Menu

КООМ

Али Токтакунов, журналист: «Дайыр Орунбековду аңдыганы бул тээ Садыркуловго кулак-сөөмөй "белек" кылган милиционерлерге окшогон бандитизмдин бир түрүнө окшойт»

«Дайыр Орунбековду аңдыганы бул тээ Садыркуловго кулак-сөөмөй “белек” кылган милиционерлерге окшогон бандитизмдин бир түрүнө окшойт» Мындай пикирин “Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакунов кесиптеши Дайыр Орунбековго болгон аңдуулар боюнча “Фейсбуктагы” ѳздүк баракчасына жазып чыкты.

“Түн жарымда эшигимди каккылаган киши сырттан кантип кирип калганын билбейм. “Айылдан келдим эле” дейт, кебетеси айылдан келгендей көрүнбөйт. Эртең менен сыртка чыксам, унаасында отуруптур. Менин артымдан кууп жүрүп отуруп, Октябрь РИИБне чогуу келдик. Көрсө, ал Октябрь РИИБнин кызматкери Сураналиев экен. Түн ичинде мага суракка “чакыруу” берүү үчүн барган имиш. Чакыруу бергиси келсе, энеге мени сурабай, башка кишинин атын айтып издейт? Муну мен мага карата болуп жаткан президент Атамбаевдин куугунтугуна байланыштуу жана үй-бүлөмө, жакындарыма психологиялык басым деп билем”, – дейт журналист Дайырбек Орунбеков.

Бул ИИМди олуттуу айыптоо. Бул билдирүүгө ИИМ реакция жасап, же четке кагышы керек. Же эмнеге түн катып, таң аткыча кызматкери эркин жаранды аңдып отурганын, максатын түшүндүрүшү керек! Эгер аңдыганы чын болсо анда бул тээ Садыркуловго кулак-сөөмөй “белек” кылган милиционерлерге окшогон бандитизмдин бир түрүнө окшойт”,- деп жазат журналист Али Токтакунов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Азирет Кенжалиев International Olympiad in Informatics олимпиадасында коло медалга ээ болду

12-19-августа Татарстандын Казань шаарында информатика боюнча Эл аралык International Olympiad in Informatics олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 314 окуучулар катышты.

Кыргызстандан барган  команданы “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин 4 окуучусу: Жусубалиев Амангелди, Касымов Арсен, Кенжалиев Азирет жана Бекболотов Болот түздү. Эки турдун жыйынтыгы боюнча Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Азирет Кенжалиев коло медалга татыктуу болуду.

Бул эл аралык информатика предмети боюнча олимпиада (International Olympiad in Informatics) 1989- жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 4 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Бул олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында информаткиа предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлүп келет.

Азирет Кенжалиев2

Алмазбек Атамбаев: "Тайлак Баатырдын өмүрү - Мекендин бир карыш жери үчүн кан-жанын аябай күрөшүүнүн, улуттук намыстын үлгүсү"

Бүгүн, 30-июлда Нарын областындагы Соң-Көлдүн жээгинде Тайлак Баатырдын 220 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Залкар тарыхый инсандын маарекесине байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун салтанаттын катышуучуларынын алдында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков окуду.

Урматтуу мекендештер!

Быйылкы “Тарых жана маданият жылындагы” даңазалуу окуялардын бири – Теңир-Тоодон чыккан көкжал баатыр жана залкар тарыхый инсан – Тайлак Рыскул уулу атабыздын 220 жылдык маарекеси.

Тайлак Баатыр мамлекеттүүлүгүбүздү жана аймактык бүтүндүгүбүздү сактоого зор салым кошкон кыргыз элинин эӊ көрүнүктүү инсандарынын, уулдарынын бири болуп саналат. Биз Баатыр бабабыздын буга чейин бааланбай келген тарыхый ордун кайтарып берип жатабыз.

Тайлак Баатырдын торколуу тою быйыл өткөрүлүп жаткан Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына, 1916-жылдагы боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүндүн 100 жылдыгына, Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына шайкеш келгени – өзгөчө белги. Бул маарекелер кыргыз элинин тарыхый аң-сезимин арттырып, мекенчил сезимин курчутат, ынтымагыбыз менен биримдигибизди бекемдейт.

Өлкөбүздүн азыркы тарыхый-географиялык чегинин сакталып калышында даанышмандарыбыз менен баатырларыбыздын эмгегине баа жетпейт.Ошондойлордун бири –Теңир-Тоону, ага жакалаш өрөөндөрдү мекендеген бабабыз Тайлак. Ал 1796-жылы жарык дүйнөгө келген кезде Теңир-Тоо аймагы тоолук кыргыздардын эгемен журту болгон. Ал кезде теңир-тоолуктар бир тарабынан Алай, Памирди жердеген кыргыздар жана Фергананын Ош, Кокон, Анжыян аймактары менен чарбалык-соода мамиледе болсо, бир тарабынан Кашкардын саясий турмушуна аралашып турган.

Тайлак Рыскул уулу 1820-жылдары кыргыз жерине жортуул жасаган Цин империясынын баскынчылыгынын мизин кайтаруу, андан кийин Кокон хандыгынын Теңир-Тоого үстөмдүгүн орнотуу аракеттерине каршы күрөштөгү өзгөчө эрдиги жана акылмандыгы аркылуу эл ичинде Баатыр наамга татыган. Тайлак атабыздын колбашчылыгы астында кыргыздар Цин империясынынсаны жана куралы жагынан артыкчылык кылган кошуунун жеңилүүгө дуушар кылган. Ошондон кийин Цин императору Теңир-Тоо аймагы да бизге таандык деген позициясынан чегинип, кыргыздар менен чек араны таанууга аргасыз болгон. Ага кошумча кыргыздар Кашкар менен төлөмсүз, эркин соода жүргүзүүгө укук алышкан.

Андан кийин Тайлак Баатырдын кошууну Теңир-Тоого бастырып кирген Кокон аскерлерин кууп чыккан. Тилекке каршы,  Тайлак Баатыр чыккынчылыктын айынан мерт болуп, Теңир-Тоонун азыркы Ак-Талаа, Тогуз-Торо аймактары Кокон хандыгына каратылган.

Жоокер замандагы бир кокту-колоттун же бир уруунун таламын талашкан баатырлардан айырмаланып, Тайлак Баатыр бүтүндөй кыргыз журтунун тышкы чегин жоодон коргогон. Андан тышкары көп сандаган урууларды бириктирген. Тайлак Баатырдын мисалында тарыхый-көркөм фильм тартылат, көркөм-даректүү китептер жазылат деп бекем ишенем. Чынында эле Тайлак атабыз жалпы кыргыз элинин Баатыр уулу деген атка татыктуу.

Тайлак Баатырдын өмүрү –  Мекендин бир карыш жери үчүн кан-жанын аябай күрөшүүнүн, улуттук намыстын үлгүсү.

Тайлак атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Жараткан жерибизге берекет, элибизге ынтымак берсин!

Желпилдек Иманалиев Моңолдор уруусун иритип-чиритейин дегенби?..

Өткөндө ушул «Азия Ньюс» гезитине (30.06.2016-ж.) БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов тууралуу алакандай кабар чыгып, анда «Моңолдор уруусунан чыккан Туйгун мырзаны чыныгы туугандары чакырып…» (Монголия) деп жазылыптыр. Окудум, өзүм дагы Моңолдор уруусунан болгондуктан, кандаштык сезим ойгонуп кетип, оюмдагыны жазгым келди.

Ыраматылык Салижан Жигитов акебиз уруу-урууга бөлүнгөндү жек көрүп, «трайбализмден алыс болгула, мен андай бок-сактан чыгып кеткем» дечү. Мен деле устат акем сыяктуу өзүмчүл тууганчылык өнөкөтүнөн өйдө турган кишимин. Моңолдордун түгөнбөгөн жыйындарына барбасам да, ата-тегимди мыкты билем, урпактарыма нускалайм. Ошентсе да, кээде сөз атасы келгенде айтып турбаса болчудай эмес. Себеби, бу кыргыздын тегин дурустап билбегендер, санжыраны так ажырата албагандар ар кайсыны жобурай берип, азыр элди чанжытып таштады. Мисалы, мына моңолдор десе эле «аа, демек, булардын түбү барып моңголдорго кошулат турбайбы, анда калмак экен да» деп урдуруп атышпайбы. Кээде, ушундай керооз ойлорго чоң эле кишилер жетеленип алганда күйөсүң. Өткөндө илимпоз айылдашым Токон Ажүмүдүнов телефон чалып: «Ой, сен калемгер элең, Каныбек Иманалиевге жооп жазбайсыңбы. Ал «Тагай бий» деген романын чыгарып, анда Моңолдор Наал эженин кулу менен күңүнөн төрөлүп, бирок, аны Наал эже жасалма түрдө өзү төрөдү кылып, багып алып, ошону менен ал кыргызга бала болуп калган мааниде жазыптыр» деп, бечара байкем ыйлап жибере жаздады. Китепти атайын сатып келип окусам, чындап эле ошондой жазыптыр, бу Каныбек «баатыр».

Анан ошондо эле калем-найзамды көтөрүп чыгып, жооп жазсам болот эле. Бирок, Каныбек инимди тээ «Асаба» гезитинде иштеген кезинен бери жакшы билип, ылым саначумун да. Акаевдин пресс-катчысына чейин өсүп жетип, өз аракети менен өсүп чыкканына кубанып, кыргыз эркин журналистикасынын көч баштоочусу ыраматылык Мелис Эшимкановдун атактуу «Асабасынын» жөндөмдүү кабарчысы катары сыйлачумун. Бирок, кийин ошол устатынын эшигинин алдына бир кап туз алып барып, ыргытканын угуп, «бу жигитте бир мандем барбы, ыя?» деп чочуп, шекшинип калгам. Туз алып барып таштаган кыргыздын салтында жок, жаман жорук. Кыргыздын жигиттери деген антип, туз көтөрө чуркабай эле баардык маселени бетме-бет чыгып, көзгө тике карап, же сөз менен же күч менен чечип келген да. Кыскасы, ошондо ойго бир жаман нерсе туруп калган.

Андан кийин Майрам Акаеванын «Үмүттүн шооласы өчпөйт» деген китеби чыгып, аны Кыргызстан боюнча таратышып, аз эле жерден окуу программасына кийирип жибере жаздашты. Ал го ал, алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматов китепти «Дүйнөдөгү теңдешсиз бестсселер» катары сыпаттап жибергенде, күйбөгөн жерим күл болуп, «бу калемгер журту өлгөн экен!» деп бата кылып жибергем. Андан да кызыгы, китепти жазып берген ушул Каныбек «баатыр» деп уккам. Акаева поктун китебин жазабы?.. Болуптур, кимиси жазса да китеп жазылыптыр, бирок, 2005-жылдан кийин ал китептин бетин ачкан жан болдубу? Деги барбы, китеп текчеден да орун табылбай калды го?!

Ооба, Каныбек Иманалиев «Тагай бий» деген китебинде Моңолдорду жерге уруп, болушунча былжыраптыр. Дегеним, мейли, Каныбекче «Моңолдор уруусу күңдөн туулду» деп коелу, эми жалпы кыргыздын душмандары кыргыздын өзү тууралуу жалган жоромолдорду чыгарып, мазакташканын кайда катабыз? Элибиздин жазма тарыхынын баштооч изилдөөчүсү Белек Солтоноев кыргыздын душмандарынын ошондой мазактоосуна күйгөндөн тарых жазууга киришкен. Өзбек, уйгур, калмак улутундагы айрым керооз каршылаштардын «кыргыз деген кырк кыздан туулгансыңар» дегендей шылдыңын эшитип, намыстана тарых-санжыраны колго ала изилдеп, калкыбыздын тек-жайын өз ордуна койгон эмеспи, кайран киши. Демек, мындан келди, Каныбек инибиз атайылап Моңолдор уруусун кордоп, кыргыздын уюткусун атайылап иритейин-чиритейин дегенби? Ушундай ачуу ой келет, атаңгөрү… Себеби, «Моңолдор элдин уюткусу» деген накыл кепти мен, же Каныбекке окшогон желпилдектер чыгарган жок. Бул куттуу сөз жалпы кыргыз калкынын Моңолдор уруусуна байыртан берген барк-баасы.
Карап көрсөм, кыргыз бирин-бири чукуп, бирин-бири мүлжүп эле, арабыздагы азуусун шакылдаткан душмандарды тааныбай, алардын тилине кирип, мукурап баратат окшойбуз. Душмандар болсо эчак эле ичибизге кирип, атыбызды-фамилиябызды алып алган. Муну мен мына алтымышка чыгып калганда, чоң атанын тарбиясын алган киши катары кеч болсо да аңдап-билип, ажыратып, ойлоно баштадым. Кайран чоң атам Керим нукура көчмөн доордун рухун, акыл-эсине сиңирген, урпактарын сөзгө каныктырып, санжырага сугарып, «Манастын» касиетин кулагыбызга кыттай куюп кеткен да. Ошол кишинин айткандарын мына канча жылдан кийин жаман акылымдан өткөрүп отурам.

Эми Моңодорго кайрылсам, ата-бабалар калтырган санжырада Моңол – (дор- көптүк «лар» мүчөсүнүн уңгу сөзгө карата өзгөрүшү) Көкө баатыр менен Наал эженин арзуусунан туулганы, ал эми Көкө, Дайыр бир туугандар өгөй энесинин чагымынан Наал эженин атасынан эрте ажырап, жетелеп чоңойткон Адигине, Тагай инилерине качып келип, кызмат кылышкан Нойгут уруусунан чыккан Кылычкандын балдары делип, сан кылымдардан бери айтылып келет. Албетте, санжыра деген бул оозеки эле тарых. Миң-миллион сапты башына батырып, «Манасты» кемитпей, көлкүтүп-чалкытып айтып келген эл, ушул кыргыздын кырк уруусунун уңгусун унутуп калмак беле?! Дегеле, санжыранын тарых экенин жанагы академик, профессор тарыхчылар моюндоого тийиш.

Анан, ал ортодон Каныбек «баатыр» чыга калып, ал Наал апабыз менен Көкө атабыздын төшөгүнө кошо жаткансып, өз колу менен төрөткөнсүп, жалганды чындай жазганына ким уруксат берди? Анын антип тарыхты жасалмалоого акысы барбы? Муну атайылап жазып атабы? Мына ушуларга жооп издешибиз керек. Анткени, мына кечээки эле арабыздагы «калмак» деп эл айтып келген Аалы Токомбаев эмне кылды? Кыргыздын каймактарына чын эле кыянаттык кылдыбы? Эмне үчүн кыргыз прозасынын алгачкы классиги Мукай Элебаев ыйлап туруп, согушка кетип жатат? «Жазуучу» деген алакандай аныктама жиберип койгулачы» деп ыйлап жазган каттары тарыхый факты. Алгачкы поэзиянын классиги Жусуп Турусбековду согушка айдап жиберген ким? Ал аман болгондо кандай кереметтерди жазмак?! Кусеин Эсенкожоев деген фантаст жазуучубуз, 19 жашында китептери чыгып, жылдызы жанган экен, ал 21 жашында согушта жайрап атат. А эмне үчүн Аалы Токомбаев бул жакта калып калды? Жаны алардыкынан артыкпы? Таттуубу? Көрдүңбү, кечээки эле тарыхты барактай салсаң, кызык нерселер чыгып жатат. Мына ошондуктан, кийин Аалы «Манас» эпосуна тийише баштаганда, Чыңгыз келип, Аалынын бир буту көрдө турганына карабай, «шишкебек» кылып жатпайбы. Мен аны ошол кезде түшүнбөптүрмүн, «бөрү карысын жектейт» болуп жатабыз го» деп. Көрсө, кеп бар тура. Демек, кыргыздын ичиндеги душмандар ар убак, тынымсыз душмандык аракеттерин бүгүн деле улантып келе жаткан окшобойбу? Айла жок, айтууга туура келет.

Баарынан жаманы, бүгүн Каныбек «баатырга» окшогондор ата-баба арбагына кызуу экспромт жасап жатканында. Алар Акүй менен Көкүйгө кирип алышып, жылжытма саясат жүргүзүп, элди уруу-урууга бөлүп, акчалуу, мамлекетти ичип-жеген, ууру-дардаңбайларды акырын кайрап, курултайдан курултай уюштуруп, (курултай-моңгол-калмактын сөзү, а кыргыз «топ, жыйын» деген) арабызды алыстатып, ынтымакты ыдыратууга күч үрөп жатышкансыйт. Ачык айталы, ошол эле Каныбекти колдогондор «Манасты» кайра жазып, же реставрациялап, кут-касиетибизди талкалап атышпайбы. Болбосо, «Манас» качан оюнчук эле? Жаштарыбыз тарыхты, улуу «Манасты» окубай калды, кыргыз тилин сүйлөбөй баратат. Санжырабызды ар ким каалагандай бурмаласа, тил сүйлөнбөсө, тарыхыбыз такталбаса, демек, кыргыз ООНдун айрым эксперттеринин тизмесиндеги «жок болуп бараткан…» элден экенибиз чын экен да? Кыргыздын душмандары кеткен кек, өткөн өчүн алууга келип калышыптыр да?

«Койгула, кыргыз деген чатак эл. Безине бир тийип алсаңар, оңбойсуңар» дегиң келет. Санжыра-тарыхтан, «Манастан» колуңарды тарткыла, кокуйлар… Кыргыз, катылгандын катыгын берген, кылтылдаганды кынына киргизген эл болот. Кыргызды эч ким жогото алган эмес, кыргызды кордой бергенден 840-жылы Алп Сол деген бабабыз 100 миң кол менен барып, Беш-Балыктагы уйгур каганатынын ордосун чапканын, ошондон ушу күнгө чейин алар мамлекети жок, ошол мамлекет деген касиет-кутка зар болуп жүрүшкөнүн тарых тандырбайт. Кыргыздын айкөлдүгүнөн, кенебестигинен, меймандостугунан обу жок пайдалана бербегиле, туугандар! Андыктан, абайлагыла, кысчу жериңерди кысып жөн жүргүлө дегиң келет. Жөн жүргүлө!

Дүйшөн КЕРИМОВ, Кyrgyztimes

Кыргызстандын окуучулары Вьетнамда өткөн XLVII LII International Biology Olympiad олимпиадасында коло медалга ээ болушту

2016-жылдын 17-24-июлда Вьтенамдын Ханой шаарында LII International Biology Olympiad  (VOVworld) биология предмети боюнча Эл аралык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 288 окуучулар катышты. Бул тууралу “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандан барган  команданы “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин 4 окуучусу: Касымалиев Эмир, Мэлисов Даян, Бекташев Ислам и Садатбек уулу Байэл түздү. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Таластагы “Мана Ата- Себат” лицейинин окуучусу Мэлисов Даян жана Токмоктогу Ж. Баласагын атындагы лицейдин окуучусу Бекташев Ислам коло медалга татыктуу болушту.

Бул эл аралык биология предмети боюнча олимпиада (International Bioligy Olympiad) 1989- жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 4 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Бул олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында биология предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлүп келет.

ученики Себат2

Жарандык актыларды каттоо боюнча Мобилдүү топ борбору ачылышынан баштап 60 жолу көчмө каттоосун жүргүзүштү

2016-жылдын 1-майынан тартып МККнын тескемеси менен, никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктү салтанаттуу көчмө тапшырууга карата «Инфоком» МИнин Мобилдүү топтор борборуна (МТБ) ыйгарым укуктар берилген. Бул кызмат көрсөтүү никеге тургандыгын каттоо боюнча сунушталган көчмө акы төлөнүүчү кызматтардын саны боюнча ачык эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 2-чейреги ичинде Бишкек жана Ош шаарларында 60 жолу күбөлүктөрдү көчмө тапшыруулар жүргүзүлгөн. Кызмат көрсөтүү убактылуу  республиканын эки ири шаарында пилоттук долбоордун алкактарында көрсөтүлүүдө, мындан ары аны республиканын бардык аймактарында иштетүү пландаштырылууда.

Салтанаттуу каттоонун жаңы форматында никени каттоонун жаңы тексти бекитилген, ошондой эле кызматкерлер үчүн тапшырык менен жөнөкөй стилдеги улуттук оюулардын элементтери салынган жаңы форма тиктирилген. Көчмө нике каттоо церемониясын өткөрүүдөгү жаңычылыктар тууралуу оң пикирди иш-чаранын конокторунун бири МТБнын каалоо-тилектер китебине төмөнкүчө калтырган: «Расмий, жөнөкөй жана табити жакшы түрдө».

Бул кызмат көрсөтүүнү сунуштоо көмүскө болгон кирешени көлөкөдөн алып чыга алды, андан республиканын бюджетине салыктык жана социалдык которуулар боюнча бардык тиешелүү төлөмдөр келип түшүүдө.

Бир жолку чыгуунун баасы 5423 сомду түзөт, акы төлөө банктын кассасы аркылуу гана өткөрүлөт. Салтанаттуу никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктү тапшырууга карата билдирме никеге туруу тууралуу арыз берип жаткан учурда ЖААКтын каалагандай бөлүмүндө берилет. Бардык кененирээк маалыматты МККнын колл-борборунун 119 номери боюнча алууга болот (алуу байланыштын бардык операторлору үчүн акысыз).

Меню