Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз тилиндеги телеберүүлөр жалпы контентте 50 проценттен кем болбош керек деген мыйзам долбоору боюнча депутаттар арасында бир топ талаш-тартыш жаралды. “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бул мыйзамга каршы чыгып жаткандарга нааразычылык билдирип, андай болсо КСДПчы депутат Кожобек Рыспаевдин дагы ММК жөнүндөгү мыйзамы керексиз экенин белгиледи.
“Биз социал-демократтардын, Кожобек Рыспаевдин чет өлкөлүктөр телевидениеде 65% болбосун деген сунушун колдодук. Эми 50% кыргыз тилинде болуш керек дегенди колдобой койсок анда Рыспаевдин мыйзамы бизге эмне кереги бар? Калыстык деген болуш керек”, – деди Бабанов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ