7-мартта эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Бүгүнкү күндө жаштарды радикалдык топторго тартуу коркунучун жарата турган ар түрдүү уюмдар, культгар, секталар жайылып кетти. Ушундан улам, жаш муунга сырттан келүүчү радикалдык экстремисттик идеологиялардын таасирине каршы аракеттенүү максатында КР соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмесин жарыялоо боюнча мыйзам долбоору сунушталган. Бул уюмдар тууралуу биринчи кезекте өсүп келе жаткан муун (мектеп окуучулары, студенттер ж.б.) билиши керек. Мындай аракет менен жаш муундун ар кандай радикалдык топторго болгон кызыкчылыгын азайтууга болот.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, коопсуздук боюнча мамлекетгик комитети мамлекеттик басылмаларга мезгил-мезгили менен террористтик деп таанылган уюмдардын тизмесин жарыялап туруусу керектиги белгиленген.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ