министр Абдулла Арипов мамлекеттик кызматкерлерге мечитке баруунун “кесепеттери болорун” эскерткен.

Өзбек өкмөтүнүн басма сөз кызматы мындай жыйын болгонун ырастап, бирок премьер-министр аткаминерлерден “же жумушту, же динди тандоону” талап кылганын четке какты.

Кыргызстандык мигранттардын акча которуулары кыскарды

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер 2023-жылдын июль айында мекенине 145.9 млн доллар которгон. Бул май айына караганда 17.9 млн долларга аз.

Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет (132.2 млн доллар). Экинчи орунда алыскы чет өлкөлөр турат. Улуттук банк башка өлкөлөрдөн 6 млн, АКШдан 4,5 млн, Түркиядан 1.7 млн доллар каражат которулганын билдирди.

Мигранттардын жыл башынан бери которгон акчасы 1 млрд 107.3 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 31,5 пайызга же 510.8 миллионго аз.

Ошол эле учурда июль айында жеке адамдар Кыргызстандан башка өлкөлөргө 30 млн доллар которушкан. Мында Орусияга 28 млн доллар, алыскы өлкөлөргө 1.1 млн доллар которулган. Азыраак бөлүгү Казакстан менен башка өлкөлөргө чыгарылган.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, жети айда жалпысынан 286.8 млн доллар акча Кыргызстандан башка өлкөлөргө которулган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 188.8 млн долларга аз.

Кыргызстандын 7 млн калкынын 1 миллиондон ашууну миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда жана теңинен көбү орус жарандыгын алган.

"Клооп" сайтын бир нече провайдер бөгөттөгөнү кабарланды

“Клооп” басылмасы 13-сентябрда бир катар интернет провайдерлер “фейктер жөнүндөгү” мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, колдонуучулары үчүн kloop.kg жана ky.kloop.asia сайттарын бөгөттөгөнүн жазды.

Маалыматка караганда, алардын арасында “О!” уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бар.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эркин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине сайтка оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндөгү жаңылык жарыяланганы себеп болгон. Министрлик атайын кызмат “бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп кайрылганын билдирип, аны өчүрүүнү талап кылган.

12-сентябрда “Клооп” сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. “Албетте, биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Ал эми бийликтин өжөрлөнүп, кандай ыкма менен болсо да оозубузду жабууга аракет кылганы ансайын күмөн ойлорго түртөт”, – деп жазылган билдирүүдө.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган.

Медиа коомчулук прокурордун кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин эркин басылманын ишмердигин чектөбөөгө үндөдү.

Өзбекстандын муфтийи паранжа кийгендерди сындады

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий  Нуриддин Халикназаров аялдардын паранжа кийиши боюнча пикирин билдирди.

Ал ислам аялдардан жүзүн толук жабууну жана кара кийим кийүүнү талап кылбай турганын айтты. Видео насыятты диний башкармалыктын басма сөз кызматы жарыялады.

“Биз диний кийимдерди кийүүдө аша чаап кеттик. Биздин мазхаб аялдарга чүмбөттөнүп жүрүүгө буйрук бербейт. Динибизде сулуу көрүнүп, ашыкча нерселерден алыс болуу сунушталат”, – деди муфтий.

Нуриддин Халикназаров кийим кийүү нормаларына токтолуп, ар бир элдин өзүнүн каада-салты, кийимдери бар экенин айтты.

“Мусулмандар белгилүү бир формада кийим кийүүсү керек деген талап жок. Ислам бүткүл адамзатка жөнөтүлгөн – арабдардын өз кийими бар, түрктөрдүн өз кийими бар, Индонезия менен Малайзиядагы мусулмандардын өз кийими, өзбектердин өз кийими бар. Чекти билиш керек: бүткүл дүйнөгө шерменде кылган уятсыз кийимдерди кийүүнүн да, араб тибиндеги өтө кара кийимдерди кийүүнүн да кереги жок. Дененин айрым жерлерин жабуу зарыл эмес”, – деп белгиледи ал.

Муфтий сакал коюу маселесине да токтолду. Ал жаш жигиттерге сакалды тегиздөө керектигин эскертип, динаятчыларды исламдагы маселелерди акыл-эс менен туура чечмелөөгө чакырды.

Мечиттердеги рейддер: Орусияда мигранттарды кармоо уланууда

Орусиянын бир катар шаарларында полиция кызматкерлери жума намаздан кийин эшиктерди жаап, мечитке келгендердин документтерин текшерди.

Мындай рейддердин жүрүшүндө жакында эле Орусиянын жарандыгын алып, аскердик каттоого тура элек эркектер аныкталган.

Полициячылар аларга жеринде армияга чакыруу кагазын тапшырып же дароо аскер комиссариатына алып кетишти.

“Намазга келгендердин баарын текшеришти. Орус паспортунун ээлерин өзүнчө тизмеге алып, эки күндөн кийин аларды аскер комиссариатына келүүгө милдеттендиришти. ОМОНчулар Орусияда убактылуу жашоого уруксаты бар адамдардын документтерин сүрөткө тартып алышты. Ал эми документтеринде маселе бар мигранттарды полиция бөлүмүнө алып кетишти”, – деди тажик мигранты.

Жыл сайын ондогон тажик жараны Орусиянын жарандыгын алат. Алардын көбү эмгек патентине акча төлөбөө, полициянын зомбулугунан сактануу үчүн орус паспорту керек экенин жашырышпайт. Орусиянын Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык, быйыл январь айынан июнь айына чейин 87 миңге жакын тажикстандык орус жарандыгын алган. Бул бир жыл мурунку көрсөткүчкө караганда 13 миңге көп. Күн сайын 500гө жакын тажик жараны орус жарандыгын алат.

Укук коргоочулар жана эксперттер Орусиядагы кырдаал туруксуз экенин жана Орусиянын көптөгөн “жаңы жарандары” жакын арада Украинадагы фронтко аттанышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө. Укук коргоочулар кош жарандыгы бар мигранттарга бул өлкөдөн тез арада чыгып кетүүгө кеңеш беришет. Бирок мигранттардын көбү ишсиз калуудан коркуп, Орусияда калууну эп көрүшөт.

УКМК: Зарина Төрөкулова "массалык башаламандыкка" шек саналып жатат

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) активист Зарина Төрөкулова “массалык башаламандыкка” шек саналып камалганын ырастады. Ага социалдык тармактардагы “чагымчыл” билдирүүлөрүнө байланыштуу айып коюлганын маалымдады.

“Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (“массалык башаламандыктар”) туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды такай Фейсбукка жарыялаган “Зарина Төрөкулова” деген аккаунттун ээси – Т.З. аныкталды. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-сентябрда анын бөгөт чарасын карап, 30-октябрга чейин камакта калтырды. Тергөө иштери жүрүп жатат”,- деп жазылган маалыматта.

Төрөкулованын жакындары жана жактоочусу буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Ал социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Кыргызстанда соңку кездери “массалык башаламандыкка” айыпталып бир катар активисттер, социалдык тармактын колдонуучулары кармалды. Укук коргоочулар жарандар пикирин эркин билдирүүгө укугу бар экенин айтып, бийликти куугунтукка байланыштуу айыптап келет.

Меню