Menu

КООМ

Аксы районунда өзгөчө кырдаалдардан сактануу ыкмалары боюнча окуулар өткөрүлдү

2016-жылдын  20-22-сентябрь күндөрү Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасынын окутуучулары тарабынан Жалал-Абад  облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында  жана Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында потенцалдуу коркунучу бар айылдарда  жашаган калкка табигый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактануу ыкмалары боюнча окуулар  өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөрүлүүчү көчмө окуулардын негизги максаты алыскы потенциалдуу кооптуу аймактарда жашаган  калкка табигый, техногендик өзгөчө кырдаалдар боюнча так жана түшүнүктүү деңгээлде маалыматтарды жеткирүү, ӨК катталган учурларда өздөрүн туура алып жүрүү эрежелери жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иш-чаралары боюнча маалыматтарды берүү эсептелет.

Аталган окууларга айыл өкмөт кызматкерлери, почта кызматчылары,  медицина  кызматынын өкүлдөрү,  ошондой эле  №9Жеңижок орто мектебинде өткөрүлгөн сабактарга мектеп мугалимдери  жана жогорку класстын окуучулары катышты.

Жыл башынан бери Аксы районунун Кара-Суу айылында  сел көп катталганына байланыштуу, көптөгөн материалдык чыгымдарга дуушар болгон калк окутуунун жүрүшүндө сел, жер көчкү жана ссудалар боюнча суроолорду беришип,кеңири түшүндүрмө алышты.

Медицина кызмат өкүлү өзгөчө кырдаалдар учурундагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары боюнча маалымат берди.

Окуунун соңунда айылдардын мектеп жана айыл өкмөт администрациясына ӨК жөнүндө таркатуу материалдары, плакаттары  берилди.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Борбор калаадагы авто тыгындарын азайтуу үчүн И.Ахунбаев менен Жибек-Жолу көчөлөрүн байланыштыра турган жарып өтүүчү көчөлөрдү көбөйтүү сунушталды

Кечээ, 23-сентябрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше, чыгаша жагы жана “капиталдык салымдар” боюнча беренелеринин 2016-жылга карата аткарылышы жана Кытай Эл Республикасы менен гранттык макулдашуунун негизиндеги салына турган жолдор боюнча маалымат угушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга чакырылган Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурлан Эшенбаев бүгүнкү күндө Чүй проспектисинин Лермантов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки аралыгына республикалык бюджеттен 118 млн. сом каралганы менен каражат бериле электигин айтты. Бирок тендерди уткан подрядчик ишти баштап 35 миллион сомдук жумуш аткарган. Мындан сырткары, Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн макулдашуунун негизиндеги гранттык каражатка 49 көчөнү асфальттоо пландаштырылып жаткандыгын маалымдады. Бул жолдордун курулушуна 2 жылдык мөөнөт белгиленген. 49 көчөгө 490 млн. юань каралган.

Талкууда фракция депутаттары жолдорду курууда санына эмес сапатына басым жасоого чакырып, кайсы көчөлөрдүн жолу башталаарын, кандай жагдайлар орун алып жаткандыгын сурашты. 49 көчөнү сап башында турган Л.Толстой көчөсүн М.Ауэзов көчөсүнө чыгаруу маселесинде айрым жарандардын үйлөрү, короолору жол чегине чыгып кеткендиктен азырынча уюштуруу иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Депутат Мирлан Бакиров Бишкек шаарынын көчөлөрүндө автоунаа батпай күнүгө тыгын болуп жатканына токтолуп, И.Ахунбаев менен Жибек-Жолу көчөлөрүн байланыштыруучу жарып өтүүчү көчөлөрдү көбөйтүү зарылдыгын сунуш кылды. Буга мисал катары, Душанбе жана Ж.Турусбеков сындуу көчөлөр айтылды.

Жыйын жүрүшүндө айрым көчөлөрдүн жолдоруна жасалып жаткан жамап-жаскоо иштери сапатсыз болуп жатканы айтылып, аны “Бишкек асфальт сервис” мекемеси аткарып жатканы белгилүү болду.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу жагы Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына табышталды.

Фото - Ош облусунан ажылыкка кеткен зыяратчылардын алгачкы тобу кайтып келишти

Бүгүн, 22-сентябрда Жидда-Ош авиакаттамы менен 250 жарандан турган ажылардын алгачкы тобу Ош Эл аралык аэропортуна келип конду. Ажыларды Ош Аэропортунан Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана ажылардын миңдеген туугандары тосуп алып, алардын ажылык милдеттерин аткарып, аман-эсен туулган жерлерине кайтып келгендери үчүн бата кылышты. Жетектеп барып келген ажы башчы Зухпаттило Абдуганиевдин айтуусунда ажылардын баардыгынын ден-соолугу сак-саламатта жана жогорку деңгээлдеги тейлөө менен кайтышкандыгын билдирди. Сауд Арабиясында калган зыяратчылар Жидда-Ош жана Медина-Ош авиакаттамдары аркылуу 1-октябрга чейин кайтып келишмекчи.

Эскерте кетсек, быйылкы ажылык сапарга Ош облусунан 1514 жаран кеткен болчу.

azhylyk-2016-2

azhylyk-2016-3

azhylyk-2016-4

azhylyk-2016-5

azhylyk-2016-6

Фотобаян - Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы жаштардын спорттук акциясы өттү

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен «Дени сак жаштар – ден сак өлкө»  чакырыгы алдында жаштар арасында атайын спорттук акция өткөрүлдү.  Аталган акциянын катышуучулары болушкан жаштар марафонунун катышуучулары   айтылуу мисте токоюна курчалган «Жалал-Абад» санаториясынан баштап,  шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтына чейинки аралыкка марафондук чуркоо мелдешин өткөрүштү.  Сергек жашоого үндөгөн марафондук чуркоонунун катышуучулары болочок эненин  боюна түйүлдүк бүткөндөн баштап,   2 жашка чейинки наристелерди туура тамактандыруу, дегеле жаштарга туура тамактандыруу боюнча шаардыктарга жана ата-энелерге кошумча маалыматтарды таратууну өзүнүн негизги милдеттери катары кабыл алышты.

Жалал-Абад шаарындагы атайын жана жогорку окуу жайларынын стдуденттери катышкан 4,5 км. марафондук жарыш аягына чыккан соң шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтында акцияны өткөрүүгө арналган жыйын болуп өттү. Анда акциянын катышуучуларын Жалал-Абад шаардык мэриясынын бөлүм башчысы  Гулина Базаркулова акциянын өтүүсү менен жаштарды куттуктады. Ал эми SPRING  долбоорунун координатору Аида Шамбетова туура тамактануунун мааниси тууралуу жаштарга кенен маалымат берди. Ачыгын айтканда, түйүлдүк  эненин боюна бүткөндөн тартып, ымыркай 2 жашка чыкканга чейинки мөөнөттө  наристелерди туура тамактандыруу боюнча болочок энелерге жана балдарын тарбиялап өстүрүп жатышкан энелерге ден соолугу  чың  наристелерди тарбиялап өстүрүү боюнча көптөгөн пайдалуу кеп- кеңештер жана сунуштар  берилди. «Дени сак жаштар – дени сак өлкө»  спорттук акциясын өткөрүүгө  SPRIHG долбоору  өзүнүн демөөрчүлүк жардамын көрсөттү.

«Дени сак жаштар – дени сак өлкө» акциясынын катышуучулары болушкан Жалал-Абад шаарындагы атайын жана ЖОЖдордун студенттери  4,5 км. марафондук чуркоо, аркан тартмай, жаздык урмай, колду бүгүп-түзөтүү, олтуруп турмай жана ордунан узундукка  секирүү  мелдештери боюнча күчтөрүн сынашты. Байгелүү орундарды камсыз кылышкан жаштарга атайын баалуу белектер тапшырылды.

zha-zhashtar3

zha-zhashtar4

zha-zhashtar5

zha-zhashtar6

zha-zhashtar7

zha-zhashtar

Жолдошбай Осмонов, журналист. Жалал-Абад шаары

Төлөгөн Келдибаев: “Абдулла Фалех Жабир кайрадан Кыргызстанга кирүүгө аракет жасап жатат"

Абдулла Фалех Жабир, “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун башчысы, Ирактын жараны 2016-жылдын 27-июнда УКМКнын расмий билдирүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан  15-жылга чейин кирбөөгө тыюу салуу менен чыгарылган.

Себеби мурда маалымдалгандай  Кыргызстандагы “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун жетекчиси болуп иштеген  Абдулла Фалех Жабирдин кыргыз кызы менен бир түнгө нике үчүн чет өлкөлүк досторуна 20-25 жаштардагы кыздарды таап берүү боюнча аудио сүйлөшүүсү интернет аркылуу тарап кеткен.Мындан сырткары башка жосунсуз жоруктарынын аудио тасмасы таркап кыргыз коомчулугун нааразы кылган, Абдулла Фалех Жабирди коомчулук өлкөдөн кууп чыгуу үчүн  издей башташканда бийлик тарабынан  өлкөдөн чыгарылган.

Айрым маалыматтарга таянсак Абдулла Фалех Жабир кайрадан Кыргызстанга кирүүгө аракет жасап,Өлкөнүн ар кандай деңгээлдеги саясатчылары жана чиновниктери менен сүйлөшүүлөрдүү жүргүзүп жатат деген каңшаар тарады.

Ирактык   Абдулла Фалех Жабир  Кыргызстанга кайра келе турган болсо, Биз Кыргыз элинин намысын кордогон деп – эсептейбиз. Бул деген кээ депутат саясатчылардын, Кыргызстан Дин башкармалыгынын колдоо көрсөткөнү деп билебиз. Абдулла Фалех Жабирдин мындан башка да   кыргыз элине кылган кыянатчылыгын жазууну туура көргөн жокпуз.

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз-Ата” партиясынын лидери

Улуттук банк «Келечектин инвестициясы» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында сынак жарыялайт

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы журналисттер арасында «Келечектин инвестициясы» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак жарандардын финансылык сабатуулук деңгээлин финансылык кызмат көрсөтүү жана продукттар рыногунун спецификасы тууралуу сапаттуу материалдардын, айрыкча үнөмдөө жана инвестициялоо инструменттеринин жардамы аркылуу жогорулатуу максатын көздөйт.

Сынакта шаардык жана региондук жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыккан мыкты материалдарына номинациялар каралган.

Кыргыз Республикасынын басма сөз жана электрондук ЖМК өкүлдөрүнүн (пресса, теле жана радио, интернет) кыргыз жана орус тилдериндеги иштери кабыл алынат. Бир эле автордон берилген материалдардын санына жана көлөмүнө чек коюлбайт. Сынакка берилүүчү материалдар 2016-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин жарыяланууга же телеберүүдөн көрсөтүлүүгө тийиш.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер сынакка катышуу ниетин көрсөткөн билдирмени толтуруусу зарыл, ага кыскача таржымал жана сынакка берилүүчү материалдарды тиркеп, ал документтер салынган баштыкчаны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү, 101 дареги боюнча «Сынакка катышуу» деген жазуусу менен 104-кабинетке жеткирилиши керек.

Сынактын байге фондусунда баалуу белектер, ошондой эле кызыктыруучу байгелер каралган.

Сынактын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүн утурлай Улуттук банктын Төрагасынын катышуусунда өтө турган салтанаттуу иш-чарада жарыяланат.

Меню