Menu

КООМ

Жаш жоокерлер мекенди коргоого аттанышты

Бүгүн, 10-мартта Жалал-Абаддагы топтоо пунктунда облустун бардык аймактарынан келишкен жаш жоокерлерди бир жылдык аскер кызматтарын өтөөгө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Салтанаттуу иш чарага аскер комиссариаттарынын офицерлери, Ооган жана Баткен согуштарынын ардагерлери жана Мекенди коргоого аттанып жатышкан жаш жоокерлердин ата-энелери катышты.

Жаш жоокерлерди бир жылдык аскер кызматтарын өтөөсүнө арналган салтанаттуу иш-чара Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталды. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы Командачысы Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык 18 жашка толгон жигиттерди жазгы аскердик кызматтарын өтөөгө чакыруу ишке ашырыла баштады. Бүгүн аскер кызматына чакырылып жаткан жаш жоокерлер Кыргыз Республикасынын чек арасын коргоо аскер бөлүктөрүндө кызматтарын өтөшөт. Аскердик кызматтарын өтөөгө жөнөп жатышкан жаш жоокерлерге КРнын Коргоо комитетинин чакыруу башкармалыгынын облустагы өкүлү, майор Болотбек Мураталиев, Баткен согушунун ардагери Рустамбек Амиракулов, Бишкектеги Скрябин атындагы айыл чарба академиясынын бүтүрүүчүсү, аскер кызматын өтөөгө бараткан Үсөн уулу Урмат, ата-энелердин атынан Акылбек Мырзакаримов жана мекенди коргоого жөнөп бараткан жаш жоокер Ашырбек уулу Альберттин апасы, Базар-Коргон районунун тургуну Айнагүл Аманова жаш жоокерлерге Мекенди коргоо жаатында баалуу кеп-кеңештерин жана акыл насааттарын айтышып, аларга ак жол каалашты. Жаш жоокерлерди аскер кызматына узатуу иш чарасын Аксы райондук аскер комиссариатынын комиссары, полковник Ниязалы Төрөгелдиеа алып барды.

– Мен Бишкектеги К.Скрябин атындагы айыл чарба академиясынын агрономия факультетин ийгиликтүү аяктадым. Аскерге барып кызмат кылууну өзүм чечтим. Бул оюмду ата-энем дагы толук кубатташты. Жигит үчүн Мекенге ак ниет менен кызмат өтөөдөн өткөн ыйык милдет жок,- дейт жаш жоокер Ашырбек уулу Альберт.

Аскер кызматтарын өтөөгө жөнөп жатышкан жаш жоокерлерге ата-энелери жана жакындары менен жакшы маанайда коштошууга атайын убакыт ажыратылып берилди. Жаш жоокерлер бүгүн өздөрү кызмат өтөөчү аскер бөлүктөрүнө сапар тартышты.

Темирбек Мамбеталиев, пенсионер, Бишкек шаарынын тургуну: "Бийликтегилердин тынч жашоого акылары жок!"

Дегеним, илгери союз мезгилинде Т.Усубалиевден баштап, колхоздун башкармаларына чейин тынч жашай албай, элдин алдындагы жоопкерчиликтен коркуп тынчтары кетип, бир балээден чочулагандай ичкендери ирим, жегендери желим болуп, ай ушул кызматын аман-эсен өткөзүп берсем экен деп ак эткенден так этип түн уйкуларынан качып иштээр эле. Буга бир мисал: Биздин айылда (Нарын облусу, Ак-Талаа району) Касым деген багаар-көрөөрү жок “отко айдасаң бокко качкан” дейдилик менен күн өткөзүп, ар кимдин малын кайтарып жан баккан бирөө бар эле. Бир күнү Матен Сыдыков баш болуп обкомдон текшерүү келип, маселени ошол Касымдан баштабайбы. Ал кезде “Адам фактору колхоздун байлыгы” деген ураан эле. Ошондуктан райкомдун 1-секретары К.Акназаров Айтыш деген колхоздун башкармасынан “Кана, Касымдын ахыбалы кандай?” – деп сураса, жакшы-жакшы деп кекечтене түшкөндө, чакыргыла аны көрөлүчү деп М.Сыдыков каарын чачып, эгер анын турмуш шарты оңолбосо анда партбилеттерди мобу трибунага таштап кете бер, ишиңди өткөзөсүң, анан кайда барышты билесиң да дегенде эле, башкарма Айтыш өң-алеттен кетип, а кокус Касым келип калса, булардын суроолоруна утур-тетир жооп берип тантырап турса анда өлгөнүм дедиби, айтор сүйлөй албай, киши аягандай акыбалга келип эстен танган. Азыр ошол Касым эмне болду экен, эмгиче көзү өтүп кетти го, айылга бара элекмин. Эмичи, эми жыргализм, бир аз бийлик колдоруна тийсе болду, кимден коркмок эле? Илгерки союздагыдай талап жок. Азыр капи­тализм, демократия тралилай, тралилай капитализм. Биз ал батыш өлкөлөрүндөгү жарандардай керт башыбыз үчүн-жашабайбыз да, биз кыргызбыз, бизде ата-эне, куда-сөөк, дос-тамыр, таяке-жээн, небере, чөбөрө деген бар. Аларда деле бар дечи урук-тукум, бирок өзүңөр билесиңер, аларда биздикиндей боор тартып, жүрөгү сүйүп карайбы туугандарын? Өз алдынча, өз кара жанынын камын көрүп кете беришет. Куда-сөөк деген алардын түшүнө деле кирбесе керек? Туугандар, эл-журт, биз кыргызбыз, ошондуктан алардын үрп- адаттарын үйрөнүп, мыйзамдарын көчүрүп  жазып албай, мыйзамдарыбызды тээ алыскы Нарын, Баткен облустарына барып, алар кыйналса кыйналып, жыргаса жыргап жүрүп мыйзам жазып келиш ке­рек, Жогорку Кеңеште отурган жан багар билермандар. Тээ илгери эле КПССтин кадыр-баркын кетирип, ошондо эле пейил-ниеттери бузулуп байлыкка тап берип жүргөндөр, союз ыдырашына көмөктөшкөн айбандардын заманы келип, карапайым калктан мурун озунуп байлыкка тунуп, бийликти менчиктеп, жашоолору жомоктой, кан сарайларды куруп, завод-фабрикаларды, жерлерди, чарбаларды “беспредел” ээлеп жатып калышты го? Анан калса, элдин башын ал айбандарың айлантып, ким бай болсо ошол бийликке келиш керек, анткени алардын байлыгы бар, эми алар эч ким эмес, ичип-жебейт, карапайым колунда жок жаран келсе ал тоюнганча деген теореманын негизинде ал “Кинг-Конгдор” бийликке жетчү жол ачып алышкан. Мына эми ошол байларың тоюндубу? Тойбойт дагы, табигатгын закону ушундай. Эми ошол анакондалар бийликке келип алышып, ого бетер бизнестерин коррупциянын эсебинен өркүндөтүп-өстүрүп, карапайым элдин күчүн жарыбаган эмгек акы менен пайдаланып пайда көрүп, ого бетер баюунун теневой пландарын түзүп жатышса алардын тизгинин ким тартып коёт, бийлигиң кошо аралашып камыр-жумур болуп алса. Мына келдик “тупик” жол жок. Булардан арылуунун бир гана жолу кулакка тартуу керек болуп калды. Муну айтпаска ча­рам жок. Айтууга туура келди. Деги эле бийликте таза инсан барбы деги? Даңкы чыгып жүргөн атактууларды айтпай эле коёлу. Аларга айла жок. Жерге-сууга тийгизбей мактаган К.Самаковубуз ал, А Саляновабыз бул. Дээринде жок, а би­рок эрдиги бар кол башчыдан көрө этият болгон, сак кол башчы жакшыраак деген экен ойчул Октавиан Август. Бул макал өзгөчө Акаев менен Бакиевге төп келет. Дагы кимдерге жарашат? Атамбаевди дагы жерип тажай баштадык. Анда эмки президентибиз ким деп ойлойбуз, кан­дай инсан болуш керек, кана айткылачы эл- журт? Бийликтеги оппозициялар ме­нен бийлик ээлери бири-бирин шыбап эле жатып калышты. Алардын өзүлөрүн өздөрү шыбагандарын, айтып, дегенин элге жеткизип, бийлик менен элдин ортосундагы почтальон болгону гана болбосо, гезитчилердин бул жерде кыпындай да күнөөлөрү жок. Карап отурсак, бийликтин жогорку бутагындагылардан баштап, айыл өкмөттөргө чейин таза адам жоктой. Чындыгында ушундай болуп калды. Эми кантип ушулардын арасынан таза кишини таап алабыз да, президент кылып шайлайбыз? “Вот в чем проблема” Ошондуктан элге кайрылып кетээр элем. 26 жылдан бери жаңылдык, жаздык. Кеч болуп кала электе эмитен Ак үй, көк үйдөгүлөрдүн (закон жунгли) амалына алдырбай, эмки президентибизди элдин камын ойлогон, мамлекет үчүн өмүрүн берип жанын аябаган, элдин алдында жоопкерчи­ликтен корккон, уйкусу качкан, эс алууга убактысы жок, тынч жашоого укугу жок инсанды тандашыбыз керек, окурманым.

Булак: “Фабула”

Азыркы учурда ар кандай себептерге байланыштуу 3 миӊ 45 бала мектепке барбайт

“Башмыйзамга ылайык, Кыргызстанда орто билим алуу милдеттүү болуп санала турганына карабастан, азыркы учурда аргандай себептерге байланыштуу 3 миӊ 45 бала мектепке барбайт экен. Мындай болбошу керек. Бул тууралуу депутат Асылбек Жээнбеков КСДП фракциясында билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди” – деп ммалымдады КР ЖК Басма сөз кызматы.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, айрым ата-энелер диний көз караш менен балдарын мектепке жиберишпейт. Алардын арасында чет өлкөгө кеткен эмгек мигранттарынын кароосуз калган балдары да бар. азыр андай ата-энелер менен жергиликтүү бийлик органдары иш алпарууда.

Депутат Ирина Карамушкина медреселерди билим берүү тутумуна камтуу зарылдыгын белгилеп, алардын азыркы абалына кызыкты.

Министр Гүлмира Кудайбердиева медреселер Мусулман дин башкармалыгына карап, алардын окуу программасы Уламалар кеӊеши тарабынан бекитиле турганын билдирди. «Ушул кезге чейин бир дагы медресе окутуу ишине лицензия албаптыр», – деп кошумчалады ал.

Фракция башчысы Иса Өмүркулов дин менен мамлекет маселеси өтө кылдат мамилени талап кыла турганын эске салды. Ал эми депутат Асылбек Жээнбеков медресеге мектепте окубаган балдар бара албасын, ага орто билимге ээ болгон балдар бара турганын айтты.

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, диний окуу мекемелеринин көбү каттала элек. 18 медресе лицензияга ээ болгонуна карабастан, иш жүргүзгөн эмес. Ошондон улам, азыр ал лицензияларды кайтарып алуу маселеси каралууда.

КСДП фракциясында билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалыматты талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

 

Быйыл өлкөнүн билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек акысы көбөйтүлбөйт

КР ЖК Басма сөз кызматы берген маалыматка таянсак, быйыл өлкөнүн билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек акысы көбөйтүлбөйт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин өкүлү КСДП фракциясында билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Эске салсак, 2015-жылы мугалимдердин маянасы 50 пайызга, ал эми тарбыячылар менен техкызматкерлердин маянасы 80 пайызга жогорулатылган.

2011-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин бюджети 14 млрд сом болсо, ал 2017-жылы 28 млрд 31 млн сомго жеткен, бирок түздөн-түз билим берүү багытында анын 22 пайызы гана жумшалат.

 

Каржы каатчылыгынан улам, Кыргызстан мектептерди 12 жылдык билим берүү усулуна өткөрө албайт

“Билим берүү министринин Улуттук университеттин ректору боюнча жеке кызыкчылыгы жок. Бул тууралуу министр Гүлмира Кудайбердиева КСДП фракциясында билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди”- дейт ЖК Басма сөз кызматы.

Депутаттар Евгения Строкова менен Элвира Сурабалдиева Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулованы кызматтан алуу маселеси өтө создугуп кеткенин, депутаттык комиссия текшерүү жүрүщүндө көптөгөн кемчиликтер тапкандыктан, аны кызматтан алуу, ал эми Жогорку аттестациялык комиссия аны профессор наамынан ажыратуу сунушун бергенин эске салды.

Андан сырткары, мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүү маселеси да азырынча чечилбей турганы белгилүү болду. Министр коӊшу өлкөлөрдө окуучуларды артыкбаш окуу жүгүнөн арылтуу максатында 12 жылдык билим берүү усулуна өткөрүү маселеси көтөрүлүп жатканын, ал үчүн ири көлөмдөгү кошумча керектеле турганын, каржы каатчылыгынын учурунда бюджетте анчалык каражат жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда окуучулар мектепте 11 класска чейин окуйт. Эгер алардын даярдоо классында окуганын эске алсак, баш-аягы 12 жылга тете.

 

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 2016- жылы 50дөн ашык китеп чыгарылды

 

“Кыргыз Республикасында 2014-2020- жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн Улуттук программасына” бѳлүнгѳн каражаттын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 2016- жылдын эсебинен 50дөн ашык китеп чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик тилди үйрөнүүчүлөр үчүн жана башка тармактык эмгектерди кыргыз тилинде окууга багыттаган “Окуу-усулдук” сериясына 12 китеп, тарыхый багыттагы “Тарых жана маданият” сериясына 10 китеп, тилдин күчтүү түркүктөрүнүн бири болгон адабиятты өнүктүрүүгө арналган “Азыркы кыргыз адабияты” сериясына кыргыз поэзиясынын алптарынын бири Т.Муканов баштаган 10 автордун эмгектери кирип, дүйнө адабиятын кыргыз окурмандарына тааныштыруу максатында “Дүйнѳлүк адабият” сериясы менен 8 китеп жарык көрсө, ал эми келечек муундун өкүлдөрү үчүн “Балдар адабияты” сериясынын алкагында 9 китеп чыгарылды. Ар бир китеп тууралуу кенен маалымат жана китептердин электрондук варианттары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтында жайгаштырылган. Аталган китептердин бет ачар аземи 2017-жылдын 15-мартында саат 14:00дө К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөрүлмөкчү.

Жалал-Абадда карыларга камкордук көрүү маселеси талкууланды  

 

Карыларды ар тараптуу камкордукка алуу иштерин күчөтүү керек жана аларга камкордук көрүү жагынан коомчулуктун активдүү аракетин уюштуруу зарыл.

Жалал-Абад шаарында жалгыз бой карыларды тейлөө сапатын жакшыртуу максатында түштүк аймагы боюнча социалдык коргоо башкармалыгынын башчыларынын катышуусунда өткөн тегерек столдо ушундай маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек столго Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова жана Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө ар кайсы аймактардан келген социалдык коргоо башкармалыктарынын башчылары карыларга камкордук көрүү ишиндеги айрым артыкчылыктуу жана кемчил көрүнүштөргө токтолушуп, ишти мындан ары жакшыртуу жагынан өз пикирлерин ортого салышты. Борбордон келген конокторго өздөрүнүн суроолорун узатышып, жооп алышты. Жалгыз бой карыларга бир гана колдоо көрсөтүп калбай, аларга жылуу сөз ыроолоштун да жогорку маанисин белгилешти.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри А. Раматиллаеванын айтымына караганда, шаар аймагында 160ка жакын жалгыз бой карылар бар. Жалгыз бой карыларды тейлөө сапатын жакшыртуу демилгеси көтөрүлгөндүгү ар бирибизди кубандырат. Шаарда бул боюнча социалдык коргоо башкармалыгы менен биргеликте көптөгөн иштер аткарылууда, социалдык адилеттүүлүк боюнча атайын акциялар уюштурулуп, анда менчигинин түрүнө карабастан иш-каналардын баары карыларга өз жардамдарын беришүүдө. Андан сырткары, жаштар комитети уюштурган жаштар топтору алардын үйлөрүнө барышы, үй жумуштарына каралашып турушат. Мындан ары да карыларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, аларды сапаттуу тейлөөнү жакшырта беребиз, – дейт ал.

Ыкчам чараларды көрүү “185” кызматына бир жуманын ичинде 607 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

2017-жылдын 3-мартынан 9-мартына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматына шаар тургундарынан 607  арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 99   кайрылуу. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылуулардын көпчүлүгү сурап-билүү иретинде болгон жана  операторлор убагында телефон аркылуу жооп беришкен.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз “185” жана “1840” номерлери боюнча күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыз.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов: “Айрым партиялар бийликти гана ойлоп, элди унутушту”

Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын депутаттары эл үчүн, шаар үчүн эмес, өздөрүнүн саясий гана кызыкчылыктарын ойлоп, шаарга кыйынчылык түзүп жатышат. Мындай пикирин шаар мэри Салайдин Авазов журналисттерге ачык билдирди. Бул боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн 10-мартта болуучу депутаттардын шаардык кеңешинин сессия жогорудагы аталган фракциялардын депутаттарынын сессияга келбей коюшунан улам болбой калды. Буга чейин да эки-үч жолу сессия ушундай эле себеп менен болбой калган.

-Депутаттар шайланарда элге көп убадаларды беришкен, силер үчүн, шаар үчүн иштейбиз дешкен. Бирок, мандат алышкан соң, дароо өздөрүнүн кууш саясий амбициясына өтүштү. Аларга шаардын мэринин жана шаар кеңешинин төрагасынын, муниципалдык кызматтардын креслосу гана керек экен. Азыр бизде тезинен ишке ашырылуучу көп долбоорлор шаар бюджети бекитилбеген себептүү токтоп турат. Мисалы, Ленин – Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги 22 миллион сомдук жер астынан өткөөл жасоо долбоору тезинен башталышы керек эле, аргасыз токтоп турабыз. Андан башка да бир нече миллиард сомдук долбоорлор бекитилсе, биз быйыл эле түз инвестицияларды алып келмекпиз, – дейт ал.

Эскерте кетсек, шаардык кеңешке болуп өткөн шайлоолордо “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП партиялары мандатка ээ болушкан. Адегенде “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзүп, кийин ал ыдырап кеткен. Андан соң, КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары 18 добуш менен “Ынтымак” көпчүлүк коалициясын түзүштү. Бирок, коалициядагы депутаттардын добушу 21ге жетпеген себептүү шаардык кеңештин төрагасын, шаар мэрин шайлоого мүмкүн болбой жатат. Ал эми жалпысынан шаардык кеңеште 31 депутаттык мандат бар.

Каназаров «Азаттыктан» кеттиби?

“Азаттык” радиосунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Султан Каназаров ээлеген кызматынан бошотулганы кеп болуп жа­тат. Бирок бул боюнча “Азаттык” үн ката элек.

Султан мырзанын кызматтан алынышына пре­зидент Алмазбек Атамбаевдин “Азаттык” демократиянын нугунда эмес, кош стандарттуу саясат жүргүзөөрү боюнча айткан сын-пикири негиз болгону айтылууда. Коомчулук дагы президенттин сынында жүйө бардыгын, “Азаттык” акыркы жылдары өзүнүн вазийпасын аткара албай, демократиялык баалуулуктарга жооп бербей калганын белгилешүүдө. Айрымдар болсо “Азаттык” тарыхый милдетин өтөп бүткөнүн, мындан ары баштагыдай нукта иш алып бара албасын, демек жабылып калуу чегине жеткенин каңкуулашууда…

Булак: “Фабула”

Меню