Menu

КООМ

Тубаса кемтик менен төрөлгөн балдардын саны өсүүдө

 

«Тубаса кемтик менен төрөлүү Кыргызстанда жыл сайын өсүп жатат» дейт «Эне жана баланы коргоо» улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев. Анын айтымында, өлкөдө жылына 158 минден ашык бала жарык дүйнөгө келсе, анын үч миңден ашыгы тубаса кемтик менен төрөлүүдө. Эң коркунучтуусу – анэнцафалия, баш мээнин жок болушу. Анан жүлүн каналындагы кемтик. Нерв системасынын оорулары. Жүрөк кемтиктери, бет, жаак, сөөк кемтиктери бар.

Баланын тубаса кемтигинин кесепетинин эң коркунучтуусу өлүм болсо, экинчиси майып балдардын көбөйүшү, анан албетте ата-энеге түшкөн түйшүк, мамлекетке келген экономикалык чыгым өңдүү жыйынтыктары турат. Оорулуу балдардын көп төрөлүшүнүн себептери абдан көп кырлуу. Биздин Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын 40-50%ы аз кандуулук ж.б оорулар менен ооруйт. Экологиянын бузулганы да таасир этүүдө. Социалдык-экономикалык факторлору да бар.

Булак: “Азия ньюс”

Депутаттар тобу өлкө аймагында аӊчылыкка тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеӊеште өлкө аймагында аӊчылыкка 2025-жылга чейин тыюу салууга багытталган «Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.  Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам долбоору жапайы жаныбарлар дүйнөсүн коргоо максатында иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, айрым коомдук уюмдардан башаламан аңчылыкка чара көрүү жана мергенчилик кылуучу жерлерди чет элдик жана жеке жактарга ижарага берүүгө тыюу салуу тууралуу кайрылуулар келип түшкөн. Айрым коомдук кыймылдар мамлекеттик органдардын мекемелеринин алдында мергенчилик кылуучу жерлерди ижарага берүү сынактарын токтотууну талап кылышкан.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда өлкө аймагында мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 аңчылыкты пайдалануучулар иш алып барат, алардын ичинен 1 мамлекеттик, 9 коомдук жана 42 жеке жактар. Аӊчылык кылуучу жерлердин жалпы аянты 14,4 млн га, анын ичинен 7,2 млн га мамлекеттик, 3,2 млн га коомдук жана 4 млн. га жеке жактарга таандык. 2013-жылы Аңчылык департаменти тарабынан 2,96 млн сомго жакын 710 аңчылык эрежелерин бузуу, браконьерлик жана башка мыйзам бузуу фактылары катталып, 48 даана ок атуучу аңчылык куралдар алынган.

Демилгечилердин бири Эмил Токтошев акыркы 10 жылда эле илбирстердин саны 3 эсе азайганын билдирди. Ошондон улам, «2014-2020-жылдары ак илбирстин экотутумун сактоо боюнча» ааламдык программа кабыл алынып, анын каржылоо көлөмү 190 млн АКШ долларын түздү. Илбирс азыктануу пирамидасынын туу чокусунда турат. Анын сакталышы жана көбөйүшү бүткүл биологиялык тутумдун туруктуулугунун көрсөткүчү болуп саналат.

“Биз адегенде аӊчылыкка 2030-жылга чейин тыюу салуу демилгесин көтөргөнбүз, бирок айрым депутаттар каршы болгондуктан, ал мөөнөттү 2025-жылга чейин кыскарттык. Мыйзам долбооруна ылайык, Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлар менен аркар-кулжаларга гана аӊчылык кылууга тыюу салуу чаралары киргизилет”, – дейт баяндамачы.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар өлкө аймагында аӊчылыкка тыюу салууга каршы пикирлерин билдиришти. Депутат Кожобек Рыспаев тыюу салуу менен эле мыйзамсыз аӊчылыкты токтотуу кыйын экенин, андан көрө көзөмөлдү күчөтүп, бюджетти толтуруу зарылдыгын белгиледи. Мындай пикирди Элвира Сурабалдиева да колдоп, өз кесиптештерин мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.

Өкмөттүн эксперттери, Аӊчылык департаментинин жетекчилери менен аӊчылык чарбаларынын өкүлдөрү да мыйзам долбооруна каршы экенин айтышты. Алардын айтымында, жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар, айыппул өлчөмүн көтөрүү аркылуу тартипти бекемдеп, калктын жапайы жаныбарларга аӊчылык кылуу маданиятын көтөрүү зарыл.

 

Дайырбек Орунбеков менен Алмаз Атамбаевдин соттошуусу кайрадан 27-мартта уланат

Президент Алмаз Атамбаев менен журналист Дайырбек Орунбековдун соту 27-мартта шаардык сотто кайрадан уланат. Бул тууралуу Орунбеков өзү билдирди.

“Атамбаевдин кадыр баркына шек келтирди деген арыз менен мага Аламүдүн райондук соту 2 000 000 сом айып пул жана жалпы маалымат каражаттарынан андан кечирим сурап, жазган макаладан баш тартасың деп милдеттендирген. Мен, аталган суммадагы моралдык чыгымды, соттун чечимин аткарууга каржылык мүмкүнчүлүгүм жок. Ошого байланыштуу мага ИИМ тарабынан 338-берене менен кылмыш козголуп, ал 2017-жылдын 10-февралында Октябрь райондук сотунда кыскарган болчу. Эми, прокуратура соттун чечимине макул эмеситигин айтып Бишкек шаардык сотуна кайрылыптыр. Соттук процесс 27-мартта, саат 9:30да шаардык сотто кайрадан башталат”,-дейт ал.

Белгилей кетсек, Орунбековго козголгон кылмыш иши анын адвокаттарынын өтүнүчү менен Октябрь райондук соту тарабынан кыскартылган болчу.

Түркиядагы тажик мигранттары мекенине келүүдөн кооптонушууда

Түркияда иштеген тажик мигранттары өз мекенине кайтуудан кооптонуп жатышат. Укук коргоо органдары Түркиядан келген тажикстандыктарга шектенүүсүн күчөттү.

Сайфиддин Эмомов Түркиядагы шаарлардын биринде наабайканада иштейт. Эки жылдан бери мекенине келе элек. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик анын туугандарын суракка алып, жашаган жери тууралуу маалымат алууга аракет жасашууда. Себеби анын экстремисттик топторго кошулуп кеткени жөнүндө айың кептер тараган. Тажикстанга келгенде актыгын далилдей албай калуудан кооптонууда. “Башында аялымдын дагы бул жакка келүүсүнө уруксат беришкен эмес. Бирок биз кандайдыр бир топтун же партиянын мүчөсү эмеспиз, Түркияда легалдуу иштеп жүрөбүз. Бизге кысым көрсөтпөй, мекенибизге ээн-эркин келүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурайбыз”, -деди Сайфиддин.

Хатлон облусунун 26 жаштагы жашоочусу Шахбоз Рахимов дагы бир жарым жыл мурун Орусиядан депортация болгон соң, Түркияга иштеп келүү үчүн кеткен. Укук коргоо органдары туугандарынан ал тууралуу маалыматтарды сураштырышууда. Рахимов жазда мекенине келип үйлөнмөк. Бирок укук коргоо органдарынын сурагынан кабатыр болууда.

Тажик укук коргоо органдары Түркия акыркы учурда тажик оппозициячыларынын баш калкалаар жайына айланып, Сириядан Иракка алып барчу жолго айланды деп эсептешет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Жалал-Абад облусунун башчысы Кыянбек Сатыбалдиев Сузактагы мектепте болду

Бүгүн, 9-мартта КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районундагы Барпы айыл аймагына караштуу “Комсомол” айылындагы “Аль-Фауз” атындагы жалпы билим берүүчү менчик мектепте болуп, окуучуларга терең билим жана таалим-тарбия берүү иштеринин абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү маалымдады.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин мектептин иши менен жеринде барып таанышуусунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Абдумуктар Маматов жана Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын башчысы Апсатар Сыргабаев бирге болушту. “Аль-Фауз” менчик мектептин директорунун орун басары Темиркул Айдаров жана мектептин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Таттыбү Жумуков окуучуларга терең билим жана таалим-тарбия берүүдөгү иштери жагдайында кеңири маалымат беришти.

Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын “Комсомол” айылына жайгашкан “Аль-Фауз” жалпы билим берүүчү мектеп 2016-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилген. Мектептин курулушу Кувейт мамлекетиндеги “Риссалия” коомдук фондунун каржылоосунда 70 млн. сомго бүткөрүлгөн. Учурда бул мектепте 185 эркек балдар терең билим жана татыктуу таалим-тарбия алып жатышат. Окуучуларга терең билим жана таалим-тарбия берүү иштери толугу менен КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Учурда аталган мектепте 33 жогорку билимдүү жана тажрыйбасы мол мугалимдер иштеп жатышат. Мугалимдерди ишке алуу конкурстук тандоо жолу менен ишке ашырылган. Мектеп толугу менен компьютерлештирилген. Учурда мектепте заманбап 12 класстык бөлмөлөр окуучулардын терен билим алуулары үчүн иштеп жатат.

Сабак өтүүнүн алдыңкы усулдары мектептин мугалимдери тарабынан терең өздөштүрүлгөн. Мектепте сабактар мамлекеттик тилде жана расмий тилде кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мындан сырткары 3-класстан баштап окуучуларга кошумча араб жана англис тилдери окутула баштайт. Аталары жок 40 бала бул жердеги жатканада акы төлөбөй жашашат жана акысыз билим алышат. Аларга күнүнө 4 маал ысык тамак берилет. Ал эми келип-кетип окуган калган окуучулар айына 2000 сом жана түшкү тамагына 50 сом төлөп билим алышат. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана келген коноктор мектептин заманбап окуу класстык бөлмөлөрү, ашканасы жана жатып окуган балдардын жатаканалары менен кеңири таанышып чыгышты. Арап тилиндеги “Аль-Фауз” деген сөз кыргыз тилине которгондо “Жеңиш” деген маанини билдирет.

"Манас" эпосунун 6 томдугу академиялык басылмада жарыкка чыкты

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин “Семетей” эпосунун академиялык басылышынын алты тому жарык көрдү. Бул туурасында КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Томдуктар Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган. Буга чейин “Манас” эпосу төрт том болуп чыккан болчу. “Семетей” эпосу манасчынын эң көлөмдүү варианты. Анда 200 миң саптан ашык ыр камтылган. Академиялык басылыш болгондуктан илимий комментарийлер жана түшүнүктөр берилген. Академиялык варианттарды басмага даярдагандар: институттун кызматкери Айнек Жайнакова, илимий редактору академик Абдылдажан Акматалиев.

Китептер “Турар” басмасында 1000 нускадан жарык көрдү. Академик А.Акматалиев китептердин чыгышы тууралуу мындай деди: ““Манас” эпосунун академиялык басылыштарын даярдоо 1992-жылы башталган эле. Ал кезде директор катары “Манас” бөлүмүндөгү кызматкерлерди “Сагымбай таануу” жана “Саякбай таануу” деген эки группага бөлүп, академиялык басылыштарды даярдай баштаганбыз. “Сагымбай таанууну” Самар Мусаев, “Саякбай таанууну” Айнек Жайнакова жетектеди. Иш өтө татаал жана жоопкерчиликтүү болду, мындай чоң көлөмдөгү эпостун академиялык басылыштарын даярдоодо үлгү жок болчу. Ошентсе да иш процесси жүрүп кетти. Бирок бизди кыйнаганы басып чыгарууга каражат жок болуп жатты. Жада калса “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө учурунда китепке каражат толук бөлүнгөн эмес эле. Биз улам-улам республикалык жетекчиликке кайрылып жаттык, акыры академиялык басылышты 2012-2017-жылдарда “Манас” эпосун сактоо, өнүктүрүү боюнча Улуттук программага киргиздик. Бул программаны ишке ашырууда да тоскоолдуктар болду. 2015-жылы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы академиялык басылышы толук жарык көрүп, Билим, илим жана Маданият министрликтерине өткөрүп бердик. Ал эми Саякбай Каралаевдин академиялык басылышын чыгаруу аякталып калды. “Семетей” бөлүмүнө бир аз каражат бөлүнсө эле толук бүтөт. Негизги максат орундалды,  чындыгында өтө кубанып жатабыз, китептердин бет ачарына даярдануудабыз”.

Жалал-Абадда ыктыярчылар кан тапшырышты

“Жалал-Абад областтык кан борборунда Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен ыктыярчылар кан тапшырышты. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасында өз ыктыяры менен кайтарымсыз кан тапшырууну өнүктүрүү” долбоорунун аймактык кызматкери Назгүл Назарова билдирди” – дейт Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, башка мекеме-ишканаларга үлгү көрсөтүү, донорлук кылуу боюнча коомдук активдүүлүктү арттыруу коомдук максатында Улуттук Кызыл Ай кызматкерлери менен ыктыярчылары биригип, жалпы 30га жакын киши өз ыктыяры менен кан тапшырышты -Бизден кийин дагы башка мекеме-ишканалардын, жогорку окуу жайлардын кызматкерлери, студенттери өз каалоолору менен келип кан тапшырышат деп ойлойбуз. Анткени, биз тапшырган кан кайсыл бир канга муктаж болуп жаткан жарандардын өмүрүн сактоого, жашап кетишине өбөлгө түзөт. Биз мындай иш-чараларды тынымсыз жүргүзүп турабыз. Буюрса, Жалал-Абад областтык кан борборунун донордук кандын көлөмүн камсыз кылуу боюнча быйылкы жылы да алдыңкы орунга чыгарууга аракет жасайбыз, – дейт ал. Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасында өз ыктыяры менен кайтарымсыз кан тапшырууну өнүктүрүү” долбоору быйылкы жылы өлкөнуң жети аймагында өз ишин баштап, аны Швейцариянын Кызыл чырым коому каржылап жатат.

БУУ: Казакстанда аялдар басмырлоого көп дуушар болушат

Казакстан аялдары жумуш ордуларындагы зомбулук менен ыдык көрсөтүүлөрдүн түрдүү формаларынан корголбогон бойдон калууда. Бул тууралуу БУУнун Казакстандагы туруктуу өкүлү Норимас Шимомуранын Аялдардын эл аралык күнүнө карата жасаган кайрылуусунда айтылат.

«Биз Казакстандын өкмөтүн, жарандык коомчулукту жана жеке тармактарды аялдардын жетишкендиктерин колдоого, көйгөйлөрдүн бар экенин моюнга алууга, алардын жумуш ордуларындагы укуктарына жана гендердик теңчиликке көңүл бурууга чакырабыз», — деп айтылат БУУнун кайрылуусунда.

Ошондой эле анда Казакстандын мыйзамдарында «сексуалдык ыдык көрсөтүү» түшүнүгүнүн түшүндүрмөсү жок экени жана аялдар коомдук жайлардагы зомбулук көрсөтүүлөрдөн корголбогону белгиленген. БУУнун маалыматы боюнча коомдук жайларда сексуалдык ыдык көрсөтүү учуруна күбө болгон адамдардын 25 пайызы эч кандай аракет көрүшмөк эмес.

Уюмдун маалыматына караганда, Казакстанда аялдар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли эркектердин жумушсуздугуна салыштырмалуу жогору бойдон калууда. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык кызмат көрсөтүү тармактарындагы жалданма жумушчулардын 70 пайызын аялдар түзөт. Ошондой эле алардын көбү формалсыз тармактарда же үй кызматчылары катары иштешет. Мындай учурларда аялдар менен жумуш берүүчүнүн ортосунда оозеки гана келишим болуп, үй кызматчыларынын укуктары корголбойт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Коркунучтуу радикалдык топтордун тизмеси жарыяланып турмакчы болду

7-мартта эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Терроризмге кар­шы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Бүгүнкү күндө жаштарды радикалдык топторго тартуу коркунучун жарата турган ар түрдүү уюмдар, культгар, секталар жайылып кетти. Ушундан улам, жаш муунга сырттан келүүчү радикалдык экстремисттик идеологиялардын таасирине каршы аракеттенүү максатында КР соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмесин жарыялоо бо­юнча мыйзам долбоору сунушталган. Бул уюмдар тууралуу биринчи кезекте өсүп келе жаткан муун (мектеп окуучулары, студенттер ж.б.) билиши керек. Мындай аракет менен жаш муундун ар кандай радикалдык топторго болгон кызыкчылыгын азайтууга болот.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, коопсуздук боюнча мамлекетгик комитети мамлекеттик басылмаларга мезгил-мезгили менен террористтик деп таанылган уюмдардын тизмесин жарыялап туруусу керектиги белгиленген.

 Булак: “Азия ньюс”

Эрмек БЕКТУРОВ, теолог: «Бизде таблиги жамааттарга тыюу салынган эмес»

– Биздин өлкөдө ар түрдүү медреселер бар. Каржылоолор да ар кандай. Кээде жеке ишкерлер эле каржылашы мүмкүн. Ошону менен бирге ар кандай диний уюмдар каржылашат. Бизде таблиги жамааттарга тыюу салынган эмес. Бөлөк мамлекеттерде – Орусия, Казакстанда тыюу салып койгон. Таблиги жамааты – бул уюм эмес кыймыл. Булар намазды кандай окуш керек ошого түшүнүк беришет. Алардын негизги түбү Пакистанда, Индияда түптөлгөн. Колдоо ошол жактан бо- луп жаткандыктан сакал коюшуп, пакистандыктардын кийимин кийип жүрүшөт. Биздин өлкөдө таблиги жамаатына муктаждык болуп жатат.

 

Булак: “Азия ньюс”

Меню